Суперстан: Кыргыздын ырым-жырымдары! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздын ырым-жырымдары! Бул жерге өзүңүз билген ырым-жырымды жазыңыз. Окуп туралы.

#61 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   16 Июль 2017 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Эч нерсе деле болбойт го дейм жон гана ырым жырым да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   16 Июль 2017 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Мааниси жок ырым жырымдар бара бара калып кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Topcubai   27 Июль 2017 - 10:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Карангыда ак берсен ак берген болсун.Эч нерсе болбйт.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   asi.gulum   27 Июль 2017 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Ата-бабадан калган жөрөлгө го э..? Менимче бир мааниси деле жок окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   31 Июль 2017 - 11:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Эч нерсе болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   kelemdedin   03 Август 2017 - 08:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 10:19

Чубак ажы айткандай ак берген эле болот башка эчнерсе болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   happy02   23 Август 2017 - 03:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Сүткө айдын жарыгы тийсе, уйдун эмчеги ооруп калат деп ырым кармап кечинде ак беришпейт экен..
Берсе дагы айдын жарыгы тийбегендей, үстүн жаап дегендей..

Бала кезде эсимде калыптыр, бир эже кошунасы сүт сурап келсе ширинкени күйгүзүп туруп, ичине салып берген.. :nuemoe:

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   asylbekova   23 Август 2017 - 07:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 112
  • Катталган: 04 Май 16
  • Соңку аракети: 25 Мар 2025 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Эч нерсе болбойт. Бардык нерсе Алладан, сиз ак бердим деп конулунузго албасаныз, баары жайында болот.

Билдирүүнү түзөткөн: asylbekova: 23 Август 2017 - 07:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   mega777   15 Сентябрь 2017 - 14:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Карангыда ак берсе эмне болот?"темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Neslihan   26 Январь 2018 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ырым жырымдарды колдоно бербейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   AdinaRazykova   26 Январь 2018 - 16:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 212
  • Катталган: 28 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 08 Май 2020 21:00

Коп эле ырым жырымы жага бербейт. Ашыкча чыгым, эч кандай пайда жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Kurbanalieva1991   28 Январь 2018 - 10:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 09 Апрель 12
  • Соңку аракети: 13 Окт 2021 14:14
  • Жынысы:Аялзаты

Коп ишене бербейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   clay   02 Февраль 2018 - 07:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 950
  • Катталган: 06 Март 17
  • Соңку аракети: 08 Фев 2018 16:46
  • Калаасы:Кыргызстан...

Нандын күкүмүн шыпырба, ырыс-насибиң кемийт, ачарчылык болот.

Нанды тетири койбо, бир колдоп сындырба.

Нанды тегерете сындырбай, тең бөлүп сындыр.

Нан менен бычак аарчыба.



Туз — насибиң, аны тепсебе, алыска жол жүрөрдө туз таты.

Үйгө келген адамга нан ооз тийгиз.

Тамакты алгач өзүң ооз тий, насиптин алдын башкага бербе.

Алыска сапарга чыгарда нандын четинен ооз тийип, сактап кой, насип күтөт.

Алыска аттанарда ачууланба.

Чай же суусундук сунганда чыныны оң колго кармап, сол колду көкүрөккө коюп, бир аз ийилип сунуш керек, ал эми куйганда өз колуңа алып куй.

Мейман келгенде кабагыңды бүркөбө.

Тамакты сурап бербе.

Тамак ичип жатканда жер таянып отурба.

Тамакты чалпылдатып чайнаба, шорпону шорулдатып ууртаба.

Тамак ичип бүткөндөн кийин бата кыл, тамак ичээр замат жатпа.

Конок үйдөн чыкканча ичиңдеги уйгу-туйгуну басып тур.

Конгон мейманды эртең менен эрте ойготпо, ал кет дегенге тете.

Дасторкондо отурганда сыртка чыгууга туура келсе, олтурган адамдын бутун аттап өтпө, сакалдуу адамдын артынан өт.

Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.

Бышкан ашты таштаба.

Дасторконду жыйнай электе жата калба же туруп кетпе.

Тамакка сынтакпа.

Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа, үйдөн береке качат.

Кемегени теппе-ырыскың төгүлөт. Идиш-аякты тепе.

Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.

Супураны улагага илбе, жерге таштаба.

Караңгыда ак сураба.

Акты (сүт, айран, кымыз) төкпө.

Акты атынан айтпа. Мисалы, ак түстөгү малды «кызыл ат», «куу ит» деп терге.

Бирөөдөн тузду бекер алба.

Караңгыда сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.

Эртең менен эрте турсаң, ырыскыдан куру калбайсың.

Эртең менен турганда бет жуубай туруп кишиге караба.

Эртең менен жаман сүйлөбө.

Күн шашкеге чейин жатпа.

Малды теппе, башка чаппа.

Канды тебелебе.

Жыйылган жүккө жатпа.

Жаткан адамды аттап өтпө.

Мылтыкты аттаба.

Жаткан төшөктүн баш жагын тепсебе.

Кийимдин жакасы менен жеңин тебелебе.

Жайнамаз менен супураны тебелебе.

Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.

Жеңиңди тиштебе.

Жаздыкты тескери койбо, тепсебе.

Ысмайыл Кадыров, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2012-ж.

"Кепиниңди кийип кал" деп эч кимди урушпа.

Колуңду төбөңө койбо.

Тизеңди кучактап олтурба, бул жесирликтин белгиси.

Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө, капачылыкты чакырасың.

Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.

Боюңду карыштаба.

Жаш туруп, желбегей жамынба.

Итиңдин улуганы - жамандыктын жышааны.

Мойнуңа аркан (кур, жип) салба, анты болот.

Жер таянып олтурба, таякка сүйөнбө.

Колуңду аркаңа алып баспа.

Беймаал убакта ыйлаба, күүгүмдө уктаба.
Шайтан аттайт делет элде. Шайтандар түнкүсүн көбүрөөк чогулат. Беймаал келе баштайт, үстүңдөн аттап өтсө, сен да шайтандап каласың деп ырым кармайт.


Босогого жөлөнбө, бойлоп турба, астананы басып турба, астанага жатпа.

Босогодо туруп кол алышып учурашпа.

Шыпырынды менен күлдү чогуу чыгарба, өлүм менен той бир күнгө келип калат.

Отко түкүрбө, суу чачып өчүрбө.

Агын сууга түкүрбө, ылайлаба, даарат ушатпа.

Булак башын булгаба, ыйык сакта.

Агын сууну чачпа.

Сууну булгаба, суу боюна уктаба.

Караңгыда сууга барба, идиштеги суунун үстүн жаап кой.

Суу көтөргөн апкечти (баканды) аттаба.

Тили чыга элек баланын кийимин эшикке калтырба.

Кара ң гыда кү л тө кп ө.

Аял киши тү нд ө эшикте жү рб ө йт.

Сууну баштан айландырган ырымы
Балдар армиядан, же догдурдан чыгып келгенде, баштан суу айландырып чачылат. Ошол ооруусу, жолдон жабышкан жаман нерселер суу менен кетсин, суудай таза болсун деп. Келген адамды эшиктин алдынан эле үйгө киргизбей, чоң чыныга суу куюп келип, башынан үч жолу айландырып “менин колум эмес, Батма Зууранын колу” деп, “балакет-салакет, илешкен шайтандар кетсин” деп өзүн үч жолу түкүртүп, алыс көчөгө сууну чачуу керек. Ырымдалган адамды артын каратпай үйгө киргизүү зарыл. Кылчактап карабаш керек. Жаман нерселер кайрылып келет анда. Чыныны талдын түбүнө үч күн көмөрүп коюулат. Анткени чыны жылдыз көрүшү керек. Жылдыз, түн да жакшы нерсе. Жамандык узап кеткенден кийин, чыныны алып кийрип коёт.


Жаман тү ш кө рс ө ң агын сууга айт
Ден соолук үчүн, үй-бүлө тынчтыгы үчүн ырымдар аткарылат. Жаман түш көрсөң агын сууга барып айтып ырымда. Жаман нерселердин баары ушул жаман түш менен агып кетсин деп. Аркаңды карабай кет.


Кечинде ак берилбейт.
Кечинде ак берилсе, береке-ырыскы, жакшылык да кошо кетип калат дейт элибизде.


Мал бергенде бирөө г ө , баш боосун кайра алат.
Анткени короодо мал жок калбасын, жибибизди алалы дейт.


Бычакты кырынан коюу – жамандыктын белгиси .

Мийизи көктү карап турган үйдө , бычакты курчутканда мал көп өлөт дешет.

Така – байлыктын белгиси.
Таап алган же бир түгөйү жоголуп кеткен такаларды эшикке кагып койсо, байлык, береке кирет деген ырым бар. Эски така жакшы, анткени көп нерсени көрдү, көп жерди басты. Эшикке же дарбазага өйдө жагына, ачык жагын өйдө каратып кагат. Үй ээлери да ошондой кең пейил, ачык, март болсун деп ырымдашат. Така кол жайып, баардык нерсени күтүп тургандай элес берет. Аны таап келген киши же үйдөгүлөрдөн бирөө кага берсе болот.


Ө лү к чыкса мык кагат .
Кадимки эле мыкты бир үйдөн катар өлүк чыкса кагып коёт. Арты бекем болсун мык менен тосуп койдук деп. Мүрзөгө да кулпуну таштап коёт. Артынан дагы эч кимди алып кетпесин, кулпулап коёлу деп.


Шыпыргыны ө йд ө тургузбаш керек.
Шыпыргыны өйдө тургузганда, душман көтөрүлөт деп айтылат.


Таштандыны үйбө.
Таштандыны үйсө, бирөөгө өлүм тилеген болосуң деп айтылат. Ырымды жакшылыка тилеп койсо, ошондой буйруйт.


С өөлд ү буудай, жыландын кабыгы, картошка менен жоготот.
С өөлдөрдү буудай, жылаандын кабыгы, картошка менен да ырымдайт. Жети даана буудай алдырып, сөөлгө тийгизип, атайын сөздөрдү окуп, ырымдап буудайды сууга чачтырат. Суу менен кошо алыс агып кетсин деп. Анан дагы бир ыкма картошканы сөөлгө тийгизип, аны тең экиге бөлүп алып, аркаңды карабай кет. Анан дагы айга көргөзүп, тамдын башына ыргытып жибериш керек, картошка куураганда сөөл да түшөт. Өзүнүн ырымы ошондой. Жылаандын кабыгын берсе да болот. Өзү эч билбеш керек, тамакка кошуп берип койсоң, сөөл түшүп калат.


Аластоо эмне ү ч үн жазалат?
Үйгө киши-кара келет, үй оорлойт, бала чакаң да ооруп калат. Арча тазалыктын белгиси, жыттуу, анан аластап койсоң жеңилдеп каласың. Жаңы жылда, Ноорузда да үйдү ысырыктап койсо жакшы.


Конокко барганда, дайыма даам татпай туруп биринчи барган ү йд үн арбактарына деп куран окутуш керек.

Б аш кийим ди э ч кимге бербе ш керек.

Бут кийимди тебелетпеш керек.

Жаман тү ш кө рс өң кү л менен ырымда.
Жаман түш көргөндө, аккан сууга айтса болот. Аябай жаман түш көрсөң күл менен ырымда. Пиялага күл салып, башынан айландырып, жаман балээден алыс бол деп пияланы жерге коюп, жанына газета коюп коюп, бут менен пияладагы күлдү төгөт. Анан газетадагы күлдү аккан сууга алып барып таштап, тескери басып кетиш керек.


Жер тандап басыш керек.
Ар кандай таштанды төгүлгөн жаман жерлер менен баспаш керек. Ал жерде шайтандар ойноп турат. Бут кийимди дайыма таза алып жүрүш керек.


Жа ң гактын жолу ө з үнд ө й кату.
Жаңгакты эч ким тикпейт. Аны тиккен киши эрте өлүп калат делет элде. Жаңгактын жолу өзүндөй катуу.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Sushi_wok   03 Февраль 2018 - 19:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

:81: ушунча ырым жырымды эмне кылат экенбиз э? Окуп буткончо чарчап кеттим го?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   kaidasyn   04 Февраль 2018 - 08:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Кобуно эле жакбайт окшойт э ырым-жырымдар, ата-бабаларыбыз коп нерсени туура жасаган а бизчи? Биз ким болуп кетип атабыз озу.Же чыныгы Кыргыз болуп жарытбадык же бир жолу башка улут болуп кетбедик.Жогорудагы жазылган коп эле ырым-жырымдар бизге тааныш эле нерсе го эми аларды да чанайлыбы? Тундо ак берсе болбойт эмес,устуно ак нерсе жаап беришкен Кыргыздар муну такыр эле берсе болбойт деп атап алыпсынар. Бул озунчо бир маданият ислам дининде да суунун,тамактын же башка нерсенин тундо устун жаап койгула деген маданият бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Mydearzh   07 Февраль 2018 - 19:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

clay (02 Февраль 2018 - 07:32) жазган:

Нандын күкүмүн шыпырба, ырыс-насибиң кемийт, ачарчылык болот.

Нанды тетири койбо, бир колдоп сындырба.

Нанды тегерете сындырбай, тең бөлүп сындыр.

Нан менен бычак аарчыба.



Туз — насибиң, аны тепсебе, алыска жол жүрөрдө туз таты.

Үйгө келген адамга нан ооз тийгиз.

Тамакты алгач өзүң ооз тий, насиптин алдын башкага бербе.

Алыска сапарга чыгарда нандын четинен ооз тийип, сактап кой, насип күтөт.

Алыска аттанарда ачууланба.

Чай же суусундук сунганда чыныны оң колго кармап, сол колду көкүрөккө коюп, бир аз ийилип сунуш керек, ал эми куйганда өз колуңа алып куй.

Мейман келгенде кабагыңды бүркөбө.

Тамакты сурап бербе.

Тамак ичип жатканда жер таянып отурба.

Тамакты чалпылдатып чайнаба, шорпону шорулдатып ууртаба.

Тамак ичип бүткөндөн кийин бата кыл, тамак ичээр замат жатпа.

Конок үйдөн чыкканча ичиңдеги уйгу-туйгуну басып тур.

Конгон мейманды эртең менен эрте ойготпо, ал кет дегенге тете.

Дасторкондо отурганда сыртка чыгууга туура келсе, олтурган адамдын бутун аттап өтпө, сакалдуу адамдын артынан өт.

Чайыңдын түбүн төкпөй ич, ырыскыңдан айрыласың.

Бышкан ашты таштаба.

Дасторконду жыйнай электе жата калба же туруп кетпе.

Тамакка сынтакпа.

Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа, үйдөн береке качат.

Кемегени теппе-ырыскың төгүлөт. Идиш-аякты тепе.

Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.

Супураны улагага илбе, жерге таштаба.

Караңгыда ак сураба.

Акты (сүт, айран, кымыз) төкпө.

Акты атынан айтпа. Мисалы, ак түстөгү малды «кызыл ат», «куу ит» деп терге.

Бирөөдөн тузду бекер алба.

Караңгыда сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.

Эртең менен эрте турсаң, ырыскыдан куру калбайсың.

Эртең менен турганда бет жуубай туруп кишиге караба.

Эртең менен жаман сүйлөбө.

Күн шашкеге чейин жатпа.

Малды теппе, башка чаппа.

Канды тебелебе.

Жыйылган жүккө жатпа.

Жаткан адамды аттап өтпө.

Мылтыкты аттаба.

Жаткан төшөктүн баш жагын тепсебе.

Кийимдин жакасы менен жеңин тебелебе.

Жайнамаз менен супураны тебелебе.

Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.

Жеңиңди тиштебе.

Жаздыкты тескери койбо, тепсебе.

Ысмайыл Кадыров, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2012-ж.

"Кепиниңди кийип кал" деп эч кимди урушпа.

Колуңду төбөңө койбо.

Тизеңди кучактап олтурба, бул жесирликтин белгиси.

Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө, капачылыкты чакырасың.

Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.

Боюңду карыштаба.

Жаш туруп, желбегей жамынба.

Итиңдин улуганы - жамандыктын жышааны.

Мойнуңа аркан (кур, жип) салба, анты болот.

Жер таянып олтурба, таякка сүйөнбө.

Колуңду аркаңа алып баспа.

Беймаал убакта ыйлаба, күүгүмдө уктаба.
Шайтан аттайт делет элде. Шайтандар түнкүсүн көбүрөөк чогулат. Беймаал келе баштайт, үстүңдөн аттап өтсө, сен да шайтандап каласың деп ырым кармайт.


Босогого жөлөнбө, бойлоп турба, астананы басып турба, астанага жатпа.

Босогодо туруп кол алышып учурашпа.

Шыпырынды менен күлдү чогуу чыгарба, өлүм менен той бир күнгө келип калат.

Отко түкүрбө, суу чачып өчүрбө.

Агын сууга түкүрбө, ылайлаба, даарат ушатпа.

Булак башын булгаба, ыйык сакта.

Агын сууну чачпа.

Сууну булгаба, суу боюна уктаба.

Караңгыда сууга барба, идиштеги суунун үстүн жаап кой.

Суу көтөргөн апкечти (баканды) аттаба.

Тили чыга элек баланын кийимин эшикке калтырба.

Кара ң гыда кү л тө кп ө.

Аял киши тү нд ө эшикте жү рб ө йт.

Сууну баштан айландырган ырымы
Балдар армиядан, же догдурдан чыгып келгенде, баштан суу айландырып чачылат. Ошол ооруусу, жолдон жабышкан жаман нерселер суу менен кетсин, суудай таза болсун деп. Келген адамды эшиктин алдынан эле үйгө киргизбей, чоң чыныга суу куюп келип, башынан үч жолу айландырып “менин колум эмес, Батма Зууранын колу” деп, “балакет-салакет, илешкен шайтандар кетсин” деп өзүн үч жолу түкүртүп, алыс көчөгө сууну чачуу керек. Ырымдалган адамды артын каратпай үйгө киргизүү зарыл. Кылчактап карабаш керек. Жаман нерселер кайрылып келет анда. Чыныны талдын түбүнө үч күн көмөрүп коюулат. Анткени чыны жылдыз көрүшү керек. Жылдыз, түн да жакшы нерсе. Жамандык узап кеткенден кийин, чыныны алып кийрип коёт.


Жаман тү ш кө рс ө ң агын сууга айт
Ден соолук үчүн, үй-бүлө тынчтыгы үчүн ырымдар аткарылат. Жаман түш көрсөң агын сууга барып айтып ырымда. Жаман нерселердин баары ушул жаман түш менен агып кетсин деп. Аркаңды карабай кет.


Кечинде ак берилбейт.
Кечинде ак берилсе, береке-ырыскы, жакшылык да кошо кетип калат дейт элибизде.


Мал бергенде бирөө г ө , баш боосун кайра алат.
Анткени короодо мал жок калбасын, жибибизди алалы дейт.


Бычакты кырынан коюу – жамандыктын белгиси .

Мийизи көктү карап турган үйдө , бычакты курчутканда мал көп өлөт дешет.

Така – байлыктын белгиси.
Таап алган же бир түгөйү жоголуп кеткен такаларды эшикке кагып койсо, байлык, береке кирет деген ырым бар. Эски така жакшы, анткени көп нерсени көрдү, көп жерди басты. Эшикке же дарбазага өйдө жагына, ачык жагын өйдө каратып кагат. Үй ээлери да ошондой кең пейил, ачык, март болсун деп ырымдашат. Така кол жайып, баардык нерсени күтүп тургандай элес берет. Аны таап келген киши же үйдөгүлөрдөн бирөө кага берсе болот.


Ө лү к чыкса мык кагат .
Кадимки эле мыкты бир үйдөн катар өлүк чыкса кагып коёт. Арты бекем болсун мык менен тосуп койдук деп. Мүрзөгө да кулпуну таштап коёт. Артынан дагы эч кимди алып кетпесин, кулпулап коёлу деп.


Шыпыргыны ө йд ө тургузбаш керек.
Шыпыргыны өйдө тургузганда, душман көтөрүлөт деп айтылат.


Таштандыны үйбө.
Таштандыны үйсө, бирөөгө өлүм тилеген болосуң деп айтылат. Ырымды жакшылыка тилеп койсо, ошондой буйруйт.


С өөлд ү буудай, жыландын кабыгы, картошка менен жоготот.
С өөлдөрдү буудай, жылаандын кабыгы, картошка менен да ырымдайт. Жети даана буудай алдырып, сөөлгө тийгизип, атайын сөздөрдү окуп, ырымдап буудайды сууга чачтырат. Суу менен кошо алыс агып кетсин деп. Анан дагы бир ыкма картошканы сөөлгө тийгизип, аны тең экиге бөлүп алып, аркаңды карабай кет. Анан дагы айга көргөзүп, тамдын башына ыргытып жибериш керек, картошка куураганда сөөл да түшөт. Өзүнүн ырымы ошондой. Жылаандын кабыгын берсе да болот. Өзү эч билбеш керек, тамакка кошуп берип койсоң, сөөл түшүп калат.


Аластоо эмне ү ч үн жазалат?
Үйгө киши-кара келет, үй оорлойт, бала чакаң да ооруп калат. Арча тазалыктын белгиси, жыттуу, анан аластап койсоң жеңилдеп каласың. Жаңы жылда, Ноорузда да үйдү ысырыктап койсо жакшы.


Конокко барганда, дайыма даам татпай туруп биринчи барган ү йд үн арбактарына деп куран окутуш керек.

Б аш кийим ди э ч кимге бербе ш керек.

Бут кийимди тебелетпеш керек.

Жаман тү ш кө рс өң кү л менен ырымда.
Жаман түш көргөндө, аккан сууга айтса болот. Аябай жаман түш көрсөң күл менен ырымда. Пиялага күл салып, башынан айландырып, жаман балээден алыс бол деп пияланы жерге коюп, жанына газета коюп коюп, бут менен пияладагы күлдү төгөт. Анан газетадагы күлдү аккан сууга алып барып таштап, тескери басып кетиш керек.


Жер тандап басыш керек.
Ар кандай таштанды төгүлгөн жаман жерлер менен баспаш керек. Ал жерде шайтандар ойноп турат. Бут кийимди дайыма таза алып жүрүш керек.


Жа ң гактын жолу ө з үнд ө й кату.
Жаңгакты эч ким тикпейт. Аны тиккен киши эрте өлүп калат делет элде. Жаңгактын жолу өзүндөй катуу.


Бали!! Зерикпей жазыптырсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 03:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Чубак ажыны угуп баштагандан бери элибиз коп эле пайдасыз ырым жырымдардан арылды окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 22:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: