Kыргыз тилиндеги алкоо, каалоо – тилек иретинде колдонулган фразеологизмдер жана алардын маанилеринин чечмеленишине токтолуп кетсем:
ЖОЛУҢ ШЫДЫР, ЖОЛДОШУҢ КЫДЫР БОЛСУН
Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолдон эч кандай кырсыкка учураба, бардыгы оюңдагыдай болсун деген алкоо, жакшы тилек кылуу маанисинде колдонулат.
КӨШӨГӨҢ КӨГӨРСҮН!
Бак – таалайлуу бол, жакшылыкка жет деген алкоо, ыраазы болуу маанисинде колдонулат.
УЧУҢ УЗАРСЫН! ИШИҢ ОҢОЛСУН!
Ишиң илгерилесин,
жакшылыкка жет, укум – тукумуң өссүн деген сыяктуу алкоо, ыраазы болуу маанисинде.
ООЗУҢА МАЙ.
Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат.
МЭЭНЕТИҢДИ АЛАЙЫН!
Айланайын, кагылайын деген жалынуу маанисинде колдонулат.
Мисалы: Жылдызкан чарчаган жоксуңбу ыя? Үлүрөйгөн мээнетиңди алайын.
Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер
#62 13 Ноябрь 2011 - 10:39
Алты саны аман (сан - сезим)
1. Коздун коруусу
2. Кулактын угуусу
3. Мурундун жыт сезуусу
4. Тилдин даам татуусу
5. Теринин ысык-суукту сезуусу
6. Алтынчы туюм (кытайлар тарабынан кошулган)
1. Коздун коруусу
2. Кулактын угуусу
3. Мурундун жыт сезуусу
4. Тилдин даам татуусу
5. Теринин ысык-суукту сезуусу
6. Алтынчы туюм (кытайлар тарабынан кошулган)
#63 13 Ноябрь 2011 - 13:58
Мышыгыңды пыш дедиби? деген сөздү курбума айтып койгон элем, эми кечке ушул сөздү айта берчү болду, керек эмес жерге деле
а кандай учурда айтыш керек,мааниси мне?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#64 13 Ноябрь 2011 - 14:01
Чогуу иштеген кыздарга кез-кез соз арасына кошуп "Элек издеп эрге тийип", "Эки сайып - бир сайып, эрин карап ырсайып" же "Ай караган текедей"
деп калсам, аябай кулушот да, ал эмне дегени деп сурашат. Кып кыргыз эле, кээ бири кыргыз мектебин буткон кыздар 
экоосун угуп эле жургом,а биринчисинин мааниси кандай?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#65 13 Ноябрь 2011 - 14:07
экоосун угуп эле жургом,а биринчисинин мааниси кандай?
"Элек издеп эрге тийип"деген созду,бироону бир жерге жумшаганда кэчке жоголуп кеткенде айтыла турган соз.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#66 15 Ноябрь 2011 - 15:17
Janyla
"Сага тийиштиби? жолтоо болдубу? Сенин оозуңду тырмадыбы?" деген түшүнүктү берет.
#67 15 Ноябрь 2011 - 16:04
кабагыма кар жаап, өлө албай жатып өлөң айтып мен дагы Шодокондун бүркүтүндөй жулкунуп, бир -эки шингил жаза кетейин э...
#68 16 Ноябрь 2011 - 13:13
Кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө журөт.
Азыр кээде жигит джип минет, кээде жигит ит минет деп бир аз башкачараак айтып журөт.
Азыр кээде жигит джип минет, кээде жигит ит минет деп бир аз башкачараак айтып журөт.
#70 14 Декабрь 2011 - 16:17
#71 15 Декабрь 2011 - 15:07
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу - Бири-биринин ыгынан чыкпай, бир ооздуу, ынтымактуу болуу,
бөлүнүп-жарылбоо.
Биттин ичегисине кан куйган - өтө бышык, эң эле эпчил, абдан тың.
Жалпак тилге салуу - Бирөөнү өзүнө тартуу, алдоо, кепти келтире сүйлөп, эритүү аракетин кылуу, өз кызыкчылыгына көндүрүүгө тырышуу.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#72 15 Декабрь 2011 - 21:15
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу
Анын модификациясы бар го.. "бир багалектен бут.. " деп улантылып кеткен
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#73 15 Декабрь 2011 - 22:13
Кудайдын кулагы сүйүнүсүн!
- Жакшылык эле болсун, ылайым жамандык болбосун деген мааниде колдонулат.
Чырпык башын сындырбайт деген фразеологизм- «эчтеме кылбайт» «иштебейт», «бош эле жүрөт» дегенди тушундурот.
Каны кызуу-өзүн- өзү токтото албаган, ачуусу чукул, жеңил мүнөздүү.
Боору катуу-Таш боор, бирөөгө жан тартпаган, ырайымсыз.
Тили катуу-Абдан катуу суусоо, чаңкоо.
Чырпык башын сындырбайт деген фразеологизм- «эчтеме кылбайт» «иштебейт», «бош эле жүрөт» дегенди тушундурот.
Каны кызуу-өзүн- өзү токтото албаган, ачуусу чукул, жеңил мүнөздүү.
Боору катуу-Таш боор, бирөөгө жан тартпаган, ырайымсыз.
Тили катуу-Абдан катуу суусоо, чаңкоо.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#74 30 Январь 2012 - 02:46
байкасам баарынар чычканга кебек алдырбаган пенде экенсинер...
баарыбыз тоонун карды жарылганда чогулуп калсак кандай соонун болот эле эээ?
ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт болуп уйдогулор мени жумшай беришет болчу...
эмнеси болсо да тишинин кири соруп олтургандар га каралашып туралы...

Баркымды билгендердин эсиндемин...
#75 05 Февраль 2012 - 18:43
урматтуу форумчулар макал менен фразеологизмдерди айрымалап жазсанар , мисалы бир жакадан баш, бир женден кол деген бул макал да.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#76 05 Февраль 2012 - 19:08
Муз журок, коен журок , тоо журок ,суу журок, таш журок деп эсептей берсе журоктун озунон эле кобойуп кетет экен мындай создор.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#78 06 Февраль 2012 - 13:42
Баскан жерине чоп чыкпайт,
Атын чыкпаса жер ортто,
Тойгон жерде тогуз журот,
Атын чыкпаса жер ортто,
Тойгон жерде тогуз журот,
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
#80 29 Февраль 2012 - 18:39
"Бүктөп коём" дегендейби?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия