Суперстан: Болочоктогу баламдын аты кандай болсо деп ойлойсуз? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (74 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Болочоктогу баламдын аты кандай болсо деп ойлойсуз? же жон гана мен жактырган аттар...

#1201 Пользователь офлайн   shumkar929292   21 Май 2017 - 15:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Менин балдарымын аты Нурпери,Сыргайым, Айтенир,Нурислам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1202 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   21 Май 2017 - 22:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

ЫСЫМДАРДЫН МААНИЛЕРИ

Жаңыдан балалуу болуп, ысым тандап жаткандарга керектүү маалымат))
"Адам баласы ысымына жараша тагдыр күтөт" деп айтылат. Ошондуктан, ысымга өзгөчө маани берели...

Айымдардын аттары...

Адия – араб. “белек, сыйлык”
Ажар – “сулуу, сүйкүмдүү”
Аида – араб. “сыйлык, пайдалуу”
Айбике – “ай сымал сулуу”
Айдана – иран. “пакиза, таза”
Айжамал – “ай сымал сулуу”
Алина – байыркы немис. “кең пейил,
боорукер”
Алиса – байыркы немис. “наристе”
Айзада – “ай сымал”
Айзия – “айдын жаркыроосу”
Айнагүл – иран. “таза, ак ниеттүү,
берилген”
Айнур, Айнура – “айдын нурундай”
Айша – араб. пайгамбарыбыздын
аялынын аты “жандуу, жашоону сүйгөн”
Алия – араб. “кадырлуу, урматтуу”
Альфия – араб. “көп жашоочу”
Асел – араб. “бал”
Асем – “сонун, кооз”
Амина – араб. “ишенимдүү, бекем”
Амира – араб. “ханыша”
Аниса – араб. “достукту сүйгөн, жароокер”
Адиля – араб. “адилеттүү, чынчыл”
Азиза – араб. “күчтүү, улуу урматтуу”
Айжан – “ай сымал сулуу”
Асия – араб. “бей-бечарага жардам берген
жана аларды айыктырган”
Адина – фарс. “жума же майрам”.
Бибигүл – иран. “гүлдөрдүн ханышасы,
гүлдүү ханыша”
Бибинур – иран. “жаркыраган ханыша”
Ботокөз – “ботонун (төөнүн баласы)
көзүндөй”
Бузайна – араб. “келбети келишимдүү”
Фаиза – араб. “жеңиш алып келүүчү”
Венера – байыркы мифтердеги
сулуулуктун, сүйүүнүн, жаздын кудайы.
“сулуулук, кооздук”
Гүлназ – фарс. “кооз, назик гүл”
Гүлбахрам – араб. “жаздын гүлү”
Гүлжахан – иран. “дүйнөнүн гүлү”
Гүлниса – араб-иран. “бардык
айымдардан сулуу”
Гүлшара – иран. “сулуу, татынакай жүз”
Гүлзара – иран. “алтындай кооз”
Гүлнара – фарс. “анар гүлү”
Гүланда – иран. “гүлгө окшош”
Камила – араб. “эң сонун, эң алдыңкы”.
Карима – араб. “берешен, кең пейил”
Лейла – араб. “түн”
Латифа – араб. “назик, жумшак”
Лина – араб. “назик”
Наиля – араб. “максатына жете алган”
Нафиса – араб. “кымбат баалуу”
Назия – араб. “оптимист, үмүттүү”
Назира – араб. “кыраакы, сезгич, алтын”.
Дана – иран. “акылдуу, билимдүү”
Дарига – “ой, кандай сонун!”
Дурия – иран. “кооз жибек кездеме”
Жылдыз – түрк тилдери. “асмандагы
жаркыраган жылдыз”
Жазира – “кенен, талаадай кеңири”
Жамила – араб. “сулуу, ак көңүл”
Жанна – байыркы еврей. “кудайдан
берилген сүйкүмдүүлүк”
Жайна – “жаркыраган, кооздолгон”
Жанар – “жакын, боордош, көздүн
нурундай”
Жания – иран. “сүйкүмдүү жан”
Диля – татар. “сулуу”
Динара – араб. Динар “алтын тыйын”.
Зуура – өзбек. Зухра “таңкы шоола”.
Зара – иран. “алтын”
Зарина – иран. “алтын гүлдүү”
Замира – араб. “катылган, жашырылган
кыял, чоордо ойногон”.
Зулфия – араб. “өзүнө тартып турган,
жылдыздуу, тармал чачтуу”.
Роза – грек. “гүл”.
Рабия – араб. “жаз айы”
Рана – араб. “шайыр”
Рашида – араб. “акылман, көрөгөч”
Рая – араб. “суусунду кандырган”
Раида – араб. “алга умтулган, лидер”
Рабига – араб. “сүйкүмдүү, камырабаган”
Разия – араб. “сүйүктүү, жагымдуу”
Ракия – араб. “өзүнө тартып турган,
жылдыздуу”
Раушан – иран. “көрүнүктүү, ачык”
Рахила – араб. “шамдагай, жаны тынбаган”
Рухия – иран. “көтөрүңкү маанай”
Саида – араб. “сыйлуу, урматтуу”
Саулет – араб. “сулуу, жылдыздуу,
көрүнүктүү”
Сабира – араб. “чыдамкай”
Сафия – араб. “таза, достукка бекем,
жайбаракат”
Сакина – араб. “оор басырыктуу”
Самия – араб. “кадырлуу”
Сальма – араб. “тынч, оор басырыктуу,
ынтымактуу”
Салиха – араб. “жакшы, бактылуу”
Самар – араб. “баарлашуучу”
Самира – араб. “баарлашууну колдогон”
Салима – араб. “бузулбаган, дени сак”
Шарифа – араб. “асылзат, нурдуу”
Тахира – араб. “пакиза, таза”
Ясира – араб. “көңүлүнө караган”
Захира – араб. “ачык, жаркыраган”
Зайна – араб. “сулуу, татынакай”
Зафира – араб. “ийгиликтүү, жолу ачык”
Закия – араб. “таза”
Дилара – фарс. “сүйгөнүм, махабатым”
Дилбара – араб. “сулуу, татынакай”
Дина – “дин, ишеним”
Зейнеп – араб. “толук, семиз”
Калима – араб. “жумшак көңүлдүү”
Мадина – араб. шаардын аты
Саида – араб. “бактылуу”
Салтанат – араб. “бийлик, хандын аялы”.
Тахмина – байыркы иран. “баатырдын
энесинин аты”.
Фарида – араб. “чанда учуроочу, жалгыз”.
Фатима – “жарык жүздүү”,
пайгамбарыбыздын кызынын аты.
Фатина – араб. “ажарлуу”
Галия – араб. “кымбат”
Хурия – араб. “эркин”
Халима – араб. “аралашмасыз, таза”.
Чолпон – түрк тилдери. “таңкы жылдыз”.
Ширин – фарс. “таттуу”.
Шарипа – араб. “кең пейил, ыйык”
Уркия – араб. “абдан жагымдуу”
Феруза – иран. “нур чачкан”
Малика – “ханыша”

Мырзалардын аттары...

Абай – кыргыз. “ыкыластуу, көңүл койгон”
Автандил – грузин. “мекендин жүрөгү”
Абдулла – араб. “Алланын кулу”
Аббас – “үтүрөйгөн, катуу, сүрдүү”
Азамат – “улуулук, даңк, чыныгы жигит”
Азим – араб. “улуу”
Айдын – “жарык, ачык”
Али – “жогорку, даражасы көтөрүлгөн”
Арман – “үмүт”
Арсен – “эр жүрөк, эрктүү”
Артур – “алп денелүү, күчтүү адам”
Айдар – араб. “арстан”
Аалы – араб. “бийик, көтөрүңкү”
Аалым – араб. “билимдүү”
Аким – араб. “акылдуу”
Алмаз – түрк тил. Алмаз ташы
Асан – араб. “жакшы, келишимдүү”
Аскар – “улуулук”
Аскат – араб. “бактылуулардын
бактылуусу”
Атабай – “оокаттуу, бай, популярдуу”
Атабек – “мугалим, тарбиячы”
Ахат – “жалгыз”
Ахмед – араб. “мактоого татыктуу”
Аян – “баарына маалым”
Байсал – “оор басырыктуу, акыл-эстүү,
катуу”
Акмат – араб. “даңкы чыккан”
Акбар – араб. “жылдыздуу”
Аваз – араб. “алмаштыруу”
Азат – фарс. “эркин, асыл, укмуш”
Азиз – араб. “урматтуу, кымбаттуу”
Алихан – араб-түрк. “жараткандын
укмуштуу арстаны”
Анвар – араб. “нур чачкан”
Абай – “кыраакы, сергек”
Абылай – араб. “ата, чоң ата”
Адил – араб. “адилеттүү”
Аман – “дени сак, сак-саламат”
Амир – “өкүмдар, башкаруучу”
Бакир – араб. “изилдөөчү”
Баян – байыркы түрк. “чексиз бактылуу”
Баят – араб. “ак, агартуучу”
Байымбет – түрк. “башкаруучу”
Бекзат – “ак сөөктөрдүн тукумдары”
Буркан – араб. “себеп, далил”
Гани – араб. “бай, оокаттуу, атактуу”
Бахтияр – фарс. “бактылуу”
Бекболот – “темирдей бек, темирдей
башкаруучу”
Болот – түрк тил. “темир, болот”.
Вахид – “жалгыз, өзгөчө”
Даниал – араб. “кудайдын белеги”
Данияр – араб. “жакын, тааныш”
Дияр – араб. “өлкө, аймак”
Дөөлөт – араб. “бакыт, байлык”
Дамир – араб. “көшөргөн, тырышчаак”
Едиге – байыркы түрк. “жакшы, асылзат,
укмуш, сонун”
Жунус – еврей. “көгүчкөн”
Жалал – араб. “даңктуу, белгилүү”
Жамбыл – монгол. “мыкты, чыйрак, бекем”
Жамшид – иран. “нур чачкан”
Жанболот – “темирдей жан”
Жолон – “жолу ачык, ийгиликтүү”
Жолдош – “ишенимдүү шерик”
Жуман – араб. “баалуу таш”
Жамал – араб. “Алланын кулу”
Жусуп – еврей. Пайгамбардын аты “сулуу,
келишимдүү”
Зайир – араб. “ачык, даана, шексиз”
Иляз – еврей. “күчтүү, колунан баары
келген, жардамга келүүчү”
Закир – араб. “кудайды мактаган”
Ибрагим – пайгамбардын аты
Рустам – фарс. “баатыр”
Руслан – түрк тил. “арстан”
Иса – “кудай тарабынан берилген
сүйкүмдүүлүк”.
Ислам – “Улуу жаратканга баш ийүүчү”
Исматулла – “Алланын коргоосу
алдындагы”
Икрам – араб. “сый, урмат”
Иман – араб. “ишеним, ыйман”
Исмаил – еврей. “Алла укту, туйду”
Искак – еврей. “күлкү, күлүүчү”
Искендер – грек. Александр “коргоочу,
жеңүүчү”.
Кадыр – араб. “бардык нерсени жасай
алуучу”
Кайрат – араб. “күч, энергия, таң
калтыруучу”
Камбар – араб. “чоң күч”
Канат – “канат (бакыттын, ийгиликтин,
жардамдын канаты эске алынат)”
Капар – араб. “кечирүүчү”
Касым – араб. “бөлүштүрүүчү,
тамактандыруучу”
Карим – араб. “берешен, ак көңүл”
Кемел – “бышкан, эң сонун”
Мухаммед – араб. “мактоого татыктуу”
Максут – араб. “асылкеч, жагымдуу”
Махмуд – араб. “мактоого татыктуу”
Мамажан – “ата-эненин таянычы”
Манап – “ак сөөк, башкаруучу”
Манар – араб. “сигнал, белги”
Манас – “эч нерседен тайманбаган баатыр”
Мансур – араб. “жеңүүчү”
Медет – араб. “жардам, таяныч”
Мурас – араб. “мурас, энчи, мураскор”
Мубарак – араб. “ыйык”
Музаффар – араб. “жеңүүчү”
Муса - араб. пайгамбардын аты “суудан
чыгарылган”
Муталип – араб. “талап кылуучу”
Мухит – араб. “океан, айлана чөйрө”
Мажит – араб. “кыйын, баарын жасай
алган”
Мурат – араб. “каалаган, самаган нерсе”
Мустапа, Муктар – араб. “тандалган”
Нариман – байыркы иран. “жалындуу
аскер”
Надыр – араб. “чанда кездешүүчү”
Назар – араб. “көз караш”
Насыр – “дос”
Нияз – “ырайымдуулук, боорукердик”
Нурлан – “жаркыраган арстан”
Расул – “белги берүүчү”
Ринат – “жаңыланган, жаңыдан төрөлгөн”
Нурсултан – араб. “жаркыраган султан,
башкаруучу”
Нурулла – араб. “Алланын гүлү”
Омар – араб. “чыдамкай, турмушка
ылайыктуу”
Ороз – түрк. “байлык, бакыт, ийгилик”
Райымбек – араб. “сүйкүмдүү, ак көңүл
бек”
Рахман – араб. “жумшак көңүлдүү”
Рашит – араб. “акылдуу, эрктүү”
Сайфуддин – “ишенимдин кылычы”
Сабит – араб. “туруктуу, ишенимдүү”
Садык – араб. “чыныгы”
Самир - “маектеш, маекти колдоочу”
Санжар – “ханзада”
Сираж – “жарык”
Сейит, Сайит – араб. “бактылуу”
Самат – араб. “түбөлүктүү, чеги жок”
Сулайман – еврей. “корголгон”
Сүйүнбай – “кубанычка бай”
Тагай - араб. “эне тарабынан тууган”
Тайыр – араб. “бийикте учкан”
Талип – араб. “билим издеген, студент”
Шамил – “баарын өз ичине камтыган”
Шухрат – “даңктуу, белгилүү”
Талгат – араб. “чөлдө өскөн өсүмдүктүн
аты”
Урал – түрк. “сүйүнүч, ырахат”
Замир – фарс. “жүрөк, ынсап, уят”
Казы, Газы – араб. “дин аскери”
Максыт – татар. “каалаган, жагымдуу”.
Малик – араб. “чексиз укуктуу кожоюн,
падыша”.
Сабыр – араб. “чыдамкай”
Султан – араб. “бийлик, өлкөнү
башкаруучу”
Тариэль – араб. Чыгып келе жаткан күн”
Тимур, Темир – монгол. “темир”
Кудаяр – иран. “кудайдын сүйүктүүсү,
досу”
Улан - “азамат”
Хамит – араб. “зыянсыз”
Шарип – араб. “сыйлуу, даңктуу, ыйык”
Шерхан – “күчтүү, арстан сыяктуу”
Ыбырай – еврей. “элдердин атасы”
Элдар – түрк тил. “өлкө башкаруучусу”
Эрболот – “чыныгы эркек”
Эрден – “кымбаттуу баатыр”
Эрдос – “жоопкерчиликтүү дос”
Эржан – “тайманбас, эрктүү, күчтүү”
Эрмек – “оюн, тамаша”
Эсен – “аман-эсен, сак-саламат”
Фарук – “бактылуу”
Халил – “дос, сүйгөн”
Чынгыз – “улуу, күчтүү, колунан бардык
нерсе келген”
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1203 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   21 Май 2017 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Буйруса,Баян, Ислам,Умар деп койгум келет..
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1204 Пользователь офлайн   safia16   21 Май 2017 - 22:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 154
  • Катталган: 13 Июнь 16
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2017 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Даниэль,Эмир- Хан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1205 Пользователь офлайн   din_tomas   31 Май 2017 - 23:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 07 Апрель 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул

Кыз болсо Айлун же Айлуна койгум келип жүрөт)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1206 Пользователь офлайн   aijan   05 Июнь 2017 - 15:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жолдо кичинекей уч- торт жашар агасы мн бир-эки жашардай кипкичинекей карындашы ойноп жатышыптыр. Агасы "Татына,.. ." деп эле карындашына бирдемелерди суйлоп акыл уйротуп жатат. Ушул ысым аябай кулагыма башкача, озгочо жагымдуу угулуп кетти)))

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1207 Пользователь офлайн   -LEGENDA-   05 Июнь 2017 - 15:59

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 17:07
  • Жынысы:Эркек

Мен уулдуу болсом Дөң-дөң, же Боссмосс койгум келет).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1208 Пользователь офлайн   Elnura96   07 Июнь 2017 - 08:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 00:48

бакыттегин (27 Ноябрь 2007 - 16:56) жазган:

Азырынча уйлоно элекмин. Буюрса 5-6 айдан кийин тутун булатам.
Кудай буйруп эркек балалуу болуп калсам баламдын атын "Али" же "Нур" деп койсомбу деп турам. Буга кандай карайсынар. Пикиринер болсо айтып коргуло.

Мен АлиНур коем уулум болсо кулака абдан жагымдуу мааниси болсо Али сахаба ал эми нур арапча бир соз жарык дегенди билдирет

Билдирүүнү түзөткөн: Elnura96: 07 Июнь 2017 - 08:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1209 Пользователь офлайн   Suiomseni   08 Июнь 2017 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 17 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 17:23

Missing-u (17 Май 2017 - 11:23) жазган:

Мустафа коем буйруса,башынан эле Мустафа деп коем деп Айтып алгам типо дала знать озум коем атын дегенсипчи

Жакшы Жаныл
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1210 Пользователь офлайн   mentol   09 Июнь 2017 - 21:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 523
  • Катталган: 19 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2024 22:00
  • Жынысы:Белгисиз

Уулдуу болсом Айдин, Мирель, Тилек, Алтай кыздуу болсом Айлун, Баяна, Сергиля, Элдана деп коем буйруса, ошол кунго жеткирсин Жаратканым
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1211 Пользователь офлайн   MoltirJan   09 Июнь 2017 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Билал деген ат дагы сонун,кыз болсо Анель Жазофина, Фаина не обычный аттар жагат негизи,...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1212 Пользователь офлайн   TAMAPA   12 Июнь 2017 - 04:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 22 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Авг 2017 18:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чет мамлекеттерде

Кыз болсо Аяна, уул болсо Нурэл.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1213 Пользователь офлайн   TAMAPA   12 Июнь 2017 - 04:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 22 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Авг 2017 18:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чет мамлекеттерде

MoltirJan (09 Июнь 2017 - 21:24) жазган:

Билал деген ат дагы сонун,кыз болсо Анель Жазофина, Фаина не обычный аттар жагат негизи,...


mentol (09 Июнь 2017 - 21:15) жазган:

Уулдуу болсом Айдин, Мирель, Тилек, Алтай кыздуу болсом Айлун, Баяна, Сергиля, Элдана деп коем буйруса, ошол кунго жеткирсин Жаратканым


Анель, Жазофина, Фаина, Мирель, Айлун, Сергиля, ушулардын маанисин да жаза кетсеңиз?!
(Ментол, Мөлтүр жан, экөөңүздөр бир адам экениңиздер көп жердеги билдирүүңүздөр аркылуу билинип калды окшойт :))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1214 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Июнь 2017 - 04:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Раяна, Усман, Сальман, Аиша, Умар, Али.

Жогору тараптан уруксат берилсе)

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 12 Июнь 2017 - 04:42

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1215 Пользователь офлайн   TPUMOl   13 Июнь 2017 - 01:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 07 Апрель 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

TAMAPA (11 Июнь 2017 - 22:24) жазган:

Анель, Жазофина, Фаина, Мирель, Айлун, Сергиля, ушулардын маанисин да жаза кетсеңиз?!
(Ментол, Мөлтүр жан, экөөңүздөр бир адам экениңиздер көп жердеги билдирүүңүздөр аркылуу билинип калды окшойт :))

+ туура айтасыз экоо бир эле Адам анан эски форумчу Эгер жаны болсо мынчалык кайсарланып форумчуларга аралашып кеталбайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1216 Пользователь офлайн   MoltirJan   13 Июнь 2017 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Ушу ТАМАРА деген менен TPUMOL бир адам окшойт.Любой жерден карасам кычык издеп Ментол экообузго асылып журушот...Же атынар чыкпайтабы байкуштар?Же куюлушкан кыкка окшоп ар кимди чавыштырып карап отургандан раxат аласынарбы? Мумкун ментол экообуздо окшош xарактерлер бардыр.Ал башка мен башкамын.Оозунарга келгенди оттой бергилечи макулбу.Кандай ойлойсунар мага чын журоктон баарибир....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1217 Пользователь офлайн   MoltirJan   13 Июнь 2017 - 21:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Оюнардагын жазгыла,менден ответ бойлойт башка силерге....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1218 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Июнь 2017 - 15:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Алинур деген ысым мага да жагып жүрөт. Мааниси жакшы бекен а?
Негизи "Нурмухаммад" , "Нурислам" деген аттар да соонун.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1219 Пользователь офлайн   Guliii   19 Июнь 2017 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 379
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 11 Авг 2021 16:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Айылым- алтын бешигим!

Бул жакта айтылган аттардын көбүн тууган урук коюп алышкан. Ариетти да коюп алышты, эми Арзуу өзүмө буюрса экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1220 Пользователь офлайн   Elnura96   21 Июнь 2017 - 06:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 00:48

Sweet-Lika (18 Июнь 2017 - 15:32) жазган:

Алинур деген ысым мага да жагып жүрөт. Мааниси жакшы бекен а?
Негизи "Нурмухаммад" , "Нурислам" деген аттар да соонун.

Алинурдун терен мааниси жок Али сахабанын аты Нур биз билген Нур бирок угулушу суйкумдуу да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (74 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 18:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: