Күнгө күйүү үчүн туура убакыт тандап алуу маанилүү. Ал үчүн эртең мененки саат 9дан 11ге чейин жана түштөн кийин 16дан 19га чейин. Күнгө күйүү 2 сааттан ашпашы зарыл. Биринчи күнү эле 2 саат кактанып албаңыз, себеби денеде аллергия пайда болушу мүмкүн. Алгач күнгө чыгып күйүүнү 5 мүнөттөн баштоо керек. Андан кийин 10 мүнөт. Ошентип отуруп, шашпай 2 саатка жеткиребиз.
Ошондой эле күнгө жылаңач чыгып алуу да туура эмес. Андыктан биринчи жолкусунда колуңузду, анан бутуңузду күнгө кактаңыз. Ошентип, денеңиз кичине ысыкка көнгөндөн кийин үстүңүздөгү кийимди толук чечип, 2 саатка чейин күнгө кактансаңыз болот. Күнгө күйүүдө көздү, чачты жана бетти өзгөчө сактоо керек. Бул үчүн пляжга бараарда баш кийим, күндөн коргоочу көз айнекти унутпаңыз.Ошондой эле жел жүргөн курганууга болбойт, денедеги суунун тамчылары линзаларды пайда кылып, нормадан ашыкча күйгүзүп жиберет. Андыктан жөн гана аарчынганып коюу керек.
Териңиздин абалына жараша күнгө күйүңүз
Күнгө күйүүгө тыюу салына турган себептер:
1- Онкологиялык ооруга чалдыккандар
2- Кош бойлуу айымдар
3- 5 жашка чейинки балакайлар
4- Варикоз менен жабыркагандар
5- Рак, жүрөк оорусу жана кургак учук менен ооругандар
6- Терисинен жараат алгандар
7- Бетинде сепкили барлар
8- Биринчи типтеги терилүүлөр
Териңиздин абалына жараша күнгө күйүңүз
Кандай крем сүйкөлөт?
Жөнөкөй кремдер денеге бат сиңип кетет, андыктан жакшы жардам бере албайт. Күнгө күйүүдө терини ашыкча күйүп калуудан коргоо үчүн атайын чыгарылган крем жана майлар бар. Аталган каражаттын сыртында жазылган колдонуу ыкмасын окуп, аны туура аткарыңыз. Эгер туура колдонбосоңуз,
денеңиз күйүп калышы мүмкүн. Кремди өтө калың сүйкөп алсаңыз, ал ысып чыгат да, кайра сиздин денеңизди күйгүзүп жиберет. Денеңиз жумшак жана тегиз күйсүн десеңиз, кремди кол жана буттан баштап жүрөктү көздөй массаж кылуу менен сыйпоо керек. Мындай кремдерди аллергиясы бар адамдар колдонууга болбойт.
Мындан сырткары:
Пляжда күндүн ультрафиолеттүү нурунан коргонуу кремин алууда анын курамында канча пайыз SPF (күндөн коргоочу фактор) бар экенине көңүл буруңуз. Кремдин курамында SPF 15 деп көрсөтүлсө,
ал ультрафиолеттүү нурдан 93 пайыз сактай алат. SPF 30 97 пайыз, ал эми SPF 50 көрсөткүчү бар кремдер күн нурунан коргонууга 98 пайыз кепилдик берет. Бул кремдерди ар бир 2 саат сайын жаңылап сүйкөп туруу маанилүү.
Териңиздин абалына жараша күнгө күйүңүз
Күнгө күйүүнүн күнгөйү жана тескейи
Ультрафиолеттүү нур иммунитетти бекемдеп, денедеги зат алмашуу процессин тездетет. Ошондой эле сөөк жана булчуңду бекемдей турган D3 витаминин иштеп чыгууга чоң жардам кылат.
УФ-нурдун терс жактары да жок эмес. Алсак, күнгө же солярийде белгиленген мөөнөттөн ашык убакыт болгон адамдын териси бузулуп, чачы кургап түшө баштайт. Андан да коркунучтуусу,
рак ооруларына чалдыктырышы мүмкүн.
Териңиздин абалына жараша күнгө күйүңүз
Териңиз кайсы типте?
1 типтеги тери. Буга көп сепкили бар ак жуумал, сары терилүү, көк көз жана сары чачтуулар кирет. Бул типтегилерге күнгө күйүүгө болбойт.
2- типтеги тери. Аз сепкили бар ак жуумал, сары терилүү, көк көз жана ак саргыл чачтуулар кирет. Булар да биринчи типтеги терилүүлөргө тиешелүү көрсөтмөлөрдү сактоолору шарт. Убактысы боюнча жумасына 3 жолу 15 мүнөткө чейин күйүүгө мүмкүн.
3- типтеги тери. Ак терилүү, күрөң жана кара көздүү, кара чачтуулар кирет. Булар жумасына 3 жолу 20 мүнөттөн 5-6 жолу күйүүгө болот.
4- типтеги тери. Кара тору, кара күрөң, кара көздүү, кара чачтуулар кирет. Буларга жумасына 3-4 жолу 20 мүнөттөн күйүү жетиштүү болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео








