Суперстан: Атамды жакшы көрөм, аны сагындым! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (15 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атамды жакшы көрөм, аны сагындым!

#21 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   02 Март 2011 - 18:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Сонун тема. Атам жонундо айтуудан тажабайм. Кайсы классымда экенин деле билбейм, бир тантырап ыр жазгам, ошол ыр дагы эле эсимден кетпейт. Ардагымсын, алтынымсын апаке, салыштырып тенебеймин эч кимге,. Насаатчымсын, кымбатымсын, атаке, жол корсоткон илим менен билимге деген. Муну студент кезде да тынбай кайталап айта берер элем. Азыр да айтам, ата-энем бар, мен бармын. Апам - сырдашым,кымбатым атам - насаатчым, кенешчим, сынчым. Менин жасаган эмгегимди, кылган ишимди биринчи атам сындап, атам баа берет. Бала кезде баарыбызды отургузуп алып экзамен алганы ото эсимде калыптыр. Азыр да бир туугандар топтолуп калсак, суроо бересизби деп кулуп калабыз. Эркелеген кезде эркеледим кыздардын эн кичуусу болгондуктан. Бир гана созунон айттырбай билип туюп турам. Мен учун кийим алыш азыр деле кыйын, ата-энемди ээрчитип алып кээде дагы деле кийим кыдырмайга отом. Башка эжелеримди кой муну кийбе тигини кий дешет да, мага келгенде каалаганымды алперишет, ал гана эмес, менин табитимди билип калганы суйунтот да. Оспурум кыздардын кийимин корсотуп "мына бул болот ээ, сага" деп кээде кулуп калышат. Азыр да жазып отуруп аларды саганып, уйго кетким келди. Кыскасы, атакем энсеген бийиктикке жетем деп журом. Албетте, таза абийир, адал эмгек менен! Кудум алар айткандай акыл менен, тарбия менен. Ардактаар асылдарым, алтындарым аман болушсун деп тилейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   amantur   02 Март 2011 - 19:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Рахмаат Акжол байке
Аябай жакшы тема ачыпсыз.
Мен да жазып кетсем ичте болгон нерселерди.
Менин атам даарыгер болчу (хирург-стоматолог). Кичинемде үйдө түрдүү даары дармектер тура берчү. Мен да бир күнү бир пакетче ревит витаминин жеп алып үч күн реанимацияда жаткан экенмин. Кичинемде, үч же төрт жаштарымдан баштап атамын жанынан жылбай чоңойдум окшойт, Оооруканадагы бөлмөсүндө даарылаганын көрүп отура берчүмүн. Үй бүлөөдө эң улуусу болгондугума бы же билбейм, айтоор жанында ээрчитип жүрчү. Балык кармаганы чыгат элек атам менен. Ал жакта шашлык, балык кууруп жана бышырып жейт элек, балыкты мындай кармайт, тигиндей ккармайт деп үйрөткөн.
Биз атамдын жумушуна байланыштуу тоо тарапта, кыштакта жашайт элек. ал жерде бир эле мектеп бар эле. Атам мени орусча үйрөнсүн деп тай эжемдикине, шаарга окууга жөнөткөн, аябааай кыйналган, эки деген баа күндөлүгүмдө жаңылык деле болбой калган. Ошентсе да атам анча урушпайт эле, болгону балам оку деп көп айтчу, туура эмес нерселерди аткарсам аябай урушчу, балдардан таяк жесем, атамдан да таяк жечүмүн, кичинемден эле арызданба деп урушканын билем, актанганымды да көргөндө аябай жини келчү, актанба деп урушканынан дале актангандан корком, кечке маалдары белин тебелетчү, анан жомокторду, дастандарды айтып берчү, жети атаңды урууңду бир деп кулакка куйчу, анан дайыма эле он сегизге чыкканыңда үйлөйм дей берчү.
Алтынчы классты аяктап кыргыз түрк лицейлерине экзамен болуп ага катыштырган. Бир нече күндөн кийин жыййынтыктар келгенде, экинчи турга биздин класстан он алты адам өткөн экен, бирок мен тизмеде жок элем, атам аябай кейиген ошондо, ушул бир сынактан өтө албадыңбы деп, жини келгенинен эми айылда окуйсун деп айткан. Бирок бир жумадан кийин мектепке дагы бир кат келген, мен жана бир кыз экинчи турга, эң мыктылардын катарына өткөндүгү тууралуу, ошондо атам аябай сүйүнгөн, экинчи турга барып, экзамен тапшырган соң жүз пайыздык жеңилдетүү менен өткөнүмдү укканда сүйүнгөнүн көрүп мен да сүйүнгөм, университетке тапшырып өткөнүмдө да аябай кубанган.
Атам мага жана башкаларга көп нерсе үйрөтчү, бирок өзүм үйрөндүм дегиле деп айтчу, эмнеге экенин билбейм.
Биз атам менен тамашалашып жүрчү элек үйгө барганымда, тилекке каршы үч жыл мурун каза болду. Бирок дале ошол атам жараткан идеалды көздөй умтулам, атамдай болгум келет. айылга барбаганыма эки жыл болуп бара жатат, барганда бүт баары атамды эстетет. кээде отуруп айылга барганда атам менен муну кылабыз аны кылабыз деп кыялга батып кетем, бирок бираздан соң атам каза болгону эсиме түшөт. Аябай сагынам атакемди, бирок ушундай экен...
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   SubAz   03 Март 2011 - 07:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Журокту сыгасын да э'. Бул жакта отуруп менин ыйлагым келип кетти.. Сүрөт

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   MIRlan   03 Март 2011 - 08:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Атаны ким эле жаман корсун? Баары жакшы корсо керек. Мен атам менен досмун! Чогу футбол коруп, пиво ичип дегендей футболистерди согуп коюп отура беребиз. Ата болсун бул дуйнодо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   honey   03 Март 2011 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 453
  • Катталган: 30 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Сен 2015 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

«Кыз киши атасына окшош болсо, бактылуу болот» деп койушат эмеспи, ошондой эле, мен дагы атама окшошмун. Атам дагы, сен менин эле копиямсын кызым, бактылуу болосун, деп калат. Менин атам дагы жакшы кишилердин бири. Бирок, ото эле честный. Коп эле чон кызматтарда иштеди, бирок бир дагы башка элге окшоп байлыкка жугургон жок. Баарыбызды окугула, адам болгула деп, коп айтат. Мени 1чи класска мектепке киргизгени, жугуруп журуп, ботинкасы жыртылгыча ЖОЖго откозгону эсимден кетпейт. Азыркыга чейин окууга откозгондугун айта берет. Албетте, мен ал учун атама ыраазымын. Ким билет, атам болбосо окубай калат белеем!? Ата-энебиз бизге катуу деле соз айтышпайт, сабагандары деле болгон жок. Ата-энем аман эсен болушсун! !!! Мен аларды аябаааай жакшы кором!!! !!


Адам баласы оз бактысынын устаты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   erkinbekova   05 Март 2011 - 10:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 02 Январь 11
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 21:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Мен атамды аябай сагындымСүрөтэн жакын адамым атам каяка барбасын артынан калчуу эмесмин 1класстан 9класска чейин ата-энелер чогулушуна атам барсын деп ылачуумунСүрөт азыр атам менен суйлошкондо кандайсыз деп аран айтам анан ыйлап тура берем
KG

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   huri   10 Март 2011 - 21:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 05 Март 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2011 17:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мен да атамы ото жакшы кором. Бой жеткенге чейин жанында бирге журдум...тоого барса тоого,ойго барса ойго...Ошондуктан да кобунчо уй иштерине аралашпай атамын сырты иштерине кол-кабыш кылдым. Мен окууга келе бергенде атам абдан эле жаман болду...эн жакын жан жолдошунан ажырагандай. ..Эми айылга барганда да мурункудай атамын жанында бирге журо албасам керек...Айылда бойго жеткен кыздарды жигиттер эле эмес мечиттин жанында олтурган чалдар да козу агып карайт эмеспи...
Убакыт - дарыгер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Isabell   13 Март 2011 - 04:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 866
  • Катталган: 20 Январь 11
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 07:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Барнаул

Atamdy men da sagyndymСүрөт okuunu butkon4o janynda jurup andan kiin Bishkeke okuuga ketkenimde jaman boldu ele kantip koshtoshom dep:( andan kop otpoi ele 4et olkogo baryp keleiin degen oiumdu aitkanda aibaiai jaman bolgon osun jalgys 4et olkogo kantip jonotom dep, birok men ary jagynan beri jagynan 4ygyp jurup akyry kondurgom Atam m-n tes ele til tabysham negisi.Ketkenin ketip alyp asyr baryp bir korup kelgenge sar bolup jurom. Uido jurgondo ke4ke tamashalashyp jurup kunubus konulduu ot4u ele, ushu ubakka 4eiin bir dagy jaman sozun uga elekmin.Kee kundoru koshunabysdy korup kal4ym baldaryn kagyp silkip daje urup jatkanyn, oshondo ee Kudai dep koi4um i4imden bisdin atabys ushundai bolboi kalganyna kudaiga shugur dep.
Mamam urushup jatsa boldu emi urushpai ele koi4u ekin4i antpeit dep bolushup ele basyp jurot asyrga 4eiin:)
Korbogonumo 2 jyldan ashyp ketti sagynyp aran ele jurom kusa bolgon jaman turbaibyСүрөт
Asyr telefondon suiloshsok meni yilabasyn dep nemis4e sozdordon aralashtyryp tamashalap suiloi beret ke4ke, osu dagy yilagysy kelip aran suiloit.
Kudaiym buirusa jakynda baram, osho kun ka4an kelet dep kunumdu sanap jurom bir kun tes otup ketse suiunup koiup.
Ata Enelerge Kudaiym ar daiym den sooluk bersin, oorubai syktabai baldarynyn mandaiynda kulup jainap juro berishsin!

Arstan baike temanysga rahmat jakshy tema a4ypsyz.

Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Eliza   16 Март 2011 - 22:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 129
  • Катталган: 17 Июнь 08
  • Соңку аракети: 28 Сен 2013 12:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан, Бишкек

Саламатсыздарбы
Теманын автору Акжол байкеге рахмат.Жакшы тема ачыпсыз.
Атам жонундо айтуудан эч тажабайм.Атам бизге акыл насаатын айтып ушул даражага жеткиргенине ыраазымын.Менин атам дагы жакшы кишилердин бири.
Атам бизди эркелетип оюбуздагыдай кылып остурду.Ата каарын корбодук.Кудайым ата-энелерибиздин ден соолугун чын,омурун узак кылсын!Бактыбызга бар болунуздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Narynbek   17 Март 2011 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Абдан жакшы тема экен.азаматсын Арстан!мен да атамды жакшы кором.Карып баратат.Барган сайын батасын берип турат.дем алыш кундору телефон чалып суйлошпой калсам издей баштайт.Ата- энеме ыраазымын жакшы тарбиялап адам кылганына.Кантип алардын эмгегин актаар экенмин.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Arstan   23 Апрель 2011 - 21:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Эхх..кечээ жакында атан ооруп жатып калды деген смс келгенде,жаман болдум озумду коеоорго жер таппай,эч нерсе козго корунбой,жумушта чан тополон кылып жибердим кетем деп,атама звонтетип сурасам жакшымын балам сарсана болбо дегенин угуп озумо аран келдим.
Жаратканым куч кубат берип ата энелерибиз аман болушсунчу, силер биздин жашообузсунар Кудайдан мин мертебе тилеп келеп омурлору узуун болсун,коп жашашсын! !!

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   aminali   24 Апрель 2011 - 01:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Мен да атакемди аябай жакшы көрөм,узак сапарга узатып жатканда мени(европага) ыйлаганын эстесем азыр да ыйлап алам.Атам ушунчалык акылдуу адам экенин биздин тарбиябыздан сезем.Атакем барда мен эч нерседен коркпойм,ата эне менен баланын жүрөгүн ушунчалык байланыштырып койгонуна таң калам.Ата энебиз барда баардык ой тилектерибиздин баары орундалат,алар биздин каныбыз,жаныбыз, жүрөгүбүз,Азыр ата энемдин мээримине зар болуп жаткан убагым.Алыста болсок да эркелеткенден тажабайт,күндө сүйлөшсөм да кусалыгым таркабайт.Аман болушсун атакелер жана апакелер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   sternchen   03 Май 2011 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 864
  • Катталган: 03 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 10 Окт 2021 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Mars

Arstan baike jakshu tema achuptursuz,choon raxmat!
Men da Atamdu ayabay sagundum,ayabay jakshu kishi.Uidogu kuzdardan atama en jakunu,en erkesi men bolup ostum.Ayabay strogii kishi bolgonduktan,baarubuzga kattu tarbia berdi,men bolvoile kaljunday berchumun:))koshunalar da tartunushchu,eger biroo bir nerse surap kelse atam anan men jogumda kelishchu eken:)Apam bolso altun da,kuz bala enesine jakun bolot emespi,mende naoborot:)kanday jumush bolbosun birinchi atam menen suiloshom,anan apama aitabuz:)Aitkan sozu eki bolboit atamdun.Kichinekei kezimde ui tapshurmalarun teksherip,kontrol' dogonu menen mektepke ata-eneler chogulushuna barchu emes.Shof``er bolgonduktan bir az jalkoolugu bar ele.Jasanup alup ele shaarga ketip kalchu,kelgeninde sozsuz maga bir nerse ala kelchu,akcha degen uzulchu emes menden,uidon en kop maga berchu:)Uluu baikem chet olkogo ketkeninde men 7-klassta okuchum,anan erkektin ishi but maga juktoldu oshondo ayabay kuinalgam,atam erte menen ketip,kechinde kelchu,ayul jergesinde jashaganduktan talaa ishterine da kop chuga berchu emes.Maga shultap koichu,apam baikush "koi bul kuz bala,talaaga but erkekter chugat,barvait ozun bar" dese ataman murun men "ata shaarga bar beriniz men buturom" dep alup ittei kuinalchumun:)),oshondo talaada olturup alup,erkekko ozu ele chuksa mne bolot dep jaman korup kalchumun:)))Kechinde charchasam da bildirvei,kulup uigo kelchumun:))Atam ayabay ele uraazu bolot ele.Maga kattuu ishenet,ishenichin atkarushum kerek dep ele kuinala berchumun:)Kechinde ayul jergesinde svet ocho beret emespi,svet ochkondo baarubuzdu(6 balasun:) chogultup alup,tabyshmaktardu aitup,tapkandarga akcha berchu priz dep:)anan atam-apam menen chooguu TV korup olturup kalganubuzda,kino korup oltursan balee bolup uyat nerseler bashtalup ketkende "karabagula" dep turup TV nin zvygyn ochurup apam ekoo korushchu,butkondo "emi karai bergile"degeni jakchyda:)))
Dagy bir okuia esimde eken.Bir jolu adatuncha shaardan keldi,uigo mashinasun aidap kirgize bervei ele,meni chakurup aidap uiron deit.Mashina aidagan ukmush jakchy,maga tavulvaile kaldu da:)Aiuldun etegine bir aidap barup kele jatup,avaria bolup keteiiin degenbiz,kopurodon otup kalganda "tormozdu bas,gazdan butundu al dese"men tormozdon butumdu alup gasdu katty basup jiberip mashina oinop ketken,katty korkkonumdan ryl`dan da kolumdu tartup alupturmun,atam toktotup anan ech nerse emes,kuday saktadu dep kulup uigo kelgenibiz esimde,menin bolso jurogum tushup kalgan:))Mektepti butup,shaarga kelgenimde ayabay ele kuinaluptur,sessia butup aiulga barsam "kuzum okubaile koiboisunbu" degenin estep azurga cheiin kulobuz:)azur kudayga shugur kichinekei inim chonoiup jardam beret eken.
Dagy men alus jolgo chugup jatkanda aitkan sozun estep kettim "Kuzum akulun menen bol" dep aitup uzattu ele,atamdun sozun eki kulup bolovu:))azur tez-tez bailanushup turam.Koro elegime 3 juldan ottu,ata-enemdin den-soolugun,omurun kudaydan tileim.Bizdin beshenebizge ar dayum bar bolup,uul-kuzdarunun urmatun korup juro berishsin!Jashasun altunday bolgon ATALAR & APALAR!!!




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Arstan   22 Январь 2012 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Ата-эне

Ата-энем деп кылгын жакшы мамиле
Кичиненден багып сени чонойткон
Коп адамдар ата-энесин сыйлабай
Оз бактысын билип туруп жоготкон

Тура калгын алар турса оордунан
Урмат кылгын кармап алып колунан
Акыл-насаат айтып жатса кулак сал
Колдон келсе анын баарын эстеп кал

Милдетин чон ата-энендин алдында
Кутулбайсын ал милдеттен дагы да
Кызмат кылгын ата-энендин козу барда
Отсо убакыт кайталбайсын артка кайра

Алар учун дуба кылгын жаш агызып
Балам деп сен учун жашап келген
Карыганда балам мени баксын десен
Алаканды ата-энене ачкын кенен!!!


О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Likvidator   23 Январь 2012 - 01:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мен атам менен чогуу тургандыктан сагынбай элемин. Кундо чогуу тамактанып , суйлошуп чер жазып турабыз.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Barika   25 Январь 2012 - 03:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 505
  • Катталган: 15 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Янв 2020 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:☆●Кыргызстан●☆

Arstan (22 Январь 2012 - 16:29) жазган:

Ата-эне

Ата-энем деп кылгын жакшы мамиле
Кичиненден багып сени чонойткон
Коп адамдар ата-энесин сыйлабай
Оз бактысын билип туруп жоготкон

Тура калгын алар турса оордунан
Урмат кылгын кармап алып колунан
Акыл-насаат айтып жатса кулак сал
Колдон келсе анын баарын эстеп кал

Милдетин чон ата-энендин алдында
Кутулбайсын ал милдеттен дагы да
Кызмат кылгын ата-энендин козу барда
Отсо убакыт кайталбайсын артка кайра

Алар учун дуба кылгын жаш агызып
Балам деп сен учун жашап келген
Карыганда балам мени баксын десен
Алаканды ата-энене ачкын кенен!!!



СүрөтКоз жашымдан кол курсамда, эч качан кайтып келбейт!! !!!!! !
Эхххххх....... ..сагындым сизди Атаке...

Билдирүүнү түзөткөн: Barika: 25 Январь 2012 - 03:02


☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Aikala   26 Январь 2012 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен КРга келип атамдын жанында отурам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   27 Январь 2012 - 02:22

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Эхх!! кандай бактылуумун э? атам апам бир тууганым бар!! мен бакыттын баары ушуларда деп ойлойм. мага мындан артык бакыттын кереги жок!!

мен да жашырбай айта алам апама караганда атамды кобуроок жакшы кором,анткени мен атакемдин кызы иним апамдын уулу,биз уйдо ушинтип болунуп алып урушчубуз(ойноп). Атакем асылым,аска зоом атакем ар дайым кызымка,чон эне деп турат ушу убака чеин,айрыкча чон эноов деген созу аябай жагат да,анан да мени манкуля деп коп эркелетчу чоноюп калганымда эле айтпай калды,менин чон энемдин мурду узун манкуля эмес керек болсо мен шаардан айылды коздой жолго чыкканда корунот дечу кичикейимде. .. дайым эркелетет.. атооооов мммм десем болду айтканым айткан дегеним деген аткарылчу.. эсимен эч кетпейт да дайым мектепке баратканда адат эле да акча алмай.атоо акча беринизчи десем апам урушчу кундо эле акчаны алып эмне кыласын деп,аны билген атам апам карабай турса,чон эне акча жок эртен берем деп унун катту чыгарып айтар эле да жашырып баарибир берет эле мен болсо акчаны алып мейли атоов жок болсо эртен берес ээ деп кудундаган боюнча сабака жоноор элем..

анан да атакем аябай тамакты даамду жасайт. чынын айтсам апам 25жылдан бери атам экоо жашашса да апам аш(плов)басканды жакшы билбейт конок келеби озубузгобу дайым атакем басат..

Арстан акем айткандай атакем уйдо бир да согунгон эмес,апама бир да кол которбоптур. бизге да бир катуу соз айтып же урган эмес .мунозу оор басырыктуу аз суйлогон адам,анан жини келгенде жанына эч ким барбайт...

атакем асыл атакем мен сизди аябай жакшы кором. анан да былтыр апмдын айтып кулгонун эстеп кеттим азыр. Уйго жуучулар келсе мени кадимкидей кызганат имиш да,азыр эле алып кетип калчуудай,апам айтат аябай кыжаалат болуп тиги келген кишилерди жактырбай тезиреек кетирбейсинби, кызыбыз али жаш дебейсинби деп байкуш апамдын мээсин жеген экен. апам азырга чеин тамашалап коп мыскылдайт атакемди сага койсо чон эненди эч кимге бербейсин деп

тез тез эле телефон чалып турат,чон эноов кандаайс деп! чын эле куч кубат берип турат кадимкидей. .

ар дайым торубуздун корку болуп журо беришсин апаларыбыз менен аталарыбыз! !!!!! !!!1


Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   aminali   06 Февраль 2012 - 07:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Рыспай Абдыкадыровдун ырларын укканда атамды сагынып ыйлай берем,анткени атамды 2чи Рыспай деп койушат.Ал эми Рыспайдын ырларын мен күндө угам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   solnyshko   09 Февраль 2012 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

эххххххх Кандай га сонун создор жазылган..... .ыйлагым келип кетти.....озумдун Атакемди эстеп.....Биздин бактыбызга ата-энебиз тируу,аман болушсунчу. ....Мен дагы Апама караганда,Атакеме аябай жакын элем,ичимдеги болгон сырымды,арыз- муунумду,бир гана Атакеме айтчумун,эч качан уялып,тартынып, бир нерсени жашырган эмесмин.Апам кээде тан калчу:"Кыз деген озу апасына сырын айтып,кенеш алат,сен тескеринче Атана айтасын бар жокту уялбай,кыз деген кичине тартынып туруш керек."деп. ...бир жакка барганда Атакемден сурап кетип калчумун,Апам" эмнеге менден уруксат сураган жоксун?"десе, "Атамдан сурадым,болот да"дечумун. ..эххххххххх сагындым Атакемди..... СүрөтКээде жанына баргым келет.......бирок Апамды таштап кетуудон корком......Апам учун жашайм.......
Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (15 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 08:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: