Кыргызстанда туруп ар кандай жарнамалык роликтердин өз тилибизде туура эмес жазылышы зээнди кейитет. Кайсы жерде болбосун ошондой каталарды көрүп жиним келе берет. Келгиле баарыбыз ошол жарнамалык роликтер, балким, тейлөө кызматындагы ката жазылган сөздөр тууралуу кеп кылабыз. Ким кайсы жерден көрсө катасын илип койсоңор да болот бул жакка.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргызстанда кыргызча ката жазылган сөздөр. Тилибиздин кадырын барктай билели!
#2 13 January 2011 - 12:08
Бул жарнама Карл Маркс көчөсүндө турат. Мында У менен Үнүн айырмасы жок. Же алар үчүн эки тамга бир тамгадай эле сезилеби? Түшүнбөйсүң.
Жарнама орусча болгондо, албетте, туура жазылмак болуш керек.
Сабырдын түбү - сары алтын.
#3 13 January 2011 - 12:43
Бул жарнама Карл Маркс көчөсүндө турат. Мында У менен Үнүн айырмасы жок. Же алар үчүн эки тамга бир тамгадай эле сезилеби? Түшүнбөйсүң.
Жарнама орусча болгондо, албетте, туура жазылмак болуш керек.
«Сөз өстөргөн» эмнеси? Муну которткон эме өзү дагы кыргызча билбесе керек, телефондон сурап котортуп алды дагы, дизайнерге берип койду. Дизайнер орус. Эмне деп берсе ошону жаза салды да. Ал эми басмаканада катасын текшербейт, «Биздин иш – басып бериш» деп коёт. Мамтил комиссиясы каякты караган? Себеби сырттагы көрнөк-жарнактын баарына алар көзөмөл кылып, кол коймоюн эч ким илүүгө акысы жок.
...занятие фигней на работе развивает слух, боковое зрение, реакцию и бдительность в целом...
#4 13 January 2011 - 13:12
Мамлекеттик тил коммисиясы деги эмне иштерди жасашат? Туура эмес которулган жарнакка комиссия кол коюп берген болсо, анда ал жерде да кыйраткан "киргиздер"
иштейт окшойт деген ой жаралат.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#5 13 January 2011 - 14:03
Кыргызстанда мындай каталары менен жазылган жарнамаларды ар бир кадам сайын кезиктирүүгө болот.Мындай каталардын үстүнөн иштөөгө биз да жардам беришибиз керек. Мамлекеттик тил камиссиясын эле карап олтурсак болбойт го
Кыбыраган кыр ашат.
#6 13 January 2011 - 14:11
Мамлекеттик комиссиясынын түздөн-түз күнөөсү бар болуп жатпайбы? Туура эмес жазылган жарнактар, котормолор,
теледеги жарнамалар ж.б. тескөө ,көзөмөлдөө ошолордун милдети, алардын колу коюлган, демек, комиссиянын тиешелүү кызматкерлери жооп бериши керек. Иштей албайбы, кетсин, ордуна мыкты адис барсын.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#7 14 January 2011 - 11:07
Менимче, "соз осторуу"-
"сөз өстүрүү" болуш керек эле. А бул сөз орусча "Развитие речи" дегенден туура эмес которулуп калган.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#8 14 January 2011 - 12:20
Мамлекеттик тил комиссиясы деп эрденип, тош каккылаганыбыз менен ал жакта олтурган эл адамдары акча учун баарына макулдугун беришээри копчулукко (озгочо реклама жаатында иштегендерге) маалым. Акча керек болгондо баягы айылда кочомо кочо кыдырып акча ондургон светчилердей болуп, Бишкекти аралап калышат. Аркы жарнаманы жулуп, беркини тытып олтуруп, акчаны топтоп алып майрамдашат.
Которуп бергиле деп барып коргулочу, бой которуп кыйын болгондоруна кубо болосунар. Бизде озу оз ишин, оз функцияларын мыкты аткарган, багыты, максаты боюнча иштеген мам. ишканалар жокко эсе. Аты кооз угулганы менен Тил комиссиясына уят эле.... Буткул Кыргызстандыктарды кыргызча суйлотуп жиберчудой башташты эле, аны коюп БОРБОР шаарыбыздагы коомдук жайлардагы жазууларга чамасы жетпей турат! ТВдагы жарнама роликтерин жалан кыргызча кетирсе, болбойбу же орустардан жазганасынарбы?
Ушунчалык жиним келет, 1 кыргызча реклама кетсе, андан кийин 5 орусчасы кетет!!!
Ош болобу, Бишкек болобу, Чолпон Атабы кочонун боюндагы щиттердеги жазуулар бир гана кыргызча жазылсын деп талап коймокмун!
Анткени щиттерде орусчасын чоооон кылып жазып, кыргызчасын кыстырма кылгансып майда жазып коюшат, анысы да каталары менен
Башкаларды туураганга жакынбыз дейт болушунар керек, бирок Казакстан менен Озбекистандын бийлиги УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИН силерге караганда кобуроок ойлойт! Мамлекеттик каналдары жалан оз тилдериндеги жарнамалар кетет! (жаш муун оз тилине сугарылып, сулуулуган тамшанып жашаш керек, жада калса чупа чупсту кыргызча рекламалашынар керек)... Мектеп программасын карап чыккыла, кыргыз тилин кыйноо менен уйронбой, суйунуп, умтулуп уйронушсун!
!!
Балык башынан сасыйт деген чын, бийликтегилерибиз, Отунбаева баш болуп миллиондорду санап, санаасы менен байып жатса кайдагы тил? кайдагы элдин жашоосу? кайдагы свет очуруу??? оляяям кетишсин баары деп иштеген тур корсотуп журушсо керек
уф дагы деле жиним келип жатат

убакыт - женилбес душман...
#9 14 January 2011 - 13:34
Куштар, асте кыл тууган. Бир жиниңди бизге бер. Нерв клеткалары дагы көп жолу керек болот. Сенин негативиңден кийин кичине позитив да кошуп коеюн. 5 жыл мурункуга салыштырмалуу патриоттор көбөйө баштады. ЭлТРдин берүүлөрүн карап көрүңүздөр,
ахыбалыбыз али оор эмес экен.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#10 14 January 2011 - 16:12
Отпускада Ошко барып келдим эле РЕКЛАМА,КАФЕ,
РЕСТОРАН,САЛОН,
АР КАНДАЙ ИШКАНАЛАР жада калса УНИВЕРСИТЕТ ДА КЫРГЫЗЧА жазылып калыптыр ушунчалык тан калдым Ош эми даана кыргыздардыкы болуп калганына.Бут элдер кыргызча так суйлоп калышыптыр.
Жакшы болуш аста аста.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#11 14 January 2011 - 16:32
Отпускада Ошко барып келдим эле РЕКЛАМА,КАФЕ,
РЕСТОРАН,САЛОН,
АР КАНДАЙ ИШКАНАЛАР жада калса УНИВЕРСИТЕТ ДА КЫРГЫЗЧА жазылып калыптыр ушунчалык тан калдым Ош эми даана кыргыздардыкы болуп калганына.Бут элдер кыргызча так суйлоп калышыптыр.
Жакшы болуш аста аста.
Эң туура байкагансыз Арстан аке. Ош шаарында жаштар тарабынан жакшы демилгелер көтөрүлүп, калпакты кийүүнү жаштар арасына жайылтышып жакшы эле ийгиликтерге жетишкенбиз. Чынын айтканда Ош шаарында өзбекче жазуулар басымдуулук кылар эле. Бишкекте да орусча жазуулар көп окшойт. Оштогу тополоңдон кийин улуттук дух ойгонуп келе жаткансыйт. Ылайым ушул өзгөрүүнү убагында кармап калып жакшы нукка буруп жиберсек экен.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#12 14 January 2011 - 16:44
Эң туура байкагансыз Арстан аке. Ош шаарында жаштар тарабынан жакшы демилгелер көтөрүлүп, калпакты кийүүнү жаштар арасына жайылтышып жакшы эле ийгиликтерге жетишкенбиз.
Чынын айтканда Ош шаарында өзбекче жазуулар басымдуулук кылар эле. Бишкекте да орусча жазуулар көп окшойт. Оштогу тополоңдон кийин улуттук дух ойгонуп келе жаткансыйт.
Ылайым ушул өзгөрүүнү убагында кармап калып жакшы нукка буруп жиберсек экен.
Кыргызстанда жашагандан кийин кыргызча ар бир инсан билиш керек,100пайыз болбосо да бир аз билип алышса,анан кыргыз тилин онуктуруу керек.
Бир мисал айтып кетейин Ошто байке дебейт туурабы,ака же аке дейт, бир жерден гул алганы бардым озбек улутундагы бала экен Келиниз байке кайсы гулду берейин десе тан калдым болот экен го кыргызча суйлосо деп ичимден суйунуп койдум да кайра суроо берип суйлоткум келди,ар нерсени сурай берсем так так кыргызча жооп берип атты,озу адам баласы бут нерсени уйронсо болот,жон гана эч ким конул бурбай келебизда тил боюнча маселени закондук турдо кучотсо жакшы болот эле.
Москвада мен иштеген жерге менин колума бир Оштон озбек бала келген тим эле кыргызча так суйлойт да оозду ачырып.
Тилибизди онуктуролу достор.Кыргызтанда жашагандан кийин кыргыз тили биринчи орунда туруш керек.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#13 18 January 2011 - 16:12
Откондо УТРК дан эрежесиз уруш боюнча мелдешти корсотушкон.
Ошондо федерациянын логотибин корсотушот го, ошон до "КАМАШ УРУШ" деп жазылып жургонун байкадым
Профессия не определяет личность человека
#14 24 January 2011 - 20:02
Гезитке жарыяланган каталар. Көрбөй калгандар болсо, карап көргүлөчү. Ушинтип өз тилибизди кордоп жатсак, бизди ким сыйлайт?!!
Агенттиктин аты, бут кийим оңдоочу жердеги чоң ката. Агенттиктерде сабаттуу адамдар иштешсе керек. Ал эми саламаттыкты сактоо кызматкерлери өздөрүнүн эң негизги сөзү - ден соолукту туура жазганды билишпесе, анда билбейм...
Агенттиктин аты, бут кийим оңдоочу жердеги чоң ката. Агенттиктерде сабаттуу адамдар иштешсе керек. Ал эми саламаттыкты сактоо кызматкерлери өздөрүнүн эң негизги сөзү - ден соолукту туура жазганды билишпесе, анда билбейм...
Сабырдын түбү - сары алтын.
#15 18 November 2011 - 11:05
Кечээ "Керемет көчтү"
көрүп калдым. "Колонка бузулуп калды", "Колонканы оңдош керек" деп балдарды полукиргиз кылып сүйлөтүп койгонун көрүп күлкүм келди. Эми, балдар негизи эле киргиз балдар шаардык. Акцент менен сүйлөгөн. Бирок, ошолорго "колонканын"
"бышма"
экенин КООМДУК каналдан сүйлөтүп коюу үчүн кандай даражадагы котормочу керек эле?..
Мага сунуш кылышса аткез бермек эмесмин (баш тартмак эмесмин).
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#16 27 June 2012 - 02:22
Акыркы кезде "кыргыз тилин онуктуробуз"
- деп кыйкырып, мамлекеттик иш кагаздарды да кыргыз тилинде жаза баштадык, бирок кыргызча жазган менен анын катасын ондоп, текшерип турганга мамлекет тарабынан козомол кылгандар барбы?
Макул форумга жазган адам ката жазсын, аны форумга кирген аз гана адам окуйт, газетага жазганда катачылык кетсин, ал газета да бир санында ката кетет да кийинки санга келгенде ондолуп чыгарылат, бирок (!) дайыма окулуп туруучу коомчулука тиешелуу каталар т.а. оздорун жарнамалап баннерлерге жазган мекемелердин каталары, ондуруп чыгарган продукцияларынын кутуларында жазылган каталарды акыркы убакта аябай эле коп байкап калдым... Мс:
"Мусульман ашканасы "- деп Фрунзе/ Совет кочолорунун кесилишинде бир ашканада илинип турат, орусчасында туура эле жазылган, кыргызчасына "ь" тамгасын жазуунун кереги жок беле дейм да...
Рыскулов кочосундо да "Уна жу"- деп жазылып турат, ушул туурабы? орусча "авто мойка" деп эле турат катасыз...
Тон районунда жайгашкан ЖЧК (атын унутуп жатам) заводунда 3 литрлик орук шербети чыгарылат экен, анын сыртында Абрикосовый сок деп жазылып турат бирок кыргызчасына "Абрикостун ширеси" - деп которуп коюптур......
ушундай каталарды жоюу учун эмне кылыш керек? озубуз байкаган ушуга окшогон каталарды жазабыз жана талкууга алабыз... ыйыбыз кудайга жетип каталарын ондоп жазышса ажеп эмес....

Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#17 27 June 2012 - 09:14
Кадимки эле биз ичип жургон Дюшес суусундугунун ботолкосундо да катачылыктар бар экен, аны албетте "Умут и К" хладокомбинаты ондуруп чыгарат....
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#18 27 June 2012 - 14:31
Кечээ эле ушул жагдайга туш болдум эле. Калык Акиева кочосундогу "Рахат"
соода борборундагы жарнама: "Айымдардын классический кийимдери"
.
Жакшылап байкасак четинен чыгат. Кээде орусчадан кыргызчага которгондо, биз билбеген создор менен жазылган болот.
Чынында, мындай корунушторго козомолдоочулор барбы?.
Жакшылап байкасак четинен чыгат. Кээде орусчадан кыргызчага которгондо, биз билбеген создор менен жазылган болот.
Чынында, мындай корунушторго козомолдоочулор барбы?.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#19 27 June 2012 - 15:22
"Бишкек сут" ААК чыгарган «Веселый молочник» деген сутунун кутусундагы "кайнатуу талап кылынбайт"
дегенди "айнату талап кылынбайт"
- деп жазып коюптур,.....
ушундай эле дагы бир корунуш Бета-Кыргызстан- Интернешнл ЖАК чыгарган кок чайдын кутучасынан байкаганга болот, "кок чай" дегенди кок уай деп, сууну 80 градуска чейин кайнатыныз дегенди " сууну 80 чейин кайнатыныз" - деп коюптур....
, бул жерде башкалардан айырмачылыгы орусчасын да ката менен жазыптыр...
ушундай эле дагы бир корунуш Бета-Кыргызстан- Интернешнл ЖАК чыгарган кок чайдын кутучасынан байкаганга болот, "кок чай" дегенди кок уай деп, сууну 80 градуска чейин кайнатыныз дегенди " сууну 80 чейин кайнатыныз" - деп коюптур....
, бул жерде башкалардан айырмачылыгы орусчасын да ката менен жазыптыр...
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео