Саламатсыздарбы урматтуу форумдун тургундары.
Бул теманы ачканы өлкөбүздө болуп жаткан көйгөйлүү маселелер түрткү болду.
Мен өзүм Базаркоргон районуна караштуу Акман айылынан болом. Мугалимдердин жашоосун да жакшы түшүнөм.
Болуп өткөн окуялар аябай маанайымды чөктүрдү, себеби мугалимдер пикет уюштуруп көчөгө чыккан абалга келип калганын көрүп турабыз.
Туурабы туура эмесби буну талкууга алсак ар кимдин ойу ар башка, анан күнөөлүүнү издесек баары бир пайда таппайбыз.
Кайсыл жерге барба, дүйнөнүн ар бир бурчунда МУГАЛИМ деген кесип жөнүндө баары билишет. Мугалим келечектин "конструктору"
Ошол мугалимдерге биз балдарыбызды тапшырып жатабыз. Ошол мугалимдер биздин балдарыбызды тарбиялайт.
Демек аларга да маани беришибиз абзел.
Бир бирибизге жардам берсек ар кандай кыйынчылыктардан оңой эле чыгып кетебиз.
Деги бул маселени чечүүгө жол издейли. Сунуштарыңыздарды күтөбүз, жана ишке ашырууга болгон аракетибизди жасайбыз!
Кандай дейсиңер?
Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошуубуз керек.
аракет кылууга убакыт келди.
Кыргызстан биздин кызматты күтүп турат.
Көп күттүрбөйлү
- (2 )
-
- 1
- 2
Мугалим! Келечектин конструктору!!!
#2 16 Январь 2011 - 05:52
Жакшы тема экен, "апаптап"
коеюн. Буюрса бул маселе боюнча ой-пикир көп. Кеңири отуруп жазчу экен.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#3 17 Январь 2016 - 19:36
Эми алардын жумушу деле оор да, кымбатчылыкта айлык аз болсо, эч нерсеге жетпесе, айла жок пикетке чыгышат да .
#4 29 Февраль 2016 - 16:27
Айласыздан гана иштеп жатат да азыр бизде мугалимдер.
А ахыреттеги сыйлыктарын ойлоп, мыкты эмгектенсе болот бирок. Албетте татаал.
#5 04 Март 2016 - 12:35
Беш кол тен емес да мисалы, менин апам айласыз емес чын журогу менен еле иштейт, алган айлыгына каниет кылып 9мин айлык алат 8мин тиет колуна наркы берки майда чуйдо топтомойлоруна кармагандан тышкары,кун тун жазуу жазмай бизден да окуучуларды биринчи оорунга коюп турат, арасында дабар ушак кууган окуутуп жаткан темасын деле унутуп кино айтып отурган мугалимдерди да коргом.
#6 04 Март 2016 - 19:51
Жылдан жыл откон сайын баардык нерсенин убактысы, мааниси кеткендей мугалимдиктин да мурункудан сапаты томондоду деп ойлойм .Баары эмес арасында .....озу ишине так грамматика , этикасы кучтуулор да .
Себеби коп жерде , озу Оросиялап журуп келип туруп , бир кун карасан чыкыйып сумка кучактап келе жаткан болот.Кантип мугалим болду , кантип окутуп жатат болдукен деп ойлоносун ....))
Раматылык менин класс жетекчим бар эле отуп кетти.Ошол убагында атамды окуткан аял эле. Эл агартуунун отличниги болуп , каарып калса да чыкыйып кара кастюм юбка менен ак койнок дайыма ак жолук салынчу .Мектеп боюнча ошол эжекенин окуткан класстары коп ийгиликтерге жетишишчу .
Айлыктары деле аз эле болуш керек эле ошол биз окуган убакта деле , бирок оз иштерине ото берилген мугалимдер коп болчу .
Себеби коп жерде , озу Оросиялап журуп келип туруп , бир кун карасан чыкыйып сумка кучактап келе жаткан болот.Кантип мугалим болду , кантип окутуп жатат болдукен деп ойлоносун ....))
Раматылык менин класс жетекчим бар эле отуп кетти.Ошол убагында атамды окуткан аял эле. Эл агартуунун отличниги болуп , каарып калса да чыкыйып кара кастюм юбка менен ак койнок дайыма ак жолук салынчу .Мектеп боюнча ошол эжекенин окуткан класстары коп ийгиликтерге жетишишчу .
Айлыктары деле аз эле болуш керек эле ошол биз окуган убакта деле , бирок оз иштерине ото берилген мугалимдер коп болчу .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#7 04 Март 2016 - 21:01
Кайненем айтат, директор чакырганынан баргам мугалим болуп иштегени. Журналда план боюнча экен. А негизи 2,3 темадан артта журушот. Окуучулардан сабакты сурасан эч нерсе билбейт, кызыкпайт. Теманы тушундуройун десен тушунууго аракет кылышпайт. Аларга кетирген кайран убакытын, нервин. Андан коро тынч уйдо отурганым жакшы- дейт. Мына окуучулардын сабака кызыгуусунун томондогону,
мугалимдин баркы кеткени. Ар ким оз жоопкерчилигин билсе, балким башкача болоор беле...
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#8 04 Март 2016 - 21:15
Дагы беш, он жылдан кийин Мугалимдердин майанасы доллар менен эсептелип калат. Ал күн сөссүз келет. Мугалим деген статустун баркы өтө чоң болот. )) Азыр деле майанасы бир топ эле жогорулады,
мурдагына салыштырмалуу.
))
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#9 05 Март 2016 - 14:13
Пенсия алып да иштеп айлыкда алышат деп нааразы болгондор да бар екен жаштарда, пенсияга чыккан мугалимдер кайра жакшы сабак отушот,жаш мугалимдерге караганда.жаштар негизи жалкоо болуп калганбыз, биздин жаш агай ежекелер журнал толтуруп бергилечи деп журналды карматып койчу окуучуларга,
биз журналдын ичин он сыйра карап бааларды корчубуз. Аа пенсия курагында ежекелер журналды толтуртмак тугул карматпучуу .
#10 11 Март 2016 - 01:00
Менин апам мугалим.26 жылдан бери.Озунун ишин абдан жакшы корот,чын конулу менен иштейт.Неси болсо да СОЮЗ дун кадры да.Апама суктанам,элдер"
апанды тартсан жаман болбойсун"
дешет.Кайдан,
апамдай болуш учун кайра жаралыш керек...А мен озум мугалим болгум келбейт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#11 21 Март 2016 - 10:11
Македонский тун ортосу кезектеги жортуулдан келе жатып бир айылга жеткенде баардык аскерлерин токтотуп,аттарынын бутуна кебез байлап тынч отушун буйрук кылат.Аскерлер тан калышып бирок унчукпай айтканын аткарышат.Ал айылдан откондон кийин бир аскер неге андай кылганын сураганда,ал жерде мени окуткан мугалимимдин уйу бар анын уйкусун бузууну каалабадым деп жооп берет.
Мына ушундан эле мугалимдин кадыр-баркын билсе болот.
Менда буйруса бир кун келип мугалим болуп иштейм бирок мектепте эмес университетте))
Мына ушундан эле мугалимдин кадыр-баркын билсе болот.
Менда буйруса бир кун келип мугалим болуп иштейм бирок мектепте эмес университетте))
#12 21 Март 2016 - 19:26
Азыр мугалимдер жетишсиз деп айтып атышат бирок айылга мугалим болуп киришин азап экен.Мектептин Директоруна бери дегенде эле бир кой болбосо бодо малга чейин беришет экен канча чонураак берсен ошончо саатын коп болуп айлыгын жакшырак чыгат дейт.
#13 16 Апрель 2016 - 12:53
Менда беш айдай мугалим болуп иштегем кесибим экономист болсо да информатика,
музыкадан берчуумун хор ырдатканда мектептин баарын жаныртат элем окуучуларым аябай кызыкчуу
#14 21 Апрель 2016 - 16:35
Мугалимдерди бугунку кундун баатырлары десек болот. Нервинди кетиресин, ишинден тышкары уйундо да жазуунду жазасын, дептер текшермей. Ар бир окуучуга озгочо мамиле. Баардык кесиптин ээлери мугалимдердин колунан чыгышат.
#15 21 Апрель 2016 - 17:05
Менин да апам мугалим анан завуч. Азап эле: Кээ бир ата-энелер балдарынын катасын билбей атырылышат.
Баласы мушташса мугалим куноолуу. Кечинде уруш болсо деле мугалимди жоопкерчиликтуу кылышып коет. Мыйзам боюнча 5тен кийин баласы учун ата-энеси жооптуу да. Баарынан кызыгы мисалы былтыр 1-орун алган окуучусу кийинкисинде 3-5-орун алса мугалимин урушат, райондун атынан чыгып областтан байгеге илинбей калса дагы мугалимдердин алдында урушат. Кагаз толтура болбогон нерселер. Ар жыл сайын бир эле теманы жазып турушат. Эскисин колдонгонго болбойт. Дилбаян, дептер текшерип жатканда колу жамандар нерв кылып жиберет. Айтор толгон токой азап. Бирок окуучулар м.н кызыктуу))))).
#16 19 Сентябрь 2016 - 16:03
Саламатсыздарбы!
!! Мен мугалим болуп быйыл жаны жумушка кирдим. Мектепте окуп жургон кезде мугалимдин жумушу аябай женилдей сезилчу. Азыр озум иштеп канчалык оор экенин тушунуп жатам. Нолевой "Наристе"
класска сабак берем. Аябай чарчап уйго келсем озумдун эки кичинккей кызым...
#17 19 Сентябрь 2016 - 16:10
Анан сиздерден аябай суранам,ким мектепте иштесе же туугандары иштесе нолевой класстын кундолук планы болсо жазып коюнуздарчы.
Аябай керек болуп жатат. Жардам берсениздер аябай ыраазы болот элем! Алдын ала рахмааат. Кутом!!!
#18 22 Сентябрь 2016 - 11:03
Мугалимдик кесип ото жоопкерчилуктуу деп билем. Тилеке каршы жаштардын арасында бул кесипти аркалагандардын саны аз.
#20 27 Сентябрь 2016 - 14:37
Салам форумчулар мугалимдер жөнүндө ыр саптары болсо , илип койгулачы. Майрамга керек болуп жатат эле ю
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия