Атеросклерозду дарылоонун элдик ыкмалары: Суу.
Күн сайын эртең менен ачкарын 200-300 г ысык суу ичип туруу керек. Ал кан жүгүрүүчү тамырларды жумшартып, тазалап, организмдеги зыяндуу заттарды сүрүп чыгат.
Бал.
Пиязды аарчып кыргычтын майда тишинен өткөрүп, андан бир стакан шире сыгасыз. Анан ага ушунча көлөмдөгү балды жакшылап аралаштырып,
мындан күнүнө 3 жолу бир аш кашыктан тамакка чейин жеп турасыз.
Кызыл беде.
Кызыл беденин гүлүнөн 40 г чогултуп, аны 500 г аракка 2 жума бою чылап коюңуз. Андан кийин аралашманын коюусун сүзүп салып, суюгунан түшкү тамакка чейин же уктар алдында 20 граммдан ичүү зарыл.
Дарылануу мөөнөт: 3 ай, ал эми 6 айдан кийин ыкманы кайталап коюу ашыкча эмес.
Сарымсак.
300 г аарчылган сарымсакты бир литр спиртке (96%) 3 жума чылап коёсуз. Бул убакыттан кийин 100 мл сүткө андан 20 тамчыдан кошуп күнүнө ичип туруу кажет.
Чалкан.
Чалкандын жаңы жалбырагынан 200 г идишке салып, үстүнө жарым литр арак куюп караңгы жерге бир жума коюп коюңуз. Андан соң коюусун сүзүп салып, суусунан күнүнө 3 жолу бир чай кашыктан тамакка жарым саат калганда ичүү керек.
Сулу.
2 аш кашык сулунун эт тарткычтан өткөрүлгөн сабагын бир стакан аракка кошуп, аралашманы 2 жума караңгы жерге коюп коёсуз. Анан бир сыйра сүзүп жиберип, калганынан 20-30 тамчыдан күнүнө 2 жолу тамакка чейин ичесиз.
Унутчакты же склерозду кантип дарылоого болот кенешинизди берин
#61 08 Февраль 2014 - 15:01
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#62 08 Февраль 2014 - 15:06
- Алдын алуу үчүн :
Биринчиден, майлуу тамакты аз жеш керек, үй шартында өсүмдүк майын пайдаланууга өткөн жакшы. Кыймыл-аракет дагы холестеринди жокко чыгаруучу күчкө ээ. Андыктан, жаштар колдон келсе күнүнө 5 чакырым жолду жөө басып турса болот. 35 жаштан өткөндөн соң этти азыраак жеш керек, тамеки тартууну, ичимдик ичүүнү токтотуу зарыл. Ошондой эле стресске чалдыкпоо үчүн оор жаңылыктарды жакын кабыл албоого аракеттенүү керек. Ар бир орган катары мээ да жумушка жарамдуу болуу үчүн көнүгүүлөргө муктаж.
Булар өзгөчө атеросклерозго, деменцияга чалдыккан, атүгүл инсульт алган адамдарга эс-тутумду кайрууга жардам берет:
Курама оюнчуктарды куроо
Кроссворд, сканворд чечүү
Ыр жаттоо
Сүрөт тартуу
Кийимдин моделин чийүү
Музыкалык аспапта ойноону үйрөнүү
Чет тилин үйрөнүү

#64 09 Февраль 2014 - 19:17
Мен тээээ согуш кезинде эле унутчаак элем)))) .Азыр гана кармап турган буюмумду кайда койгонумду билбей,темселеп болмону он айланам.Кайсы бир нерсени алууну. же бир жумушту аткаруу учун бир болмодон экинчи болмого отомда,эмнеге келдим эле деп ойлонуп калам,озгочо той-топурда,
келесоо гана болуп калам)))).Кыскасы каарыган кемпирдей болуп
.Бул менин зирек болбой, анкоолук менен достошконумданго деп жооруп коем.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#65 09 Февраль 2014 - 19:40
Балыкты кобуроок же.
Баарынарды 2о14 жаны жылынар менен чын журоктон куттуктайм,
ушул жыл тынчылыктын барчылыктын жылы болсун кыргызстаныбыз онуксун эч жамандык болбосун ошондой эле бойдоктор ушул жылы бир башыбызды эки кылайлы!!!
#66 09 Февраль 2014 - 20:03
Мен да ушундай элем.
Анан бир буюмду (кобунчо майда буюмду) бир жерге койгондондон кийин атайылап 'эстеп калайын' деп ойлоп коем. Жада калса, жаккан момент, пейзаж, кыскасы каалаган нерсемди ошентип 'фиксировать' этип алам. Кийин эстегенге аябай эле жардам берет. Жакшы эсте тутсам майда деталдарына чейин мээде сакталып калат.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#67 10 Февраль 2014 - 18:02
Склерозго балык, бал, грек жангагы,фундук,
бадам, райхан,кинза,
алма (кабыгы), В12 деген винамин уколу, шокалад жакшы жардам берет. врач менен корунсонор кошумча винаминдерди да берет.
#68 11 Февраль 2014 - 00:06
Кунуго же деген тамак-аш, жер-жемиштерди жеп журуп деле унута бересин, эгерде кылып, жасап жаткан ишине жакшы ынтаа менен конулунду койбосон жана ошол моментте чаржайыт ойлорду ойлоп жаткан болсон. Эгерде бир нерсени жакшы эстеп калганды кааласан, аны унутууга аракет кыл, бул дагы бир метод. Анан Куран жаттоо жана келе турган кун жакшы болуп, эстеп калуу жакшырсын учун Курандагы "Мариям"
суросун таза даарат менен кунуго жети жолудан окуп, сурануу керек. Анан Айдашканын сунушу жакшыкен. Кунуго математика маселелери менен машыгып турсанар да жакшы болот, аябай эффективдуу метод. Супердегиле башы иштегендерди издейбиз дегенге коп кирип, чыгарып, озунор да тапшырма берип коюп турсанар деле жакшыле жардам болот, мисалы кайсы бетке, кимден кийин жаздым ж. б. деп эстеп калып дегендей, машыгууну кичинеден баштоо керек, нагрузка кылбай, болбосо тескерисинче болуп, эффект болбой калышы мумкун...
#70 25 Февраль 2014 - 16:57
Мен да акыркы кундору аябай унутчаак болуп баратам ..Тобооо ушинтип эле каарып каламбы))
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#71 14 Март 2014 - 15:42
Эскерүүнү эки адамдан турган компанияда
өөрчүтүү:
1. Столдун үстүно 5-6 буюм коюлат: саат,
кашык, тарак, стакан ж.б. Баардыгы газета
менен жабылат. Газета убакытка алынган
соң, ойноочу көбүүроок нерселерди
жаттоого аракет кылат. Газета
жабылгандан кийин, ойноочу нерселерди атап кетет. Убакыт менен нерселердин
санын көбөйтүп, ал эми убакытты азайтуу
зарыл.
өөрчүтүү:
1. Столдун үстүно 5-6 буюм коюлат: саат,
кашык, тарак, стакан ж.б. Баардыгы газета
менен жабылат. Газета убакытка алынган
соң, ойноочу көбүүроок нерселерди
жаттоого аракет кылат. Газета
жабылгандан кийин, ойноочу нерселерди атап кетет. Убакыт менен нерселердин
санын көбөйтүп, ал эми убакытты азайтуу
зарыл.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#72 26 Апрель 2014 - 18:41
Рябина бадалынын кабыгынан 200 гр алып 0,5л сууга салат, аны 2 саат жай кайнатат. Кийин 20 мунот демдеп, андан кийин чыпкалайт. Даяр болгондо тамактанаардан мурун 1 чай кашыктан 3 маал ичип журот.
#73 30 Апрель 2014 - 17:26
Мен да жабыр тартам ушул оору менен айрыкча акыркы 3 жылда. Мектепте студент кезде кандай гана тыкылдаган кыз элем. Эми минтип 80 деги кемпирлердей аттарды алмаштырып алам. Койгон буюмумду унутам. Анан да печкеге бир нерсе койсом соссуз унутам. Ошентип кайненемден канча кагуу уктум. Ошон учун соссуз жазып турам. Печкеге бир нерсе койсом жанынан жылбайм.
Бир эле мисал операциядан сон почтамдын паролун эстей албай койгом такыр эле. Ошентип башка ачканмын. Паролун жазып алганмын.
Бир эле мисал операциядан сон почтамдын паролун эстей албай койгом такыр эле. Ошентип башка ачканмын. Паролун жазып алганмын.
#75 09 Май 2014 - 00:56
мен да акыркы убакта унутчаак болуп калдым эн кереек унутканга мумкун емес нерселерди да унутуп калып журдум анан витаминдерди ичип азыр кудаа шугур
#76 09 Май 2014 - 01:13
Мени да ушул нерсе кооптон бери кыйнап келет. Бир буюмду коюп жатып жакшы эле эстегендей болом анан эле эсимден чыгып тапай калам. Унутчактыктан аябай эле жабыр тартып жаткан учурум азыр.
#77 27 Май 2014 - 01:01
#79 27 Май 2014 - 01:21
Сергек болуу керек. Анан да бир нерсени унутуп калганда, озунду катуу жемеле, Экинчи кайталанбайт.
Жазалоо керек жада калса. Бугун телефон ду унутканым учун таттуу жебейм, же убадамды унутканым учун уч остановка жоо басам ж.б.у.с. кийинкиде унутчаактык сенден ОЗУ качат жаа бою качат)))
#80 27 Май 2014 - 01:24
Мен тээээ согуш кезинде эле унутчаак элем)))) .Азыр гана кармап турган буюмумду кайда койгонумду билбей,темселеп болмону он айланам.Кайсы бир нерсени алууну. же бир жумушту аткаруу учун бир болмодон экинчи болмого отомда,эмнеге келдим эле деп ойлонуп калам,озгочо той-топурда,
келесоо гана болуп калам)))).Кыскасы каарыган кемпирдей болуп
.Бул менин зирек болбой, анкоолук менен достошконумданго деп жооруп коем.
)))

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия