men koptogon azyrky kyrgyz jyldyzdaryn tanybait ekenmin dagyn,oshondukta bul Kanykeidi men tanybait ekenmin birok ukkanmyn bir yr chygyp atsa bul Kanykei dep atkandaryn menimche al yr bashka tilde bolso kerek ele.
КАНЫКЕЙ Супер форумда Суроолорду узата бериңиздер
#62 23 Февраль 2012 - 20:18
Үнүңүздү жоготуп алам деп коркбойсузбу?
Ага кандай кам көрөсүз?
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#63 24 Февраль 2012 - 18:44
cалам кандайсыз менин суроом сиз кантип оштогу микс бийчилер тобу мене иштешип калганс 2-озунуздун стилинизди имиджинизди макияжынызды эл кандай кабыл алат деп ойлойс 3- эмнеге журогумдун ээсин таппай келем деп айта беришет ар бир адамдв эч ким билбеген бирок жактырган адамы болот эмессби 4- намыс деп журуп суйууну кетирип ийем деп коркпойсбу
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#64 27 Февраль 2012 - 18:09
cалам кандайсыз менин суроом сиз кантип оштогу микс бийчилер тобу мене иштешип калганс 2-озунуздун стилинизди имиджинизди макияжынызды эл кандай кабыл алат деп ойлойс 3- эмнеге журогумдун ээсин таппай келем деп айта беришет ар бир адамдв эч ким билбеген бирок жактырган адамы болот эмессби 4- намыс деп журуп суйууну кетирип ийем деп коркпойсбу
Саламатсызбы!
1. Ал топтогу балдар аябай таланттуу, алар өзүлөрү биз менен байланышып жана ошентип иштешип калганбыз.
2. Мен менин стилимди, имиджимди ж.б. эч кимге таңуулабайм.
3. Ооба, билем, баары ошентип айта беришет. Бирок эгер мен издесем "издеп келем" деп айтам.
4. Ошол жөнүндө ойлонуп жүрөм акыркы убакта. Бирок ошентсе да намыс керек го.
#65 27 Февраль 2012 - 18:11
#66 27 Февраль 2012 - 18:13
Салам Каныкей .Менини сизге деген суроом .Дайыма Тв коруп калсам эле маанайыныз чогуп тургандай сезиле берет ,чыныгы жашоодо да ошондойсузбу?
же озунуздун мунозунуз ушундайбы? рахмат!
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#67 27 Февраль 2012 - 18:17
Салам Каныкей! Кандайсын.
Сенин өзгөчө стилинди өзүн таптыңбы?
Сенин кумириң ким?
Саякатка кайсы мамлекетке барууну кыялданасың?
Сен үчүн идеалдуу жигит кандай сапаттарга ээ болуш керек?
Суроолорума жооп берип койсоң.
Алдын ала рахмат.
Сага ийгилик каалап кетем жердешка мен дагы Токмоктон болом.
Сенин өзгөчө стилинди өзүн таптыңбы?
Сенин кумириң ким?
Саякатка кайсы мамлекетке барууну кыялданасың?
Сен үчүн идеалдуу жигит кандай сапаттарга ээ болуш керек?
Суроолорума жооп берип койсоң.
Алдын ала рахмат.
Сага ийгилик каалап кетем жердешка мен дагы Токмоктон болом.
Салам!
1. Жок, тапканга жардам беришти.
2. Кумирим жок, бирок жакшы адамдарды кумир туткум келет.
3. Японияга баргым келет.
4. Эң негизгиси ал Кудайдан коркушу керек.
Сизге рахмат!
#68 27 Февраль 2012 - 18:21
Salam Kanykei.Yrlaryn jana unun ayabai jagat.Bere turgan suroom 1)senin stilin menen kim ishteshet?jana kyiymderdi kaidan satyp alasyn? Koreaga kelein degen oilorun barby?
Салам, рахмат!
1. Стиль жагынан ушуга чейин Замира Молдошева менен иштешип келгем.
2. Кийимдерди ар кайсыл жактан сатып алам, эң негизгиси кийим мага жагышы керек. Моданын артынан кубалабайм.
3. Ооба, Кудай буюрса жакында.
#69 27 Февраль 2012 - 18:22
Саламатсызбы!
Менин суроолорум:
Менин суроолорум:
- Жылдыз оорусуна чалдыгып көрдүңөр беле?
- Бут тосууларга кандай карайсыз?
- Сүйүү үчүн курмандыктарга бармак белеңиз?
- Сиз кимге окшошсуз? (атаңызгабы же апаңызгабы? )
- Продюсерсиз чыгармачылыкты өркүндөтүп кетүүгө көзүңүз жетеби?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#71 27 Февраль 2012 - 18:23
#72 27 Февраль 2012 - 18:30
Ой Каникей кандайсын? Менин суроом деле жок, сага ийгилик каалайм, кыргызстанда таза ундуу ырчыларыбыз аз, мен сени аябай урматтайм, сыйлайм, дайым бар бол жана дайым сен мененбиз, менда Ошмун, концертине кире албайм калган болчумун, Ошко келсен жакшы болмок. РАХМАТ!
Всегда вперед ............
#73 27 Февраль 2012 - 18:31
Salam Kanykei) Saga 4ygarma4ylyk iygilik jana bakyt kaaloo menen birge suroolorgo otsom.
1) Jaktyrgan tusun sary ekenin bilem. Sebebin aita ketesinbi, emne u4un sary? Bul tus menen senin bailanywyn?
2) Yapon elinin awkana madaniyatyna kyzyguundun sebebi? "Yaponskie sushi" dayardagandy bilesinbi?
3) Etnostuk simvoldordu kop baikaim jana alardy ozun 4ogultat ekensin. Owolordun kandaidyr bir jan duinon menen bailanywy barby?
Aldyn ala saga teren yraazy4ylyk!
1) Jaktyrgan tusun sary ekenin bilem. Sebebin aita ketesinbi, emne u4un sary? Bul tus menen senin bailanywyn?
2) Yapon elinin awkana madaniyatyna kyzyguundun sebebi? "Yaponskie sushi" dayardagandy bilesinbi?
3) Etnostuk simvoldordu kop baikaim jana alardy ozun 4ogultat ekensin. Owolordun kandaidyr bir jan duinon menen bailanywy barby?
Aldyn ala saga teren yraazy4ylyk!
Рахмат!
1. Билбейм, сары мага жагат. Сары түс маанайымды көтөрүп турат. Сары түс мен үчүн өзгөчө.
2. Анткени япон эли өзүлөрү негизи эле ушунчалык философиясы терең эл болуп келет. Ошонусунан улам мага ашкана маданияты да жагат. Жок, суши даярдаганды билбейм.
3. Алар мага абдан жагат. Анткени ар адамдын өзүнө гана таандык кызыгуусу болот. Мен дагы өзүмдүн жан дүйнөмө жаккан кызыктуу нерселерди талкуулап жашаганды жакшы көрөм.
Сизге да рахмат!
#74 27 Февраль 2012 - 18:34
Саламатсызбы.
Каныкей сиз озунуздун стилинизди озгортойун деген оюнуз барбы? Эмне себептен ушул стилди тандап алгансыз.?
Саламатсызбы!
Стилимди чыгармачылыкка байланыштуу өзгөртөйүн деген оюм бар, анткени чыгармачылыкта чек жок. Мен дайыма жаңылануунун үстүндө иштеп келем.
Буга чейинки стилимди мага тандап беришкен.
Рахмат!
#75 27 Февраль 2012 - 18:37
#76 27 Февраль 2012 - 18:38
Саламатсыңбы!
Кандайсың? Күчтүү команда менен иштечүү элең. Эми иштебей калганың тууралуу окудум. Рейтингин түшүп кетет деп коркпойсуңбу?
Мурункудан да мыкты болуп чыгууга күчүн жетеби? Бут тосуулар болсо керек, кантип күрөшөсүң? Сага шоу чөйрөдө жардам берип колдогон бирөө жарыб барбы? Болсо ким?
#77 27 Февраль 2012 - 18:44
Салам Каныкей! Мен дагы ырларынды аябай берилип угам,январдагы концертин абдан жаккан, менимче жогорку денгээлде болду бардыгы.Биринчи концертин ушундай болсо мен ойлойм кийинкилери андан да кызыктуу отот деп.Кудай сени дайыма колдоп журсун ушундай озгочолугундон кайтпай бизге дагы жаны жагымдуу ырларынды тартуулай бер,куйормандарын дуйно жузу боюнча кобойо берсин!
Анда суроолорум 1 Биринчи эле ата-энен,уй- булон жонундо айта кетсен,кайсы жердин кызы болосун?
2 Ырларындын диски чыкканбы чыкса кайсы жерден алса болот?
3 Бул жашоодон эмнени умут кыласын?
Анда суроолорум 1 Биринчи эле ата-энен,уй- булон жонундо айта кетсен,кайсы жердин кызы болосун?
2 Ырларындын диски чыкканбы чыкса кайсы жерден алса болот?
3 Бул жашоодон эмнени умут кыласын?
Рахмат! Абдан кубанычтамын!
1. Мен Токмок шаарында жөнөкөй, карапайым эле үй бүлөөдө жөнөкөй кыз болуп төрөлгөм. Бүгүнкү күндө атам жок, апам үй кожойкеси. Байкем жана жубайы балдары менен Кореяда жашашат.
2. Ырларым диске чыккан. Ал дисктерди диск сатуучу жерлерден алсаңыз болот болуш керек.
3. Бул жашоодон үмүт кылганым, эң негизгиси адамдар ушундай керемет, атайын тартууланган жашоону татыктуу жашашса деп ойлойм. Менин оюм бирөөнү сындоо эмес, жөн гана ыр жазып келген көз карашым ушундай. Жашоо керемет!
Рахмат сизге!
#78 27 Февраль 2012 - 18:47
Ай жакшы мен дагы ошол кичирайондо жашачумун, азыр ал жакта ата-энем жашайт. Тиги Супер Инфо менен форум бак отургузганда экобуз чогу бир кочот отургуздук эле. Мен анда санда ошол кочоттон барып кабар алып турам. Суроо: Сен дагы ошол кочоттон кабар алып турасынбы?
Салам!
Мен убактымдын тардыгына байланыштуу ал көчөттөн кабарым жок. Сиздин алдыңызда абдан уялып жатам, сиз барып мен барбай жүргөнүмө. Келечекте, сиздин оюңузду эске алып барып калаармын, жакында.
#79 27 Февраль 2012 - 18:48
#80 27 Февраль 2012 - 18:50
Prodyuserin menen ishteshpey kalganyn okunuchtuu, birok alarsyz dele iygilikterge jetisherine men ishenem. Senden jany yrlaryndy jydamsyz menen kutup jatabyz. Azyr emne menen alektenip jatasyn?
Рахмат сурооңузга жана мага ишенгениңизге.
Азыркы убакта чыгармачылыктын үстүндө иштеп, жаңы идеяларымды ишке ашырып жүрөм.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия