"Бата менен эр когорот, Жамгыр менен жер когорот" дейт эмеспи. Колундан келсе элиндин батасы менен когор. "Жакшыдан моон, жамандан жаан" дегендей, аталуунун баары эле баталуу боло бербейт. Бата байлык да, бийлик да тандабай тиет. Бата тийген кишинини бак жылоолойт. Бата оной менен жанбайт. Калыстыктан тайыганда, короонду кошомат басканда, ооматын, оожалганда бата жанат. Бата жанса, багын тайыйт. Бата жалган адам ар ишке так, адамдарга ак болбосо, онбой калмагы турган иш.
Ыраазычылык батасы
Тилин кызыл болсун,
Тилегин узун болсун.
Бак карасын башына,
Кызыр даарысын ащына.
Куру сайына суу аксые,
Элине ишин жаксын.
Берекет берсин башына,
Кызыр келсин кашына.
Узун омур жаш берсин,
Бала-чака башына!
Шыбагалуу баш берсин,
Берекелуу аш берсин.
Уучун узарсын,,
Жанын жайылсын.
Омурун алыс болсун,
Орушун жайык болсун.
Ырысын журттан ашсын,
Конулун ток болсун,
Эч нерседен кем болбо!
Же болбосо:
Билектуудон кучтуу бол,
Жалтырактан тустуу бол,
Жаалдуудан туптуу бол,
Акылдуудан куттуу бол,
Аталуудан улуу бол,
Энелуудон эрке бол,
Эл алдында серке бол,
Айдай, Кундой калыс бол,
Адам болсон нагыз бол! деген экен.
- (2 )
-
- 1
- 2
Бата Бата менен эр көгөрөт, Жамгыр менен жер көгөрөт
#1 08 February 2011 - 16:26
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#2 24 April 2011 - 18:22
Туура
"
Жамгыр менен Жер көгөрөт
Бата менен Эр көгөрөт"
ушул бир ооз сөз канча миң жылдарды арытып, канча миң муунду карытып айтылып келет. Бу сөзгө кулагыбыздын да көнүп болгону ушунчалык- ага мамилебиз да азыр күндөлүк "кант, чай, аба, нан, суу" деген түшүнүктөрдөй эле кадыресе жөнөкөйлөшүп калган. Ооба, суу тилеп, кеберсип турган боз талааны көнөктөп куйган жамгыр кандай жашартып, жан киргизип, тиргизип өтөөрү чын болсо, Ак Батанын да адамдын жан дүйнөсүн асылдантаар таасири ошондой, табияты ошондой.
Айтаарым, ушундай темаларга да көңүл бөлүп, ар кимибиз кайсы учурда кандай деп бата беребиз бөлүшө кетели. мен да бир экөөсүн жаза кетейин.
Намаздан кийин дуба (башка учурларда деле айтсаңар боло берет.)
Ааламдардын жаратуучусуна мактоо, анын элчиси Мухаммедке (сав) жана башка пайгамбарларына салам болсун Аллахым, оор кыйынчылыктардан дүйнө жана акырет жолубуздагы тардыктан, кайгы берүүчү тагдыр жазмышынан, душмандарды сүйүндүрүүчү азаптан коргоо издеп сени панаалайбыз.
Күнөөлөөрүбүздү кечир жана бизди корго, бизге ыраазы бологөр. Ибадаттарыбызды кабыл кылып, бизди бейишиңе киргизүүңдү сурайбыз. Тозоктун отунан бизди куткар. Дүйнө жана акыретке байланыштуу бардык иштерибизди оң жолго сал, өзүңдү эстеп, сага шүгүр кылуу жана ибадат кылуу үчүн бизге жардам бер.
ж.б.у.с.
Союшка бата
Сообуң мага, жаның Кудай жолуна,
Ай мүйүздүү,
Ача туяктуу арналуу малым.
Сенде кеп жок,
Менде эт жок,
Адамзатмын, анча эмес алым.
Эрте жатып, кеч калдым,
Кудайым өзүң жалгагын.
Оомийин!
* * *
О Жараткан,
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден,
Айры мүйүз, ача туяк,
Эрте айдадык, кеч кайттык.
Менде азык жок,
Сенде жазык жок.
Жаның кудайга,
Сообуң бакканга.
Оомийин!
Үй ээсине, дасторконго, тойго бата
Дасторконуңар бай болсун,
Казаның, очогуң май болсун,
Төрт тарабың шай болсун.
Көңүлүң толуп жай болсун.
Уулуң конуп уяга,
Кызың учуп кыяга,
Келиниң бүбү атанып,
Уулуң болсун бий, ага,
Көбөйө берсин мал башың,
Өсө берсин жан, башың.
Тилегиң өргө чамдасын,
Досуңдан көңүлүң калбасын.
Жолуң болуп жорткондо,
Жолуңду Кызыр жалгасын.
Дасторконуңдан даам кетпесин,
Өмүрүңдөн маани кетпесин.
Урук-урпак аман болуп,
Көңүлүңө санаа жетпесин.
Оомийин!
Жаш жубайларга бата
Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып
Кол кармашып жүргүлө.
Омийин!
(Өздүк е-китепканадагы китептерден ...)
Бата менен Эр көгөрөт"
ушул бир ооз сөз канча миң жылдарды арытып, канча миң муунду карытып айтылып келет. Бу сөзгө кулагыбыздын да көнүп болгону ушунчалык- ага мамилебиз да азыр күндөлүк "кант, чай, аба, нан, суу" деген түшүнүктөрдөй эле кадыресе жөнөкөйлөшүп калган. Ооба, суу тилеп, кеберсип турган боз талааны көнөктөп куйган жамгыр кандай жашартып, жан киргизип, тиргизип өтөөрү чын болсо, Ак Батанын да адамдын жан дүйнөсүн асылдантаар таасири ошондой, табияты ошондой.
Айтаарым, ушундай темаларга да көңүл бөлүп, ар кимибиз кайсы учурда кандай деп бата беребиз бөлүшө кетели. мен да бир экөөсүн жаза кетейин.
Намаздан кийин дуба (башка учурларда деле айтсаңар боло берет.)
Ааламдардын жаратуучусуна мактоо, анын элчиси Мухаммедке (сав) жана башка пайгамбарларына салам болсун Аллахым, оор кыйынчылыктардан дүйнө жана акырет жолубуздагы тардыктан, кайгы берүүчү тагдыр жазмышынан, душмандарды сүйүндүрүүчү азаптан коргоо издеп сени панаалайбыз.
Күнөөлөөрүбүздү кечир жана бизди корго, бизге ыраазы бологөр. Ибадаттарыбызды кабыл кылып, бизди бейишиңе киргизүүңдү сурайбыз. Тозоктун отунан бизди куткар. Дүйнө жана акыретке байланыштуу бардык иштерибизди оң жолго сал, өзүңдү эстеп, сага шүгүр кылуу жана ибадат кылуу үчүн бизге жардам бер.
ж.б.у.с.
Союшка бата
Сообуң мага, жаның Кудай жолуна,
Ай мүйүздүү,
Ача туяктуу арналуу малым.
Сенде кеп жок,
Менде эт жок,
Адамзатмын, анча эмес алым.
Эрте жатып, кеч калдым,
Кудайым өзүң жалгагын.
Оомийин!
* * *
О Жараткан,
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден,
Айры мүйүз, ача туяк,
Эрте айдадык, кеч кайттык.
Менде азык жок,
Сенде жазык жок.
Жаның кудайга,
Сообуң бакканга.
Оомийин!
Үй ээсине, дасторконго, тойго бата
Дасторконуңар бай болсун,
Казаның, очогуң май болсун,
Төрт тарабың шай болсун.
Көңүлүң толуп жай болсун.
Уулуң конуп уяга,
Кызың учуп кыяга,
Келиниң бүбү атанып,
Уулуң болсун бий, ага,
Көбөйө берсин мал башың,
Өсө берсин жан, башың.
Тилегиң өргө чамдасын,
Досуңдан көңүлүң калбасын.
Жолуң болуп жорткондо,
Жолуңду Кызыр жалгасын.
Дасторконуңдан даам кетпесин,
Өмүрүңдөн маани кетпесин.
Урук-урпак аман болуп,
Көңүлүңө санаа жетпесин.
Оомийин!
Жаш жубайларга бата
Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып
Кол кармашып жүргүлө.
Омийин!
(Өздүк е-китепканадагы китептерден ...)
Жашоо
бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.
#3 28 April 2011 - 00:28
Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.)дын кээ бир дубалары:
- Аллахым! Коркоктуктан, сараңдыктан, жүрөктүн караюусунан, кабыр азабынан коргооң үчүн сага жалбарам.
- Аллахым! Алсыздыктан, жалкоолуктан, сараңдыктан, материалдык жана руханий жактан адашуудан, кабыр азабынан, жашоонун жана өлүмдүн кыйынчылыктарынан сага сыйынам.
("Атанын уулуна кылган дубасы, пайгамбардын үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу кабыл болот". )
- Аллахым! Коркоктуктан, сараңдыктан, жүрөктүн караюусунан, кабыр азабынан коргооң үчүн сага жалбарам.
- Аллахым! Алсыздыктан, жалкоолуктан, сараңдыктан, материалдык жана руханий жактан адашуудан, кабыр азабынан, жашоонун жана өлүмдүн кыйынчылыктарынан сага сыйынам.
("Атанын уулуна кылган дубасы, пайгамбардын үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу кабыл болот". )
Жашоо
бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.
#4 16 May 2011 - 00:11
Жарамазан батасы
Мингениң жорго тай болсун,
Ичкениң кызыл чай болсун,
Дүнүйөсү шай болсун.
Карышкырдай көздүү бол,
Адам тапкыс сөздүү бол.
Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун,
Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун.
Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун,
Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун.
Бай көңүлү жай болсун,
Балдарыңдын мингени,
Жорго кара тай болсун.
Ал желеңин башына,
Ат жүгүрүп жетпесин,
Бул желеңин башына,
Бут жүгүрүп жетпесин.
Бөдөнөдөй төлчүл бол,
Бөрү аяктуу жолчул бол,
Эр намыстуу элчил бол.
Оомийин!
Жолго бата
Жолдун башы- Жол Теңир,
Жылкы башы- Камбар эй.
Жол үстүндө чарчасам,
Камбар сиздей ким бар эй.
Жол үстүнөн бага жүр,
Ар балаадан кага жүр.
Оомийин!
Конушка бата
Корооң кыктуу болсун,
Конушуң ыктуу болсун.
Жайлооң чөптүү болсун,
Жан-жагың көрктүү болсун.
Жайытың жайык болсун,
Жаш балаңдын ойногону
Жашыл сырдуу кайык болсун.
Оомийин!
Союшка бата
Сообуң мага, жаның Кудай жолуна,
Ай мүйүздүү,
Ача туяктуу арналуу малым.
Сенде кеп жок,
Менде эт жок,
Адамзатмын, анча эмес алым.
Эрте жатып, кеч калдым,
Кудайым өзүң жалгагын.
Оомийин!
Мингениң жорго тай болсун,
Ичкениң кызыл чай болсун,
Дүнүйөсү шай болсун.
Карышкырдай көздүү бол,
Адам тапкыс сөздүү бол.
Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун,
Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун.
Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун,
Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун.
Бай көңүлү жай болсун,
Балдарыңдын мингени,
Жорго кара тай болсун.
Ал желеңин башына,
Ат жүгүрүп жетпесин,
Бул желеңин башына,
Бут жүгүрүп жетпесин.
Бөдөнөдөй төлчүл бол,
Бөрү аяктуу жолчул бол,
Эр намыстуу элчил бол.
Оомийин!
Жолго бата
Жолдун башы- Жол Теңир,
Жылкы башы- Камбар эй.
Жол үстүндө чарчасам,
Камбар сиздей ким бар эй.
Жол үстүнөн бага жүр,
Ар балаадан кага жүр.
Оомийин!
Конушка бата
Корооң кыктуу болсун,
Конушуң ыктуу болсун.
Жайлооң чөптүү болсун,
Жан-жагың көрктүү болсун.
Жайытың жайык болсун,
Жаш балаңдын ойногону
Жашыл сырдуу кайык болсун.
Оомийин!
Союшка бата
Сообуң мага, жаның Кудай жолуна,
Ай мүйүздүү,
Ача туяктуу арналуу малым.
Сенде кеп жок,
Менде эт жок,
Адамзатмын, анча эмес алым.
Эрте жатып, кеч калдым,
Кудайым өзүң жалгагын.
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#5 17 May 2011 - 01:50
Көчкө бата
Көчүң көлүктүү болсун,
Жолуң көрктүү болсун.
Конушуң куттуу болсун.
Коңшуң мыкты болсун.
Босогоң бек болсун,
Жан жагың жайыл журт болсун,
Жамандыктан сырт болсун.
Башыңарга кетпес бак консун,
Мээримдүү бир Алла
Силердик жак болсун.
Оомийин!
* * *
Көчүң көрктүү болсун,
Журтуң жуктуу болсун.
Унааң камбыл болсун,
Уучтаганың кызыл жамбы болсун.
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң сылыктуу болсун.
Келиниң келбеттүү болсун,
Торко элгектүү болсун.
Ичкениң тунук суу болсун,
Өмүрүң түгөл дуу болсун.
Калдайып турган жер сүйсүн,
Калың кыргыз эл сүйсүн.
Оомийин!
Көчүң көлүктүү болсун,
Жолуң көрктүү болсун.
Конушуң куттуу болсун.
Коңшуң мыкты болсун.
Босогоң бек болсун,
Жан жагың жайыл журт болсун,
Жамандыктан сырт болсун.
Башыңарга кетпес бак консун,
Мээримдүү бир Алла
Силердик жак болсун.
Оомийин!
* * *
Көчүң көрктүү болсун,
Журтуң жуктуу болсун.
Унааң камбыл болсун,
Уучтаганың кызыл жамбы болсун.
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң сылыктуу болсун.
Келиниң келбеттүү болсун,
Торко элгектүү болсун.
Ичкениң тунук суу болсун,
Өмүрүң түгөл дуу болсун.
Калдайып турган жер сүйсүн,
Калың кыргыз эл сүйсүн.
Оомийин!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#6 17 May 2011 - 01:50
Кымыз бузгандагы бата.
Жылкы атасы Камбар,
Кымыздан башка эмне бар.
Жергелүү жериң өссүн,
Керилип келин өссүн.
Үйүң толгон үт кирсин,
Көнөк толо сүт турсун.
Алты төөң ботолосун,
Алты келиниң жетелесин.
Кырк төөң ботолосун,
Кырк келиниң жетелесин.
Сабааңарга кут түшсүн,
Саргашка кул ун жуп түшсүн.
Үйүңөргө үзүлбөй бут кирсин,
Бутка илээшип кут кирсин.
Чаначыңа кудайым береке айтсын,
Чайкалган сайын каңыл жарсын.
Алыстагы тууган чаңкап келсин,
Ак байбичең бал чайкап берсин.
Алаканың ар дайым ачык болсун,
Дөөлөтүң душманыңдан ашык болсун.
Көп бер, көп бер,
Ой-тилекти төп бер.
Оомийин!
Жылкы атасы Камбар,
Кымыздан башка эмне бар.
Жергелүү жериң өссүн,
Керилип келин өссүн.
Үйүң толгон үт кирсин,
Көнөк толо сүт турсун.
Алты төөң ботолосун,
Алты келиниң жетелесин.
Кырк төөң ботолосун,
Кырк келиниң жетелесин.
Сабааңарга кут түшсүн,
Саргашка кул ун жуп түшсүн.
Үйүңөргө үзүлбөй бут кирсин,
Бутка илээшип кут кирсин.
Чаначыңа кудайым береке айтсын,
Чайкалган сайын каңыл жарсын.
Алыстагы тууган чаңкап келсин,
Ак байбичең бал чайкап берсин.
Алаканың ар дайым ачык болсун,
Дөөлөтүң душманыңдан ашык болсун.
Көп бер, көп бер,
Ой-тилекти төп бер.
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#7 17 May 2011 - 01:52
Жаңы өргөгө бата
Чамгарак чалкый берсин,
Керегең кеңий берсин,
Ушу үйгө кут келсин,
Душманың кемий берсин.
Күндө береке,
Күндө той болсун,
Кубаныч, шаттыкка толсун.
Уулуң Урум болсун,
Кызың Кырым болсун.
Кызматкериң Кыдыр болсун,
Бир күн эмес сызыл болсун,
Колуң узун болсун!
Оомийин!
* * *
Жаңы өргөнүн
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун.
Уугуң учтуу болсун,
Уулуң сестүү болсун.
Керегең кептүү болсун,
Келиниң эстүү болсун.
Энелүүдөн эптүү болсун,
Аталуудан эрктүү болсун.
Түндүгүң түнөрбөсүн,
Кемегең кемибесин.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң манат болсун.
Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун,
Душманыңды төбөлөмөк адат болсун,
Оомийин!
* * *
Дасторконуң жабылбасын,
Кайгы сага кабылбасын.
Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын,
Кара ниеттер асылбасын.
Казынаң чачылбасын,
Каймагың бузулбасын,
Кайнаган казаның токтобосун,
Калгандар сага окшобосун.
Эңсегениң эшигиң жыртып,
Күткөнүң күйүгүп чуркап келсин.
Он эки жороңдун бири болуп,
Олуя кызыр салам берсин,
Оомийин!
Чамгарак чалкый берсин,
Керегең кеңий берсин,
Ушу үйгө кут келсин,
Душманың кемий берсин.
Күндө береке,
Күндө той болсун,
Кубаныч, шаттыкка толсун.
Уулуң Урум болсун,
Кызың Кырым болсун.
Кызматкериң Кыдыр болсун,
Бир күн эмес сызыл болсун,
Колуң узун болсун!
Оомийин!
* * *
Жаңы өргөнүн
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун.
Уугуң учтуу болсун,
Уулуң сестүү болсун.
Керегең кептүү болсун,
Келиниң эстүү болсун.
Энелүүдөн эптүү болсун,
Аталуудан эрктүү болсун.
Түндүгүң түнөрбөсүн,
Кемегең кемибесин.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң манат болсун.
Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун,
Душманыңды төбөлөмөк адат болсун,
Оомийин!
* * *
Дасторконуң жабылбасын,
Кайгы сага кабылбасын.
Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын,
Кара ниеттер асылбасын.
Казынаң чачылбасын,
Каймагың бузулбасын,
Кайнаган казаның токтобосун,
Калгандар сага окшобосун.
Эңсегениң эшигиң жыртып,
Күткөнүң күйүгүп чуркап келсин.
Он эки жороңдун бири болуп,
Олуя кызыр салам берсин,
Оомийин!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#8 17 May 2011 - 01:52
Ууга чыгардагы бата
Кайберен ата чеберим,
Сыйынамын мен сага.
Менин жолум кайыптан,
Жараткан өзү буюрган.
Күндөп-түндөп көп басам,
Буюрбассың күнүгө.
Арачалап жанымды,
Тоо-ташыңдан тайгылтпа,
Кур кол кайра келбейин,
Кайберен аткан айыпка.
Аркар-кулжа аралаш
Алдыма тушташ кыла гөр.
Кайберен ата чеберим,
Ырыскы колго берегөр.
Оомийин!
Кайберен ата чеберим,
Сыйынамын мен сага.
Менин жолум кайыптан,
Жараткан өзү буюрган.
Күндөп-түндөп көп басам,
Буюрбассың күнүгө.
Арачалап жанымды,
Тоо-ташыңдан тайгылтпа,
Кур кол кайра келбейин,
Кайберен аткан айыпка.
Аркар-кулжа аралаш
Алдыма тушташ кыла гөр.
Кайберен ата чеберим,
Ырыскы колго берегөр.
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#9 17 May 2011 - 01:53
Уктаардагы тилек
Жаттым Жараткан,
Тургузагөр эсен-аман.
Бейиштин түбүндө бир дарак,
Жалбырагы гүлдүү барак,
Аны жети жолу окуп жаттым,
Менден тозок оту ыраак.
Жаттым аманат,
Ойготогөр саламат.
Оомийин!
* * *
Жаттым тынч
Жаздыгым-кенч.
Тилим-куран,
Тилегеним-ыйман.
Йа Жараткан,
Уйкумду мамык кыл,
Тилегимди анык кыл.
Оомийин!
Дамбыр таш
Дамбыр-дамбыр- дамбыр таш,
Дамбыр аткан кызыл таш.
Жамгыр жаады күркүрөп,
Челек тулга калдыр таш.
Күн күркүрөп көп жаа,
Жер жарылып чөп чык,
Желин айрылып сүт чык.
Чебичегим челеңдеп,
Челек- челек сүт бер,
Ченебестен бүт бер!
Тоо жарылып от чык,
Булак ийип кут чык.
Токтучагым тороңдоп,
Торочо-торочо сүт бер,
Жуурат уюп тик бер!
Байчечекей башбаксын,
Арык -торук кой, козу,
Көккө тоюп жан баксын.
Жыл жадырап эртелеп,
Келишинен кайтпасын.
Жаттым Жараткан,
Тургузагөр эсен-аман.
Бейиштин түбүндө бир дарак,
Жалбырагы гүлдүү барак,
Аны жети жолу окуп жаттым,
Менден тозок оту ыраак.
Жаттым аманат,
Ойготогөр саламат.
Оомийин!
* * *
Жаттым тынч
Жаздыгым-кенч.
Тилим-куран,
Тилегеним-ыйман.
Йа Жараткан,
Уйкумду мамык кыл,
Тилегимди анык кыл.
Оомийин!
Дамбыр таш
Дамбыр-дамбыр- дамбыр таш,
Дамбыр аткан кызыл таш.
Жамгыр жаады күркүрөп,
Челек тулга калдыр таш.
Күн күркүрөп көп жаа,
Жер жарылып чөп чык,
Желин айрылып сүт чык.
Чебичегим челеңдеп,
Челек- челек сүт бер,
Ченебестен бүт бер!
Тоо жарылып от чык,
Булак ийип кут чык.
Токтучагым тороңдоп,
Торочо-торочо сүт бер,
Жуурат уюп тик бер!
Байчечекей башбаксын,
Арык -торук кой, козу,
Көккө тоюп жан баксын.
Жыл жадырап эртелеп,
Келишинен кайтпасын.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#10 17 May 2011 - 01:54
Тилөө.
Көпчүлүккө,
карыларга бата
* * *
Йа Теңири, эсиңе ал.
Өзүңдөн башка пенденин
Сүйөнө турган неси бар.
Йа Теңири, абалы өз каарыңан сакта,
Шайтандын заарынан сакта.
Кадеми катуудан сакта,
Ач азуудан сакта,
Кабаарыган ачуудан сакта.
Куюлган уудан сакта,
Жыйылган доодон сакта.
Каптаган чуудан сакта,
Ташыган суудан сакта.
Онтотуп жаткан дарттан сакта,
Өчпөс өрттөн сакта,
Кетпес кектен сакта!
Оомийин!
* * *
Йа Теңири, эсиңе ал.
Өзүңдөн башка пенденин
Сүйөнө турган неси бар.
Йа Теңири, абалы өз каарыңан сакта,
Шайтандын заарынан сакта.
Кадеми катуудан сакта,
Ач азуудан сакта,
Кабаарыган ачуудан сакта.
Куюлган уудан сакта,
Жыйылган доодон сакта.
Каптаган чуудан сакта,
Ташыган суудан сакта.
Онтотуп жаткан дарттан сакта,
Өчпөс өрттөн сакта,
Кетпес кектен сакта!
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#11 17 May 2011 - 01:56
Алтын тойго бата
Алтын той куттуу болсун,
Алтындан баалуу болгула,
Жылдыздай наарлуу болгула.
Кундуздан жакалуу болгула,
Күмүштөн такалуу болгула.
Өркүндөп-өскөн урпагыңдын,
Үзүлбөс сабагы болгула.
Жүрөктүү туулган уулдарыңдын,
Акылчы жарагы болгула.
Ай жүздүү аппак кыздардын,
Алтын сом тарагы болгула.
Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун,
Үйүңөргө Кызыр келип консун.
Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулсун,
Көңүлүңөр көкөлөп толсун.
Жүдөбөй жүзгө жеткиле,
Өмүрдөн армансыз өткүлө.
Оомийин!
Алтын той куттуу болсун,
Алтындан баалуу болгула,
Жылдыздай наарлуу болгула.
Кундуздан жакалуу болгула,
Күмүштөн такалуу болгула.
Өркүндөп-өскөн урпагыңдын,
Үзүлбөс сабагы болгула.
Жүрөктүү туулган уулдарыңдын,
Акылчы жарагы болгула.
Ай жүздүү аппак кыздардын,
Алтын сом тарагы болгула.
Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун,
Үйүңөргө Кызыр келип консун.
Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулсун,
Көңүлүңөр көкөлөп толсун.
Жүдөбөй жүзгө жеткиле,
Өмүрдөн армансыз өткүлө.
Оомийин!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#12 17 May 2011 - 01:57
Бата деп көтөрдүм билегимди,
Кудайым берсин тилегиңди.
Пайгамбар батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн берсин.
Керегең көрктүү болсун,
Келиниң септүү болсун.
Уулуң оттуу болсун,
Улагаң куттуу болсун.
Кызың кырк жылкы болсун,
Күйө балаң тактыда болсун,
Умай эне батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн аябай берсин.
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Тайларыңар талааңарда тайраңдасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Баары туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Атан, нарың жүктүү болсун,
Аталган жарың куптуу болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Куру сайыңан суу аксын.
Кылган ишиңер элге жаксын!
Оомийин!
Кудайым берсин тилегиңди.
Пайгамбар батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн берсин.
Керегең көрктүү болсун,
Келиниң септүү болсун.
Уулуң оттуу болсун,
Улагаң куттуу болсун.
Кызың кырк жылкы болсун,
Күйө балаң тактыда болсун,
Умай эне батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн аябай берсин.
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Тайларыңар талааңарда тайраңдасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Баары туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Атан, нарың жүктүү болсун,
Аталган жарың куптуу болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Куру сайыңан суу аксын.
Кылган ишиңер элге жаксын!
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#13 02 July 2011 - 07:38
Как раз менин дипломдук ишиме керектуу материалдар топтолгон экен, молдесстер дагы кызыктуу батанарды бергиле эйлер...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#14 21 July 2011 - 03:39
Бейит башындагы тилек
Теңирим өзү колдосун,
Олуялар оңдосун.
Дүйнөдөгү изгилик,
Алдыңдан чыгып жолдосун.
Тар кабырың кең болсун,
Күндүзгүдөй күн күлсүн,
Шамчырагын жаккандай,
Таш кабырдын ичинде,
Таш жамынып жатсаң да,
Ырахатка бата гөр,
Күн чыгып таң аткандай.
Жаннаттан жаның жай тапсын.
Жараткан эгем кудурет,
Көп батасын кабыл эт.
Күнөөдөн таза жандардын,
Ак тилегин макул эт.
Оомийин!
Теңирим өзү колдосун,
Олуялар оңдосун.
Дүйнөдөгү изгилик,
Алдыңдан чыгып жолдосун.
Тар кабырың кең болсун,
Күндүзгүдөй күн күлсүн,
Шамчырагын жаккандай,
Таш кабырдын ичинде,
Таш жамынып жатсаң да,
Ырахатка бата гөр,
Күн чыгып таң аткандай.
Жаннаттан жаның жай тапсын.
Жараткан эгем кудурет,
Көп батасын кабыл эт.
Күнөөдөн таза жандардын,
Ак тилегин макул эт.
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#15 21 July 2011 - 03:40
Бата деп көтөрдүм билегимди,
Кудайым берсин тилегиңди.
Пайгамбар батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн берсин.
Керегең көрктүү болсун,
Келиниң септүү болсун.
Уулуң оттуу болсун,
Улагаң куттуу болсун.
Кызың кырк жылкы болсун,
Күйө балаң тактыда болсун,
Умай эне батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн аябай берсин.
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Тайларыңар талааңарда тайраңдасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Баары туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Атан, нарың жүктүү болсун,
Аталган жарың куптуу болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Куру сайыңан суу аксын.
Кылган ишиңер элге жаксын!
Оомийин!
Кудайым берсин тилегиңди.
Пайгамбар батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн берсин.
Керегең көрктүү болсун,
Келиниң септүү болсун.
Уулуң оттуу болсун,
Улагаң куттуу болсун.
Кызың кырк жылкы болсун,
Күйө балаң тактыда болсун,
Умай эне батасын берсин,
Бак-дөөлөтүн аябай берсин.
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Тайларыңар талааңарда тайраңдасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Баары туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Атан, нарың жүктүү болсун,
Аталган жарың куптуу болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Куру сайыңан суу аксын.
Кылган ишиңер элге жаксын!
Оомийин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#18 10 October 2011 - 13:59
Рахмат жазгандарга.
Жакшы баталар бар экен . Жаттап алыш керек эми мунун баарын.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#19 12 October 2011 - 14:58
Келинге бата
Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын.
Кудай ынтымак, ыраа берсин,
Ызаттуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын,
Бата бердик, жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Кош болгондо ыйлагын,
Кайын-журтту сыйлагын.
Ак жолтой бол,
Алдың жарашсын,
Ак элечек башыңан ообасын!
Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын.
Кудай ынтымак, ыраа берсин,
Ызаттуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын,
Бата бердик, жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Кош болгондо ыйлагын,
Кайын-журтту сыйлагын.
Ак жолтой бол,
Алдың жарашсын,
Ак элечек башыңан ообасын!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#20 12 October 2011 - 14:58
Ай жаңыргандагы бата
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык самап көрдүм.
Жесирге жемиш, '
Жетимге жеңиш,
Жөөгө — улоо,
Жалкоого — мээнет,
Жалгызга — эрмек,
Иштерманга — кут,
Сараңга — жут,
Ушакчыга — уу,
Ак ниетке — туу,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгөчө
Өсүп-өнүп тололу.
Бакалга — тар,
Бакырга — бар Ай бол!
Оомийин алловакпар!
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык самап көрдүм.
Жесирге жемиш, '
Жетимге жеңиш,
Жөөгө — улоо,
Жалкоого — мээнет,
Жалгызга — эрмек,
Иштерманга — кут,
Сараңга — жут,
Ушакчыга — уу,
Ак ниетке — туу,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгөчө
Өсүп-өнүп тололу.
Бакалга — тар,
Бакырга — бар Ай бол!
Оомийин алловакпар!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео













