Эхх,мен да коркок жан элем,эми кантип уктайм?
Унутулгус түнүм... Сиздерде да болгондур...
#62 04 January 2015 - 04:04
2006-жыл, сентябрдын этек чени эле.
Түн ортосу. Бир убакта кандайдыр ызы-чуудан улам ойгонуп кеттим. Эшикти күчү менен тарсылдатып жатыптыр байкем. Ачтым. Босогодо улуу байкемдин аялы эмчектеги баласын көтөрүп, байкем мени карап турат. Аялуу көздөр... Муңайым көздөр… Ойлуу көздөр… Эч нерсеге түшүнбөдүм. Үйдө (али окуй элек) үкөлөрүм менен жалгыз элем.
Байкем атымдан атап:
-Жүр мени менен…
-Каякка?… Буларчы?-дедим уктап жаткан үкөлөрүмдү көрсөтүп. Жүрөгүм негедир тынч эмес…
-Жеңем калат булар менен-деди.
Макул болуп турган турпатым менен эшикке чыгып баратсам токтотуп,
-Жылуураак кийин-деди.
Үстүмө колго тийген нерсени кийдим да эшикке чыгып баратсам,
-Чачыңды жыйнап алсаң-деди акырын.
Байкуш жаным шаштым окшойт, күзгүгө каранбапмын. Эптеп-септеп чачымды түздөп (же тарак таппайм, демейде ар жерден чыккан тарактардын изи жок) эшикке бет алдым. Байкем артымдан чыкты.
Адатымча машиненин арткы орундугунун эшигин ачканы аракеттенип калдым эле,
-Алдына отур-деди.
Жок дебедим. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей туйлап алды. Байкемдин үйүнө (мен төрөлүп, бой жеткен үй) жеткенче унчукпай келдик. Негедир машинаны гаражга айдабай чооң дарбазанын тушуна жетпей токтотту.
Атымдан атап көөпкө унчуга албай турду да,
-Апамдан айрылдык! Апамдан айрылдык…-деп кучагына катуу кысты…
Бирөө баштан аяк муздак суу куюп жибергенсиди. Эч нерсе дебедим. Эмне демекмин. Тырмактай неменин оозунан не чыкмак? Не деп жоошутмак да, не деп кайрат айтмак?… Алакандай жүрөк өз айласын таппай куруп жатканда…
Боз үйгө кантип жеткенимди билбей деле калдым.
Боз үй.
Ичи суук…
Көшөгө тартылган…
Артында Апамдын (тайнем) сөөгү…
Салтын жасап эки-үч кемпир көз жаш чыгарып отурушуптур. Бирин тааныдым. Калганын биринчи көрүшүм. Бурулсам апам, мамам экөө отурушуптур. Апамдын сөөктү сындыра үшкүргөнү, мамамдын жалдыраган көздөрү али күнчө эсимде…
Экөөнү кучактай жыгылдым…
***
Ошол түн муздактыгы менен эсимде калды…

В каждой шутке есть доля правды...
#63 16 December 2015 - 19:40
Мен кичине кезимде " Твинпикс " деген сериалды корчук аябай коркунучтуу болчу, бир сериясын коруп коркуп, туну менен апамды уктатпай чыккам, эртеси ошол сериалды корсотпой, эрте уктатып салган эле .
#64 16 December 2015 - 20:05
4 классымда шоколад жеп,тан атканча ыйлап чыкканмын,эч кимге уйку бербей )))) атам алдаган,урушкан,
коркуткан эч нерсеге конбой ыйлап чарчаганда уктап калганмын.

Супер-Инфо
super.kg
видео