Урматсыздыктын белгилери:
Төмөндөгү белгилер байкалган болсо демек балаңыздын атасын урматтоодо проблемалары бар:
- үй-бүлө башчысынын алдында, кайсы бир иш үчүн сизден уруксат сурайт
-күйөөңүз аларга кайсы бир нерсени тыюу салса, алар сизге башка чечим үчүн чуркап келишет же анын алдында эле сизге кайрылышат.
- урматсыздык көрсөткөн үн (тон) менен сүйлөшөт
-атасына "жок" деп айтат
- алар, "апабыз жакшыраак билет" деп ойлошот
– Атасынан кандайдыр бир көрсөтмө алгандан кийин ал ишке киришүү үчүн акыркы команданы сиздин оозуңуздан угуу үчүн сизди карап туруп калат.
- кимдир бирөө менен өз атасынын кемчилдиктерин талкуулоого батынуусу (М:биздин атабыз кечке эле диванда жата берет же биздин атабыз бир мык да кагаалбайт ж.б.у.с. сөздөрдү айтуу)
- алар сиздин күйөөңүз айтып жаткан нерселерди көңүл коюп укпайт
-алар сизге күйөөңүздүн үстүнөн көп арызданышат
-алар, күйөөңүз аларга айтып жаткан нерсени аягына чейин укпастан тескери бурулуп, бөлмөдөне чыгып кетет
Албетте, бул урматсыздыктын бардык белгилери эмес. Бул болгону мен эстей алган белгилери. Эгер сиз жогорудагы белгилерди балдарыңыздан байкаган болсоңуз, анда өзүңүзгө да байкоо жүргүзгөнүңүз жакшы. Ошондо сиз алардын мамилесине окшош мамиле сизде да бар экенин көрүшүңүз мүмкүн. Эгер сиз андай үлгү көрсөтпөгөн болсоңуз, анда сиздин сүйүктүүңүзгө мындай мамиле кылуунун себепкери жакын туугандар болушу мүмкүн. Мисалы: анын кайненеси (сиздин апаңыз). Сиз үй-бүлө башчысына болгон урматсыздыкты толугу менен кесип өтүүгө аракет кылууңуз керек жана өзүңүз мүмкүн болушунча анын башчылык статусун жана анын ошол статуска татыктуу экенин активдүү демонстрация кылууга аракет кылууңуз керек. Өз күйөөсүн толук урматто менен ороп алаган аялдын күйөөсү чындап эле урматтуу адамга айланат.Булар бири-бирине байланыштуу нерселер болгондуктан,
мунун натыйжасында аял жана эне болуу канчалык жоопкерчиликтүү иш экени ачыка чыгат.
Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар
#62 14 Март 2013 - 14:50
Көрсөтүү аркылуу болгон үлгү
Бардык иштерде күйөөңүзгө болгон урматыңызды демонстрация кылыңыз. Анын жумуштан үйгө келүүсүн өтө урматту конок келе тургандай күтүңүз. Анын эрте менен уйкудан туруусун күн бүркөө убагында пайда болгон күн сыяктуу күтүңүз жана кубаныңыз. Анын каалоолорун ал айтпастан туруп аткарууга аракет кылыңыз. Кичинекей иштерде да элпек болуп, бардык иштерде ага моюн сунууга аракет кылыңыз. Ошондо балдарыңыз бул иштерде сизден озуп кетүүгө аракет кылышат. Анын айткандарына каяша айтпай моюн сунуңуз. Ошондо балдарыңыз эч качан ага "жок" деп айтпайт. Анын сөзүн бөлбөңүз. Жумшак жана урмат көрсөтүүчү болуңуз. Эгер сиз кайсы бир иште күйөөңүз менен макул болбосоңуз да "жок" деп ачык айтпаңыз. Колуңуздан келишинче күйөөңүз менен балдарыңыздын арасында болгон конфликтке аралашпаңыз. Мындай учурда күйөөңүздү колдоо менен балдарыңызды сиз тараптан корголуу сезиминен ажыратып коюуңуз мүмкүн. Ал эми балдарыңызга болушуу менен алардын көз алдында үй-бүлө башчысынын беделин түшүрөсүз. Эгер алар өздөрү бул конфликтти чечише алышпаган болсо, анда сиз четте туруп, аларды жараштыруу үчүн жалан гана жакшы сөздөрдү айтып, капаланган тарапты тынчтандырыңыз. Күйөөңүз балдарга кандай гана тапшырма бербесин сиз алардын көзүнчө күйөөңүзгө каршы чыкпаңыз. Өз оюңузду жалгыз калган убакта жумшак формада айтканыңыз оң.

#63 14 Март 2013 - 14:53
Сөздөр менен да үлгү көрсөтүңүз
Күйөөңүз тууралуу ойлогон ойлоруңузду (жакшыларын) сөссүз түрдө сыртыңыздан айтыңыз. Себеби сөз менен айтылбаган үлгүлөр туура эмес чечмеленүүсү же байкалбай калуусу мүмкүн. Тамактын эң жакшыларын үй-бүлө башчысына калтырып жатып, муну балдарыңызга "атаңар көп иштейт. Ал бизди камсыздап туруучу адам" деп түшүндүрүңүз. Дүкөндөн келип сумкаңызды ачып жатканубакта да, мунун баары үй-бүлө башчысы бардык убактысын силерге камкордук көрсөтүү үчүн жумшап жаткандыгы үчүн деп түшүндүрүүнү унутпаңыз. Сүйүктүүңүздүн бут кийимдерин тазалап жатып, сиз үй-бүлөңүздүн кичинекей мүчөлөрүнүн көңүлүн өз жолдошуңузга кандайча урмат көрсөтүп жаткандыгыңызга бурасыз. Балдарыңыз сиздин алардын атасы жөнүндө жагымсыз сөздөрдү айтып жатканыңызды угуусуна жол бербөөгө аракет кылыңыз (эң жакшысы мындай нерсени практикалоону таптакыр токтотуңуз). Эгер мындай ишти балдарыңыз кылып жаткан болсо, анда анын сөзүнө каршы чыгып, анын атасы кандай жакшы адам экенин түшүндүрүңүз. Атасы үйдө жок убакта, анын келүүсүнө даярдануу үчүн балдарыңызды жардамга чакырып жатып, алар менен биргеликте аны канчалык күтүп жатканыңыздарды жана ал канчалык жакшы сыпаттарга ээ экендиги тууралуу ойлонуңуздар. Кандайдыр бир проблемага туш болгон убакта балаңызга: "биздин эң акылдуу атабыз келсин, ал баарын чечет" деп кабар бериңиз. Ж.б.у.с.

#64 14 Март 2013 - 14:57
Туугандар арасында күйөөңүздүн репутациясын
колдоңуз.
Биздин, күйөөнү ага тиешелүү болгон үй-бүлө башчысына таандык тактыда (трон) падышалык кылуусуна жумшаган бардык күч-аракеттерибиз көбүнчө биздин өзүбүз тараптан жокко чыгарылат. Мунун баары биз тилибизди тишибиздин артында сактай албаганыбыз үчүн. Кээ бир аялдар күйөөсү менен татыктуу жубайга тийиштүү болгондой сүйлөшүп, анын артынан өз туугандары же курбулары менен негативдүү жана жерге чапкан тон менен талкуулашат. Мындай маектерди балдар укпаган чакта деле, анын тайенеси, таятасы, таежеси, таякеси сиздин оозуңуздан күйөөңүздүн кемчилдиктери тууралуу айтылган сөздөрдү "тутуп калышып", сиздин сөздөрүңүздү "тираждап" сиз жок жерлерде, чоңураак эл массасы менен талкуулоону улантышат. Эгер сиздин балдарыңыз башкалар сиздин күйөөңүз жөнүндө эмне деп сүйлөп жатышкандыктарын угушпаса да, алар күйөөңүздүн коомчулукта ээлеген ордуна карап өтө жагымсыз чечимдерге келүүлөрү мумкүн. Үй-бүлөңүздүн репутациясын көтөрүүнү үй-бүлөлүк иерархиянын башында турган адамдын репутациясын көтөрүүдөн баштаңыз. Ошондо сиз татыктуу түшүм аласыз.

#65 14 Март 2013 - 15:02
Туура айтылган соз.Биздин уй булодо атабыз хан катары коробуз.Атабыздын ар бир айткан создору биз учун закон,урматайбыз,
сыйлайбыз,барктайбыз.
Ошондой тарбиялаган апама тазим кылабыз.Менин агам дар да ошондой тарбия алган учун уй булосуно да менин атамдай ата балдарына.
А мен таптакыр башка уй булого турмушка чыкам,бир соз менен айтканда,уй булону кайненем башкарат.Кайнатамдан эч кимиси коркпойт мындайча айтканда эч нерсени чече албайт.Бул эмне деген тарбия,азыр кайненемдин созун балдары укпай калганда ыйлап ыйлап калып кетет.Себеби балдарын атаны сыйлоо дегенге уйроткон эмес,эгерде уйроткондо атасынан коркушат эле балдары

#66 04 Апрель 2013 - 00:37
Баланы башынан курсакта жаткан кезинен эле ыйманын тилеш керек. Ал эми тили чыгып,ар нерселерди тушуно баштаганда эле тарбия бере башташ керек,анткени баланын мээси жаш коп нерсе эсинде калат,бир нерсе жасасан,ошону туурайт. Ошондуктан кичине кезинен тарбиялаш керек. Баланы тарбиялоодо чойродогулордун да таасири тийиши мумкун,мисалы эле кочого балдарга кошуп койсон кочодон ар нерсени уйронуп келет,жаман ыплас создорду суйлогонду,
кылганды. Баланы туура тарбиялоо ата энеден да коз каранды. Бала бакчага бериш керек,акыл жактан да,бир нерсеге жондомдуулугун да арттырат. Коп эле эркелете берген да жаман,тен салмактуулук керек. Анан ар кандай балдардын оюн шоок жайларына да алпарып,сейилдетип,
ж.б.дегендей.
Анан убактысы менен уктатып,убагында жаткырыш керек бир режимге кондуруу керек,тушкусун созсуз 1же 2саат укташы керек. Азыр эми балдарын дароо эле интернет,телевизор тиктеп эле осуп атшат. Биз кичинекей кезде ар кандай оюндарды ойноп,вкладыш эле,резинка,
скакалка секирип эле чонойдук эле,азыркылар дароо эле интернетте отурушат. Андыктан туура тарбиялоо кийинки келечегине да таасир берет.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#67 15 Август 2013 - 14:29
Ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу дагы бир шылтоосу – балдар үчүн убакыт жок. Муну көптөгөн ата-энелерден угуп калабыз. Тарбиялоо бул - сөзсүз түрдө эле баланы бир жерге отургузуп алып, акыл-насаат айтуу эмес. Албетте, бул да керек. Бирок жашоодо андай болбойт. Балдарды бир күн бою тарбиялоо керек, эртеден кечке чейин. Милдет кылып эмес, сүйүү менен тарбиялоо. Эң эле өкүнүчтүүсү биз, чоңдор, балдарбыз бизге тоскоол болушат деген ойдо болгонубуз.
Оор иш күнүнөн кийин диванга чалкалай жатып, жайбаракат телевизор көрүп же китеп окуп, же бир аз болсо да тук этип алгыбыз келет. Ошентип, балдар өзү менен өзү. Келгиле, алар тентек кылып, эби жок эркелебеш үчүн каалаган нерселеринин баарын сатып берип коёлу. Бизди конокко чакырышканда,
бизди тынч отургузбай тоскоол болушат. Ошондуктан биз аларды үйгө кимдир бирөө менен, кээде телевизор менен таштап коёбуз. Анан балдарыбыздын сөзүнөн, баскан турганынан таң калычтуу көрүнүштөрдү көрөбүз да, кайдан, кимден үйрөндү деп башыбызды мыкчып отуруп калабыз. Биздин шалаакылыгыбыз,
эккен отоо чөптөрүбүз өсүп келатканын түшүнбөйбүз.
Анан чыбыкты же шапалакты аала коюп, отоо чөптөрдү жулууга шашылып калабыз. Бирок бул оңой эмес, кечигип калдык. Биз өз мурасчыларбызды өзүбүз талкалап жатабыз.Кечиккен ачуулу тарбия түшүнбөстүктү жаратат, балдардын жүрөгүн катуулантып,
ата-энелерден алыстатып, акыры ажыратат.
#68 17 Август 2013 - 21:40
Балдарды тарбиялонун дагы бир жагы балдарды айылга тез тез жонотуп туруу керек. айылдын жашоосу озу тарбия. Бар жок кандай экенин, жашоо кандай экенин корот.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#69 21 Август 2013 - 17:40
Менин эки кызым бар чону 3.6 кичинеси1.6 ай аларды кичинесинен кайын энеме таштап,адатынча акча тапканы Москва келгенбиз эми ошолордун баары озубуздун жакшы жашообуз учун кылып журобуз,баарыбыз эле.Эми кыздарым мага апа деп келбейт.Ошону ойлоп аябай журогум оруйт мындан ары мен аларга кандай тарбия бере алам .Биз дагы аларды таштап келишибизге туура келет сиздерден суранып кетерим жакшы кенеш келечегиме туура таасир бере турган созунуздорду аябай кутом
#70 22 Август 2013 - 10:27
Баланы тарбиялоо ото оор. Ото коп эмгек талап кылынат. Ото катуу кармаганга каршымын. Бала оюн айта албай калат. Чон адамдай тушундуруп тарбиялаш керек. Бирок ошого эркибиз жетпей калып жатпайбы!
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#71 23 Август 2013 - 14:32
Мен да менин жожом жонундо жаза кетейинчи ,ал менин жыргалым ,суйуумдон тапкан данегим.ал барда атасы экообуз коп урушпайбыз,
кичинекейим периштедей болуп карап турса.Экообуздун ортобузга жатып келгиле силерди жакшы коройун деп эки колу менен экообузду кучактап алат ,бир муноттон кийин эми боолду тургула дейт.Сууга тушпойт акула бар деп.Бир куну дукондон бир оюнчук алып бер дегенинен балам ал кымбат экен деп койгом, эми бир нерсени албай койсом эле мама ал кымбат экен ээ дей берет мени уялтып.Билип журсун деп озунун ,менин ,туугандардын фамилиясын уйротуп койгом эми бир буюмду корсо эле бул эмне дейт атын айтсам фамилиясы ким дейт.Чон ата ,апа таята ,таенелеринин биринчи небереси болгондуктан алар аябай жакшы корушот,балам дагы бизден аларга кача берет садиктен алып уйго кетип баратсак ыйлайт кечке эле сенин уйуно бара беремби деп .Анан мен кулуп ар бир адамдын озунун уйу бар алар озунун уйундо жашаш керек деп.Ал азыр торт жашта.Ал торолгондо папасы 19 жашта болчу мен 21 де.Ошончо жаш болсо деле папасы жакшы коруп ал торолгондо мени карабай калган.Жаным эле жаным деп баласын эркелетсе мамам(кайненем)кантет сен деле кичине болгонсун деп кызганганы эсимде
Бала тили бал дейт го баламдын бал тилинен жазып коеюн раковина-лякана,
салют-савит,
анча мынча-анимча,
чупа чуп-чапа чуп.
Аябай ширин бала болсо керек, коз тийбесин. Сиздерге уй-булоолук бакыт каалайм. Ошол бала ата-энесинен эч качан ажырабасын деп тилейм.
#72 08 Ноябрь 2013 - 11:10
http:/
/www.super.kg/...showtopic=72112
бул темага окшош кен.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#73 30 Январь 2014 - 11:41
Ас саламу алайкум уа рахматуллахи уа барокатуху!
Саламатсыздарбы туугандар? Мен сиздерден жакшы кенештериниздерди бересиздер деген ойдомун. Менин атам аябай катуу урушуп тарбиялачу . Чынын айтканда атаман коркконуман жалган айтчумун. Тагыраак айтканда атам тапшырган жумушту жасай албай калсам да атаман коркуп жасадым деп койчумун. Кудайдын коркпой атаман коркчумун дегим келет. Сиздер да балдарыныздарды ушундай тарбиялайсыздарбы?
#74 30 Январь 2014 - 11:44
корккон адам наборот калп айта албайтго менимче ашыкча каттык болгон деле болбойтго менимче каттык кол болсо баланы чунчутуп салатго
#76 30 Январь 2014 - 11:50
Бул жерде атамды жамандаш максатым эмес. Жон гана бул жанылыштыкты сиздер кайталабасыныздар дегим келет.
#77 30 Январь 2014 - 12:00
Пайгамбарыбыз (С.А.В)дын куттуу хадисинен; балдарынарды (уй булонорду) катуу кармабагыла мунафык (эки жуздуу) кылып аласынар.
#78 30 Январь 2014 - 12:01
Мен да баламдын эркин сындырып алуудан корком. Азыртан эле оз пикири бар. Бирок коп эрке кылгандан да кооптоном. Кыскасы, эки отко тен тушуп кетпегенге аракеттенуудобуз.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#80 30 Январь 2014 - 12:04
Катуу кармагандын бир жагы, бала коркконунан да жаман жолго барбайт.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия