Мектепте окуп жүргөндө мугалим эжеке "дептериң, андагы кол жазмаң - сенин жүзүң" деп айтаар эле. Ошол бала бакча, мектептен калыптанган кол жазмабыз балким жашоодо бизди сынга салып келе жаткандыр. Ошол эле учурда Суперстанбызда да "кол жазмалуу" болуу укугуна ээ кылып койгон экен, арабызда кээ бирибиз "кол жазмалуубуз" . Менин кол жазмам болсо "Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби". АтанкуловаБ деген форумчунун кол жазмасы "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот." деген сүйлөм экен. Айтор..
Ал эми теманын максатына өтсөм, балким арзырлык сөз чыгаар, а балким жок! Ошентсе да дилимден сыдырыла өткөн көйгөйдү силерге жарыя эттим. Кээде билдирүүлөрдү окуп жатып, андагы туура эмес сөздөргө көзүбүз түшүп калат. Ошол эле форумчунун башка темадагы билдирүүсү туура жазылышы толук мүмкүн экендиги да калп эмес. А бирок баягы ар бир билдирүүбүздөн калбай "ээрчип" жүрчү "кол жазмабыз" туура эмес болсо, анда.... ар темада, Суперстанда туура эмес "кол жазма"! .
Анда сиз көрүп калган, байкап кайдыгер калбаган "кол жазмаларга" сын айталы. Суранаарым, тема ачуу сын багытына ообосо. Жөн гана эскертип коюу болуп калса жакшы, оңолууга кичи салым кошсок андан да жакшыдыр. А эгер "ар ким өз кол жазмасына өзү ээ" деген пикирибиз бекем болсо, анда тема кападар болбойт!
Билдирүүнү түзөткөн: Mondur: 10 Июнь 2013 - 14:15