Балдай таттуу балдарды коргоо күнүнө карата форумчулардан Акция...
#83 03 June 2011 - 14:50
Jakshy baryp kelipsiner baldardyn surottorun korup yilagym keldi a9bai kandai sonun tatynakai baldar ee den soolugu chyn akyl estuu baldardan bolup chonoio berishsin.Biz kyrgyzymdyn myndai baldaryn ech kachan karabai koiboibuz biz daiyma ushul baldar menen dagyda bolso jardamybyzdy a9baibyz .
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#84 03 June 2011 - 15:09
Менден отчет ар кайсыл жеринен үзүндү:
1. Жолугушуу
Финка саат 9-00 дө Карла Марксадан жолугушабыз дегенинен пунктуальныйлыгымдын айынан ошол убакытта айткан жеринде саатты улам улам карап турдум. Бираздан кечигип отуруп Адалс, Рози, Фианит, Азалав, СМС Арома, Шахиня, СССР, Еретик жана Доктор воробей келди.
2. Балдар үйүнө баруу
Чогулуп алып Балдар үйү жайгашкан жерге бардык. Ал жерде Эка девушкасы менен күтүп туруптур. Балдар үйүндө таң атпай эле келип алган менин карындашым Айгерим жүрүптүр. Чоңу менен сүйлөшсөк алып келген белектерди складка тапшыргыла деди. Баардыгын ошол жака өткөзүп бердик.
3. Балакайлардын койгон концерти.
Экинчи кабатка көтөрүлсөк атайын даярдалган концерт болуп жатыптыр. Айрыкча мага балдар "Ай чыкты карачы" - деп ырдаган ыр жүрөгүмө чоң таасир калтырды. Келген элдин баардыгы алардын ырдап жатканына кошулуп көздөрүнө жаш алып угуп отурушканын байкап жаттым. Аттин эчтекеден күнөөсү жок балдар, эмне жазасы үчүн мындай тагдырга туш болгон деген ой ырдын ыргагы менен өзу эле ойго келип жатты. Арийне ар бир бала ата энесинин кучагында чоңойгонун каалаганыбыз менен турмуш өлгүр ушундай экен балдар үйлөрүндө жетим калган балдардын саны көбөйүп бараткандай. Дүйнөнүн телегей тегиз болбосо кантейли, баш чайкоодон башка арга жок.
4. Менин зарыл жумушум чыгып кетишим керек болуп калды. Эшикке чыксам СССР менен Доктор Воробей азырынча баса элек балдарды которуп ойнотуп жатышыптыр. Алар менен сүрөткө түшкөнгө жетиштим. Ары бассам 22-24 жаштагы бир кыз ыйлап жатыптыр аны соротуп жанында дос кызы турган экен. Эмне болгонун түшүнүш үчүн саамга алардын жанына токтоп калдым. Көрсө ал кыз эшике чыгып баратса бир кичинекей кыз бутунан кучактап мама мени алып кетчи деп ыйлаптыр. Ошого эшике чыгып алып ыйлап жаткан кербези экен.
Бул сапар менин жазган отчеттум башкача болуп калгандыр. Ага себеп балдар үйүнө барган эмоциям дагы деле жүрөктө туруп бир ойго келе албай жаткандыгымдыр.

#86 03 June 2011 - 16:00
Фианит сизге уюштурганыныз учун чоооооон рахмат! Биз да колдон келген жардамыбызды ушул сыяктуу акцияларга кошуп турабыз.
Бирок эмки чогулмайды жумушчу эмес кундорго кылалычыыыы

Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#87 03 June 2011 - 16:46
Чыныгы комузчу бол!
Мектеп курагымда үч-төрт жолу балдар үйүнө барганмын. Мына ошондо классташтарымдын ыйлаганын көрүп алып, мен да көз жаш алдым эле. Бирок бул сапар ичимден сызсам да, ал нерсе сыртымдан байкалбады. Же чындап эле таш боор болуп бара жатамбы билбейм... Бирок бир нерсе!
Жогоруда форумчу достор айткандай, биз 2-кабаттагы залга киргенде, мотурайган балдарды ырдап-бийлеп жатканын көрүп калдык. Жаш бала биздин үй-бүлөдө жок болгондуктан, чоңдордун дүйнөсүнөн кичинекейлерге эле туш болгондой сезип кеттим өзүмдү. Айрыкча, алар отуруучу быйтыйган табуреткалар. .. Биз деле кезинде ошондой отургучтарга отурсак керек
.
Анан эле аш-баш дегиче, эки кулун сахнага чыгып, комуз "черте" баштады. Кызыл көйнөктү кычырата кийген быйтыйган жигиттер эми бир берилип комузду чертип жатса, инструменттин кичинекей үлгүсү го деп ойлопмун. Сүрөткө тартуу үчүн жакындап барсам эле, баягы инструменттер кагаздан жасалган болуп чыкпаспы... Бирок ушунчалык берилүү менен ойноп жатканын көрсөң, чыныгы комузчуну эле карап отургандай болосуң. Аны менен бирге "ай чыкты" ырын аткарышканы өтө таасирлентти. Ылайым, бул жаш балдар бактылуу болсун...
Пы.Сы. Фото сүрөтү төмөндө

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#89 10 June 2011 - 15:00
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#90 09 May 2012 - 15:54
Финка, өзү азамат кызсың да! Баштаган ишти эстетип койгонуң жакшы болуптур. Былтыркыдай эле салымын аябаган форумчулар четинен чыга баштайт деп ойлойм. Анын ичинде мен да бармын. Ошол...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#91 09 May 2012 - 16:17
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#92 10 May 2012 - 06:32
FIANIT
, эжем озу азамат кыз да
Буюрса мен да катарга кошулам.
Буюрса мен да катарга кошулам.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#96 10 May 2012 - 17:10
Салам достор! А мен Ош шаарында турам. Ошондуктан келгиле Ош шаарындагы балдар уйуно да жардам берели. Бишкектеги досторубузду биз Оштон колдойлу. Анда бара тургандар мага купуя кат жазгыла. колдоп бересиздер деген умуттомун. Оштогу ырчылардан да команда тузобуз.
Жаштык кезге кетким келди.
#97 10 May 2012 - 17:36
Быйыл эмнегедир кеч ойгонупкалдым окшойт, бирок былтыр ушул балдар үйүнө барганыбызда "колубуз бошогон сайын келип турабыз" деп өзүбүзгө сөз берген элек. Бирок мен бара алганым жок.
Балдар үйүнө барганды салтка айландырабыз деп баарыбыз айттык эле, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө аз гана убакыт калды. Эгер бул теманы козгоп, даярдык көрө баштасак кандай болот деген суроо менен баардык форумчуларга кайрылып жатам.
Эгер макул болсоңор, сунуш, пикирлериңерди жаза баштасаңар, бирок тезден.

Былтыр мен Кыргызстанда айыл жеринде жүрүп мындай акциянарды көргөн билген эме экенмин.Азаматсың FIANIT,быйыл дагы ошол эле былтыркы барган балдар үйүнө барасыңарбы. Мен эми алыс жерде болгондугума байланышту өз жардамымды кимге берем.Акчадан башка салым кошо албагандыгымдан кимдин аты жөнүнө салуумду жазып койсоңор достор.
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
#98 10 May 2012 - 17:40
Жакшылыктын эрте кечи жок,колдоочулар болсо келип өз жардамыңарды айябайсыңар деген ойдомун.
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
#99 10 May 2012 - 18:07
Финка тизмеге мени да кошуп кой алтын кыз.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#100 10 May 2012 - 18:26
Акыркы күндөрү жалаң "жардам" деген темаларда жүрүп өзүмдү ыңгайсыз сезе баштадым.
Мактап койсо, мардайып кетесиң да анан, ушинтип...))) Даанасың го, неге дискомфорт болосуң?! Өзүң үчүн сураган жериң жок болгондон кийин... Мүнөзүң алтындай, дайыма бир кесим нанды бөлүшүүгө даяр болгон адамдын артынан биз ээрчип бара жатсак.
Буюрса, көптөгөн форумчулар жардамын аябас. Анан сөзсүз 1-июнга пландабасак деле болчудай. Анткени иш-чара көп болуп калат экен бул күнү, балдар үйүндө.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео