Красный дорожка уюштурушуптур да, до конца не дороботали.
Жылдыздардын парадын толук коргон жокмун, концертке жетишейин деп 18.15те Спорт Сарайдын алдына барып калдым, концерт бир кун болгон учунбу, адамдын коптугунон баш айланат. 18.30да концерт башталыш керек эле, эн негизги уюштуруучу, самсаалап эки "баласы" менен 16.32де аран келишти, анан концерт короюн деп келген адамдар эшикти коздой жабыла жонодук, эшик терезелердин баарын сындырып, бир баланы тебелеп, эч нерсеге карабай жулунуп эле кирип бардык.Чон аншлаг менен отту, туура саат 19.38де башталды. Сахнанын жасалгасы жакшы болуптур, ХитПарад болгондон кийин Хит Ырлар болот экен деп барган элем (мумкунчулуктон пайдаланып Кыргызстан обондоруна билеттер учун чооон рахмат), бирок ырчылардын кобун тааныбайт экем, бут эле шоу дуйносунун "оз балдары" катышты, ал эми продюсери менен урушуп кеткен ж.б.у.с. ырчылар жок (мис. У.Усенов, Т.Назаров) М.Иманбеков менен С.Садыралиев убагында кечирим сурап продюсерлерине кайтып келгени абийир болуптур, алар да тизмеге кошулбай калат эле. Алып баруучуларда да эч кандай даярдык жок (кечирим сурайм, болгонун болгондой жаздым), создору супсак, ким канча ыр ырдаарын да билишпейт, М.Иманбеков экинчи ырын баштаганда Грамотасын тапшырганы чыккан алып баруучулар жана Аяз ата, аяз кыз, кичине уят болуп кайра бурулуп алып сахнанын артына кетишти, тышкы келбетине жана кийимдерине кобуроок конул бурушуптур, демейде тилинен бал тамган Нурзат, Алексейдин фонунда коп аралаша албай жатты. Номинациялар туура берилди-туура эмес берилди деп айта албаймын, жогоруда айтканымдай, эч кимисин деле тааныбайт экенмин. Бир гана М.Атабековдун ыры эн мыкты деп табылганына толук кошуламын. Бул копту умуттондургон, Кыргызстанды чындап эле алыска таанытчу жигит! Концертке кандай жапайычылык менен кирсек кайра эле ошол жапайычылык менен чыгып кеттик. номинациялар тапшырылып болуп акыркы хор ырдалып баштала электе эле чубурап эшикти коздой жулунуп баштадык...
Билдирүүнү түзөткөн: Azura: 07 Декабрь 2007 - 10:44