Суперстан: Канткенде баламды туура тарбиялайм? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар

#21 Пользователь офлайн   Romantic   10 Январь 2011 - 06:47

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

1. Тарбиядагы алгачкы курал-сый-урмат болуп эсептелет.
2. Али кичине дебестен, тарбияны бешиктен баштайлы.
3. Балдарды эч качан жамандабоо.
4. Аларды эч качан жалганчылык менен күнөөлөбөө.
5. Алар сөз укпай бой көтөрүп баштасаса, муну оңдоо.
6. Башкаларга жардам кылууну аларга адат кылдыруу.
7. Ачык мүнөз болгонго үндөө.
8. Айткан насаат сөздөрүбүздү иш жүзүндө көрсөтүү.
9. Балага ар дайым,бардык жерде көңүл буруу.
10. Жашоонун ысыгын да, суугун да көрсөтүү.
11. Сабырдуулукка үйрөтүү.
12. Эгер зыян алып келе турган болсо ар бир каалаганын эле аткара бербөө.
13. Башкалардын алдында кемсинтпөө, какпоо.
14. Катасын ачууланып эмес, үйрөтүү менен түзөтүү.
15. Үйрөтүү - таяк менен эмес.
16. Аларга эч качан жалган айтпоо.
17. Балага берилген сөздөн кайтпоо.
18. Балдардын баарына бирдей мамиле жасап, аларды бири-биринден өзгөчөлөндүрбөө
19. Дайыма жакшы иштерди кылууга үндөө.
20. Жаман иш кылса, ага көз жумбастан,кагып- силкпестен түшүндүрүү.
21. Сырларды алардын көзүнчө айтуу.
22. Балдардын жанында башкаларды шылдыңдабоо.
23. Өтө катуулук да, өтө жумшактык да зыян.
24. Сөзгө тургандыкка үйрөткүлө, анткени, бул аны жаман иштерден алыстатат.
25. Каталарды мойнуна ала билүүнү үйрөтүү.
26. Кайгы-муң, капаларды, чыр-чатактарды алардан жашыруу.
27. Айткан сөзүнө эмес, кылган ишине маани берүү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Romantic   14 Февраль 2011 - 19:27

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Bir sahaba jany torolgon naristesin kotorup alyp,paigambarybyz Muhammad SAVga kelip:

-Eeee ALLANYN el4isi,men naristeme kandai tarbiya bersem bolot?-dep suroo bergende,paigambarybyz:

-Ke4 kaldyn,erte oilonuw kerek bol4u-degen eken.

Anysy kandai balaga jakwy tarbia beruudon murun birin4i ata ene ozun tarbialoo zaryl eken.Anan ui eesi(atasy)jakwy jubai alyp,aga jakwy tarbia berip,nazik mamilede bolup,ortodo mahabat jana ysyk sezimder boluu menen birge, adal okat menen ui buloonu kamsyz kyluu zaryl.

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 14 Февраль 2011 - 19:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   14 Февраль 2011 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

6 жашка чейин каным, 14 жашка чейин кулум, 14 жаштан баштап досум)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Агата Кристи   21 Февраль 2011 - 09:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Балдар биздин келечегибиз. А бирок аларды тарбиялоодо туура ыкманы колдонобузбу? Эмне учун айрым уйбулодо мыкаачы, таш боор балдар чыгып калат? Кытайдын Ли Бо атттуу журналисти "Бардык ата -энелер зыянкечтер" деген макаласы жарык коруп сенсация жараткан.Чындыгында баласы укпай койсо чаап, уруп оз эркин тануулаган ата энелер кєп эле коруп журом. Озум дагы кээде ачуум менен ушу ыкмага отуп кеткен учурум да болот.Бирок ал баланын ан сезимине туура таасир береби? Кандай дейсинер? Силер да ата энесинер же келечекте ата -эне болосунар?Баланы тарбиялоо тууралуу пикирлеринерди калтырып кетсенер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   andormeda   21 Февраль 2011 - 09:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Абдан сонун тема экен. Менин оюмча баланы тарбиялоодо эч качан, кандай кана учур болблосун кол которбош керек го...тескерисинче ата-эне баласы менен жай отуруп кобуроок суйлошуп анын койгойлорун угуп,жардам бере билуусу зарыл деп билем. Ур-сокку жеп чонойгон бала ата-энени сыйлаштан мурун озундо коркуу сезимин орчутуп алат, маселелерин ачык айтуудан коркот, калп айтат...анан озунун чакан дуйносуно кирип кетет...чыгарып жат ошондо... :crazy-girl:
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Duulat   21 Февраль 2011 - 15:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 31 Март 09
  • Соңку аракети: 18 Мар 2020 05:55

Баланын характери, психологиясы эненин курсагындагы кезинен баштап єрчїп, калыптана баштайт. Андыктан баланы тии чыгып, айлананы билип калган кезинен тарбия берип, туура жолго салыш керек. Чонойгондо токтолот деп чалчактата берген туура эмес. Спортко жакын остуруп, дос катары сырдашыш керек. Спорт адамды личность катары калыптанышына чон жардам берет. Оз алдынча чечим чыгарганга уйротуш керек. Анан башкысы баланын суйуш керек, мээрим тогуш керек. Бирок, ичинен суйсо да болот. Бала ата-эненин суйуусуно, кыяалбастыгына таянып коп туура эмес нерсе кылып коюшу мумкун. Кол которуу, бул тескери тарбия беруу менен барабар! Кол которгондун ордуна жаза катары, жумуш кылдырып, ойногонго чыгарбай койсо бала ойлонот. Эми балага тарбия беруу, бул озунчо искусство да! Менин кыскача оюм ушул!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Romantic   21 Февраль 2011 - 15:27

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Bir sahaba jany torolgon naristesin kotorup alyp,paigambarybyz Muhammad SAVga kelip:

-Eeee ALLANYN el4isi,men naristeme kandai tarbiya bersem bolot?-dep suroo bergende,paigambarybyz:

-Ke4 kaldyn,erte oilonuw kerek bol4u-degen eken.

Anysy kandai balaga jakwy tarbia beruudon murun birin4i ata ene ozun tarbialoo zaryl eken.Anan ui eesi(atasy)jakwy jubai alyp,aga jakwy tarbia berip,nazik mamilede bolup,ortodo mahabat jana ysyk sezimder boluu menen birge, adal okat menen ui buloonu kamsyz kyluu zaryl.


1. Тарбиядагы алгачкы курал-сый-урмат болуп эсептелет.
2. Али кичине дебестен, тарбияны бешиктен баштайлы.
3. Балдарды эч качан жамандабоо.
4. Аларды эч качан жалганчылык менен күнөөлөбөө.
5. Алар сөз укпай бой көтөрүп баштасаса, муну оңдоо.
6. Башкаларга жардам кылууну аларга адат кылдыруу.
7. Ачык мүнөз болгонго үндөө.
8. Айткан насаат сөздөрүбүздү иш жүзүндө көрсөтүү.
9. Балага ар дайым,бардык жерде көңүл буруу.
10. Жашоонун ысыгын да, суугун да көрсөтүү.
11. Сабырдуулукка үйрөтүү.
12. Эгер зыян алып келе турган болсо ар бир каалаганын эле аткара бербөө.
13. Башкалардын алдында кемсинтпөө, какпоо.
14. Катасын ачууланып эмес, үйрөтүү менен түзөтүү.
15. Үйрөтүү - таяк менен эмес.
16. Аларга эч качан жалган айтпоо.
17. Балага берилген сөздөн кайтпоо.
18. Балдардын баарына бирдей мамиле жасап, аларды бири-биринден өзгөчөлөндүрбөө
19. Дайыма жакшы иштерди кылууга үндөө.
20. Жаман иш кылса, ага көз жумбастан,кагып- силкпестен түшүндүрүү.
21. Сырларды алардын көзүнчө айтуу.
22. Балдардын жанында башкаларды шылдыңдабоо.
23. Өтө катуулук да, өтө жумшактык да зыян.
24. Сөзгө тургандыкка үйрөткүлө, анткени, бул аны жаман иштерден алыстатат.
25. Каталарды мойнуна ала билүүнү үйрөтүү.
26. Кайгы-муң, капаларды, чыр-чатактарды алардан жашыруу.
27. Айткан сөзүнө эмес, кылган ишине маани берүү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Narynbek   22 Февраль 2011 - 01:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Урматтуу форумчулар! келтирген мисалын абдан туура Романтик досум.Балага тарбия беруу менен бирге кудайдан ыймнын да кошо тилеш керек деп ойлойм.Уруп же катуу кармап тарбиялап болбойт баланы.Озуно акыл бербесе мин айткан менен деле болбойт.Анан дагы бир нерсе ар кандай реклама араалашып калып жатат темаларга.Акимдер ушул жагын карап койсонор?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aminali   09 Май 2011 - 22:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Ата эне балдардын көзүнчө бири бирин сыйлап,урушпаганга аракет кылуу керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   dina   30 Сентябрь 2011 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Просмотр сообщения Romantic (10 Январь 2011 - 06:47) жазган:


21. Сырларды алардын көзүнчө айтуу.



Кандай сырларды?

Эң сонун кеңештер экен, чооон рахмат!

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 30 Сентябрь 2011 - 13:10

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   sestra   17 Октябрь 2011 - 21:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

ар наристенин жасоосунда "почемучка" убакыты келет. ошол маалда бала созу менен Жараткан сурай баштайт эмне учун кун бар, тун бар, адам кантип жаралган ж.б. ар бир ата - эне ошондо балага биринчи дин сабагын отушу керек.

"энеси жаман эзели онолбойт, атасы жаман анда-санда онолот" дегендей жакшы эне баласын жакшы тарбиялайт, анткени бала тарбиялоо 90 пайызга эненин мойнуна жуктолгон.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   sestra   17 Октябрь 2011 - 22:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

учкан куш уядагысын кылат - дегендей, бала уйдо эмне корсо, сыртта ошону жасайт. эмне укса ошону айтат. андыктан бала козунчо (деги эле таптакыр) бироо жонундо жаман-жакшы атпаш керек. Пайгамбарыбызга аятуль-Курси тушкондо, ал досу Абу бакрга айтып берген, ошол убакта Аиша кенедей, жаны тили чыккан кыз ойноп журуп мээсине тутуп калган экен. аны кайра пайгамбар менен атасына айтып берген.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   aminali   01 Январь 2012 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Баланы кичине кезинен эмгеке үйрөцө өзүнө жакшы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   stafs   01 Январь 2012 - 12:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Менин ата-энемдин эн жакшы сапаттары: "Сенин торкунун, менин торкунум" -деп болушпойт. Тескерисинче, атамын туугандары келсе апам чай берип сыйлайт. Апамын туугандары келсе атам колунан келишинче сыйлап калат.
Анан мен да турмушка чыгып, жолдошум экообуз тен ата-энемдин ушул жакшы сапаттарын улантып келатабыз...
:give_rose:

Балама коп оюнчуктарды алып бердим, бирок бала деген 1-2 кун эле ойноп кызыгы тарагандан кийин ойнобой калат. Анан мен тамак, салат жасасам чогу аралышып, ойноп, жардам берет.
Ошентип биз чогу ойноп да эмгектенип да атабыз... :thumbup::бууум:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Aydashka   01 Январь 2012 - 15:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Бала тарбиялап аны эрежеге жеткизуу бул абдан татаал илим.Aр бир баланын кулк мунозуно жараша мамиле кылуу бул чеберчилик. Жүрүм-турумунда күнүмдүк жашоодо тазалыкка көңүл буруу – бул да күнүмдүк тарбиядан.
Кызыктуу маалымат окуп калдым,сиздерге да пайдасы тиеттир:


Балдарды жеке кызыкчылыктары бар инсан катары караңыз.

Балаңыз төрөлгөндөн баштап аларды индивид катары кабылдаңыз. Демек, сиз алардан каалаган нерселерден тышкары, алардын да өз каалоолору бар экенин унутпаңыз. Көпчүлүк ата-энелер мен жасабаганды балам жасасын, мен дарыгер боло алган жокмун, эми ал болсун дегендей мамиле кылышат.

Балада көз карандылыкты жаратпаңыз.

Мыкты ата-эне баланын инсандык өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп, өзүнө болгон ишенимин арттырат. Баланын ички жөндөмдүүлүктөрүн ойготуу аркылуу анын өзүн-өзү таануусуна мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Баланын ар бир аракети дайыма көзөмөл алдында эмес, кыймылда болуп, байкоо, ойноо менен жетилиши зарыл.

Сиздин башыңыздагы шаблонго түздөгөнгө аракет кылбаңыз.

Баланын тигил же бул чечимди чыгарышына багыт берген ата-эне болуп саналат. Балаңызды сиздин башыңыздагы шаблонго отургузууга аракет кылуу мүмкүн болгон эң чоң ката болуп саналат. Анын сизден башка адам, жандык экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Өзгөчө жетилүү мезгилинде сиздин күтүүлөрүңүз менен балаңыздын каалоолорунун ортосунда абдан чоң чатышма чыгышы толук ыктымал. Ушул учурда сиз өз каалоолоруңузду таңуулагандын ордуна бири-бириңерди түшүнүү үчүн, балаңыз менен ачык сүйлөшкөнүңүз оң болот.

Баланын өзүнө болгон ишенимин арттырыңыз.

Өзүнө ишенген баланы тарбиялоо үчүн, анын башкаларга ишенимин арттыруу зарыл. Үйдөгүлөрдүн бири-бири мнен болгон сый, ишенимдүү мамилеси балдардын калыптанышында позитивдүү рол ойнойт.

Балдарда жарышуу мүмкүнчүлүгүн калыптандырыңыз.

Мыкты ата-эне балада иштермандык, өнөрдү баалай билүү сапаттарын калыптандырат. Бул сапаттар балдарга насаат аркылуу эмес, өрнөк көрсөтүү жана ушул принциптер менен жашоо аркылуу өтөт. Бала кезде ар кыл максаттагы оюндардын мааниси да абдан жогору.

Эс алуу убактыларын пайда кылыңыз.

Бала чоңойгуча ар кыл сынактарга туш болот. Бул сынактарга маани берип, ийгилик жаратышыңыз абзел. Бала үчүн көңүл ачуу, эс алуу көндүмдөрүн калыптандыруу да абдан маанилүү. Мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жаңы багыттар менен таанышуусуна көмөкчү болуңуз.

Балаңыз менен пикирлеш болуңуз.

Бала менен мамилелешүү башкалар менен мамиле түзгөнгө окшош. Сурамжылоо, көрсөтмө берүү, мен бала кезимде ушундай кылчумун деген сыяктуу акылдуу сөздөрдү айтуу менен эмес, баланын каалоолорун түшүнүү, аларга сый мамиле кылуу менен ынак мамиле түзүүгө болот.

Балаңыздын ар бир жетишкендиктери үчүн кубанганыңызды көрсөтүңүз.

Баланын кемчиликтерине, терс жактарына эмес, артыкчылыктарына басым жасап, шыктандырыңыз.

Сөз бердиңизби – аткарыңыз.

Ата үчүн өтө маанилүү нерсе – балаңызга сөз бердиңизби – аткарыңыз, аткарылбай турган убадаларды бербеңиз.

Балаңыз менен кызматташыңыз.


Балаңыз менен бирге алектене турган иш табыңыз. Бул ишмердүүлүк балаңызга жага тургандай болсун.

Балдардын дүйнө таанымында жана калыптануусунда ата-эненин аларга болгон мээриминен, камкордугунан тышкары, ата-эненин өз ара гармониялык мамилеси да абдан орчундуу.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   sternchen   02 Январь 2012 - 03:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 864
  • Катталган: 03 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 10 Окт 2021 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Mars

Просмотр сообщения Aydashka (01 Январь 2012 - 15:22) жазган:

Бала тарбиялап аны эрежеге жеткизуу бул абдан татаал илим.Aр бир баланын кулк мунозуно жараша мамиле кылуу бул чеберчилик. Жүрүм-турумунда күнүмдүк жашоодо тазалыкка көңүл буруу – бул да күнүмдүк тарбиядан.
Кызыктуу маалымат окуп калдым,сиздерге да пайдасы тиеттир:


Сөз бердиңизби – аткарыңыз.

Ата үчүн өтө маанилүү нерсе – балаңызга сөз бердиңизби – аткарыңыз, аткарылбай турган убадаларды бербеңиз.




Menim4e ata ele emes, ene da soz bergenden son atkaruusu zaryl, bergen ubadalaryn atkarbasa, balany kalpka uirotkonu owol.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   egemberdievagulbara   06 Январь 2012 - 02:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 15 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 02:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:saturn

:бууум: Саламатсыздарбы балдардын келечеги кен болуу учун кобунчо емнени уйротуу керек?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Evelet   06 Январь 2012 - 08:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Уруп-сокбой жакшы соз менен айтып, кемчиликтери болсо ошону "Сен мындайсын" деп эртеден кечке какшабай, кемчиликти жоюга жардам берсе жакшы Эле Адам осчудой го...
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   admin_superstan   06 Январь 2012 - 09:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Кыргызда бала тарбиясы же акыркы учурдун балдары..." , "жаш балдарды тарбиялоо" , "Бала тарбиялоодо сунуштар." темалары бириктирилди.

Ал эми egemberdievagulbara кайталанма тема ачкандыгы үчүн 3 күнгө "эс алууга".




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   stafs   08 Январь 2012 - 21:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Как раз мага ушул тема керек болчу да:достор: Ырас ачып коюпсун, азаматсын, жарайсын.:gul:

Азыркы замандын балдары коп нерсени талап кылып, ата-энесин эсин оодарып атат.
Менин балама да кундо бир фокус коргозуп, жаны оюнчуктар менен ойнобосон номер отбой калды... :mairam: :oops:




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 01:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: