Мен көбүнчө жумушка 155-маршрутка менен келем. Эртең менен түшүнүктүү да, баары жумушка шашат. Адам тыгын учурунда ким иштейт, чөнтөкчүлөр иштейт. Бүгүн да ошондой окуя кайталангандыктан,
тема ачып коюуну туура көрдүм. 1 баланы таанып деле калганбыз. Жакшынакай кийинип, такыр "подозрительный"
көрүнбөйт. Өзү да өң-түстүү, жакшы бала. Аны чөнтөк аңтарат деп айтпайсың. Бүгүн болсо бир аялды ызылдатып эле алып коюптур. Байкуш ал "сумкамда документтерим бар болчу" деп ыйлактайт. Баарынан да ал менин жанымда туруп, экөөбүз орун алмашып, жаңы эле түшөр жерин айтып турган жеринде "тазалап"
кетишиптир.
Бул жолкусу да башка бала окшойт. Ошолордун баарын көрүп отуруп зээниң кейийт. Кантип бирөөнү сыздатып акчасын же башкасын аш кылышат? Сиздер да ушундай окуяга туш болдуңуздар беле? Келиңиздер чөнтөкчүлөр тууралуу кеп кылабыз.
Чөнтөкчүлөр Сиз да күбө болдуңуз беле?
#2 29 April 2011 - 09:42
Салам, Бишкекте эн масистый маршруткалар 145, 257, 7 автобус, 166, 263 булар. Менимче рейд жургузуу керек жана колго тушкондорду катуу жазалаш керек.
#3 29 April 2011 - 10:07
Каяктагы рейд?! Биздин "кызыл"
байкелерибиз тиги чонтокчулор менен бир чотурду болуп жеп атса, рейд дейсинер да ботм...
Мени деле далай жолу "шмондошкон" аж андан кийин капчык сатып алгыс болуп калгам. Акыркы жолу чонтокчулордун кайырмагына илингенимде ары карап ыйлап, бери карап кулуп журуп кымбат экенине карабай алган портмонемди студенттер кунундо сууруп кетишкен. Дагы жакшы ичинде 2 эле сом бар болчу (маршрутник берген сдача), калган акчамды акылым чачымдын учуна чейин болуп кетип курткамдын тош чонтогуно салып коюпмун бактыга жараша.
Андан сырткары 400, 700, 1200 сом капчыктары менкн кошо уурдаткам
Мени деле далай жолу "шмондошкон" аж андан кийин капчык сатып алгыс болуп калгам. Акыркы жолу чонтокчулордун кайырмагына илингенимде ары карап ыйлап, бери карап кулуп журуп кымбат экенине карабай алган портмонемди студенттер кунундо сууруп кетишкен. Дагы жакшы ичинде 2 эле сом бар болчу (маршрутник берген сдача), калган акчамды акылым чачымдын учуна чейин болуп кетип курткамдын тош чонтогуно салып коюпмун бактыга жараша.
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#4 29 April 2011 - 13:40
Жакшы тема экен. Азыркы учурдун эн актуалдуу маселеринин бири десем, жанылышпайт болушум керек. Чынын айтсам, мен маршруткадан эч нерсемди алдыра элекмин. Бирок, коп эле тааныш адамдардан,
уйулдук телефондорун,
акчаларын уурдаткандарын угуп журом. Кобунчо, алардын баардыгы тыгылыш, эл коп жургон жерлерде байкалат. Бир жолу тааныш кыз маршруткадан сумкасын лезвие менен тилип, буйумдарын алып кеткенин, жини келип айтып берди эле. Андай чонтокчулор маршруткада эле го, десем корсо алар кутуусуз жерден деле пайда болуп калышат экен. Дагы бир туугандарыбыздын кызы, акчасын акча алмаштыруучу жерден (обменка) алмаштырып алып, кетип бара жатса, башына белгисиз адамдар чаап, акчасын уурдап кетишкен. Ал кыз ээс-учун (сознаниесин) жоготуп ооруканага жатып чыккан. Ал адамдар табылбай эле калды.
Ал эми мен эки жолу, кыш мезгилинде, кызыктуу окуяга туш болгом. Мурун уйумо №100чу маршрутка менен барчумун. Маршрутканын ичинде эл коп болчу, киргенде эле, пальтомдун чонтогуно бироо колун салгандай болду. Бирок, чонтогумдо эч нерсе жок болгондуктан, жиним келип, «Ал жакта эч нерсе жок», деп жооп бергем. Ал, калп эле, эч нерсе билмексен болуп, бат-баттан маршруткадан чыгып кеткен.
Экинчи окуям, маршруткадан эмес Дордой базардан болгон. Синдим экообуз проходдордон басып бара жатканбыз. Бирок, менде бир алдын ала сезими пайда болду. Себеби, бир бала уламдан-улам артыбыздан бара жатканын байкап калгам. Бир нерсени карап токтоп калганбыз, анан мен пальтомдун чонтогунуно, бироо бир нерсени алгандай сезилди. Бат эле колумду чонтогумо салдым, акча салынган портмонем жок. «А, акча жок, эми уйго кантип кетебиз», деп эле, сразу эле тигил баланы карап, «Ушу сен эле алдын, болуш керек, ээ», десем, тигил бала кулуп, мага портмонемди кайра берген. Тыгылыш болуп жаткан кезде, тиги уурдаган бала кете албай токтоп туруптур. Озум ызы-чууну, (скандалды) жактыра бербегендиктен, тигил баланы эч нерсе кылбай эле, акчамды алганыма суйунуп эле кете бергенбиз. Бирок, чынында алар ушунчалык билгизбей туруп эле, уурдап кетишет экен. Ошондуктан сактанып жургуло, достор!! !

Адам баласы оз бактысынын устаты!
#5 29 April 2011 - 13:56
Чындыгында булардын үлүшүнөн органдын кызматкерлери дагы даамын татып турушат, ошондуктан булар азайбай эле көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Мен бир кезде базарда соода менен алектенип иштеп жүрчү элем. Базарда иштешкен бүт чөнтөкчүлөрдү таанычубуз,
алардын арасында көбү мектеп окуучулар курагындагы балдар болчу. 2-3 саат сайын чоңдору келип, уурдаган акчаларын чогултуп кетишчү. Кээбирде уурдап жатып кармалып калышса милиция кызматкерлери келип опорный пунктка желеп кетчү. Толугу менен 15 минут өтө электе кайра эле өз оордуларына келип калышчу. Базарда иштеген соодагерлердин баардыгы аларды тааныганы менен милиция кызматкерлери ууруларга көмөктөшүп жатканын көрүп баш чайкоодон башка аргасы жок болчу. Булар менен күрөшүү мамлекет тарабынан болбосо жыйнтыгы көңүл жубатарлык болбойт.
#6 29 April 2011 - 14:05
Мен бир топ эле урдатканмын.
Эң биринчи жолу интернет клубдан чыгып маршруткандан телефонумду алдырганмын, анда Бишкекке жаңы эле келгенмин. андан кийин компьтердик клубда иштеп жүргөндө телефонумду урдатканмын.
Эми чөнтөкчүлөрдөн эң запа тарткан окуяны айтып берсем. Эки миң онунчу жылдын башы. Кыш. Мен ал убакта Орифлеймдин косметикасын сатчумун. Бир жума аракет кылып заказ топтодум. Ортто эсеп менен үч миң сомго жакын акча бар болчу жанымда. Айылдан апам мага керектөөмө төрт миң сом акча салган болчу (бир каптан картошка менен ун алып кой деп, жол киреге ж.б) толугу жанымда жети сегиз миң акча бар эле. Ал убакта Мегаком жана О уюлдук операторлорунун сим карталарын колдончумун. Апамдар Билайн колдонгондуктан бир нече күн мурун сим карта алган элем, апамдар менен сүйлөшүп турганы. Капчыгымда жети сегиз сим карта жана ар биринде жүзгө жакын бирдиктен бар эле. Ошондой эле бир эки дисконттук карта, Демир банктан VISA карта жана паспорт менен студенттик билет бар эле. Жүз жетимишинчи маршруткага отурдун. Саат кечки жети сегиз чамаларында эле. Маршрутка тыгын. Горький көчөсү менен барым, тынчтык проспектинен бурулуп жатканда бирөө түштү эле ошол алган окшойт, себеби кийин бирөө паспортумду ошол жерден таап алыптыр. Ал жөнүндө анан айтып берем.
Анан мен Манас университетинин тушунан, Айни жана Тынчтык проспектинин кесилишинде түшүп, бир жакка чалышым керек болуп телефонго колумду сунсан жок, карасам капчыгым да жок. эртеси заказга барыш керек болчу. Ошол жерде дадырам мэс болуп туп калдым. Бир заматта эч нерсеси жок калдым эле. Ал убакта мака жети сегиз миң аябай чоң акча эле, карточкада акча бар болчу, аны алайын десем карточка жок, ал да капчыкта эле, анан банкка барып алайын десем, мен экенимди тастыктай турган паспортум жок. Ыйлагым келип, бук болуп айласыз туруп калдым....
Кийинчерээк бир эже паспортумду таап алыптыр, ал анан Жалалабатка таанышына айтыптыр, Жалалабаттык баланын паспортун таптым деп, билген болсо, чалсын деп. Атамды жакшы эле тааныган адамдар аны угуп калып апама кабар беришиптир. А эжеге чалсам эки миң сом берсең паспортуңду аласын дейт. Анда мен болсо, эже паспорт сизде кала берсин деп койгонмун. Кмймнчерээк кайра макул болуп беш жүз сомго алганмын паспортумду. Ошондон өзү миң сом бар эле, беш жүзүн капчыгыма салып, паспортту салып (жакын досум капчык белек кылган эле), Бөкөмбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде бир маршруткага чыгып, жол кирени төлөп, көпүрөнүн түбүнөн өтүп бара жатат элек ошол убакта, дароо чөнтөгүмдү карасам капчык жок. Жанымдан бир бала өттү эле, дароо капчык кана деп сурасам, билбейм, каяктан билейин дейт. Менин жанымдан андан башка эч ким өтпөгөнүнөн сен алдың десем издеп таап ал деди, анын чөнтөктөрүн аңтарып, карасам жок эч нерсе, Вефага жетпей аялдамадан түшүп калды ал менен дагы бирөө түшүп калды, мен дароо, бираз жылганда эле байке токтотуп койуңуз деп түшүп калдым да артка, жанагы балдарга карай бастым, ал экөө мени көрүп мага көздөй басып келип капчыгымды берди, көрсө алып дароо шеригине берип койгон экен. мен текшерип, кайра Вефанын жанынан жүз отузунчу маршруткага отурдум. Анан бир аялдама өткөндөн кийин жанагы экөө маршруткага чыгып келе жатышат, мени көрүп, дароо бурулду да күлгөн бойдон түшүп кетишти. ошондон бери кудаага шүгүр эч нерсе алдыра элекмин.

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#7 29 April 2011 - 15:11
Ушул сыяктуу темага кызыктуу бир окуяны жаздым эле, чөнтөкчүгө байланыштуу.
Бирок бул сапар башкасы болсун. Апам экөөбүз Дордойго бара жатканбыз, анан бир жаш жигит апамдын сумкасын астейдил ачып жатканын байкап калдым. Ал бала мени кезектеги шордотуп жаткан адамдын кызы деп ойлободу го... Карасам да, көзүнө илбейт. Ичимден "наглый"
турбайсыңбы деп, акырын колун бутум менен түртүп койдум. Бирок мени карап коюп, кайра эле сумканы ачып жатат. Анан чыдамым жетпей, сумканы катуу апам жакка тартып алып, "апа качан түшөбүз" деп калсам, тиги жигит шак бурула, маршруткадан түшүүгө шашып калган эле...
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
#8 29 April 2011 - 15:51
Мен жап бир жолу Ош базарында чөнтөкчүлөргө туш болгом. Мага бет маңдай келаткан жигит болчу. Жаныма келгенде тыгын деле эмес болчу эл ары-бери өтүп жаткан болгону, нагло чөнтөгүмө кол салды. Мен шарт байкап калып "эй, эмне кылып жатасың? Тарт колуңду" деп колуна бир чапсам, мени кадимкидей эле эки колу менен түртүп туруп сөгүп басып кетсе болобу?! Өзү жалгыз болсом, колумдан эмне келет? Ызамды ичиме катып оозумду ачкан бойдон кала бердим. Баарынан да уялып койбой мени жаман сөздөр менен мени сөгүп салганы жанды кашайтты. Ошол бойдон эсим ооп эле басып кеткем... Колумдан эмне келмек эле?..
#9 29 April 2011 - 22:38
Жөө жүрүш керек жөө(!), ошондо жоготуу эмес кайра киришке ээ болосуң, кашалийогуң да сегиз сом акчаң да чөнтөгүңдө калат. Ал акчага 2 орбит сатып алып чайнап аласың?.. Выгодно бекен?
Бөлкө нан барбы?
#10 08 May 2011 - 03:37
Чөнтөкчүлөр өз жумушу үчүн атайын манжаларын да алдырып салат экен.Кутула албайбиз го,сактанып эле жүрбөсөк.
#11 10 May 2011 - 09:51
Чонтогу жок эле кийим кийип алсакбы? болгон буюмубузду сумкага салып алсак кантет, анда да сумкачылар пайда боло баштайт да ээ.
#12 15 May 2011 - 11:16
Эң башкысы тышкы чөнтөккө акча жана керектүу буюмдарды салбаш керек, ички чөнтөккө салыш керек.
Анан киши көп чогулган жакта внимательный болуш керек( автобус, маршрутка жана базарда).
Анан киши көп чогулган жакта внимательный болуш керек( автобус, маршрутка жана базарда).
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#13 09 August 2011 - 12:38
Чонтокчулорго буюмдарын уурдатып жиберген амдарга тан калып журчумун, "кантип эле билбей калдын?" деп. Корсо, алар ото "щариющий"
калк болот экен да. Бир жолу маршруткадан капчыгымды уурдаткандан кийин абайлап калдым. Чыны менен эч нерсе сезбей калат экенсин. Бирок Кудай жалгап ичинде акча деле жок болчу. Болгону, жумуштук куболугум, анан банктык карточкам бар эле. Эч нерсе ондуро албай калган тиги байкуш капчыкты ыргытып баса берген окшойт. Бир адам жумушка чалып, таап алганын айтып озу алып келип берген. Болгондо да орус улутундагы адам экен, абдан ыраазы болгом.
#14 06 February 2012 - 08:59
Салам супер форумдун жашоочулары.
Тан калыштуу окуя болду.Жумуштан чыгып маршрутка тушком, анан эл аз болсо да бир бала ар кимге барып жабышып жаткан.Ал эми маршруттан тушоордо, чонтогум которулуп жатканын байкап калдым, карасам, бироонун колу менин чонтогумдо журуптур.Анан чыгаарга убакыт келгенине байланыштуу,
кормоксонго салып чыгып кеттим.Анан магазинге кирип, терминалдан бирдик жуктоюн десем, терминал акчамды жутуп алып, бирдик ошол бойдон тушпой калдым.Анан кечке озумду куноолу сезип жемелей бердим,окундум:
ошол замат башка жургунчулорго оз убагында эскертпей койгонума.Ошентип оз убагында ойлобогонума,
терминалдын да жини келип, акчамды жеп койду окшойт.
Силерде чонтокчулор менен ушул сымал окую болду беле?
Мындай корунушторду кантип токтотсо болот?
Силерде чонтокчулор менен ушул сымал окую болду беле?
Мындай корунушторду кантип токтотсо болот?
Прежде чем судить ошибки других, обратите внимание на себя.У того, кто бросается грязью не могут быть чистые руки, душа и ум.
#15 06 February 2012 - 09:09
Анда жандуу терминалга жолугуп калгансыз го
Түшүнбөдүм терминалдын жини келгенине...
Мындай окуяларга өзүм туш боло элекмин, бирок туугандарым- досторум көп айтып калышат. Айрыкча Ош базарында көп имиш чөнтөкчүлөр. Эми аларга сөз жок да. Бардык нерсе тарбиядан.
Мындай окуяларга өзүм туш боло элекмин, бирок туугандарым- досторум көп айтып калышат. Айрыкча Ош базарында көп имиш чөнтөкчүлөр. Эми аларга сөз жок да. Бардык нерсе тарбиядан.
#16 06 February 2012 - 11:42
Мен мындай онору бар адамдар жонундо эч нерсе айта албайт окшойм. Мындай адамдарга туш келбепмин омурумдо .
Уурулардын колуну , ушакчылардын тилини кесип сала турган мыйзам кабыл алуу керек .
Уурулардын колуну , ушакчылардын тилини кесип сала турган мыйзам кабыл алуу керек .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#17 06 February 2012 - 12:28
men 2008 chi jyly moskvada bir dosum jana kyzdarybyz menen mega degen gipermarketke baratyp akysys avtobuzka chygyp kaldyk el kop chygyshty,bir ubakta janymda turgan bala menin kyzymdyn sumkasyna kol sala bashtady any koryp kalyp dosuma aittym janagy dosum ment bolchu jon tur dep telefonun alyp tarta bashtady kyzymdyn telefonun,kashaliegun alyp chontogyno saldy avtobus toktogondo dosum karmap oddelge alyp ketken.andailardan sak bolush ychyn bazarga kirbei ele koiush kerek,avtobuska chykpash kerek,ha ha
shaste zdes kogda ya zdes
#18 28 March 2012 - 15:11
Бир жолу чонтогумдон акчамы алдырып койгонмун. Жаман ичим ачышкан. Ошондон бери озумо сак болгонго аракет кылам.
Балам бактым-балам базарым!

Супер-Инфо
super.kg
видео