Кыргыз өкмөтү Бажы жана бирдиктүү экономикалык союзга кирүү боюнча ведомство аралык комиссиянын курамын бир добуш менен колдоду. Бул тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында Бажы союзуна кирүү биринчи кезекте Кыргызстанга керек жана аны эч ким күчкө салбайт. Ошол эле мезгилде Кыгызстан Дүйнөлүк соода уюмунда мүчөлүгүн жоготпойт.
Бажы союзунда көпчүлүк 57 добуш Орусияга таандык ал эми калган 43 добушту башка өлкөлөр бөлүп алат. Ошондо Кыргызстанга 14,3 добуш тиет.
Бирок экономисттер оюнча Бажы союзу Кыргызстан үчүн эң керексиз нерсе. Биирнчиден,
Орусия да Казакстан да Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүүгө далалаттанып жатат . Анткени ДСУда 140 өлкө бар, эркин соодалашканга,
арзаныраак,
сапаттуу товарларды алганга мүмкүнчүлүк бар. Бажы союзунда 3 өлкө бар. Биз бажы союзуна кирсек тышкы товарларга пошлиналарды киргизет. Кыргызстанда товарлардын баасы жогорулап, жарандардын чөнтөгүнө оор таасирин тийгизет, Орусия менен Казакстан тышкаркы өлкөлөрдөн келген авто унаа, күнүмдүк товарлар кымбаттайт.
Ал эми Казакстан менен Орусиядан келген товарлар ошол эле баада калат. Эч кандай пайдасы жок. Саясатчылар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Путин же Назарбаевдин колдоосуна ээ болуп, саясий упайларды топтогонго жетише алат. Эгер жарандар муну жакшы түшүнүшсө ал саясатчыларды жек көрмөк деп эсептейм. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп бажы союзга кире алабыз. Бирок бажы союзуна кириш үчүн импорттук товарларыбызды бийигирээк көтөрүш керек. Азыр бизде импорттук товарларга 10% кошулат. Биз ДСУга кирген мамлекеттер ошол товарларды арзан баада алууга сүйлөшүшүбүз керек. Ал эми Бажы союзуна кирип жатканыбыз теңирден тескери иш.
Орусия менен Казакстандын Кыргызстан ортосунда тышкы товар алмашуусу эң жогору деген миф. Биз мындай учурда Кытайды унутуп коебуз. Кыргызстанга импорттун 70% Кытайдан келет, чек арабызды жапсак товарлар 70%га кымбаттайт.
Дордой жана Кара-Суу базарларында баары кымбаттап көпчүлүк ишкерлер терс таасирин тийгизиш мүмкүн. Орусия, Казакстанга өзүбүздө жасалган товарларды,
кийим-кечени Бажы союзга кирбей деле, Евразестеги келишимдер аркылуу сата берсек болот. Бир гана ре-экспеортто кыйындайт. Кытайдан алып келинген товарды Казакстанга же Орусияга баа кошууга гана жолтоо болот. Бажы союзга киребизби кирбейбизби ре-экспорттун заманы бүттү. Биринчиден баалардын өсүүсүн алып келет, экинчиден, өзүбүздүн рыногубуз чектелет. Эки мамлекет менен баарлаша берсек тышкы мамилелерден айрылышыбыз мүмкүн. Экономикалык рычагдарын коюшабы, Кыргызстанды желкелеп алганга мүмкүнчүлүк берет. Бажы союзу кайсы бир аймактагы интеграциянын бөлүгү болуп саналат. Бажы союзунда чек араларды оңдоо алгачкы нерсе, мындан дагы уланып бирдиктүү валюта кабыл алышы мүмкүн. Кыргызстан Орусия тарабынан даярдалган геосаясий долбоорундун мүчөсү болуп болуп калат.
Экономисттер билдирүүсү ошондой экен.
Силер ой пикирлеринерди жазып койсонор.
Каршысынарбы же колдойсунарбы.
Кыргызстандын Бажы бирикмесине(союзуна) кошулушуна.
Бажы Биримдигине Кыргызстандын кошулушу Оң жана терс жактары
#2 12 Апрель 2011 - 19:53
Мен каршымын себеби Бажы Бирикмеси кошулсак чоң базарларда Дордой жана Кара-Сууга окшогон иштеген ишкерлер зыян тартышы мүмкүн. Машиналардын,
техниканын жана бүт чет жактан келген товарлардын баалары кымбаттайт.
Себеби Кытайдын товарлары биздин мамлекеттин импорттун 70% түзөт.
Анан Кыргызстан Орусия менен Казакстанга караганда экономикабыз начар.
Биз ДСУ мүчөсү болгондуктан Бажы бирикмеси кошулунун кажети жок. Себеби Бажы Бирикмесинде болгону 3 эле мамлекет
Орусия, Казакстан жана Белоруссия. 3 мамлекет тең ДСУ мүчө боло албай жүрүшөт. Биздин мамлекет Акаев убагында эле кошулган.ДСУ 140 мамлекет бар.
Анан Кыргызстан Орусия менен Казакстанга караганда экономикабыз начар.
Биз ДСУ мүчөсү болгондуктан Бажы бирикмеси кошулунун кажети жок. Себеби Бажы Бирикмесинде болгону 3 эле мамлекет
Орусия, Казакстан жана Белоруссия. 3 мамлекет тең ДСУ мүчө боло албай жүрүшөт. Биздин мамлекет Акаев убагында эле кошулган.ДСУ 140 мамлекет бар.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#3 12 Апрель 2011 - 22:28
Эгерде Бажы Бирикмесине кирбесек андан да жаман болот дешет го. Себеби коншу Казакстан Россия каалаган куну чек арасын жаап койсо, биз эчтеке кыла албай калабыз. Ошондо кыргызстан импорт товарлардын складына айланат. Менимче бирикмеге кирсек жакшы болот го дейм. Бирок келечекте эмне болуп кетет айтыш да кыйын. Убакыт корсотот бардыгын.
#4 14 Апрель 2011 - 14:15
Бир четти оң жактары бар. Орусия менен Казакстанга иштегенге жакшы шарт түзүлөт. Мигранттарга дагы жакшы.
Бензин, ун, жана башка Казакстандан келген товарларды өзүнүн баасынан алсак болот.
Казакстан каалагандай чек араны жаба албай калат.
Бирок терс жактары адан көп болуп жатат.
Бензин, ун, жана башка Казакстандан келген товарларды өзүнүн баасынан алсак болот.
Казакстан каалагандай чек араны жаба албай калат.
Бирок терс жактары адан көп болуп жатат.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#5 14 Апрель 2011 - 14:27
Бир чети жакшы болот эле, эгер Кытайдын ден-соолукка зыяндуу продукциялары кирбей калса.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#6 14 Апрель 2011 - 20:17
Ubaktyncha Karapaiym kalkty kyinap koiushu mymkyn(Chet olkodon tartylgan tovarlar Kymbattap) birok bir az ubaktan kiyin yzyryn kororbyz sebebi bizdin importtun kopchylygy Rossiydan tartylatgo ayrykcha(Kurulush jabdyktary,Kyiychy mailar j.b.) (Kytaidyn sapatsyz tovarlaryn eske albaganda)Az da bolso kutulat ele Ushul Kytaidyn tovarlarynan
#7 29 Апрель 2011 - 18:57
"большая победа требует больших жертв" дегендей кошулсак да кошулбасак да баары бир жогото турган нерсебиз бар ... андыктан пайда алып келе турган жагын ойлонолу ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#8 03 Май 2011 - 09:53
Оруссия ДСУга кире албай жүрөт канча жылдан бери. Биз болсо Бажы Союзуна киребиз деп эле тырышабыз. Анда ДСУдан чыгабызбы? Бажы Союзуна киргенден пайдасынан зыяны көп. Бизге негизинен Кытай, Туркия ж.б. өкөлөрдөн келет товарлар. Алардын баасы өсөт. Тышкы соодабыз төмөндөйт. Чынына келгенде Россия менен Казакстан нефтисине жана буудайына гана кызыкпасак,
бул өлкөлөрдө кыйраткан сапаттуу деле продукция чыкпайт. Россия акыры кирет ДСУга,ошондо Бажы Союзунун кереги жок да болуп калат.
```
#9 15 Май 2011 - 11:22
ББ кирип калса КР көп жактан утулат. Ошон үчүн кирбей эле койгонубуз оң.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#10 20 Октябрь 2011 - 11:12
Көзкараныдысыз мамлекеттердин бажы союзу Кыргызстанды төртүнчү мүчө кылып кабыл алууга даярданууда.
Бул жөнүндө Орусия, Беларус жана Казакстан бүгүн жарыя кылды. Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов мындай чечим Евразия экономикалык уюмунун премьер-министрлеринин Санк-Петербургдагы кездешүүсүндө кабыл алынганын билдирди.
Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу боюнча жумушчу топ жакында түзүлөрү да маалымдалды. Азырынча Кыргызстандын Бажы союзуна качан өтөөрү так белгисиз. Тажикстан да бул уюмга өтүүгө кызыгууда.
--------------------- ---------------------- ---------------------
ELTYN, дагы бир жолу чоң көлөмдүү жана кызыл түстүү менен жазсаңыз, БАНга кетесиз. Азырынча эскертүү!
Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу боюнча жумушчу топ жакында түзүлөрү да маалымдалды. Азырынча Кыргызстандын Бажы союзуна качан өтөөрү так белгисиз. Тажикстан да бул уюмга өтүүгө кызыгууда.
--------------------- ---------------------- ---------------------
ELTYN, дагы бир жолу чоң көлөмдүү жана кызыл түстүү менен жазсаңыз, БАНга кетесиз. Азырынча эскертүү!
#11 20 Октябрь 2011 - 14:33
Кыргызстан Бажы Биримдигине мүчө болуп кирди. Муну менен биздин Орусиядагы мекендештерибизге жакшы шарттар түзүлмөкчү.
... Алга Атамбаевдин командасы. Ишиңер илгерилей берсин. Ал эми Бажы Биримдигине кирүүгө каршы болгон жанагы Кытайдын арзан товарын алып келип 10 эсе кымбат саткандар эми иштегиле карапайым элдин акчасын соргонуңарды унутуп.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#12 20 Октябрь 2011 - 14:46
Бажы бирикмесине кирсек автомобиль,
продукты,товарлар кымбаттайт деп уккан болчум,эгер ушундай болсо жакшысы кирбей эле койгону он го.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#13 03 Ноябрь 2011 - 11:46
Кирбей эле койгону он болот.Себеби элди Дордой,Карасууга окшогон чон базарлар багып жатат о.э чет олкодо жургон бизнесмендерге зыяны абдан коп.Кошулуш учун экономика кичине болсо да кучтуу болуш керек.Бизде завод,фабрика да жокко эсе.Ошол жактарын ойлонуш керек терен.Кыргызстанга коп олколор кызыгат аларга пайдалу копуро-Кыргызстан.
Америка менен Россиянын козун карабай озубуздун иштерди озубуз чечиш керек.Эмнеге коз карандысыз мамлекет деген статусту алып журобуз?Жакшылап ойлонуп иш кылалы кыргыз элим!
#14 03 Ноябрь 2011 - 14:53
ББ шашпай эле койгонубуз он, кошулуп калсак женилууго дуушар болобуз.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#15 03 Ноябрь 2011 - 15:17
Биз керек болсо ошо кытайдын товарлары менен жан багып келе жатабыз.Канчалаган кишилер жумушсуз калат.Бул кыргыз эли учун дагы бир соккунун бири болот,бажы бирикмесине кириш учун иштей турган иш орундарын даярдап копчулук элдин кызыкчылыгы менен эсептешип чечиш керек,
Бул кун сенин эн бактылуу кундорундун бири
#17 03 Ноябрь 2011 - 18:02
Кирбейбиз....
Биздин доопарас чоондор деле билишсе керек,кирсе элге эле зыян экенин. Если че лично мен митинге чыгам дааа!
#19 21 Декабрь 2011 - 15:50
Божы союзуна киришибиз эми анык болуп калды.Айла жок эмне кылабыз олкодо жаны чон кризис башталып кетиши да мумкун элдин чон катмары жумушсуз калат деп айтып жатышат.
#20 21 Декабрь 2011 - 17:43
Ойдо тартсан огуз олот, ылдый тартсан араба сынат . Акыбал ушундай . Биз каршы чыкканыбыз менен бийликтегилер качан эле элдин унун угуп журду эле ?
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!

Супер-Инфо
super.kg
видео




















Мобилдүү версия