Кайнатам айылдан келип, маршрутка менен ары бери кыдырып, анан үйгө келип алып " Туй, атта, чөнтөгүмдөгү туалетная бумаганы алып кеткен турбайбы"
деп коёт. Баарыбыз каткырып атабыз, ырас болуптур деп.
Чөнтөкчүлөр Сиз да күбө болдуңуз беле?
#61 12 November 2013 - 11:58
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#62 12 November 2013 - 16:51
Чонтокчулордун алган акчасы буйрусун ал деле эптеп алып жататта бироонун чонтогунон.
Мага агай айтты эле Америкадабы же башка мамлекеттеби акча урдаганды уйрончу деп. Алардан деле экзамен алат деп же калп элеби?
Чын журоктон баари бир
#64 12 November 2013 - 17:19
мен досум экобуз машруткада кетип бара жатып менин жанымда бир бала отурган тушойун деп турду эле чонтогунон 100 сомдуктан 3 даана чыгып калыптыр аркы жакта отурган досум ал деп козун ымдайт мен алып корбогон жаным коркуп жатсам бир бала алып койду мен оозум ачылып калды
#65 20 November 2013 - 11:22
1-курста окуп жүргөндө классташтар менен жолукканы баратып акчамды алдырып албайын деп акылдуу болуп шымымдын тизесинде да бир чөнтөк бар болчу ошого салып койгом, чөнтөкчүлөр эңкейип алып отурмак беле деп. Маршруткада эл аз эле болчу анан цыгандарга окшош аял эки кичине баласы менен жанымда турган, ошол кичине баласы жеткен жерге салып коюптурмун да, эч нерсе оюмда жок кафеден чыгарда аңтарып эле таппай калып жаман уялгам классташтардан.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#66 09 December 2013 - 18:35
Мындайларды Казакстанга же Россияга кул кылып сатып жибериш керек да анан билет бироонун ырыскысын жеген,сыздаткан кандай болоорун.
#67 09 December 2013 - 20:30
Болом марш.да наушник тагып алып радио угуп баратып,тушоордо алдыга жылып баратса эле радио угулбай калыптыр. Жанымда бир бала турган дейт. Анан кайра артка басып ”телефонум тушуп калыптыр” деп угузуп кыйкырып, издеп баштайт. Отурган эжелер ”ушу чонтокко кантип телефонду салсын марш.да”деп атышат дейт. Болом отуруп алып буттардын арасынан карап атса,ангыча эле баягы бала жактан тук этип телефон тушту дейт,анан алып тушуп кетиптир.
#68 09 December 2013 - 21:46
Чонтокчулор жонундо бир китеп жазат окшойм. Бугун бир эже жаныма келип кийимдерди коруп кичине суйлошуп мойнуна аскан сумкасын артына келтирип алган экен, кыдырып келем деп кеткен 2минутадан кийин ону бозоруп 20000 жок алып койуптур корбодунбу дейт. Анан бир ай мурун жаныбызда иштеген кыздан кийип королу деп 2 башын айлантып атып 4минди алып кетишиптир,
дагы аптекада иштеген эженин кассасынан 8мин уурдалды, чамасы айланабызда менчик уурубуз бар окшойт. 3 жыл мурун куйоом мечитке курткасын илип намаз окуганы кирип кетсе 10минди алып койушуптур.
Майда чуйдо акчаларды жазбай эле койойун.
#69 10 December 2013 - 07:50

Бул уурулар мечитти да жон койбой калышты,ал жакта баары бири-бирине ишенип кийим,бут кийимдерин калтырып эле коюшат да,ошондон пайдаланып жатышат. 2 жыл мурун болсо керек,КГУСТА жактагы мечитте да уурулук коп болуп атканда жашыруун камера коюшуп,жамаат намаз окуп жатканда бир-экоосу кайтарып атышып ууру баланы кармашкан. Корсо ал жамаатка кошулумуш болуп кирип,сапты туздоп баштаганда чыгып кетчу экен. Милицияга бербегиле деп жалдырайт дейт,бирок беришкен. Аягы не болду билбейм.
#70 11 December 2013 - 04:30
kabylbai ele koigula.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#71 11 December 2013 - 18:36
Мен деле андайга кабылган емесмин кызык кантив еле алдырып коюшат сезбей калышабы
#72 12 December 2013 - 00:42
Мен да базарда иштеген учун коп кором.
Коруп калып эй деп эме кылгандарга уят соз менен согунуп эле же наркыны куноолуудой суйлоп кетип калышат, качпайт дагы паразиттер. Бир кучтуурок брат аялынын акчасын уурдайын деген бироосун кармап алып баалч балч, тарака турак кылып салган.

#73 13 December 2013 - 20:56
Маршруткада колдордун буйтап калганын байкап калчум,бирок,
Кудай сактасын,эч нерсе алдырбапмын.
Бир жолу троллейбуста сумкам кыймылдап калганынан артымды карай салсам орус кыз турат эч нерсени байкамаксан болуп эки жакты карап коет дагы
эмесе бешенесине "мен карманщикмин"
деп жазылып эле турат
Дагы бир жолу маам базарда бир нерсе алайын деп турсалеее бироо туртуп отуп кетиптир сырткы чонтогун антарсале акчасы жок.Баягы туртуп откон баланы карасале ал да токтоп алып апамы карааап тураткен
кыйкыргыча болбойле тез басып келип акчаны карматып кетип калыптыр да апам да "оозум ачылган боюнча кала бердим" дейт.
#74 14 December 2013 - 20:58
Бизде коп,Орусияда такыр учуратпайсын.
Болсода цыгандар,жана бизге окшогон келгиндер.
Жеке озум учураган эмесмин андайга.Болбогон нерсего дейм,ошончолук шум,журоктуу болсон оз эмгегин менен иште ары элге окшоп.Каарыган эненин,боюнда бар эженин,студент уул-кыздардын чонтогуно кол салбай. Буйрубасын ошол уурдагандардыкы! !!

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#75 14 December 2013 - 22:16
Арам оокат-аш болбойт дешет го элибизде.мандай тери менен иштеп тапкан акчасы,уурдаган акчасына караганда алда-канча берекелуу болот го!
Мен да былтыры телефонумду алдырып жибергем.Буттуруу эгзаменин тапшырып жатканбыз,кычагансып ошол куну телефонумду ала барган элем.сумкамды залдын тушундагы класска коюуп,озум залда карап эле тургам,анан чыгып эле карасам жок.ким,кайсы убакта алып кеткенин билбейм!

#76 15 December 2013 - 21:49
Жакында эле жолдошум кайним экөө кийим алабыз деп кыдырып жүрүшүп бир контейнерге киришет. Ал жерден кайним бир куртканы жактырып, өзүнүкүн чечип столдун кырына илип, жаңы куртканы кийип ары бери басып күзгүгө каранып атса, контейнерге бир кыз кирип бааларды сурамыш болот. Кыз чыгаары менен сатуучу кайниме "Чөнтөгүңүздө эч нерсе жок беле? Тигил кыз чо-то подозрительный экен" деп сурайт. "Соткам бар болчу" деп кайним сол чөнтөгүн текшерсе соткасы ордунда эле. "Аа, бар экен" деп, куртканы алмакчы болуп соодалашып бүтүп, оң чөнтөгүнө колун салса эле эч нерсе жок. "Эшектики десе, 10 000сомду шыпырып кеткен турбайбы жанагы" деп шалдайып туруп калыптыр. Ошону менен акчадан да жок,курткадан да жок, тиги ууру кызды да таппай баштан көздөн садага деп коюп кетип калышыптыр.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#77 15 December 2013 - 22:26
Чонтокчулордон го жапа чеге элекмин бирок акча алмаштырган жердегилердин оюнуна эки жолу туш болгонмун, биринчи алмаштырганымда 200 долларга 9300сомду жалан 200 сомдук менен санап берип баш айландырган,
озум санап коруп бир кагаз жетпей жатат десем келе берчи деп озу санады... санап жатканда ичинен 7 кагазды алып коюптур да "ии чын эле бироо аз болуп калган турбайбы"
- деп ары жактан бир кагаз 200 сомдукту кошуп берди, алып кайра санадым да акчаны колума кармап туруп айттым "азыр рекет братандарымды чакырам, ушул жерден олугун чыгат"-десем кечирим сурап акчамды кайтып берген,.. ошондой эле окуя 2012-жылы 1- июнда балдар уйуно барабыз деп Дордойго бардык Фианит дагы эки форумчу болуп, озумдун акчамды туура санап беришти да кайрымдуулука чогулган акчаны алмаштырып жатканда 13600 сомдойду 500 сомдук кагаз менен санап беришти, акчасын кайтып берип мага 1000 сомдук менен санап бергле десем макул деп акчаны кайтып алышты да миндик жок экен 500дук менен эле ала бергилечи деп эки киши санап берген, 4 форумчу козубузду чекчейтип карап санап алганбыз, кийим кечек алып жатсак эле 3500 сом жетпей калды, кайрылып келип "жетим балдарга чогулган акчаны алып коюпсунар, уятынар жок экен"- десем 200 сом алып калып калганын кайрып беришкен.....
.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#79 14 October 2014 - 06:13
Нурадыл айткан ситуацияга мен да туш болгом.Тааныш агаларымы чакырып анан алдыргам акчамы.
Мен чонтокчулорго акчаны бир гана жолу алдыргам.3 класста Орусиядан атамдар бироого кошуп беришти Бишкеке ала кет деп.Жолдо каалаганыны алып же деп 1000 рубль беришкен.Анда акча кучундо болчу.150 рубль сарптап калганын чонтогумо салып койгом.Чу дан тушуп такси менен шаарга келе жатканыбызда бар болчу,уйго келип тушуп карасам эле жок.Аябай жинденген элем.Ошол чон сабак болгон окшойт азыр озумо ото сакмын

Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#80 28 October 2014 - 19:52
Кичине кезимде апам менен базарга барганбыз. Эл топтолуп турган жерден өтүп жатканыбызда бирөө апамдын сумкасына колун узатты эле, апам шамдагайлыгынан сумкасын тартып алды, тиги чөнтөкчү болсо акчадан кур калганынабы менин колума колундагы тамекисин басып жиберген. Ошентип, чөктөкчүдөн материялдык жабыр тартпасам да, колум күйүп жабыр тарткам.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.

Супер-Инфо
super.kg
видео