Жаратмандык бир гана Жаратуучуга таандык сыпат. Бардык жаратылгандардын автору да Улуу Жаратуучу Алла Таала Өзү. Ал эми ошол жаратылгандардын катарындагы адамзат турмушундагы нерселердин жаралышында акыл-ой, аракет себебин аткарган пенделер. Мусулмандын өзгөчөлүгүн караңыз, бүгүн адамзат колдонуп жаткан нерсеби, эмне болбосун, анын бизге жетишине салым кылса да, белгисиз болуп келген учурлар арбын.
Бүгүн биз ичип жаткан кофе, коомдук тамактануучу жайларда (үйүбүздө деле) сунулган биринчи, экинчи, үчүнчү - 3 түрлүү даам, ал даамга төлөнүүчү акынын баасы түшүрүлгөн чек кагаз мусулмандардын ойлоп табуулары экенин айткан чындыктар бар. Бул чындыкты билген мусулман эместер таң кала: «Муну бизге мусулман дүйнөсү берди»,-деп кабыл алып тамшана кофе ичип жатканына да күбөбүз. Төмөндө саналган мусулмандардын бүгүнкү жетишкендикке кошкон салымдары көптүн азы гана. Демек, мусулмандардын ойлоп табуулары, адамзат жыргалчылыгы үчүн кошкон салымдары тууралуу сөз дагы алдыда... Азыр бул маалыматтар менен гана бөлүшүп туралы...
Кофе...
Кофенин адамзат пайдаланып калышына Халид аттуу араб себеп болгон деген маалымат бар. Ал кофенин данын жеген жаныбарлардын кубаттуу болуп калганын байкаган жана кофе дандарын терип, алгачкылардан болуп кофени кайнатып, даярдаган. Кофени өстүрүү жана экспорттоо тууралуу маалыматтарда Эфиопия жана Йеменде алгачкылардан болуп башталгандыгы айтылат. 15-кылымда Меккеге, кийин Түркияга, 1645-жылы Венецияга жеткен. 1650-жылы Англияга Паскуа Роси деген адам алып келип, Ломбард деген көчөдө биринчи кофекана ачкан экен. Кофе сөзүнүн жолу узак. Ал алгач, араб тилинде "qahwa" деген сөздөн алынып, түркчө "kahve", италяча "caffé", англиче "coffee", орусча "кофе" аталып, орус тили аркылуу бизге да "кофе" болуп жетти.
Камера...
10-кылымда жашаган Ибн аль-Хайтам аттуу математик, астроном, физик мусулман жарыктын жылчыктан киргенин байкоого алып, жылчык аз болгон сайын сүрөт жакшы көрүнөрүн байкап, биринчи камера-обскураны (("qamara"арабчадан алынып, «караңгы бөлмө» дегенди түшүндүрөт) түзүп чыккан.
Парашют...
Бир тууган Райттарга чейин эле учуучу аппараттарды түзүү идеясын акын, астроном жана инженер мусулман Аббас ибн Фирнас тапкан. 852-жылы узун чапанына тактайды бекитип алып мечиттин чатырынан жерге түшүүгө аракет кылат. Ылдый жерге түшүү бир аз жайлап барып, кулап түшкөн. Бул эксперменттен кийин Фирнас 70 жашында түзүп чыккан жаңы аппараты менен тоодон секирген. Ал абада 10 мүнөт кармалып тургандан кийин жерге конуу убагында аппараты талкаланып калган. Буга учуучу аппараттын куйругу жасалбай калгандыгы себеп болгон.
3 түрдүү аштан турган түшкү тамак...
Түшкү тамактагы 3 түрлүү (1-шорпо, 2-эт, же балык ж.б., ) аштын берилүүсүн Али ибн Нафи атту адам 9-кылымда Ирактан Кордовага (Испания) алып келген.
Килемдер...
Орто кылымда мусулмандарда токуучулук жетишээрлик өнүккөн. Жаңы түс, токуунун түрлөрү улам жаңыланып турган. Араб жана перс килемдери бүгүн да жогору бааланат.
Чек...
Чек баалуу кагазынын аталышы да араб тилинин "saqq"сөзүнөн алынып, төлөөгө милдеттендирилген кагаз маанисин түшүндүрөт.
9-кылымда мусулман ишкерлери тарабынан колдонулганы айтылат.
Мусулмандардын ойлоп табуулары. ...
#2 07 April 2014 - 19:50
Секретарьды,
складды да пайгамбарыбыз САВ ойлоп тапкан деп уктум эле, а бул маалыматтар жанылык болду мен учун, чоон рахмат авторго.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#3 07 April 2014 - 19:52
Секретарьды,
складды да пайгамбарыбыз САВ ойлоп тапкан деп уктум эле, а бул маалыматтар жанылык болду мен учун, чоон рахмат авторго.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#4 09 April 2014 - 21:00
ханафийя - сууну агызып, токтотуучу нерсе (смеситель) Осмон падышачылык кезде Мисрда бир уста ойлоп чыгарган экен, ал уста ханафий мазхабында болгондуктан,
ушинтип атап коюшкан.
#5 09 April 2014 - 21:34
Дагы билгенинерди жазып кеткилечи.
Эркиндикби кун коруу куйуттогу?!
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)

Супер-Инфо
super.kg
видео











