Кыргыз тарыхында оз орду бар айымдардын кунумдук турмушунан ким кандай окуяларды билет?Мисалы Таттыбубу Турсунбаева,
Бубусара Бейшеналиева тууралуу.Таттыбубу Турсунбаева коралбастыктын курмандыгы болгон.Бубусара менен Чынгыз Айтматовдун кандай мамилеси болгон?Ушул сыяктуу маалыматтарды билгендер кенири жазып коюнуздар,абдан керек болуп жатты эле.
Кыргыз тарыхында оз орду бар, мен суктанган айым. Мен суктанган айым...
#3 29 February 2016 - 00:05
Таттыбубу Турсунбаева кыргыз элинин сыймыгы.
Туулган датасы:
12 -июль 1944
Туулган жери:
Чаек айылы, Жумгал району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлгөн датасы:
21 -декабрь 1981 (37 жаш)
Өлгөн жери:
Фрунзе шары
Жарандыгы:
СССР→ Кыргызстан
Кесиби:
театр жана кино артисти
Карьера:
1960-жылдан баштап
Багыты:
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры
Сыйлыктары:
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

#4 29 February 2016 - 00:06
Кыскача өмүр баяны
Таттыбүбү Турсунбаева - 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.
1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островсөрү институтунун "Драма жана кино актеру" факультетине тапшырган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Чыгармачылыгы
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта" ), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими" ), Асел ("Делбирим" ), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Кимден гана сурабаңыз, Таттыбүбү Турсунбаева абдан сулуу адам болгон дешет. Аны Кыргызстанда адамдар «сахнанын ханышасы» деп айтышат. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», олорунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде Бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында
"Токтолуп сокпой жүрөгү,
Соң-Көлдүн кетти чүрөгү" деген ыр саптарын окуган. Бирок, Таттыбүбү Турсунбаева бул жарыкчылыктан эрте кетсе да, анын элеси бул дүйнөдөн кеткен жок. Таттыбүбүнүн элеси сахнанын жана сулуулуктун турмушунда жашап келе жатат. Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу». Анын ийилген кирпиктери, ажарын төккөн жүзү, өрүлгөн узун чачтары дагы эле Кыргызстандын ар бир атуулун суктандырат.

#5 29 February 2016 - 00:12
Бейшеналиева Бүбүсайра – (17-май, 1926-жылы, Воронцовка айылы, Кыргыз АССРи — 10-май 1973-жыл, Фрунзе, Кыргыз ССРи) — кыргыз совет балеринасы,
бийчи жана окутуучу. СССР Эл артисти (1958). Кыргызстандын биринчи балеринасы болгон.
Өмүр баяны
Бейшеналиева Бүбүсайра - атакту балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири.
1936-41-ж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган.
1941-жылы Кыргыз мамл. опера жана балет театрынын солисти.
1949-жылдан Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу. Сахнада В. Ференин “Селкинчек” (1943, балетмейстер Л. М. Крамеревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү, профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн .
Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган.
Бий өнөрүндө көптөгөн образдарды жараткан.
Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958).
СССР Жогорку Советинин (1962-70), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955-62).
Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(1970).
Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Көрүнүктүү орус балеринасы Агриппин Ваганованын жетекчилиги астында окуган. Чоң театрда 1939-жылы өзүнүн чыгармачылыгын эл алдында көрсөтө алган.
1941-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солистка болуп кирген. Кыргыздын улуттук “Чолпон”, ”Анар” партияларын аткарган.
Орус чыгармаларынан “Лебединное озеро”, ”Красный мак”, ”Спаящая красавица” аттуу балетердин партияларын аткарган.
1949-жылдан баштап Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында сабак берген.
СССРдин ЖКнин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин ЖКнын депутаты.
1973-жылы 11-майда каза болгон жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

#7 10 May 2016 - 14:17
Таттыбубудой Сулуу инсандар кылымда бир жаралат, азыркыга чеин суктанам сулуулугуна!
#8 10 May 2016 - 14:54
Агайым айтып калат абдан таланттуу,сулуу айым болчу.Театрда элдер аны сулуулугуна суктанып эле отурчу.Ушундай кен пейилдик,ак конулдук анда болчу.Анын сырты эмес ички дуйносу да абдан сулуу болчу.
Senorita
#9 13 May 2016 - 23:30
Койчу садаган кетейин Таттубубудон да сулуулар жайнап журот. Дуйно сулуулугун Таттубубуго байлап койгондой мактайсында.
Анда башкача сулуулук бар. Табигый сулуулук дейбизби же кандай. Дуйно сулуулугун Таттыбубуго байлап койбосо да, сыймыктанабыз ал менен!!! Таланттуу, сулуу айым. Азыркы учурдагы кыздардын копчулугу макияж, косметика менен сулуу.
♔ Aytku(love)a ♔
#10 13 May 2016 - 23:34
Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында,
окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат. Ч.Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын махабаты тууралуу драматург жана режиссер Ж.Кулмамбетов "Чыңгыз менен Бүбүсайра"
аттуу драма жазып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы ТЮЗда коюлган. Ал эми 2008-жылы ушул эле драманын негизинде Ж.Кулмамбетов "Чыңгыз менен Бүбүсайра"
деген фильм тарткан.
♔ Aytku(love)a ♔
#11 13 May 2016 - 23:45
Таттыбубу тууралуу Жолон Мамытов сонун ырларды жазган экен. Окуп алып, "эхх ошондой талантты баалай албаганыбыз"
деп окунуп кеттим((
Көргөн көрөр узун өмур пайдасын,
Бирок, айтчы, сен - өлбөстүк кайдасың?
Зор сахнаңа ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, сулуулуктун кармашын
Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче,
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.
Ойлой калсам зээним кейийт азыр да,
Оо, биз деги качан жеттик кадырга?
Ак денесин “Ала-Арчага” койбостон
Аттап-буттап алып кеттик адырга...
Көргөн көрөр узун өмур пайдасын,
Бирок, айтчы, сен - өлбөстүк кайдасың?
Зор сахнаңа ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, сулуулуктун кармашын
Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче,
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.
Ойлой калсам зээним кейийт азыр да,
Оо, биз деги качан жеттик кадырга?
Ак денесин “Ала-Арчага” койбостон
Аттап-буттап алып кеттик адырга...
♔ Aytku(love)a ♔
#12 13 May 2016 - 23:58
Койчу садаган кетейин Таттубубудон да сулуулар жайнап журот. Дуйно сулуулугун Таттубубуго байлап койгондой мактайсында.
"Баары бир Обо энебиз эң сулуу болгон десеңиз).
***
Кыргыздын мырзасынын жүзү Сүймөнкул дешет көбү, а мен "кыргыздын айымынын жүзү Таттыбүбүдөй" дегим келет.
В каждой шутке есть доля правды...
#13 15 May 2016 - 17:36
Жүз жылда бир жаралчу жүз!
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#14 15 May 2016 - 17:40
Кыргыз кыздары Таттыбубудой сулуу,Курманжан энебиздей эрктуу,кайраты кучтуу болсо дейм)).
#15 15 May 2016 - 17:55
Кыргыздын тарыхындагы ташка тамга баскандай көрүнүктүү инсаны, баардыгы төп келишкен зайып Курманжандатка энебиз демекмин.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#16 15 May 2016 - 18:00
Уркуя Салиева деген эжекебизди унутпагыла.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#17 15 May 2016 - 19:04
Кыргыздын тарыхындагы ташка тамга баскандай көрүнүктүү инсаны, баардыгы төп келишкен зайып Курманжандатка энебиз демекмин.
+++ колдойм. Мыкты башкаруучу, саясатчы ж/а мусульман энебиз ушул болгон. Таттыбубунда, Уркянда Датка энебиздин бир тыырмагына татыбай!
Жалган дуйнодо бир гана чындык бар!Ал олум.
#18 15 May 2016 - 19:32
Айтматовдун чыгармаларындагы энелерди да кошо кетет элем. Себеби алар чыныгы турмушта болгон каармандар да. Айрыкча Толгонай.
Андан башка дагы коп андай апалар.
Бакен Кыдыкеева,Сабира Кумушалиева сыяктуу актрисалар дагы.

#19 15 May 2016 - 19:36
[quote name='Bermet_Kasymova'
date='15 Май 2016 - 19:32' timestamp='1463319126'
post='2929126'
]
Айтматовдун чыгармаларындагы энелерди да кошо кетет элем. Себеби алар чыныгы турмушта болгон каармандар да. Айрыкча Толгонай.
алар чыныгы жашоодо жонокой еле болгон аны чынгыз айтматов коркомдоп жазган

Супер-Инфо
super.kg
видео