Бул жерге илим чөйрөсүндө жана күндөлүк жашоо-турмушта акыркы учурларда "модага"
айланган постмодернизм жөнүндө кыскача маалымат жазылат.
Постмодернизм жөнүндө сөз кыла турган болсок, бул терминди Arnold Toynbee өзүнүн "Бир тарых анализи" атту китебинде колдонгон. Тактап айтканда Arnold Toynbee нин ою боюнча 1-Дүйнөлүк согуш менен бирге модерн доор бүтүп, өз ордун "модернизмден кийинки доорго" (постмодернизм) калтырган. 2-дүйнөлүк согуш аяктап калган күндөрдөн тартып аты аталган агым эң биринчи архитектуралык искусстводо өзүнүн алгачкы белгилерин көрсөтө баштаган. Айрыкча 1980-жылдарга келгенде илимий парадигма-философиялык агым катары өзүн көрсөтө алды. Айта кетчү нерсе, 1970-жылдардан башталган ааламдашуунун (глобализация) да постмодернизмдин таралуусуна таасири тийген. Илим чөйрөсүндө постмодернизм Батыш философиясынын америкалык илимпоздордун көз карашын чагылдыруусу катары да каралат. Модернизди сындап, анын кээ бир окууларын түп-тамырынан кабыл албаган постмодернизмде АНАРХИЯЛЫК абалды байкоого болот. Ушул күндөрдө постмодернизм ааламдашуу менен бирге дүйнө жүзүнө таралууда экендигин танууга да мүмкүн эмес...
Философияда,
эпистемологиялык системанын негизинде релятивисттик көз караш бар деп эсептеп, акыл менен баардык нерсени билүүгө болбой тургандыгын кабыл алуу менен бирге "episteme"нин маданияттарга жараша өзгөрөт деген парадигманы сунуш кылат. Ошол себептен улам антропологиялык изилдөөлөр чоң мааниге ээ.
Постмодернизмде саясатка келсек, улуттун бүтүндүгү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон дин, тил, улут ж.б. ушул сыяктуу феномендерге көп эле маани бере бербейт. Тескерисинче майда этникалык топтордун өз маданияттарын,
тилдерин же болбосо ишеничтерин колдоого алууну көздөйт. А бирок ошол эле учурда цивилизациялардын арасында да бир жактан диалогдорду жүргүзүүгө экинчи жактан өз ара айырмачылыктарын табууга кызыкдар. Бул жагынан демократия менен да окшоштуктары барга окшоп көрүнөт. Жалпысынан саясат жана философиялык агым катары этноцентризмге таянат.
Искусстводо болсо модерн доордогу архитектуралык курулуштардан таптакыо айырмаланган курулуштарды постмодернисттик деп атоого болот. Кино жаатында Аватар көркөм фильмин мисал катары карай алабыз.
Психологияда болсо эгоцентризм.
..
Постмодернизм аты эле айтып тургандай дагы толукталып бүтө элек түшүнүк.
Саясат, эл аралык байланыштар,
коомдук илимдер, искусство-архитектура,
индивиддер.
..кыскасы ар бир жаатта постмодернизмдин таасирин өз алдынча изилдөө дагы көптөгөн маалыматтарды бере алат. Кызыккандар болсо купуя кат жазгыла же билдирүү калтыргыла,
кайсыл багытта кандай адабияттарды окуу пайдалуу боло тургандыгы тууралуу аз да болсо жардамым тийээр деп ойлойм.
Постмодернизм тууралуу кыскача маалымат
#2 15 February 2011 - 10:36
Мен университетте окуп жүргөндө, тээ байыркы Грециянын адабияттарынан баштап окууга туура келет эмеспи. Мен мугалимдин "оку" дегенинен эмес, болгону ошол учурда башка кылар ишим жок болгондуктан,
берген китептердин баарын ылгабай окуй берчүмүн. Бирок биз постмодернизм адабиятына келгенибизде,
мен ошол багытта жазган чыгарма жаратуучулардан көптөн бери издеп жүргөн "өзүмдү"
таптым. Ушул убакытка чейин бул багытка чөмүлүп калгандай жүрөм...
Шартым болорум менен мен окуп чыккан постмодернизм китептеринен өз оюмду кыскача жаза кетем...
Шартым болорум менен мен окуп чыккан постмодернизм китептеринен өз оюмду кыскача жаза кетем...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 16 February 2011 - 02:33
Ислам Рационализми,
диний фундаментализм жана постмодернизм
Эрнест Геллнердин Постмодернизм, Дин жана Акыл деп аталган китеби постмодернизм менен исламдын ортосундагы байланышты же келишпестиктерди берген башкы изилдөөлөрдүн бири деп айтсак туура болоор.
тарыхта жалпысынан пикирлер ортосундагы (философиялык) келишпестиктер негизинен эки тараптуу болуп келген. мисалы, протестант- католик, ыйман-акыл ж.б. ал эми күнүбүздө бул кагылышуулар үч жактуу боло баштады. 1. диний фундаментализм (исламдагы диний фундаменталисттерди курандын аяттарын кандай жазылса ошол бойдон түшүнгөн жана аткаргандар) 2. постмодернизм- релятивизм 3. рационалист диний фундаментализм (акылга таянган диний фундаментализм же динге таянган рационализм)
постмодернисттерди "эпистема" ны тексттерге катылган деп кабыл алышкандыгын белгилеген геллнер, куранды да текст катары карай турган болсок, анда ислам менен постмодернизмдин арасында байланыш бар деп эсептейт.
постмодернизм герменевтикадан (текстерди түшүнүүдө колдонулган метод, түшүндүрмө берүү, толкование) таасирленгендигинен улам жогоруда айтылган диний фундаментализм менен карама каршы экендигин көрө алабыз.
ал эми акылга таянган диний фундаментализмде куран аяттарына түшүндүрмө берүүдө герменевтиканын колдонулгандыгынан улам постмодернизм менен окшоштуктары катары кароого болот. бирок, нигилизм (жогорку деңгээлде шек саноо) постмодернизмдин ажырагыс бөлүгү болсо, ислам рационалисттеринин куран аяттарына түшүндүрмө берүүлөрүндө нигилизм жок. философиялык тил менен айта турган болсок, ислам рационализминде "эпистема" куран аяттарында, ал эми постмодернизмде "текстерге берилген түшүндүрмөгө жараша" болот жана ошол эле учурда "эпистеманы" этноцентристтик- антропологиялык изилдөөлөр аркылуу табууга болот.
п.с.:
1. жогоруда колдонулган "фундаментализм" термини саясий мааниде эмес, илимий мааниде колдонулду. тактап айтканда фундамент, негиз, маңыз деген маанилеринде.
2. маалымат Е. Геллнердин постмодернизм, дин жана акыл аттуу китебинин негизинде берилди. автор диний рационализмдин тараптары болгондугу үчүн постмодернисттерди сындап келет, ошол себептүү кеңири маалымат үчүн постмодернисттердин өздөрүнүн тезистери тууралуу жазылган адабияттарын окуу пайдалуу болот.

#4 16 February 2011 - 02:44
Мен университетте окуп жүргөндө, тээ байыркы Грециянын адабияттарынан баштап окууга туура келет эмеспи. Мен мугалимдин "оку" дегенинен эмес, болгону ошол учурда башка кылар ишим жок болгондуктан,
берген китептердин баарын ылгабай окуй берчүмүн. Бирок биз постмодернизм адабиятына келгенибизде,
мен ошол багытта жазган чыгарма жаратуучулардан көптөн бери издеп жүргөн "өзүмдү"
таптым. Ушул убакытка чейин бул багытка чөмүлүп калгандай жүрөм...
Шартым болорум менен мен окуп чыккан постмодернизм китептеринен өз оюмду кыскача жаза кетем...
Шартым болорум менен мен окуп чыккан постмодернизм китептеринен өз оюмду кыскача жаза кетем...
Постмодернизмдин кайсыл багытында "өзүңүздү" тапканыңыз абдан кызыктуу болуп жатат. Индивид катарыбы, же эпистемологиялык- философиялык парадигмасы сизге ылайыктуу болдубу....же башка себептери барбы...., убакыт таап жооп жазып койсоңуз жакшы болоор эле.
#6 21 February 2011 - 13:16
Постмодернизм тууралуу илимий стилде токтоло албасам дагы, эмнеси менен жакканын өзүмдүн тилим менен кыска айта алам. Эмне үчүн мени бул багыт кызыктырып калган? Кайсы бир учурда мени "туура жашоого" каалоом жок болсо дагы, мээге атака кылуу менен ага үйрөтүшкөн болчу. Андыктан "туура эрежелердин алкагында жашоо" деген нерсе мени аябай тажаткан. Азыр дагы акыл үйрөткөн адамдарды духум көтөрбөйт. Чындык, адилеттүүлүк - мунун баары болбогон кеп. Адам канчалык хаосто (башаламандыкта) жашабасын, өзү үчүн жашоого эрежелерди ойлоп табуу керек деп эсептейм... Постомдернисттердин карманган хаос эрежеси мен үчүн дагы ыйык деп айта алам. Анткени мурунтан калыптанган эрежелер, каада-салт жана баардык көрүнүштөр тажатмадай туюлат.
Ал эми адабиятына келсек, андагы чыгармалар чынында башка нуктагы окуялардан кыйла айырмаланып турат. Постмодернизм агымында жазылган чыгармаларда убакыт жоктой, анын каармандары кызыктуу кырдаалдарга тушугат эмеспи... Мен ушул агымды туурап, өз чыгармамды жазууга аракет жасагам. Бирок мунун аягына чыга элекмин.
Азыр мен Харуки Муракаминин "Норвежский лес" деген романын окуп жатам. Бул жапан жазуучусу биздин каарман агымдын белгилүү өкүлдөрүнүн бири. Эң башында батыш жазуучуларына басым кылсам, эмнегедир акыркы учурда биздин менталитетке жакын жазуучуларга ыктай баштадым.
Ии, баса, эгерде ушул агымды казып жаткан болсоңуз, анда мага кеңеш бере аласызбы? Мисалы, ушул китептер кызык десеңиз, ушул жерге жазып койсоңуз, же өзүңүз кайсы чыгармаларды окудуңуз эле? Балким мен да окуп бүтсөм, чогуу талкуулайт чыгарбыз... Ушуну менен башка форумчулар да бул темага көбүрөөк кызыкмак...

#7 21 February 2011 - 13:50
...Философияда, эпистемологиялык системанын негизинде релятивисттик көз караш бар деп эсептеп, акыл менен баардык нерсени билүүгө болбой тургандыгын кабыл алуу менен бирге "episteme"нин маданияттарга жараша өзгөрөт деген парадигманы сунуш кылат. Ошол себептен улам антропологиялык изилдөөлөр чоң мааниге ээ...
Эң туура, толугу менен кошулам.
В тюрьме столько не сидят, сколько вы в интернете…
#8 21 February 2011 - 18:23
Коп дел тушунгон жокмун посдемодернизмге
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#9 21 February 2011 - 21:31
Узун создун кыскасы:
Постмодернизм - бул, модернизмге каяша: отконду жогото албагандан кийин, (анткени, аны жоготуу келечектеги тунгуюкка алып келет), аны (отконду) башкача тушунуу керек, т.а. башкача тил менен тушунуу керек экен да.
Туурале тушунупмунбу?

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#10 22 February 2011 - 01:07
Мен да тушунбодум?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#11 22 February 2011 - 02:36
Узун создун кыскасы:
Постмодернизм - бул, модернизмге каяша: отконду жогото албагандан кийин, (анткени, аны жоготуу келечектеги тунгуюкка алып келет), аны (отконду) башкача тушунуу керек, т.а. башкача тил менен тушунуу керек экен да.
Туурале тушунупмунбу?
Постмодернизм - бул, модернизмге каяша: отконду жогото албагандан кийин, (анткени, аны жоготуу келечектеги тунгуюкка алып келет), аны (отконду) башкача тушунуу керек, т.а. башкача тил менен тушунуу керек экен да.
Туурале тушунупмунбу?
Эпистемологиялык жактан туура эле түшүнгөнсүз. Жалпысынан алып караганда постмодернизм модернизмдин көп жактарын кабыл албайт жана каршы чыгат. Бул агымдын чектери белгилене элек болгону үчүн ага түшүндүрмө бергендер толугу менен түшүнүктү тааныта алышкан жок жана дагы эле актуалдуу талкууланып келе жатат. Жеке көз карашым боюнча модернизмдеги бири бирине каршы же бири бири бирин толуктаган агымдардай эле (мис. реализм, неореализм, позитивизм, постпозитивизм ж.б.) постмодернизм да өз ара бөлүнүүгө дуушар болот деп ойлойм.
#12 22 February 2011 - 02:43
Экзамендер башталгандыгына байланыштуу постмодернизм темасы боюнча талкуу убактылуу токтотулду.
Кийинки жумалардан постмодернизмде саясат, улутчулдук,
этника, идентификация,
постмодерн индивиддин психологиялык анализи ж.б. темалар жөнүндө сөз кылууну пландаштырып жатабыз. Урматым менен
#13 22 February 2011 - 11:59
Мага бул тема кызыксыз
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#14 22 February 2011 - 14:40
Мага бул тема кызыксыз
Сизге кызыксыз болсо кирбей койсоңуз болот жана аны бул жерге жазуунун деле кажети жок деп эсептейм
#15 22 November 2011 - 03:24
Адам канчалык хаосто (башаламандыкта) жашабасын, өзү үчүн жашоого эрежелерди ойлоп табуу керек деп эсептейм...
Бирок мен эсептебейм.
Эмне үчүн миңдеген пайгамбарлар келди? Эгерде адамдар өзү үчүн жашоого эреже түзүп кете алганда, менин оюмча, Аллах мынча көп пайгамбар жибербесе керек эле.
Постомдернисттердин карманган хаос эрежеси мен үчүн дагы ыйык деп айта алам. Анткени мурунтан калыптанган эрежелер, каада-салт жана баардык көрүнүштөр тажатмадай туюлат.
ИМХО... "Салам айтуу салт эмеспи" деген сыяктуу толтура салт санаанын баарын жыйыштырып салып, башкача жашоо стилин тандоо керек болуп калат анда. Эң биринчиден автоматтуу түрдө адеп ахлакка да таасири тиет.(бирок жазганыңызга караганда сизди кызыктырбайт же тажатма нерселер: ))
Постмодернист адамды мындайча элестетем: Француз духисин себинип, "Marks and Spencer"ден кийинип, реп же регги жаатында музыка угуп, тамактанганы "McDonalds" дан барып гамбургер жеп жанында кола ичип... ушундай. Мен колумдан келишинче ушундай жашоодон качынам. Бирок тилекке каршы айлана чөйрөмдүн баары болбосо да көпчүлүгү ушул типтеги адамдар.
PS: Постмодернизм менен жаңы эле таанышып келатам. Көрсө мурдатан эле бар болчу экен да. Aтын билбей жүрүпмүн.
Жашоо
бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.
#16 22 November 2011 - 05:25
Е мое тишим отбойт гой бул жерге
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#18 30 July 2016 - 08:07
#19 30 July 2016 - 15:49
Бул жер талкууланбай калыптыр го, теманын авторунын кирбегенине 2 жыл болуптур(

Супер-Инфо
super.kg
видео