Кундогудой эле окууда болчум,чыгып алып интернет клубда группалашым менен отургам ,жанымдагы балдардын ызу чуу болуп эле суйлошуп калды, аны угуп алып сыртка чыктык да жанымдагы группалаш кызымды жеткирип коюп эле ,аялдамага чыксам, жолдо маршрутка жок микирайон жакта элем,жарым саат дегенди бир маршруткасы келип калды, тушуп алгам кичине уй жака жакындап алайын деп отуруп алсам ичи толо, тыгылып алган элдин баары жол жабылган жерден тушуром баарынарды деп шофер айтып жатты, маршруткага тушконун баарына акчанарда кайра бербейм жол жабылган жерден тушуром деп,киев / чуй жеткенде баарыбызды тушурду элдер откозбой,элдин агымына кошулуп биз да жонодук,коп отпой милиция менен кагылуушу башталды,атышмай ,эл тараптан таштар ыргып,бир маалда газ чачылдыбы же граната жарылдыбы туман болуп жарылып кеткен,2,же 3 милиция бала аксап кача албай , элдин арасында калып калышкан.Апам менен байкем кечке чалып ала алышпай ,анда кайдан звонок келгенини да угулбайт ызы чуу да ,кийинчиреек телефонум карасам непринятый зв кобойуп кеткен ,бирок баары бир эле байкемден апамдан келген,ошентип 5,же 6 саатын ортосунда кетип калгам,калганын уйдон тв коруп отурдум,угулуп жатты октордун атылып жатканы аянтка жакын жерде эле жашайт элем........
7-апрелде ким кайда эле? Суук кабарды кимден уктуңуз жана эң биринчи сиздин багытыныз?
#22 05 March 2012 - 22:00
Сабакта отурганбыз,
мугалимдер таратып жиберишти уйго келип тиги Бакиев качан качып кетет болду экен деп телевизор тиктеп отургам,телевизордон аянтта атам жургонун телевизордон коруп алып баарыбыз сарсана болуп отурганбыз,
чалып кеткиле десек кетпейт,атышуу буткучо аман болсо экен деп тилеп ок тийгендерди коруп алып журок ооруп отурганмын.
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#23 13 March 2012 - 23:26
Ооруканада болчум, кузотто турган врачтан суранып уйго барып келейин десем, жибербей койгон, "эшикте эмне болуп жатканын уккан жоксунбу?"
деп.
#24 14 March 2012 - 11:22
Жумушум Өкмөттүн үйүнүн жанында болгондуктан 2 кун жумушка түнөгөнбүз(((
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#26 14 March 2012 - 12:52
Эртең менен кызымды мектепке жеткирип,үйдө эле болчумун. 1-2 сааттан кийин эле кайра мектепке чакырышты,балдарыңарды алып кеткиле деп. Мектепке барсам,кызыма кошуп дагы 3-4 окуучуну тапшырып беришти,үйлөрүнө жеткирип коюңузчу деп. Баарын үй-үйлөрүнө жеткирип,үйдө эле отурдук,үрөйүбүз учуп.Телевизорду сайып,өзүбүздүн каналдарды койсом,эч нерсе болбогондой эле беймарал.Түштөн кийин сыртка дүкөнгө чыксам товарларын жыйнап жатышыптыр,
"аянтта атышып жатышат,магазиндер талкаланып,
баш аламан башталыптыр,
жыйналып жатабыз"деп.
Аңгычале биздин үйдө (домдо) жашашкан кыздар кирип келишти. Аксап басып алышкан,өң дегенден эчтеке жок! "Жумуштан бизди таратып тезирээк үйүңөргө жетип алгыла дегенинен маршрутканы кечке күттүк,жык-жыйма болуп,токтобой эле өтүп жатышты,бир маалда бир маршруткага баарыбыз тыгылып кирип алдык,ичинен 1-2 дөңкөйгөн бала водительди коркутуп-үркүтүп "аянт жакка айда!" деп ошол жакка айдап барганда баарыбызды дубинка менен бутка-башка соккулап түшүрүп салды. Аялдаманы көздөй бассак,кайтарып туруп алышты,каяка кетип жатасыңар!
" деп. Эптеп ал балдардан адашып качып келдик! Ал жакта атып жатышат! Жердин баары кан! Жерде өлгөн адамдар жатат! деп таккыр эле үрөйдү учуруп салышты! Ошоо... Экинчи өлкөбүздө мындай алааман эч качан кайталанбаса экен! Жанагы бийлик талашкан,жанталашкан чоң сөөрөйлөрүбүздүн жүрөктөрүнө КУДАЙЫМ ыйман салсын!!
!
#27 14 March 2012 - 13:44
Мен окуудан чыгып алып эл менен чогу эле болдум, себеби маршрутка жок болчу.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#28 14 March 2012 - 23:09
Мен жумушта болчумун, Шеф телефон чалып эскерткенде эле жумушчуларды уйуно кетирип иним экообуз баары жокту кулпулап марадерлордон коргоно баштадык,ошол убакта эле Улуттук биринчи каналды басып киришкенде менттер забордон секирип биз жакты коздой качышты, алардын артынан марадерлер уурдашкан компьтерге джемпирлерин жаап алып футболкачан баратышат, бизге келсе ток тептирип тынчытам деген ойдо озумун методуму колдонуп решеткаларга токту улап аларды андып отурдум, бирок бизге тийишпей тарап кетишти, ангыча нан тартыш болуп жатат магазинде 3-4 кунго жете турган нан алып алгыла деп телефон чалып калды уйдон, алйын деп чыгып 5-6 магазинге барсам жок, анан нан жапкан жерге барсам алчу адамдар очередде турушат, 8 сомдон сатып жургон нанды 15 сомго чыгарып алыптыр нан жапкан нысабы жок озбек, 20 минут кутуп отуруп чала бышкан нанды которуп жонодум, Ак уй жактагы октун уну жаны жылда салют жарылгандай болуп эле тарсылдап тынбай койду, иним экообуз кезектешип телефонго жооп берип, телевизор тиктеп терезени андып тан аттырдык,кочодогу жук которгон марадерлер тунку 11ден танкы 5ке чейин Лион, Народныйлардын товарын ташып бутпой коюшту....
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#29 15 March 2012 - 14:18
Мен мектепте болчумун. Келип телевизордон коруп, жаман болгом.
Ар бир пенде адашуучу
#30 15 March 2012 - 18:36
Мен Москвада болчумун.Жумушта жургом эч нерседен кабарым жок.Орустар айтып калышты:Кыргызстанда согушуп жатышат деп.Чуркап барып телевизорду сайдым.Жанылыктардан издей баштадым.Кейигенимди айтпа.Кыргызстан качан онолот деп.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#32 16 March 2012 - 03:36
Документ ала албай,апрель айында чууркап жүргөм.Жаңылык эч нерсе деле билбейм,атайын документке уруксаат берүүчү жерге келсем бир орус " сага документ жөн эле берет Кыргызстанда согуш болуп жатпайбы"
-дейт.Жүрөгүм түшүп,документи да ойлобой калдым,үйдү көздөй шаштым.Келип эле үй ээсине Кыргызстанды көрсөт интернеттен деп ыйлап баштадым(менде комп,да интернет да жок болчу ал убакта).Ал мени сооротуп,баары жакшы болот дейт,мен кетем Кыргызстаныма деп уухх иййй ошол күндөрдү эстесем жүрөгүм жанчылып кетет,жаш балдар өлүп жаткан байкелер,аталар,
инилер.Кудай тынчтык берсин,ден соолук берсин калганын баарын таап алабыз.Ошол күндөн ушул күнгө чейин,төшөктөн тураарым менен азатык+ жаңылыктар менен башталат күнүм.
#33 16 April 2012 - 11:47
Күндөгүдөй эле сабакта болчум, үйгө кеткиле деп кое беришкен. сыналгыдан көрүп жакамды кармадым. Кудай мындай жаман нерседен ары кылсынчы, Кыргызыма тынчтык орносунчу...
..........
#34 30 April 2012 - 20:23
Мен ал жакта эмес элем теледен коруп алып тим адамдар атышып жургонун коруп гражданский война начили дегем
Айылым алтын бешигим!!!
#35 07 April 2015 - 09:34
Бул күн кимдин эсинде кандай окуялар менен калган? Бөлүшкүлө...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#36 07 April 2015 - 09:43
Мен окууда болчумун, бизди сразу эле таратты а биз журобуз гулять этип анан уйдогулор чалып алып кетишти
#37 07 April 2015 - 11:54
Ал убакта Вефада кузотчу элем. Элдер ар кайсы эшикти талкалап, басып кирип келе жатса журок тушуп, кадимкидей калчылдап калганбыз. Андан кийин тушко да кирди го, уйумду бироо бастырып кирип келе жаткандай болуп
Реал чемпиооон!!!
#39 07 April 2015 - 13:37
Так ушул кун деп айтсам жалган болуп калаар... Ушул башаламан кундун тушунда акчалуулар акимдерге оз адамдарын коюп жургондоруно кубо болгомун. Олгон адамдарды ойлогон жан болбой эле кресло басып алмай башаламан заман башталган.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#40 07 April 2015 - 13:39
Куугунтукка алынган, алынып келе жаткан аз да болсо элдин ишенимине арзыган азаматтар азыр деле бар. Жылда эл баатырлары деп аянтта каза болгондорду эскеришет. Шейит кеткендердин жаткан жерлери жаннаттан болсун, бирок эл баатыры деген наамды да карап бериш керек.
Ким далилдеп бере алат чындап эле элине күйүп, бийликке конкретүү талап менен аянтка чыкты деп? Неге ошондогу өз милдетин өлгүчө так аткарып турган Ак үйдү курчап турган аскерлердин аттары айтылбайт? Неге ошондо каза болгон аскерлерге эл баатыры наамы ыйгарылбады? 7-апрель мындай орой тил менен айтканда, ээн баштардын, мыйзамды сыйлабаган, өз мамлекетинин, элинин тынчтыгын баалабагандардын иш-аракети болду. Албетте, убакыт өтүп тарых баарын ордуна коет дейличи, бирок бири-бирибизди, эң негизгиси өзүбүздү-өзүбүз “7-апрель өлкөнү жакшы жакка өзгөрттү” деп алдабайлычы.
Балким 7-апрель максатына жеткендир. Максатыбыз бүгүнкү алсыз мамлекет, элдин ишенимине татыбаган бийлик, кымбатчылык болсо анда өкүнүчтүү. Бул күн чын эле Кыргызстандын тарыхында, биз үчүн, эң чоң ката кетирген күндөрдүн бири болуп калды», -деди Ош шаарынын тургуну Мээрим Адамбаева.
Менин оюм да ушуга окшошуп кетет.
Ким далилдеп бере алат чындап эле элине күйүп, бийликке конкретүү талап менен аянтка чыкты деп? Неге ошондогу өз милдетин өлгүчө так аткарып турган Ак үйдү курчап турган аскерлердин аттары айтылбайт? Неге ошондо каза болгон аскерлерге эл баатыры наамы ыйгарылбады? 7-апрель мындай орой тил менен айтканда, ээн баштардын, мыйзамды сыйлабаган, өз мамлекетинин, элинин тынчтыгын баалабагандардын иш-аракети болду. Албетте, убакыт өтүп тарых баарын ордуна коет дейличи, бирок бири-бирибизди, эң негизгиси өзүбүздү-өзүбүз “7-апрель өлкөнү жакшы жакка өзгөрттү” деп алдабайлычы.
Балким 7-апрель максатына жеткендир. Максатыбыз бүгүнкү алсыз мамлекет, элдин ишенимине татыбаган бийлик, кымбатчылык болсо анда өкүнүчтүү. Бул күн чын эле Кыргызстандын тарыхында, биз үчүн, эң чоң ката кетирген күндөрдүн бири болуп калды», -деди Ош шаарынын тургуну Мээрим Адамбаева.
Менин оюм да ушуга окшошуп кетет.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!

Супер-Инфо
super.kg
видео























