Эң жакшы көргөн тамагыңыз кайсы жана аны бышыра аласызбы? Чындап сурат жатам :)
#101 21 Май 2012 - 14:55
Охооо аппетитти ачылып кетти гооо
........ мага Аш жагат аны баарыныздар еле билсениздер керек
#102 22 Май 2012 - 17:05
шашлык жасаганда, этти кантип мариновать этсен даамдуу болот? Билгендер жазып койгулачы!
Сураныч!
#103 22 Май 2012 - 19:16
#105 24 Май 2012 - 16:13
ataman (24 Май 2012 - 12:30) жазган:
Киичине убакыт оттубу я?
Мынакей каалаган түрүн тандап алып жасай бериңиз:
1.Анардын ширеси,зире, калемпир,тууралган пияз.
2.Кургак вино,пияз,ар кандай кургак жашылчалар, туз,калемпир
3.Жүзүм уксусу,лавр жалбырагы,сарымсак, туз,калемир, зире
4.айран,ак бөлкө нан,туз,калемпир
5.10 аш кашык aйрaн ,3 тиш сарымсак(майдаланган), 1лимон ширеси,1/2 аш кашык ачуу калемпир,1/2 аш кашык майдаланган кориандр жана зире.Даамына жараша туз,калемпир. Баарын аралаштырып маринад катары колдонсоңуз болот.

Билдирүүнү түзөткөн: elif: 25 Май 2012 - 15:58
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#106 24 Май 2012 - 22:01
Жакшы коргон тамактарым коп....баарын жасай алам....
Адамга адам кымбат болуш керек....
#107 02 Июнь 2012 - 20:08
Менин оной тамагым спагетти. Этпи, ордоктун тошубу, же жокпу баарибир даамдуу болот. Этти кууруп алып,пияз,сабиз,
перец , томат кошуп кууруп туруп суу куям. Султандын спагеттисин этим бышканда кошом, кайнап жаткан сууга ,2см суу устун жабыш керек,Отту жайлатып суусу солуганча демдеп жай отко бышырам. Анан жей бергиле,камыр бетке чаппасын десенер болуп койгула,балдарым тим эле чубалтып вилкага ороп жешет да.
Пы Сы. пияз м-н картошка,томатты кууруп туруп суу куюп бышырса деле сонун болот.
Пы Сы. пияз м-н картошка,томатты кууруп туруп суу куюп бышырса деле сонун болот.
Билдирүүнү түзөткөн: miniusha: 02 Июнь 2012 - 20:09
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#108 05 Июнь 2012 - 10:48
Мен жогоруда айтылып кеткендей плов жакшы көрөм шакарап менен ммммм.сонун да.
#109 15 Июнь 2012 - 17:11
Maga tamaktardyn baary ele jagat ,birok, en jakshy korgon tamagym ashkabak manty menen oromo .
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#110 16 Июнь 2012 - 14:57
Доллар салат жасайм азыр, баары жакшы коруп жешет.
Рецебин баарыныздар эле билсениздер керек.
Рецебин баарыныздар эле билсениздер керек.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#111 16 Июнь 2012 - 15:21
#112 16 Июнь 2012 - 18:04
Daamdu bolso tamak ylgabaym. Ayrykcha jenemdin resebinde kurgak kesme jana too jatak degen kamyr tamagy bar osholor ol jagat da. Jasap korgon emesmin. Birok jasay alam dep ishenem.
#113 16 Июнь 2012 - 22:33
Кара тооктун жумурткасы болсо, тез куурумага сары майдан салып туруп, жумурканы чагып туруп, агын жалпайтып, сарысын бузбай, үстүндө томпойтуп, чала бышырып жегенге жетеби!!
! Бирок, күндө эмес, болбосо...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#114 17 Июнь 2012 - 12:40
Пловту жакшы көрөм. Мен көбүнчө бирөө жасап берген тамактарды жегенди жакшы көрөм.
Жараткан өзү колдосун!
#116 17 Июнь 2012 - 13:10
Ashlyanfuuuuuuu

Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной,
имею наглость быть счастливой!
!!
#117 17 Июнь 2012 - 13:23
Мен тамак деле тандабайм даамдуу болсо жей берем
а жолдошум болсо оромо жакшы корот касканга эмес казанда бышырылганын
абдан жакшы корот картошканын устуно оромо жасап жейличии деп эле турат .....
Оромону даярдоо : кичине мумшак кылып камыр жууруп аны эс алдырып ийлеп турабыз , камыр оз нугуна келгенде жайабыз жука кылып канча жука болсо ошончо жакшы болот , жайылган камырга сары май же сливочный май ээритип алып сыйпап чыгасыз да устунон майда тууралган кок пияз же жусай себелеп туруп ороп салабыз ...
Картошканы кадимкидей кууруп , пияз , сабиз , туз , мурч оз табитиниз менен кошуп cуу куясыз картошканы 1см комо , кайнагандан 10м откондон кийин даярдалган оромону салабыз ...20-25м бышат
Тамагынар даамдуу болсун !!!!

#118 19 Июнь 2012 - 16:05
Мага чон энемдин жупкасы жагат ар жерде ар кандай аталып келет чабаты деп да коюшат.
Р:бир аз сууга татымына жараша туз салып ун кошуп камыр кыласыз,бир аз тыныктырып кичине болукчолорго болуп алып жука кылып жаясыз анан казанга бирден салып устуно каймак суйкоп куйбогудой кылып биринин усуно бирин салып кактайсыз,ар бир жупканы салаарда каймак суйкойсуз 10-15 жупканы бир бышырып аласыз бул тамак ото кучтуу ыссык тамактардын катарына кирет 2 даана жесениз курсак кампаят.

Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#119 23 Июнь 2012 - 21:53
Нан палоо. Катып, көгөрө баштаган нанды убал кылбайлы деп жасап ийетко.

#120 28 Июнь 2012 - 06:49
"Дапанти"
1) Бир баш пиязды туурап,кызыл кылып куурп,
2)Тоок этин чоң-чоң кусок кылып бөлүп,
3)Сабиз,чесноктон бир аздан кошуп,эт менен бирге пияздын үстүно салып куурулат.
4)Картошканын майдадан бир аз чонурактарын тандап алып,бүтүн боюнча,эт бир аз куурулганда салабыз
4)Туз,томат даамына жараша.
5)Тооктун эти жумшак болуп эзилип кетпес үчүн,томаты сиңип ортодон отүп куурулганда эле суу куюлат.Суу үч эли жаап тургандай кылып кайнатабыз. .Даамына жараша мурч салып кою керек.
6)Камырды жумуртка кошуп катуу журуп,тыныккандан кийин пельмендин камырындай калыңдыкта жайып,төр бурчтук(гүлчөтайга кескендей) кесип,Өзүнчө кайнап жаткан сууга бышырып,сүзуп алып Чуңкур аш табакка салып үстүнө даяр болгон тооктун массасын аралаштырып дасторконго коёбуз.
Тамагыңар таттуу болсун!