Арызданбагыла!
Унутчакты же склерозду кантип дарылоого болот кенешинизди берин
#102 24 Апрель 2015 - 22:11
Негизи кургатылган орук,кара орук(слива)мейиз ж.б.у.с кургак момо жеген жакшы.
Акыркы жылдары унутчаак болгондордун саны кобойуудо,адистер мунун бир себеби кунумдук жашообузда дрожжду коп колдонуудан деп белгилешет, дрожж камырды бат ачытканы менен адамдарда склероз унутчактык ушундан келип чыгып атат дешет.
Мындан 10-15жыл мурда эл арасында дрожж аз иштетилчуу, кобу камырдан ачыткы жасаган.Врачтар бугунку кундо да ошол эле камырдан жасалган ачыткыны колдонууну сунуштоодо.
Акыркы жылдары унутчаак болгондордун саны кобойуудо,адистер мунун бир себеби кунумдук жашообузда дрожжду коп колдонуудан деп белгилешет, дрожж камырды бат ачытканы менен адамдарда склероз унутчактык ушундан келип чыгып атат дешет.
Мындан 10-15жыл мурда эл арасында дрожж аз иштетилчуу, кобу камырдан ачыткы жасаган.Врачтар бугунку кундо да ошол эле камырдан жасалган ачыткыны колдонууну сунуштоодо.
#103 09 Июнь 2015 - 17:53
Мээге маалымат батпай кеткенде эс тутум начарлайт
Адамда унутчаактык пайда болот. Ойлору чар- жайыт жана керектүү учурда бир нерсе кылдат кароо мүмкүнчүлүгү жоголот. Алгач мындай көрүнүштөр аз- аздан башталып, кийинчерээк көбүрөөк кайталана баштайт. Демек, мындай учурда унутчаактык мээдеги маалыматтын ашыкча толуп кеткендиги жана жаш курактын жогорулашы себеп болууда деп эсептөөгө толук негиз бар. 30 жашка чейин адамдын мээси жашоонун бардык соккусун көтөрүүгө күчү жетет, андан кийин болсо мындай жөндөм үзгүлтүккө учурай баштайт. Экинчи жагынан булганч экология, дени- сак жашоо образын алып жүрбөө, туура эмес тамактануу унутчаактыктын жаш куракта эле келишине түрткү болот.Кээ бир ата- энелер балдарынын мектептеги берилген тапшырмаларды өздөштүрө албай жаткандыктарын жана эс тутумунун начардыгына айтып даттанышат. Негизинен жаш курак улам өзгөргөн сайын нерв клеткаларынын мембраналары бир калыпта турбай кыймылда болот, башкача айтканда өйдө- төмөн болуп турат. Жыйынтыгында ой жүгүртүү абалы жабыркап эс тутум начарлай берет. Мындай абалдан чыгуу жолу албетте бар. Ал үчүн сөзсүз эле кымбат дары- дармек кабыл алуу же атайын клиникаларга барып дарылануу талап кылынбайт. Болгону жөнөкөй гана калыбына келтирүүчү ыкмаларды колдоно жүргөнүңүз жетиштүү болот. Буга тиешелүү көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Бирок, эске алчу маанилүү жагдай, көнүгүүлөрдү аткарууда бир гана булчуңдарды эмес мээни дагы машыктырыш керек. Көнүгүүдө мээни тазалоо, дем алуу органдарына пайдалуу машыгуулар жасалуу менен эс тутум жакшыра баштайт. Ал бир нече бөлүктөн турат.
Биринчи бөлүк- мээни тазалоо
Биринчи бөлүк эң маанилүү ролду ойнойт. Анткени мындай учурда кан жана баш мээнин кан тамырлары тазаланат. Бул айрыкча никотин жана спирт ичимдиктери менен жакын "достошкондор" үчүн абдан пайдалуу. Мээнин функциясын калыбына келтирүү үчүн күн сайын эртең менен ачкарын бир стакан таза сууга бир чай кашык ашкана содасы менен лимон ширесин кошуп ичиңиз. Же болбосо эзеребой, карагат, душица, клевер, калина, рябина чөптөрүнөн чай демдеп ичсеңиз болот. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн эки ыкманы тең бирдей колдонуу керек. Бир аптадан 10 күнгө чейин кайталоого мүмкүн.
Бардык организмди жылына бир жолу тазалап туруу талапка ылайык. Ал үчүн сизге чөптөр жардам берет. Төмөнкү дары чөптөрдүн арасынан өзүңүздүн табитиңиз тарта турганынан чай демдеп иче бериңиз.
1. Мелиссанын жалбырагын термоско салып, үстүнө кайнак суу куюп оозун жаап, 5 саатка тыныктырып коёсуз. Андан кийин ар бир тамактын алдында, күн сайын 3 ирет 50мгдан кабыл алып турасыз. БИр ай боюу.
2. Бир даана хренди сүргүчтөн өткөрүп аласыз. Ага бир аш кашык каймак кошосуз. Бир аш кашыктан тамак ичип жатканда кабыл аласыз. Бир ай аралыгында.
3. Чөп чай даярдоо үчүн цикория, семян льна, хвоща полевой, шелковица, росянка, бессмертник, боярышник, пустырник, крапивадан бир аш кашыктан алып бир идишке салып коёсуз. Андан бир аш кашыгын 200 мл кайнак суу куюп, кайнап жаткан сууга идишти салып 10 мүнөттөй кайнатасыз. Бир ай боюу тамактанууга жарым саат калган жарым стакандан ичип турасыз.
4. 300 грамм сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, ага 200мл спирт кошуп, караңгы жана муздак жерге коюп коёсуз. Бир ай боюу тамактын алдында 10 тамчыны сүткө кошуп ичесиз.
5. Мындан сырткары, мээнин иштешин жакшыртуу үчүн күн сайын колдонгон тамак ашыңызга сабиз, пияз, сарымсак кошуу керек. Ошондой эле суюктукту да талапка ылайык 3 литрге чейин ичүү маанилүү.
6. Май айындагы алынган балдан күн сайын эртең менен жана кечинде укттар алдында бир кашыктан жеп жатсаңыз мээнин клеткаларын азыктандырган болосуз.
Экинчи бөлүк мээни азыктандыруу
Экинчи бөлүктүн аткаруучу кызматы мээни кычкылтек менен азыктандырышы керек. Анткени баш мээ көбүнчө кычкылтектин жетишсиздигинен жабыркайт. Окумуштуулар буга байланыштуу изилдөө жүргүзүп, анда, кысылган, аба жетишпеген бөлмөдө отурган адамдын ой жүгүртүүсү, эстеп калуусу начар көрсөткүч берген.
Ал эми бул көнүгүүнү таза, абасы кенен жарык бөлмөдө жасоо сунушталат. Абдан жөнөкөй жана натыйжалуу жыйынтык берет.
Биринчи көнүгүү
Бул көнүгүү баш мээнин эки жарым шарын тең иштегенге түрткү берет. Ал үчүн күн сайын 10 мүнөт тынымсыз мурдуңуздун ар бир тешигин жаап, экинчиси менен дем алыңыз.
Экинчи көнүгүү
Биринчи көнүгүүнү бир апта үзгүлтүксүз жасагандан кийин экинчисине өтөсүз. Демиңизди терең алып, жүрөгүңүздүн кагышын 8 жолу эсептеңиз. Андан кийин демиңизди сыртка коё берип кайрадан кайталайсыз. Бул дагы 10 мүнөт аралыгында бир апта кайталанат. Эшикте таза абада жасасаңыз абдан жакшы болот. Бул эки көнүгүү мээни тазалап, азыктандыргандан кийин үчүнчү бөлүккө өтөсүз.
Үчүнчү көнүгүү
Бул көнүгүүнү жасоодо баш мээге баруучу кан тамырлар тазалап, жаңылап, иштешин жөнгө салынат. Окумуштуулардын айтымдарында лыжа тээп, сууда сүзүүдө, жөө басууда мээдеги кан- тамырга кан уюп калбай активдүү айланат. Андыктан колуңуздан келишинче эң жөнөкөй ыкмалары менен болсо да спорт менен машыгып турушуңуз талап кылынат. Ал эми такыр эле убакытсы жоктор үчүн төмөнкү ыкма сунушталат.
1. Акырындан баштап, улам тездетип ордуңузда 6 мүнөт чуркаңыз. Кадамыңызды ичиңизден 1000ге чейин санап жеткириңиз.
2. Түз туруп, колуңузду жогору көтөрүп, кайра бутуңуздун учуна чейин ийилип, ийиниңизди кармап айландырыңыз. 5 мүнөт жетет.
3. Моюнуңузду оң жакка жана жакка улам алмаштырып айлантыңыз. 2-3 мүнөт жетет.
Эгерде бул ыкмаларды күнүгө колдонуп жүрсөңүз мээңиз тазаланып, эс тутумуңуз гана жакшырбастан дене- мүчөңүз да келишимдүү абалга келет.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#104 29 Август 2015 - 01:45
Күндө жатаарда 3,4 баш жаңгак жеп жатса, пайдасы чоң экен.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!

Супер-Инфо
super.kg
видео











Мобилдүү версия