Кыргыз чайы:
Чайды демдейсиздер!
Пиалага куясыздар да сүттөн кошуп кашык менен эки айланта аралаштырасыздар,
анан туздан каалашыңызча кошуп аралаштырып ичесиздер!
Чай шахы:
Чайды демдеп пиалага куюп, сүзмө кошуп аралаштырасыз!
Чай нан:
Чай шахка нан туурап жейсиз!
Кыргызымдын улуттук тамак ашы Рецептер, ой-пикирлер
#42 05 November 2010 - 23:43
Мен тамак тандабайм. Курсак тойсо болду, бирок кичине болсо да дааммдуу болуш керек дейм да а достор? Аааа тундук, туштук боло баштаптыр андай болбосунгооо мен беш бармакты деле, аш деле жакшы кором. Достор дагы бир жолу айтам тамак тандабагыла!
Тамак жок болсо эмне кыласынар а? Суу .....
#43 09 June 2015 - 16:19
ЭТ НАН
Кандай азыктар керек?Камыр үчүн:
Ун Суу: 1 стакан
Оливка майы: 5 чоң кашык
Дрожж: жарым чай кашык
Шекер: 1 чай кашык
Туз: 1 чай кашык
Фарш үчүн:
Эт фаршы: 250 г
Помидор: 4 даана
Петрушка: 1 боо
Туз
Кантип жасалат?
Жылуу сууга көрсөтүлгөн азыктардын баарын кошуп жумшак камыр жууруйсуз да, жылуу жерге коюп 1 саат тыныктырасыз. Бул учурда фаршты даярдайсыз. Ал үчүн помидор менен петрушканы майда туурап, фаршка кошуп аралаштырасыз. Татымына жараша туз кошосуз. Майланган колуңуз менен камырды бир нече бөлүктөргө бөлүп аласыз. Түбү майланган калыпка коюп колуңуз менен жалпайтып тегерекче жасайсыз да, ортосун чуңкурайтып ал жерге фарштан салып коёсуз.
10 мүнөт тыныккан соң духовкага салып 15-20 мүнөт бышырасыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#44 09 June 2015 - 16:22
ГУЛАЗЫК, КУЛАЗЫК
Гүлазык
--жылкынын казы-карта, ич этинен жасалган гүлазык деген болот да. Аны кысыр тай же кулунду семиртип, анан гүлазык жасаган. Анын технологиясы да башкача. Казанга сала коюп эле башка эттердей бышырбайт. Аны 4-5 саат жакшынакай бышырып, көлөкө жерге кургатып, арпа же буудайдын талканын аралаштырып кошуп жасайт.Кыргыз эли көчмөн эл болгон да. Андан бир кашык сууга эзип жеп алса, аябай күчтүү болгондуктан, биринчи-экинчиси менен тамак жегендей болот, ошондой эле ал узак жолдо бузулбайт, экинчиден, женил. Муну жегенде тим эле тердейт.
Күлазык — көпкө сакталуучу тамак. Күл азыктын негизи уйдун, койдун, кийиктин этинен даярдалат. Союлган малдын, кайберендин эти бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартьшат.
Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген карынга салынат. Күл азык узак сапарга, аң уулоого, жүрүшкө, казатка чыгарда даярдалган.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#45 09 June 2015 - 16:28
МАКСЫМ
Ысыкка чыдабай көлөкө издеп, суусап турган маалда чаңкаганыңызды кандыра турган суусундук ичип алганга эмне жетсин. Кыргыздын улуттук ашканасы табигый азыктардан жасалган суусундуктарга бай. Аларга жарма, максым да кирет. Максым – талкандан жасалган жарманын ачытылганы.
Ал эми жарманы ачытпай, жөн гана ага ак (сүт, айран, сүзмө) кошуп ичкендер да бар. Келиңиз анда, көбүрүп-жабырган максым кантип жасаларын үйрөнүп алыңыз.КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
8-10 литр максым даярдайм десеңиз: Ушунча өлчөмдөгү сууга
-тоң май – 2 аш кашык,
-ун – 2 аш кашык,
-талкан – 400-600 грамм, көрөңгө – 400-500-грамм, татымына жараша туз.
БИЛИП АЛЫҢЫЗ:
--Унду куургандан кийин бир аз жылуу суу кошуп унду эзип алып, андан соң муздак суу куйсаңыз, куурулган ун бөлтөк болбой, тегиз эзилет.
--Жарма кайнап жатканда ташып кетпеси үчүн маал-маалы менен чалып туруңуз.
--Жарма кайнап жатканда маалы менен сапырып турсаңыз, талкан жакшы бышат.
--Максымды ачытуунун алдында ага 100-200 граммдай айран же сүзмө кошуп койсоңуз, ал көбүрүп-жабырып жакшы ачыйт.
--Эгер үйдөгү температура төмөн болсо, максымды ачытуу үчүн күн тийген жерге алып чыгып койсоңуз болот.
--Максым куюлган мискейге темир чөмүчтү калтырып койбой, алып коюп турганыңыз же жыгач чөмүч колдонгонуңуз жакшы. Себеби темир чөмүч максымды тундуруп коёт.
--Максым ачытуу үчүн көрөңгө жок болуп калса, ачыткы (дрожжи) колдонсоңуз болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#46 09 June 2015 - 16:31
КУРУТ ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:- курут,
- сары май же каймак
Жасалышы:
Курутту жылуу сууга эзиш керек, же болбосо анын дагы бир ыңгайлуу жолу – курутту өткөргүчтөн сүрүп өткөрүп күкүмдөрүн жылуу сууга салыш керек.
Курут шорпону даярдоонун 2 жолу бар:
1. Курут шорпону жылытып, үстүнө бир aз сaры мaй же кaймaкты кошуп шорпо ордунa ичсе болот.
2. Жупкa жaйып, aны көмөштанда же кaзaндa (духовкада да жасаса болот) эки бетин кaктaп бышырып aлaбыз. Тaбaккa бир aз жупкaны туурaп, үстүнө бир-эки чөмүч курут шорпосун куюп ичсе да болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#47 09 June 2015 - 16:37
КУУРДАК
Керектелүүчү азыктар:1 кг эт,
250 грамм май,
3-4 баш пияз,
4-5 баш картошка,
3-4 көк калемпир,
1 баш сарымсак, ашкөк,
татымына жараша калемпир-мурч, туз.
Даярдоо ыкмасы:
Жаш, сулп эттин майда туурап, пияз, сарымсак, көк калемпирди туурап алуу керек.
Андан кийин казанга майды куюп, алгач пиязды салып бир аз кууруп, экинчи этти салып, 10-15 мүнөт кууруп, отту азайтып, картошканы туурап, калемпир-мурч, тузду салып дымдап коебуз.
Жыйырма мүнөттөн кийин ачып, табактарга салып, дасторконго коебуз
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#48 09 June 2015 - 16:40
«ДААМДУУ ТИЛ»
Керектелуучу азыктар:Уйдун тили – 150 грамм
Суюк сыр (ордуна сыр кошулган майонез колдонууга болот) – 150 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Туздалган бадыраң – 1 даана
Ашкөк – 2-3 тал
Даярдоо ыкмасы:
1. Алдын ала сууга бышкан тилди узунунан жука тилкелерге тилип алабыз.
2. Ага суюк сыр менен майдаланган сарымсактын аралашмасын салуу керек.
3. Андан соң ичке тууралган бадыраң жана ашкөк салынат.
4. Этият ороп, таякча менен бекитип, тарелкага тизип коюңуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#49 09 June 2015 - 16:43
"ТОНЧОН" ЭТ
Уйдун сулп эти – 400 грамм
Камыр – 1 жайым
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 2 тишче
Суу май – 100 грамм
Туз, кара мурч – татымына жараша
1. Этти жалпагынан алакандай эки бөлүккө бөлүп, туздап жана жанчып алуу керек.
2. Сарымсак менен сабиз майда тууралып, өзүнчө идишке салынат.
3. Кызытылган майга эттин эки жагы кызарта куурулат.
4. Ошол эле майга пияз да куурулат.
5. Эми камырды 1 сантиметр калыңдыкта жайып, алдын ала майланган көмөч казанга салуу керек.
6. Камырдын бетине куурулган пияз, андан кийин эттин бир кесими салынат.
7. Эттин үстүнө мурч жана сабиз себеленет.
8. Анын үстүнө эттин экинчи кесимин коюп, андан соң сабиз, сарымсак себебиз.
9. Кабатталган этти камыр менен ороңуз.
Эскертүү! 180 градус температурада 40-50 мүнөт бышырылат.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#50 09 June 2015 - 16:46
ӨРҮК КУРУТ
Кыргызга гана тиешелүү болгон улуттук тамактардан тышкары бир гана аймакка таандык болгон даамдар да бар. Жашоо шартка, калктын турмуш-тиричилигине байланыштуу андай тамактар күнүмдүк рационго кирип, ошол аймактын визиттик карточкасы катары каралып калган.БАТКЕН
Курут кыргыздын улуттук даамдарынын бири катары белгилүү. Ал эми Баткен жергесинде курутту өзгөчө сыйлуу тамак катары аздектеп келишет. Эгер дасторконго эзилген курут берилсе, анда келген мейман өтө сыйлуу. Адатта, куруттун өрүк курут, туздуу курут деген эки түрү жасалат. Өрүк курут өрүк бышкан маалда даярдалат.
Керектелүүчү азыктар:
Айран,
жакшы бышкан өрүк,
сары май
1. Уютулган айранды мата баштыкка куюп, илип коюу шарт.
2. Жакшы бышкан өрүктү эт туурагычтан өткөрүп алыңыз.
3. Айран суусунан арылып, сүзмөгө айланганда аны казанга саласыз.
4. Сүзмөнүн өлчөмү канча болсо, ошондой өлчөмдө эзилген өрүктү кошуп, жай отто 1 саат чамасында кайнатуу керек. Кайнатуу учурунда тез-тез аралаштырып турууну унутпаңыз.
5. Сүзмө муздаганда алаканга салып тоголотуп же мыкчып формага келтириңиз.
6. Формага келтирилген куруттар эми кургатылат.
7. Даяр болгон куруттарды кышкысын, мейман келген учурда же орозо маалында талкалап майдалап казанга салып, бир аз суу куюп, эзилгенче кайнатып алуу керек.
8. Эзилген курутка сары май катыкталып, сый тамак катары берилет.
Эскертүү:
Учурда айрымдар эзилген өрүктү бууга кармалган банкаларга куюп жаап, кышка сакташат.
Мунун жакшы жери, керек маалда банкаларды ачып, эзилген курутка аралаштыра салып кайнатып ичүүгө ыңгайлуу.
Туздуу курут деле жогорудагы ыкма менен даярдалып, өрүктүн ордуна туз кошулуп даярдалат.
Куруттун бардык түрүнө табитиңизге жараша кант же набат кошуп ичсеңиз да болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#51 09 June 2015 - 16:51
БЕШБАРМАК
Ааламда жашаган ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак –ашы бар. Ар бир эл кийген кийими, жеке чарбасы, өңү-түсү менен айырмаланган.
Адам баласы өзүнүн улуттук рухий дүйнөсүнө жана маданий деңгээлине жараша тамак-аш жасону өнүктүрүп келген.Тамак –аш кыргыз элинин материалдык маданиятынын бир формасы. Ал жер шарында жашаган бардык элдерде жасалат. Элдердин улуттук өзгөчөлүгүнө, географиялык шартына жараша тамак –аштын да түрлөрү көп болот. Кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүнө жараша өзүнө гана мүнөздүү тамак-аштары бар. Аларды жасоо, даярдоо, бышыруу байыркы доорлордон бери сакталып, бүгүнкү күндө да активдүү колдонулат.
Ата-бабаларыбыз илгертен бери жасап келаткан тамак-аштын 200 дөн ашуун түрү белгилүү, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет : бешбармак, куурдак, ботко, шишкебек, боорсок, көмөч ж.б. Ал эми суусундуктан төмөндөгүлөр : кымыз, максым, бозо, чалап. куурдак шашлык
Улуттук сый тамактын эң чүйгүнү болгон бешбармак нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча тамак катары калыптанган.
Ошон үчүн аны ушул кезге дейре айрым карыялар “кесме нарын” деп коюшат.
Бешбармак
– эзелки тамак нарындын түздөн-түз уландысы болгон бешбармактын жасалыш ыкмасы жалпысынан нарынга окшош келгени менен ага сарп болгон азыктардын составы көбөйүп, рецептик нормалары өзгөрүп кеткен.-тууралган этке кесменин
-пияз
-сарымсак
-түрп
-помидор
-калемпир
-мурч
сыяктуу татымдар менен жашылчалардын кошулушунан улам бешбармактын колориясы жогорулап, даамы жакшырып өз алдынчалыкка ээ болуп калган. Азыркы дасторкондон туруктуу орун таап, биротоло эң кадырлуу сый тамакка айланды.
Ошон үчүн азыркы кезде конокко тартылган сый тамактын чүйгүнү бешбармак менен корутундуланат. Андан соң ак серке жана чай гана берилет.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#52 09 June 2015 - 16:53
ЖАТКАН ТӨӨ
Кыргызга гана тиешелүү болгон улуттук тамактардан тышкары бир гана аймакка таандык болгон даамдар да бар. Жашоо шартка, калктын турмуш-тиричилигине байланыштуу андай тамактар күнүмдүк рационго кирип, ошол аймактын визиттик карточкасы катары каралып калган.ЧҮЙ
Бул тамактын аталышы анын бышып жаткан учурдагы көрүнүшүнөн чыккан. Казандагы үстү камыр менен жабылган картошкалар төөнүн өркөчүн элестетет.
Картошка – 1 килограмм
Эт – 300-600 грамм
Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым
Пияз – 1-2 даана (орточо өлчөмдөгү)
Болгар калемпири – 1-2 даана
Сабиз – 1 даана
Сары май – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Даамына жараша туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы аарчып, чоң-чоң туурап алуу керек.
2. Кызытылган казанга тууралган этти салып, кызарта кууруйбуз.
3. Куурулган эттин үстүнө пияз, болгар калемпири, сабиз салынат. Бир аз суу куюп, жумшарып бышканча демдөө керек.
4. Бул учурда камырды жука жайып, бетине сары май сүйкөп, ороп алыңыз.
5. Эт бышканда анын үстүнө картошка тегиз салынат.
6. Картошканын үстүнө көмөр-көмбөс суу куюп, кайнаганча күтө туруңуз.
7. Камыр оролгон бойдон экиге же үчкө бөлүнүп кесилет (кээ бирөөлөр 3-4 сантиметрден кылып кесишет).
8. Казандагы суу кайнап чыгары менен камырды картошканын үстүнө салыңыз.
9. Орточо отто 10-15 мүнөт дымдап кармоо керек.
10. Тамак бышкандан кийин ширеси камырга сиңиш үчүн жакшылап аралаштырып, анан табакка салууга болот.
Эскертүү:
Эт кошпой деле картошка жана башка жашылча-жемиштер менен жасоого мүмкүн.
Камырына пиязды же капустаны кууруп оросоңуз андан да даамдуу болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#53 09 June 2015 - 16:57
КУРГАК КЕСМЕ
Кыргызга гана тиешелүү болгон улуттук тамактардан тышкары бир гана аймакка таандык болгон даамдар да бар. Жашоо шартка, калктын турмуш-тиричилигине байланыштуу андай тамактар күнүмдүк рационго кирип, ошол аймактын визиттик карточкасы катары каралып калган.ЫСЫК-КӨЛ
Камыр сууга салынбай, бууга бышырылгандыктан, кургак кесме аталып калган. Бул тамак тез даярдалганы, колдо бар азыктар менен жасалганы жана оңой бышырылганы үчүн Көл кылаасында популярдуу. Анан да «кайталангыс, өзүнө гана тиешелүү даамы бар» дешет көлдүктөр.
Эт – 400-600 грамм
Жуурулган камыр – 2 орточо жайым
Пияз – 1-2 даана
Болгар калемпири – 1-2 даана
Сабиз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 400 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызытылган казанга май куюп, тууралган этти салып кууруйбуз.
2. Ага болгар калемпири, сабиз кошулуп дагы куурулат.
3. Этти көмгөндөй суу куюп бышыруу керек.
4. Эми камырды жука жайып, аны ичке кылып кесме кескичтин жардамы менен же колго кесүү кажет. Айрымдар камыр жайылган соң бетине май сыйпап, анан кесишет экен.
5. Эт жумшарып, бышууга аз калган маалда камырды касканга салып, эттин үстүнө коёбуз.
6. Эми казандын капкагын бекем жаап, 15 мүнөт демдөө абзел.
7. Камыр бууга бышканда аны табакка чыгарып, үстүнө эттүү чык куюлат.
8. Аралаштырып, дасторконго койсоңуз болот.
Эскертүү:
Каскандын ордуна таза чыбыктарды кайчылаштырып, эттин үстүнө тизип, анын үстүнө камырды коюп бышырса да болот.
Томат кошуу сунушталбайт. Бирок табитке жараша бир аз кошуп коюуга мүмкүн.
Мурчту арбыныраак кошсоңуз даамына чыгат.
Айрымдар эт бышып калган маалда бир аз картошка да кошуп бышырып жүрүшөт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#54 09 June 2015 - 17:00
КАТТАМА
Керектелүүчү азыктар:1кг ун,
татым туз,
200-250 грамм каймак,
350-450 грамм сары май.
Даярдоо ыкмасы:
Камырды кадимки кесменикиндей катуу жууруп, бир аз тыныктырып коебуз. Тыныккан камырды зубалага бөлүп, кесме сыяктуу жука кылып жаябыз. Калыңдыгы 1мм болгондо, камырдын бетине тегиздеп каймак сүртүп, кайра үбөлүккө түрүп туурасынан экиге бөлөбүз. Тилинген камырды ортосунан дагы бир жолу кесебиз. Ошондо камырдын эндиги 3,5-4 см болот. Кесилген ар бир камырды учунан баштап түрүп, биринин үстүнө бирин түрүп, калыңдыгы 1см болгончо жаюу керек. Камырды даярдап алган соң, казанга азыраак сары май куюп, кызыганда, чийки каттаманы салып, адегенде бир бетин бышырып, андан кийин экинчи бетине оодарат. Четтери жабышып кетпеш үчүн, улам кашыктап май куюп туруу зарыл.
Камырдан жасалган кургак оокаттардын эң кадырлуусу каттама болуп эсептелет.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#55 09 June 2015 - 17:02
СҮР НААРЫН
Керектелүүчү азыктар:500 грамм сүр эт,
350 грамм чык,
1-2 баш пияз,
2-3 тоголок сарымсак.
Даярдоо ыкмасы:
Сүр наарынды жаңыдан сүрсүй баштаган эттен жасаган дурус. Сүр этти казанга салып, 1,5-2 саат кайнатып, бышканда чыгарып коюу керек. Эттин табы кайткандан кийин майда туурап, тууралган этке чык кошуп дасторконго койсо болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#56 09 June 2015 - 17:07
ЧУЧУК
Керектелүүчү азыктар:300 грамм жылкынын казысы,
200 грамм сулп эт, ичеги,
туз, калмепир,
пияз, сарымсак,
зире.
Даярдоо ыкмасы:
Жылкынын казысы менен ичке тилинген этке туз сээп, тууралган пияз, сарымсакты кошуп, тузу сиңгенче бир идишке салып, оозун жаап коюу керек. Тузу сиңгенден кийин туз салынган жылуу сууга бир аз салып, жибигенче коет. Жибигенден кийин калемпир, сарымсак, мурч, зирени сээп, ичке тилинген эттин сыртынан казыны ороп, таза жуулган ичегиге каптап, казанга салып бышырат.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#57 09 June 2015 - 17:11
ЧЫК
Керектелүүчү азыктар:500-600 грамм нак шорпо,
2 баш пияз, 3-4 тоголок сарымсак,
1-2 көк калемпир,
2-3 лавр жалбырагы,
татымына жараша мурч, туз.
Даярдоо ыкмасы:
нак шорпонун майлуу жеринен куюп алып, ага көк калемпир, сарымсакты майда туурап, лавр жалбырагын салып, татымана жараша туз, мурч сээп, бир аз кайнатып туруп, дымдап коет. Андан кийин этти майда туурап, камырды сууга бышырып алабыз. Бышкан камырга тууралган этти жана даяр болгон чыкты аралаштырабыз да дасторконго коебуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#58 09 June 2015 - 17:13
ЖУПКА – ОРОЗО ТАМАГЫ
Ачыбаган камырдан жасалган эзелки гүлазыктардын бири – жупка. Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Ун – 200 грамм
Суу – 1 стакан
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.2. Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз.
3. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.
4. Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.
5. Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.
6. Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.
Курут – 300-400 грамм
Кайнак суу – 1-2 литр
Алгач курутка кайнак суу куюп 2 мүнөттөй дымдап, тузун кетирип төгүп салат. Андан соң улам аздан кайнак суу куюп, курутту эзип алуу керек. Жакшылап эзип алгандан кийин суудан куюп, жай отко кайнатабыз. Аны кайнап чыкканча аралаштырып турууну унутпаңыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#59 09 June 2015 - 17:16
ИЧ ЭТТЕРДЕН ЖАСАЛГАН ДААМДАР
БООР “ЗАПЕКАНКАСЫ”
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
Бөлүктөргө ажыратылган түстүү капустаны туздуу сууда 5 мүнөт кайнатып, сууганча коё турабыз. Андан соң койдун боорун чел кабыгынан ажыратып, чоң-чоң кесимдерге бөлөбүз. Тууралган боорду пияз менен биргеликте күчтүү отто 5-7 мүнөттөй кууруйбуз. Татымына жараша туз, кара мурч жана 1 чай кашык кумшекер кошобуз. Чийки жумуртканы чагып, ага каймак, татымына жараша туз, кара мурч кошуп, жакшылап чалабыз. Эми көмөчтанга алгач түстүү капуста, анан куурулган боорду салып, үстүнө каймак менен жумуртка аралашмасын куябыз. Эң үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, көмөчтандын капкагын жаап, жай отто 10-15 мүнөт демдеп коёбуз. Дасторконго коёрдо жашылчалар менен кооздоп койсоңуз болот.
Боор – 500 грамм
Түстүү капуста – 1 баш (чакан)
Пияз – 1 баш
Кумшекер – 1 чай кашык
Жумуртка – 3 даана
Каймак – 100 грамм
Cыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач жүрөктү таза жууп, сууга бышырып алабыз. Лавр жалбырагын кайнап жаткан сууга салууну унутпаңыз. Бышкан жүрөктү муздагандан кийин чарчы кылып туурайбыз.
2. Бадыраңды чарчы, ал эми пиязды жарым тегерек түрүндө туурап даярдайбыз.
3. Тууралган азыктарды аралаштырып, салат салынуучу идишке салабыз да, үстүнө майонезди куюп, сүргүчтөн өткөрүлгөн жумуртканы себелейбиз. Фантазияңызга жараша укроп менен кооздоп койсоңуз болот.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун жүрөгү – 2 даана
Бадыраң – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Жумуртка – 3 даана
Майонез – 150 грамм
Укроп – 1 тутам
Лавр жалбырагы – 2 даана
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач карынды жууп-тазалап алабыз. Анан ага кайнак сууну жаба куюп жыдытып, бычактын мизи менен аппак болгуча кырып тазалайбыз. Андан соң карынды сууга бышырып, муздаганда чарчы кылып туурайбыз.
2. Сабиз, сарымсакты аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, татымалдарды кошуп кадимки корей салатын даярдап алабыз. Аягында буга тууралган карынды кошуп аралаштырып, даамына келгенче 2-3 саатка муздак жерге коюп коёбуз.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун же уйдун карыны – 500 грамм
Сабиз – 500 грамм
Сарымсак – 4-5 тишче
Кумшекер – 1 аш кашык
Уксус – 2 чай кашык
Соя соусу – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 4-6 аш кашык
Корей салаттарына кошулчу татымал, татымына жараша туз, кызыл мурч
Жаздын келиши менен жашылча-жемиш кылтыйып, көк шибер жыттанып, аба да бир өзгөчө табитти ачып турат. Бул ирет витаминге бай болгон шалгамдан сиздерге "Назик" салатын тартуулайбыз.
Курамы:
Сууга бышкан уй эти – 300 грамм
Бир даана шалгам
Пияз – 1-2 даана
Туз Калемпир
Майонез
Петрушка жалбырактары
Даярдоо ыкмасы:
1) Эт узунунан тууралат.
2) Шалгамды таза жууп алып, аны да узунунан туурайбыз.
3) Пиязды туурап, майга бир аз куурабыз. Уй этин, шалгамды жана пиязды кошуп, татымына жараша калемпир, туз себилет. Даяр болгон салатка майонез кошуп, жакшылап аралаштырабыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#60 09 June 2015 - 17:19
КИЛКИЛДЕК. БЫЖЫ. ӨПКӨ.
Килкилдек
Килкилдек уй, кой жана музоонун шыйрак, баш, кулактарынан жана үй куштарынын ич эттеринен, ошондой эле балыктан, балык калдыктарынан (баш, сөөк, куйрук жана сүзгүч канаттарынан) жасалат.
Керектелүүчү азыктар:
Койдун шыйрагы – 4 даана
Сулп эт – 200 гр
Сабиз – 2-3 даана
Пияз – 2 даана
Жумуртка – 3 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Петрушка, укроп – 1 боо
Татымына жараша туз, мурч
Жасалуу ыкмасы:
Шыйракты жууп-тазалап, муздак сууга 3-4 саатка салып коёбуз. Андан соң чайкап, эттин деңгээлинен болжол менен 8-10 см жогору кылып муздак суу куюп, сөөктөн эт ажыраганга чейин жай отто 5-6 саат кайнатабыз. Бышарына 1 саат калганда 2-3 сабиз, даамына жараша пияз, лавр жалбырагын салабыз. Бышкандан кийин үстүндөгү майын калпып алып, лавр жалбырагын чыгарып, этти сөөгүнөн бөлүп, майда туурап, чыпкаланган шорпого салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Даярдалган чуңкур идишке алгач бышкан сабизди тегерекче түрүндө туурап тизип алабыз. Анын үстүнө кыя кесилген сулп этти тизип, шорпону куябыз да, муздак жерге коё турабыз. Килкилдек каткандан кийин жумурткадан эки ак кууну, пияздан чөмүч баш гүлүн жасап, көк чөптөр менен кооздоп коёбуз.
Быжы
Быжы – жаңы союлган койдун же эчкнин ич канынан жасалган улуттук тамак. Тагыраак айтканда, кыргыз колбасасы.
Керектелүүчү азыктар: Эт – 150 гр
Кан – 300 гр
Күрүч – 120 гр
Боор – 250 гр
Пияз – 100 гр
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Татымына жараша туз, мурч, калемпир
Жасалуу ыкмасы:
Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын идишке өзүнчө куюп алабыз. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салабыз. Уюп калган канга эт туурагычтан өткөрүлгөн боор, ич май, күрүч, майда тууралган сарымсак, көк чөп (ашкөк, жусай), кара мурч кошуп, бир азга үстүн жаап, тыныктырып коёбуз. Быжынын туурамжысы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот. Даяр туурамжыны таза жуулган жумуруга салып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйбуз. Эскерте кетчү нерсе, жип менен байларда бир аз боштук калтыруу керек. Анткени, күрүч бышканда көбөйүп кетет. Эми туурамжыга толтурулган жумуруну муздак суу куюлган мискейге салып, 50-60 мүнөт кайнатсак, быжы даяр болот. Быжыны өзүнчө идишке бышыруу керек. Бышып жаткан ичке ийне менен ар жеринен сайып коюу кажет. Аткени ал жарылса, шорпо кермек тартып, даамы бузулат. Даяр болгон быжыны ысык бойдон дасторконго коёбуз.
Өпкө
Кой, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулган сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак.
Койдун өпкөсү – 1 даана
Сүт – 8-10 литр
Сары май – 0,5-1 кг
Татымына жараша туз
Жасалуу ыкмасы:
Бычак тийгизилбей союлган өпкөнү кекиртеги менен кошо чыгарып, үйлөп алабыз. Үйлөнгөн өпкөнү 1 саатча муздак сууга салып коёбуз. Сүт куярдын алдында ага батышынча жылуу суу куюп, ал сууну кайра өпкө агарганча “кустурабыз”. Тазаланган кезде өпкө канча суу “жутса”, ошончо сүт куябыз. Өпкөгө сүт толгондо темгил болбой, агарып калат. Сүт толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип менен катуу бууйбуз. Өпкө өзүнчө 2-2,5 саат казанга бышырып, муздаганда кыя кесип, көк чөп менен кооздоп дасторконго койсок болот. Тамагыңыздар таттуу болсун!
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео











