Салам Суперстан. Менин катталганыма аз гана убакыт болду. Бирок мен Суперстанды көп окуган “коногу” болдум. Байкасам бул жакта көп адамдар жан дүйнөсунөн чыккан сөздөрдү жазып, ой бөлүшүп, кеңеш берип, колдоп, сын – пикирин айтып турушат экен. Ошондон улам менда өз жашоомдон алынган баянымды ортого салуунун туура көрдүм.
Ойлоп отурсаң жашоо деген өтө татаал нерсе. Жараткан пендесин жалган дүйнөгө жартканда жакшы жаманды, азапты кошо берет экен. Бирок биз үчүн тагдырдын ташын көтөрүп, жашоонун сынынан өтүү оңой эмес. Жан дүйнө жараланып, жалгыздыкка тушаланып турганда үмүттүн шооласы үзүлгөндөй сезилет. Чынын айтсам азыр мен ошондой абалда турам достор. Оюм онго бөлүнүп, акыры силерге сырымды ачайын дедим. Мүмкүн силердин да жаныңарда бир тууган иниңер, агаңар, эжеңер, карындашыңар мага окшоп, ичтен сызып,сырдашаар адамы жок, жардамга муктаж болуп отургандыр.
.. адамдык аң-сезимиңер бар болсо аларга кайдыгер карабагыла!
Анда сөз башынан болсун.
Мындан 23 жыл мурда мен төрөлүп, үй – бүлөмө чооң бакыт, кубаныч тартуулагмын.
Ата– энем, бир туугандарым тилек кылып жургөн атымды айтып, ысымымды атап коет. Ошентип менин да жашоом башталат. Чырактай жанган жашоо жолумда мени көп нерсе күтүп турган экен. Күн санап учкан убакыт, арадан 4 айды алып өтөт. Бир күнү апам (апамдын айтуусу боюнча) менин мойнумдан калдай болгон кара такты байкап калат, башында анча көнүл бурбагандыктан ал так күндөн күнгө чоңоё берет. Акыры мени врачка алып барып көрсөтсө ал кал эмес эле ошондой илдет болуп чыгат. “ Илдетти убагында алдыруу керек” – деген врачтын сөзүн угуп, ата – энем бир жыйынтыкка келгиче ооруп жүргөн чоң атам дүйнө салып кетет.
Чоң атамды жерге берип, келген –кеткенди узатып, кыркын өткөзгөндөн кийин, апам мени алып Бишкекке жөнөйт. Атам болсо бир туугандарымды карап үйдө калат. “Кандай болот..?” деп оюу тынчыбай турган апамдын бактысына жараша операция ийгиликтүү өтүп, кубанган апам врачтарга ыраазы болуп үйгө кайтат.
Жашоо өз нугуна түшүп, тиричилик улана берет. Күз айлары өтүп, кыш ызгаардуу ышкырып кирип келет. Башында мен бир азаптан кутулсам эми кыштын келиши менен баарыбызды ошол суук күндөрү дагы бир азап күтүп турган экен. Кыш чилдеси түшүп, менин эң биринчи туулган күнүмө саналуу кундөр калган эле. Ошол күнү атам күндөгүдөй эле таң эрте туруп чоң машинеси менен кесиптеши экөө жумушна кетет. Алар башка айылдарга газ балон ташып турушчу экен. Күн буркөлүп, тайгак жолду туман басып тургандыктан чоң машинени айдоо оңойго турбаса керек... Ошентип жолдо баратканда алдынан жеңил машине чыга калат. Рульда отурган атамдын кесиптеши буйтаганга аракет кылганда жүккө толгон толгон оор машине оодарылып, жарга кулап кетет. Суук кабарды уккан апам кырсык болгон жерге барса айдоочу ошол жерден жан бериптир. Атам болсо ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн экен. Күнөөлүүлөр болсо эки адамдын өлүмүнө себепкер болушса да жазасын албай, ишти “кыргызча” бүтүрүрүп, жоопкерчиликтен кутулуп кетиптир. Ошентип апам, бир туугандарым менен көздөрүнө жаш толуп, атамды жоктоп кала берет. Мен болсо өтө эле кичине болгондуктан эч нерсе билбептирмин.
Бирок ага карабай тагдыр мага оор сокку урду. Ымыркай кезимде ажал деген жаман нерсе атамды алып кетип, мени түбөлүккө ата мээриминен ажыратты. Ошентип биринчи туулган күнүмдү атасыз тостум. Тагдыр мага ушундай оор белек тартуулады.
..
Союз таркап, эл кыйналып турган кез. Ал мезгилди улуу муундагы адамдар жакшы эле эстеп калышса керек. Чырпыктай болгон төртөөбүздү апам ачка калтырбай соодага бел байлап, тиричилик кыла баштайт. Эки агам аз да болсо эс тартып калгандыктан апама жардам берип, колунан келгенин жасайт. Эжем болсо мектепке барбай мени менен үйдө. Күн санап, убакыт жебеси учуп кете берди. Атамдын биринчи жылдыгы жакындап, менин жашым экиге кадам таштап калат. Ошентсе да менде кыймыл-аракет жок. Кас-кас турмак тургай, өзумдү кармап отура алчу эмес экем. Санаасы санга бөлүнгөн апакем мени врачтарга алып барат. Алар мени текшерип бүткөн соң апама “Балаңыз тубаса майып” деп медицинанын тили менен ДЦП (Детский Церебральный Паралич) деген диагноз коюп, мени “1 топтогу майып” деген бүтүм чыгарат. Ошентип, мага, мени менен өмүр бою жашап өтө турган, оорутпай өзөктү өрттөгөн азап асылды. Эс-акылыма кире электе тагдыр мага таразасын тартып,жетимдиктин салмагы жеңил болгонсуп, ага майыптыгым да кошулду. Эч нерсени түшүнбөгөн ошондогу мага ушулардын кереги бар беле? Болсо эмне үчүн? Менимче бул суроолор жоопсуз калды...
Ошондогу апамдын кайратына баа берем да... Замандын учу уланбай турганда, үч бир тууганымдын азабы бир тең, меники өзү эле бир тең болуп, апамдын айласын кетириптирбиз.
Бирок апакем татаал турмушка туруштук берип, башын жерге салбаптыр. Албетте менин майып болуп калаарымды эч ойлогон эмес. Бирок Кудай таалам буйрук кылган соң, аны биз каалайбызбы каалабайбызбы сөзсүз болот экен да.
Мени айыктырам деген максатта апам мени менен алек болуп калат. Үмүттүн шооласы үзүлбөй мени врачка да, молдого да, табыпка да алып барып жүрдү. (Мен анча эс тартып калгандыктан көп эле жерге бардык десем туура болот. Бирок алардын баарын жазуунун кереги жок.) Бир күнү мени бир орус аялга укалоого (массаж) алып барды. Ал болсо колунан келген аркетин кылаарын айтты. Ошентип, кезекке жазылып, күндө бир маал орус аялдын үйүнө бармай... Өзүм баспагандыктан күнүнө машине менен барып келебиз. Ал эжекебиздин укалоо ыкмасы жыйынтыктуу болуп, бир айдан көбүрөөк убакытта тырышкан колдорум жазылды. Ошондо апамдын кубанычы койнуна батпай сүйүнгөнү дале эсимде...
1995 – жыл. Өмүрүмдөгү маанилүү даталардын бири. Күз айлары өз өкүмүн жүргүзүп жаткан эле. Акыл эсиме кирип,ой жүгүртө баштагандыктан “басам” деген аракетим чоң. Алгач дубалга жөөлөнүп басканды үйрөндүм. Бул мен чоң ийглигим болду. Үйгө жумуштап келип калган коңшу-колоңдор апам менен сүйлөшүп туруп калганда мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү айтышчу эле. Анан да жөн кетпей менден “Атаң кайда?”- деп сурашат, мен болсо “Атам Россияда, мага көөп оюнчук алып келгени кеткен” – деп жооп берем. Алар болсо күлүп калышат. Көрсө мага ошентип үйрөтүп коюшуптур да... Азыр ойлосом таң калам. Неге алар менден антип сурашчу болду экен? Сыягы аларга күлкү керек болгон окшойт.
Жөөлөнүп басканга көнгөндөн кийин үйдөгүлөр колума кольяска карматып үйдүн короосуна бастырап коет. Алардын эрмеги мен болбондуктан мени ойнотушат, алаксытып мени көбүрөөк бастырууга аракет кылышат. Кийинчирээк өзүм басууга далбас уруп баштадым. Ошентип жүрүп акыры тилегиме жеттим, өзүм баса баштадым. Бирок ал убакта башта айтылгандай күз эмес, жыл жаңырып, жаз келип калган.
Биринчи жолу көчөгө чыктым. Ачыгын айтканда ошол кезде менден кийин төрөлгөндөр көчөнү чаңдатып, чуркап ойноп калышкан.Бирок ошондо мага алалды карап туруу жетиштүү болчу. Алар менен кошулуп ойной алчу эмесмин. Анткени тарамышым тартылып калгандыктан согончогум жерге тийчү эмес. Жерге бутумдун башы эле жетчи. Ошондой абалда басуу мага кыйын болгондуктан бутумду сүйрөп басам. Кыскасы мен кийген бут кийим бир жуманын ичинде айрылып, бутумдун манжалары көрүнүп калчу. Акыры оюнга тойбой турган мен аларга да кошулдум. Аларга кызыгып чуркап ойнойм, чуркап баратып, чалынып жыгылам, ыйлактап кайра турам, айтор эки тиземден жара кетпейт. Ага да көндүм, жыгылсамда,
тизелерим кызыл ала болуп канаса да ыйлабас болдум. Анткени үйдөгүлөр билсе “дагы жыгыласын!
” – деп үйгө киргизип, ойнотпой коюшчу да.
Ошентип дагы бир маанилүү дата келди. Ал 1998 – жыл. Жашым жетиге толуп, мен мектепке барган жыл. Mектеп жөнүндө мага үйдөгүлөр жакшы сөздөрдү көп айтышты, ошондон улам мен да жаман ойлордон алыс болдум. Бирок мектепке барганда мени жакшы кабыл алышкан жок. Сыягы мендейди окутууну каалашпаса керек. Апама менин талабымды талашууга туура келди. Башка балдардай тең укуктуу экендигим аныкталган соң мектеп босогосун аттадым. Ошондо деле мени кылчаю менен карагандар көп болду. Алгачкы эле күндөрдөн тартып жакшы окуй баштадым, өзгөчө математика сабагынан. Ал эми дене тарбия сабагы келгенде маанайым чөгө баштачу. Анткени мени башкалардан бөлгөн дал ушул сабак болду. Тең тайлашып ойной албагандан кийин, бөлүнбөөгө айлам жок эле. Классташтарым спорт залга же стадионго чуркаса мен алардан алыстап кайсы бир четке бет алам. Ошентип 11 жыл бурчтан орун алып, тең туштарымды томсоруп карап отуруп өткөрдүм. Айтканга оңой болгону менен бул убакыт оңой болгон жок...
Экинчи классты аяктап, каникул башталганда мындай көрүнүштөрдөн арылууну көздөп, мен дагы үй – бүлөм дагы чечкиндүү кадамдарга барууга туура келди. Тарамышты жумшартууга балыктын майын сүйкөп, бутту түзөө үчүн шак-шак кийип жүрдүм.. Эртең менен туруп шарттуу түрдө жыгач бут кийимимди бутума байлап, робот сымал эшикке чыгам. Анткени аны кийген соң көп басыш керек эле. Азыр эстесем, ошондой жыгач бут кийимдин үчөөнү жаңыртыпмын.
Көрсө менин бутума жагач деле көпкө чыдачу эмес экен. Ал менен биргеликте бел сөөгүмдү, омурткаларымды түзөтүп, Мелис деген байкеге маал-маалы менен көрунуп жүрдүм. Ал болсо мага билген көнүгүүлөрүн жасатып, ары-бери бастырып,мени текшерип, кеңешин айтып, кайра жиберет. Анда да менин жанымда байкелеримдин бирөө жүрөт. Негизи апамдын, бир туугандарымдын мени айыктырууга көп кам көргөнү, берген жардамы өтө эле чоң. Ооба баары колунан келгенин жасады, өзүмда болгон аракетимди жумшадым, бирок баары бир мен башкалардай баса албадым. Буттарым бир аз түзөлгөндөй болуп эле, кайра мурунку абалына кайтат.
Мектептин машакакаты кайра башталды. Күз келип, түшүм майрам өткөн. Мектептин алдында жалбырагын бошотуп, кышка даярданып, жалгыз сырап чоң дарак турат. Сабак бүткөндөн кийин дайыма ошол талга бир көз жүгүртүп, жер үстүнө оркойуп чыгып калган дүмүрлөлөрүнөн аттап өтчү элем. Бир күнү адаттагыдай сабактан чыгып, чуркап бараткам анын үстүнө колдорум менен сумкамды асынып жаткан элем. Күндө аттап өтүп жүргөн дүмүрлөрдү байкабай калып, чалынып куладым. Колдорум бош эмес болгондуктан,
таянууга үлгүрбөй калдым. Ошентип как жерди бетим менен сүрүп жыгылдым. Бети-башым кан болуп ыйлап отурам. Бир маалда бирөө келип колуман тартты. Башымды көтөрүп карасам менден 3 жаш улуу кошунам экен. Анын артынан бир топ балдар келип мени жетелеп жөнөштү. Үйгө келдим. Ал кезде улуу байкем үйлөнүп калган эле. Мени жеңем үйгө кийриди. Көзүмдүн жашы тыйылбайт. Жеңем болсо бетимди жууп, зеленка суйкөп салды. Ошондо чындап бакырып ыйладым. Кыскасы үнүм Кудайга жетти. Ошентип үйдө отуруп калдым. Бетим аяканча мектепти токтоттум. Негизи дотор,менде буга окшогон кокусутуктар көп эле болду. Ошондуктан анча –мынчага көнүл деле бөлчү эмесмин. Бирок жогоруда айтып айтып өткөнүм эсиме бекем сакталып калыптыр.
4-классты бүткүчө жакшы окудум десем болот. Болгону орус тил сабагынан бир аз начар элем. Кийин 5 - класс болгондо окууну таштай баштадым. Анткени ошол кезде видео оюндар бизде жаңыдан өркүндөп, (Sony PlayStation) акыл – оюмдун баарын ээлеп баштаган эле. Менин бул оюнга кызыкканымдын себеби бар. Анткени бир гана ушул оюн аркылуу мен башкалар менен тең тайлаша алчумун. Кээ бир учурларда алардан айрымаланып мыкты ойночум. Мен ал нерсени ойноп жатканда баардык нерсени унутуп, оюндан кадимкидей ырахат алчу элем. Бара-бара ал менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды. Сабакка баратып эле жолдон бурулам. Оюн ойноткон жерге барып, 4-5 саат ойноп, кайра үйгө “Сабак бүттү.” – деп, сыр бербей келип калам. Кээ бир күндөрү кошунам экөөбүз атайын суйлөшүп алып, кеч киргенден таң аткыча ойноп жүрдүк. Жолдун алыстыгына карабай, оюнду эңсеп жөө барабыз. Акча жок болуп калганда уурулук кыла койгон күндөр болгон. Алюминий, жез зымдарды чогултуп сатып, айлык алган кишидей, оюндун планын 1-2 жумага тузүп коем. Оюндун себебинен ар кандай кырдаалдарга туш болдум. Айтор, кандай болсо да күндө бир маал ойноого аракет кылчумун. Азыр ошол басып өткөн жолума кылчайсам ал күндөрдү жылмайып эстейм, кылган жоруктарыма өкүнбөйм, тескерисинче ал мезгилди сагынам. Силер да ойноп калган болсоңор албетте эстейсиңер достор ошол күндөрдү. Эхх... Кандай сонун күндөр өткөн ээ?
Ошентип, убакыт учкан куш болуп, мага “өткөөл мезгилдин” эшигин ачты. Баягы ар нерсеге алаксып жүргөн классташ балдар, курбуларымдын оюнда да көзүндө да эми бир гана “кыздар”. Башкалардай эле менин да бетимди “угри” баса баштады. Чачтарын байлап жүргөн кыздар да суйкайып чыга келишти. Айтор бири – бирибизге сыр бербей көз караштар башкача... Отуруштарга,
кечелерге баруу ал кезде негизги маселе. Мен болсо “өткөөл мезгилдин” туздуу толкунун ошондо сезе баштадым. Анткени жороуда айтылгандай “отуруш”,“дискотека”,
дегеле ошол мезгилге таандык нерселердин баары мен үчүн эмес эле. Баарына көзүм жетип, канчалык аракет кылсам да, өзүнөр билгендей менин шартым, мүмкүнчүлүгүм чектелүү эле. Андай учурларда колдон тартып, сүйрөгөнү да болду. Бирок мен өзүмдүн абалымды жакшы билгендиктен ар кандай “кокустуктардан” чоочулап, “активдүү” болуудан баш тартчумун. Ошентип, ойноп – күлө турган күндөрдү мен аргасыздан пассивдүү маанайда өткөрө баштадым. Мага бул нерсени кабыл туура кабыл алуу оңой болгон жок. Эч кимге сыр бербей жүргөнүм менен, ичимден өзүмө өзүм суроо берип, жооп таба албай бара-бара өзүмдү – өзүм жек көрө баштадым. Жалгыздык деген нерсени ошондо билдим кандай экенин. Ага жараша мүнөзүм да өзгөрдү.
Айлар алмашып, жылдар жыла берди. 11- класс болдум.Баягыдай жоопсуз суроолорго баш оорутпай тескерисинче алар менен күрөштүм. Барчу жакка барып айтор жашоомду “эркин” багытка бурдум. Бир күнү бутума операция жасатууну чечтим. Каражат маселеси да чечилди. Бирок үйдөгүлөр каршы болушту, ар кандай сөздөр айтылды. Мени көндүрүүгө аракет кылышты. Бирок мен бир гана нерсени көздөп, бул илдеттен арылууга баарына даяр элем. Ошентип, 2009жылдын жазынын алгачкы күндөрү операция болдум. Эки бутума тең жасалгандыктан операциянын убактысы 2 саатка жакын болуптур. Наркоздон кийин көзүмдү ачып айланамды карайын дейм, мени курчап турган адамдар, мага тааныш үндөр... Көзүм менен таанысам да кулагыма алардын үндөрү ар тараптан угулуп, бирде түшүнүп, бирде түшүнбөй жаттым. Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир маалда эсиме келсем оозум кургап, таңдайым катып тургандай сезилди. Башымды көтөрөйүн дедим бирок алым жетпеди. Жанымда тургандарга кандай угулду билбейм бирок мен күчүмдүн болушунча суу сурап жаттым. Эми достор айта берсе, жаза берсе сөз көп... Кыскасы операция деген көптөгөн азап – тозоктуу,түйшүктүү экендигин түшүндүм. Анан дагы наркоздун адамды унутчаак кылып койгону жаман экен.
Үйгө келдим. Оорукана менен үйдун жытынын айрымасы сезилди. Буттарым гипстелген,
арыкмын, алым жок, үйгө келгендер мага ар кандай комментарийлерди айтып жатышты, ошол себептен мен да өзүмдү күзгүдөн көргүм келди. Аны да аткара турган максат кылып койдум. Ооруканадан чыгып жатканда буттарымдагы гипстерди алмаштырып берген эле. Бул мындайча айтканда акырындык менен баса берүүгө болот дендик. Албетте балдак менен. Ооба, кырдан ашканым менен алдыда дагы көптөгөн араккеттерди жасоо керек. Бутумду карап отурам, акыл-оюма сиңип, ошол кезге чейин баш оорума айланган бутумдун жерге жетпеген жери, гипс менен байланып, жерге тегиз тийип турат. Албетте көргөн көзүмө ичим жылып, башкача сезимдерге курчалам. Баардык күчүмдү жумшап, балдакка таянып турдум да акырындап жылууга белсендим. Бөлмөдө илинип турган саатты карап койдум. Бутутмду чоңураак шилтейин десем алым жетпейт. Ошентип кыбырап жылып отуруп узундугу 6 метр болгон бөлмөнүн аягына мен 45 минутта жеттим. Алым жок болгондуктан тердеп кеттим. Ошентип мындай көнүгүүнү бир күндө бир канча иреет жасоого өттүм. Барган сайын убаккыттын узактыгы кыскарып баратты. Бир күнү күзгү турган бөлмөгө багыт алдым. Барып алып, эки балдакка асылган, арык, кубабган жүзүмдү көрүп алгач күлкүм келди. Бир жылмайып алдым.
Ошентип бир жарым ай өттү. Бутумдагы гипсти алдырып келдим. Доктурлар мага ар кандай көнүгүүлөрдү жасашым керектигин айтты. Үйгө келип алар айткандарды жасай баштадым. Күндөр өтө берди. Максатым жакында боло турган мектеп менен коштошуу кечесине катышып калуу. Ошол себептен балдактан да тезирээк арылуу керек эле. Колдон келишинче аракет жасап эки балдакты таштадым. Бирок өз алдынча басууга бир аз эртелик кылгандай...
Ал аңгыча мектеп менен коштошчу күн да келди. Кастюм шымды кийип, галстук тагынып айтор кооздонуп жаттым. Ичим болсо өзүнсө эле уйгу-туйгу, анткени мектепке барбагамыма 4 айдан ашыптыр... Үйдө отурганда мектепти ойлоп, окуучулук күндөрдү жыйынтыктап,
ак баракка жазып койгон ыр саптарым бар эле, аны алдым да төш чөнтөккө салып коюп сырткы эшикти көздөй жөнөдүм. Мектепке агам машина менен жеткирип койду. Оң колума жөлөнүп баса турган таягымды алдым да мектептин кире беришине бет алдым. Мени тааныгандар анда санда учурашып коюп, ден-соолугумду сурап жатышты. Мен болсо кыска жооп берип, мектепке киргенче шашам. Ошентип 4 ай мурда чыгып кеткен классыма жеттим. Эшигин ачсам ар ким өзү менен алек, менин келгенимди көргөн классташтарым жакшы тосуп алышты. Ар кимиси туш туштан ар кандай суроолорду берип, ал жай сурашып отурдук. Бир маалда күтүлгөн маарекбиз да башталды. Мен өз кезеги келгенде жазган ырымды окудум. Мектеп директору да өз сөзүн айтып, бизге ак жол каалады. Ошнтип аттесттаты колго алдык. Мектептен кийин коштошуу кечесин уюштурган классташымдын үйүнө бардык. Көңул ачуу башталды, ыр, бий, оюн – зооктор менен коштолууда.
Баары бактылуу, күлүп жайнап, ачылып-чачылып дегендей... Мен болсо анда – санда аралашып коюп, бутума күч келтирип албайын деген ойдо отурдум. Көп кымылдаган жокмун. Бир чети окуучулук күндөрдү ушундай бүтүп жатканыма өкүнүп кеттим. “Жашоонун баркын кор богон жан билет” болдум. Кандай сонун нерселерди ойлогон элем... Алады ишке ашыра албай калдым. Өзүңөр билгендей чектелген мүмкүнчүлүгүм баардыгын бууп турчу. Ойлогон оюм сыртка чыкпай, ичим куйкаланып,
өзөктү өрттөп турчу. Сыртыман сыр бербей үнсүз тим болчумун. Анткени айла жок эле да менде... Ошондо да өткөн күндөр көз алдыма тартылып мени менен түбөлүккө коштошуп, кол булгалап көздөн кайым болуп жатты. Мен болсо адаттагыдай үн сөзүм жок узатып отурдум. Кайра бир туруп, өзүмө өзүм күч берип, “Бул күндөр да өтөт, баардыгы ушул күндөр менен кетет. Буйруса мени алдыда жаңы жашоо күтүп турат. Мен баардыгын жаңы баштайм, мени көрө турган күндөр дагы алдыда” деген ойлор да жаралып жатты. Майрам жакшы өттү. Бир маалда таң агарып ата баштады. Баарыбыз опур – топур түшүп экскурсиага жөнөмөй болдук. Бир саамдан кийин айдоочубуз да келип,жолго чыктык. Ал жактан жакшы отурдук, эстелике сүрөткө түштүк дегендей... Ошентип агарып аткан таң да кызарып батып баратты. Ошол күн менен кошо 11 – жылдык окуучулук күндөрүбүз жыйынтыкталды.
Азырынча ошунуп окуп тургула достор. Калганын кийинчирээк жазам. Билдирүүлөр болсо жазгыла.
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жараланган жан дүйнө Туңгуюкка тушалган тагдыр
#2 02 Июль 2014 - 10:52
Кыска,катасыз,
жонокой жана тушунуктуу жазылган,автор сизге бекем ден-соолук,бакыт жана калеминиз курчуй берсин,алдыдагы чон ийгиликтерди багындырыныз!
Уландысын кутобуз
Уландысын кутобуз

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#3 02 Июль 2014 - 11:40
Сиз да мага окшош экен элениз. Менда кээде SONY Playstation ойноонун айынан мектепке барбай койчумун. Жанымды берет элем аны ойноо учун. Ошол балалык кездерди эске салып койдунуз.
Эмнеси болсо да сизге бакыт каалайм мындан ары. Жашоо ушунусу менен жашоо экен да. Ар кандай сыноолор менен. Ото узун жазыпсыз бирок зерикбей.
Убакыт учкан куш
#4 02 Июль 2014 - 12:03
Ден соолук калайм автор!!!
Энергияга бай кучтуу адам экенсин!!
! Аябай жеткиликтуу жазылган уланта бер.
#5 02 Июль 2014 - 14:06
Аябай жеткиликтуу жазганс автор.
Сизге бакыт жана да ден-соолук калайм.
Сизге бакыт жана да ден-соолук калайм.
#6 02 Июль 2014 - 14:57
Аябай жеткиликтуу жазылыптыр.
Уландысын кутом. Бекем ден соолук каалайм.
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#7 02 Июль 2014 - 15:49
Мааниси терен окуя экен. Ооруну берген жараткан, шыпаасын кошо берет дейт. Автор коп кыйынчылык кундорду откоруптурсун.
Мындан ары ден соолугун , бекем болуп, ооруба демекчимин.
Ийгилик.
#8 02 Июль 2014 - 16:11
Саламатсызбы Таранчы?
Акыбалдарыңыз түзүкпү?
Жүрөктө терең катылган сырларыңыз бирде ойго салып, бирде муунтуп, бирде Сизге болгон аео сезимин жаратты.
Апаңызга Кудайым дагы да кайрат, күч-кубат берсин!
Жан дүйнөңүз ушунчалык сөзгө бай экен (сизди "аялзаты" деп ойлодум эле, баяндын башын окуп баштаганда). .. Аракетчил жан экенсиз, бул калыбыңыздан жазбаңыз. Баяныңызды окуп отуруп сиздин кыял-жоругуңузду, кыймыл-аракетиңизди билгендей болдум.
Ушул жашка чейинки оор тагдырыңызды баракка түшүрүү кандай оор экени да маалым...
Жазгандарыңыздан бирөөнүн сизди аяп турганын каалабаган жан экениңиз да белгилүү болду. "Ооруйм" деп наалып, кабакты салбаган адамдын элесин калтырдыңыз. Жашоого жакшы үмүт менен умтулуп, дайым аракеттин үстүндө жүргөн жаныңыз дагы да талбасын.
Аллах Таъалам эки дүйнөдө жакшылыгын аябасын.
Акыбалдарыңыз түзүкпү?
Жүрөктө терең катылган сырларыңыз бирде ойго салып, бирде муунтуп, бирде Сизге болгон аео сезимин жаратты.
Апаңызга Кудайым дагы да кайрат, күч-кубат берсин!
Жан дүйнөңүз ушунчалык сөзгө бай экен (сизди "аялзаты" деп ойлодум эле, баяндын башын окуп баштаганда). .. Аракетчил жан экенсиз, бул калыбыңыздан жазбаңыз. Баяныңызды окуп отуруп сиздин кыял-жоругуңузду, кыймыл-аракетиңизди билгендей болдум.
Ушул жашка чейинки оор тагдырыңызды баракка түшүрүү кандай оор экени да маалым...
Жазгандарыңыздан бирөөнүн сизди аяп турганын каалабаган жан экениңиз да белгилүү болду. "Ооруйм" деп наалып, кабакты салбаган адамдын элесин калтырдыңыз. Жашоого жакшы үмүт менен умтулуп, дайым аракеттин үстүндө жүргөн жаныңыз дагы да талбасын.
Аллах Таъалам эки дүйнөдө жакшылыгын аябасын.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 02 Июль 2014 - 16:18
В каждой шутке есть доля правды...
#9 02 Июль 2014 - 17:05
Менде да аял кишинин образы жаралды эле, мындай туура, катасы жок жазган эркектер чанда кезигет го. Баракелде сизге, мындан ары артка карабай алдыга гана умтулунуз.
#10 02 Июль 2014 - 19:30
Бекем ден соолукта болунуз.Мындан аркы жашоонуз жалан жакшылыктар менен коштолсун.Ийгилик.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#11 02 Июль 2014 - 20:10
Автор сага чын ден соолук,узун омур каалайм.
Аябай жан дуйносу кен адам экени сезилип турат.
Тушунуктуу соз турмогу ирээти менен таланттуу экенсин. Калганын чыдамсыздык менен куткон адамдардын катарындамын автор.
Аябай жан дуйносу кен адам экени сезилип турат.
Тушунуктуу соз турмогу ирээти менен таланттуу экенсин. Калганын чыдамсыздык менен куткон адамдардын катарындамын автор.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#12 02 Июль 2014 - 20:17
Аллахтын сыноолорунан сынбай отуп, эки дуйнонун тен, жыргалын корун. Бекем ден-соолук каалайм . Улантып жазышынызды чыдамсыздык менен кутобуз.
#13 02 Июль 2014 - 20:52
Созго бай экенсин,чон жазуучулардай создун маанисин кошо жазганына баа бердим.
Озуно болсо жараткан бекем ден-соолук берсин!
Озуно болсо жараткан бекем ден-соолук берсин!
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#14 02 Июль 2014 - 21:30
Эркин кучтуу, азамат жигит экенсин. Анан тушунуктуу,
жеткиликтуу кылып жазып чыгыпсын. Уланта бер!
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#18 03 Июль 2014 - 13:29
аябай коп жазыпсын окугандан эриктим. Кыскасы форумчуларга кошулам
#19 03 Июль 2014 - 13:30
Тобоо, өзү бизге эчнерсе жакпайтда. Көөп жазса, көөп жазыпсың деп окубай коёт, аз жазса аз жазып жатасың, кана калганы, улант деп шаштырып жиберебиз.
#20 03 Июль 2014 - 13:39
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »