Суперстан: Мүнөздөрдү билип алыңыз. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мүнөздөрдү билип алыңыз. Керектуу маалымат.

#1 Пользователь офлайн   Ibragim06   01 Март 2014 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 401
  • Катталган: 04 Май 13
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 08:51

Адамдардын ар бир кыймылынан анын эмне каалап жатканын,алдап жатканын жана мүнөзүн билсе болобу?Мисалы сенин көзүңө тик карай албаган адам сенден таарынган же уялганын билсе болот дешетго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   vankuver   01 Март 2014 - 12:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Баарлашып жаткан адамыңыздын оюн билгиңиз келсе...
.
Сиз менен сүйлөшүп жаткан адамдын кыймыл аракети, манерасы аркылуу анын ойлогон оюн билгиңиз келсе, төмөнкүлөрдү эске тутуп алыңыз:
.
- Сиз менен пикир алышып жаткан кишиңиз бир бутун экинчи бутунун үстүнө коюп, ал эми колу менен жаагын сүрткүлөп отурат дейли. Колунун бармагын ээгинин астына, сөөмөйүн жаагына, ал эми чыпалагы менен оозун жаап отурган болсо, мындай адамдар сиздин айткандарыңызга кошулбасын билдирет.
.
- Эгерде балаңыз сизге бирдеме айтып жатканда оозун колу менен жапса, анда ал калп айтып жатат деп түшүнсөңүз болот. Өспүрүм бала калп айтып жатканда оозунун тегерегин сүрткүлөйт. Чоң киши калп айтып жатканда сөөмөйү менен мурдунун учун же үстүнкү эрдин сүрткүлөйт.
.
- Баарлашып жаткан адамыңыздын алаканын байкаңыз. Эгерде алаканын ачык коюп сүйлөшсө, анын сиз менен ачык-айрым сүйлөшүп жатканы. Эгерде колдору чөнтөгүнө салынып же аркасына алынса, анда сизден бирдемени жашырып жатканын билдирет.
.
- Сиз менен кол алышып учурашып жаткан адам колуңузду катуу кысып, анын колу сиздин колуңуздун үстүндө болсо, анда ал адам жагдайдын ээси. Эгерде сиздин колуңуз саламдашып жаткан адамдын үстүндө болсо, анда сизге баарлашууда демилге көтөрүү үчүн жол берип жаткандыгы. Эгерде кол алышып жатканда алаканыңар теңме-тең болсо, анда укугуңар бирдей экенин билдирет.
.
- Эгерде баарлашып жаткан адамыңыз сүйлөшүп жатканда колун аркасына алып, манжаларын кайчылаштырып алса, анда абдан ачууланып, өзүн колуна алгысы келип жатканы.
.
- Пикир алмашып жаткан адамыңыз калпты чындай кылып көрсөткүсү келсе, эркек кишилер көбүнчө көзүн ушалайт, көзүн ала качат же жерди карайт. Аялдар колунун учу менен көзүнүн астын сүртөт же өйдө карайт.
.
- Эгерде баарлашып жаткан адамыңыз сиздин айтканыңызга кошулбаса, анда ал мойнунун капталын тырмалайт.
.
- Баарлашып жаткан адамыңыз ээгинин астын сылагыласа бир чечимге келип жатканын билдирет. Эгерде көз айнек тагынса, көз айнегинин бир учун оозуна салат.
.
- Көзмө көз сүйлөшүп жаткан адамыңыз колдорун бооруна алып сүйлөсө, анда ал макул болбогон нерсени айтканыңызды билдирет. - Баарлашып жаткан адамыңыз өзүнө өзү ишенбей, жиндене турган болсо, анын колдорунун кыймыл аракетинен билдирет. Аялдар шакегин, саатын, билеригин кармалап, ал эми эркектер көйнөгүнүн жеңин, галстугун, саатынын боосун оңдоп жиберет.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   lucky_star   01 Март 2014 - 13:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

Ванкувер байке рахмат! Билип коюш керек экен))))

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   muxammet   01 Март 2014 - 13:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Коз адамдын ачкычы!
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Askaruli2   01 Март 2014 - 14:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Көзүнөн билууда оңой эмеско менимче...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aijan   01 Март 2014 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Билип эмне?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Iron_Man   01 Март 2014 - 15:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 163
  • Катталган: 25 Февраль 14
  • Соңку аракети: 23 Сен 2015 20:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекке.

Кандай суйлоп жатат, коз карашы, ответке реакциясынан оюн билууго албетте болот. Мени ойлондурганы суйлошпой оюн кантип билсе болот?
Озун темир киши!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aijan   01 Март 2014 - 15:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Iron_Man (01 Март 2014 - 15:08) жазган:

Кандай суйлоп жатат, коз карашы, ответке реакциясынан оюн билууго албетте болот. Мени ойлондурганы суйлошпой оюн кантип билсе болот?

Мимика, жест, кыскасы, кыймыл- аракетинен билесиз да.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   slastenka   01 Март 2014 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 506
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 17 Авг 2020 21:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мусулмандар жашагАн ШаардА

Албетте адамдын суйлогон создорунон, коздоруно карап баардык нерсени билип алса болот.
Мисалы мен озумду эле алып карасам туура эмес бир иш кылып алып,атама калп айтып калсам атам сразу эле козумо тикке карап билип алат.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Ibragim06   01 Март 2014 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 401
  • Катталган: 04 Май 13
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 08:51

бир жалганды көп айткан адам бир окуяны көп айтканы ал окуя чын экенин билсек болот ал эми бир окуяны бир эле жолу айтса ал жалган деп билемда мен.ошондой болушу мүмкүнбү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Vazir   01 Март 2014 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Адамдын кыймылынан билсен болот бирок толук эмес, М: сиз менен суйлошуп жаткан адам эшик жакты бир аз бурулуп турса ал сиз менен маекти бутургусу келет.
Ар бир кыймылдын озунун аталышы бар : козун сол, же он жакты буруп суйлосо эмнелерди билдирери ушул сыяктуулар. ..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aijan   01 Март 2014 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Ibragim06 (01 Март 2014 - 19:38) жазган:

бир жалганды көп айткан адам бир окуяны көп айтканы ал окуя чын экенин билсек болот ал эми бир окуяны бир эле жолу айтса ал жалган деп билемда мен.ошондой болушу мүмкүнбү

50/50. Эгер интуициянызды иштетпесениз оной эле алданып кала тургандайсыз.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Saiha.84   04 Март 2014 - 10:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Ibragim06 (01 Март 2014 - 11:27) жазган:

Адамдардын ар бир кыймылынан анын эмне каалап жатканын,алдап жатканын жана мүнөзүн билсе болобу?Мисалы сенин көзүңө тик карай албаган адам сенден таарынган же уялганын билсе болот дешетго


Канчалык ар типтеги адамдар менен коп баарлашсан тажрыйбан да ошончолук осот. Опытный психологдор адамдын суротунон деле коп нерсени айтып бере алат.,бирок сенин берген суроондон кыз киши жонундо болупжатабы соз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   sensei   04 Март 2014 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Билсең болот албетте. Мимикасынан эле айтып алышат көбү ичиндеги оюн, анан эле айтсаң "кайдан билдиң"- дешет таң калып.
Баамдаганды билсең, кыймылынан эле эмес жазган СМС нен да байкасаң болот. Адамдын аң-сезимин мыкты өздөштүргөн адамдар менен пикир алышсаң, оюнду да ката билүүнү өздөштүрө баштайсың акырындан.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   slastenka   04 Март 2014 - 20:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 506
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 17 Авг 2020 21:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мусулмандар жашагАн ШаардА

Бизде бир писихология дан берген агай бар эле...
Ал адамдын кол жазмасынан мунозу,жана эмнени каалап жатканын 5 колдой билип айтып берип салат эле
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   jasko   12 Март 2014 - 20:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 03 Июл 2025 02:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Коро-коро косом болот дегендей,тажрыйбасы мол адамдар оной эле айырмалайт адамдарды.Анан да сен менен баарлашып,маектешип жаткан адамды билуу оной эле болуш керек.Ал эми адамдар да ар турдуу болот:кээ бирлери сырын бат алдырат,кээ бирлери тескерисинче. Мен озум тууралуу айтсам,мага суйлогон созунон,же коз карашынан биле алам.Кээ бироолорду байкап турсан сага атайын жаман корунгусу келгендер болот,кошоматчылар да байкалат.Анан сага бироо кызыктуу нерсени суйлоп жатат дейли.Созунун ортосуна келгенде "Эми сеен" дей койсонуз созун токтотот.Кайра бат эле улап кетсе ал чындыкты айтып жатат,улай албай калса жалган айткан болот.Практикада сыналган нерсе.Кээ бироолорго озунун сырын айтып койсонуздар, "Ым,ким айтты сага?"деп алактап калат,бул менен алар чындъкты билдирип коюшат.
Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 12:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1 Биринчи числодо туулгандар үчүн эң башкысы - өзүнүн амбициясы. Ошондуктан аларда сүйүү жана романтика үчүн убакыт аз калат. Эгерде кокус сүйүп калса да, сүйүүсү экинчи планга чыгып, ал өзүнүн башкы максатына: жеке амбициясын канааттандырууга жумшалат. Ошондуктан "биринчилер" өзүлөрүнө оңой багынган, талап койбогон обьектилерге көп көңүл бурат. Сексте да ошондой, өзүнүн гана каалоосун орундатып, жолдошунун кызыкчылыгына аз көңүл бурат. Никеде болсо "биринчилер" сейрек бактылуу болушат, анда да жолдошу түшүнө билип, чыдамкай болсо.

2. Алардын сүйүүсү акыл-эсинде жаралып, рухий байланышсыз физикалык жакындык болбойт деп эсептешет. Экилер үчүн секс - сезимдин кульминациясы, эгер жолдошу менен рухий байланыш түзүлсө алар бактылуу. Рухий байланыштан кийин жакындык физикалык байланышка жетеби-жетпейби анын мааниси анча эмес аларга. Булардын никеси руху жактан жакын адамдар табышканда гана ийгиликтүү болот.

3. Булар агрессивдүүлүгү жана амбициясынын күчтүүлүгү менен айырмаланышат. Алардын кредосу: өзүн канааттандыра тургандын артынан түшүү, аны багынтуу жана кумарын кандыруу. Алар өздөрүнө теңди сүбөйт, ошондуктан жолдошу андан ашып түшпөй, кемчилигин толуктап жүрүшү керек.

4. Оңой менен контакка чыкпайт, эгерде сүйүп калса, өмүр бою сезиминен жанбайт. Жолдошунун көзүнө чөп салбайт, сексте болсо орточо. Төрттөр табиятынан пессимист болгондуктан - алар менен жашоо оңой эмес. Бул күнү төрөлгөндөр кызганчаак жана ачуусу тез келет, сүйүктүү адамынын колдоосуна өтө муктаж, ансыз муңайымдыктын океанына түшүп кетет. Булар менен жашайм деген адамда чыдамкайлык жана кайраттуулуктун чоң запасы болуш керек.

5. Бешинчи числодо төрөлгөндөр акчаны сүйүшөт. Алардын жыныстык кызыгуусу, жолдошунун байлыгына жараша болот. Сырткы көрүнүш "бештиктер" үчүн анча роль ойнобойт, акча болсо болгону.

6. "Алтылар" - эмоционалдуу, кыялкеч жана идеалдуулукка умтулгандар. Кызыкканына чын ниеттен берилет. Бийик сезим жана секс буларда бири-бири менен балансташтырылган, алар экөөнү тең бирдей жакшы көрөт.

7. "Жети" менен болсоң тынчтык таппайсың. Алар өзгөрмө жана табиятынан тынчсыз. Эң жакшы жаншерикти табууну көздөйт, ошондуктан көп ирет турмуш курат. Алар менен никеде тургандар, анын анча-мынча "ойноп" кетүүсүнө көңүл бурбаса да болот, - бул болгону алардын өзгөрүүнү каалагандыгынан гана келип чыгат.

8. Сегизинчи числодо төрөлгөндөрдүн мүнөзү өтө бекем, күчтүү болот, ошондуктан терең эмоционалдуу байланыш жасоого жөндөмдүү келишет. Бирок буларды тез-тез "сатып" коюшат, анткени "сегиздерди" сүйүү да, түшүнүү да кыйын. Алар көбүн эсе өзүн курмандыкка чалууга даяр, ошондуктан сегиздер кимге берилген болсо, ошолор аны эксплуатациялашат.

9. Бул адамдар өтө сексуалдуу, бирок өзүнүн каалоосун көбүнчө билдире албагандыктан, максатына жетпей көп убара тартат. Ашынган сексуалдуулук аларды тез-тез жолдон чыгаргандыктан, биринчи никелери көбүнчө ажырашуу менен аяктайт. Физикалык жакындашууну сүйүү деп эсептешээри менен бир кетирген катасын кайра кайталабайт. Өзү менен рухий жактан теңдер менен жакшы мамиле түзүп кетет.

10. Зилинде лидер болгондуктан, "ондуктар" өзүнүн чечимин жана буйругун кыңк этпей аткаруучу жаншерик издешет. Сексуалдык жактан өзү да күчтүү жана ошондой эле күчтүү жолдошко муктаж, анткени алар үчүн физикалык жактан ырахат алуу өтө маанилүү. "Ондуктар" менен жашоо жеңил. Бул өтө жолдуу жана оң число.

11. Карама-каршылыктуу натура. Сексти жакшы көрөт. Ошол эле кезде тартынчаак, ак ниет жана таштап кетпейт, башкача айтканда берилген. Ошондуктан, булардын интимдик жашоо сферасында дайыма кыйынчылыктар кездешет. Алар чыккынчылыкты жеңилүүнү көтөрө алышпайт. Эгерде буларга жашоосунда өзүнө ылайык жолдош жолукпаса, бүт жашоосу өйдө-ылдый менен өтөт. Алар өз алдынча болууну эңсешет, бирок ага жөндөмдүү эмес. Кыскасы булардын жашоосу - тынымсыз күрөш.

12. Булар менен жашоо жеңил. Жашоодо өзүнө тең жолдош издешет, ак ниет. Мүнөзү болсо оң, кепке келет, айтканга көнөт, анан жумшак болгондуктан өзүнө ишенкиребейт. Ошентсе да аларды күч менен жолго салам дегендер жаңылат. Сүйүү, эркелетүү менен мамиле кылсаң тооңду томкорот.

13. Он үчүнчү числонун эмоционалдык жана сексуалдык жашоосу татаал жана кыйын. Мындай кишилер кимдир бирөөнүн колдоо көрсөтүшүн ичтен күтүшөт жана ошондой жардам берген адам аларга керек. Аларды ар дайым бир нерсе жасоого түрткү бериш керек. Таңкалыштуусу булардын сексуалдык табити күчтүү болуп, сезими жактан начар. Ошондуктан "он үчтөр" менен нике куруу оңой эмес.

14. Мында төрөлгөн адамдардын жолдоштору бай болбосо, андан жакшы мамиле күтүү пайдасыз. Булар мамиле түзүүдө оңойлук менен ылым санап келбейт, аларды сүйүп калуу да кыйын. Ошентсе да булардын башка жыныстагы адамды өзүнө тартуучу магниттик сапаты бар. Алар мамиле түзүүгө жөндөмдүү, дипломаттык, прагматикалык сапатка ээ, турмушуна ушундай мүнөздүү жолдош издешет.

15. Булар кыялкеч, тез ачууланат жана сүйүп-күйүп жанат. Ошондой эле тез сууп калышат. "Он бештер" материалдык жактан жетиштүү камсыз болгондор менен ынак жашап кетет. Булардын никеси ийгиликтүү болот, бирок жубайы анын романтикалык талабына жооп берип, ал түзүп алган дүйнөнү бузбаш керек.

16. Бул адамдар бекем байланыш түзүүгө жөндөмдүү, бирок бир адам менен узак жашай албайт. Анткени алар бир калыптуулукту эмес, ар түрдүүлүктү жакшы көрүшөт. Ошол эле кезде аларды узак убакытка балап алууга болот, эгерде анча-мынча "шоктугуна" көз жумуп койсо. Кубаттуу жана назик, көңүлдөш.

17. Эмоционалдык жактан туруксуз, интрига уюштурууга жөндөмдүүү. Эгерде жолдошу аны бир жагынан чектейм десе, толук ажырашууга баруусу мүмкүн. Көп ирет "төшөк жаңыртып" , жаңы нике курат, анысы барган сайын ийгиликтүү болот. Өтө сексуалдуу, андай-мындай тыюу салууларды жактырбайт.

18. Сексуалдуу, бирок өзүнүн каалоосун билдирүүдөн уялышат. Ошондуктан көбүнчө көңүлү чөгүнкү. Өтө сезимтал жана назик, сейрек учурда гана жаңжалга барат. Сексттен башка чөйрөдө адамдарды баш иймелерин тандап алат.

19. Булар анык диктаторлор. Башка адамдардын да сезими бар, алар менен эсептешүү керек деген "он тогуздардын" капарына да келбейт. Айланасындагылардын өз максатына жетүү үчүн гана пайдаланылуучу курал, аспап катары карайт. Ашынган өзүмчүл, керек эмес жолдошторунан баш тартып коёт. Сексуалдык жактан аларды канааттандыруу кыйын, дайыма бирдеме жетишпегенсип жүрө беришет.

20. "Жыйырмалар" рухий дүйнөдө жашашат. Ошондуктан, сүйүктүү адамы менен сөзсүз рухий байланышта болушу керек. Жыныстык жактан алганда өтө күчтүү эмес, анткени алар үчүн рухийликтен башкасы экинчи орунда. Никеде болсо өзүнө окшош рухий сапаты барды издейт. Эгерде жолдошу физикалык жактан күчтүүрөөк, рухий жактан чабал болсо, турмуш отунун күйүшү кыйын.

21. Эмоционалдык жашоосу тыгыз жана балансташкан -булар рухий, физикалык мамилеге муктаж. Сексуалдык жактан орточо болгону менен романтикага берилгендиги менен артыкча. Мына ушул сапаттары алардын төшөктө жакшы партнер болуп, жубайынын ар түрдүү талаптарын канааттандыруусуна өбөлгө түзөт.

22. Эмоционалдык жактан күчтүү эмес, кыйындык менен сүйүшөт, эгерде сүйүп калса өмүр бою сүйүүсүнө бек болушат. Пессимизмге көп батышат жана кызганчаак келишет. Сексуалдык жактан орточо жөндөмдүүлүккө ээ, бирок өтө сезимтал болгондуктан кичинекей эле жолтоолук каалооссун бузуп салат. Булр үчүн дайыма тирек болгон кимдир бирөө керек.

23. Эмоционалдык жактан булар үстөмдүк кылууга умтулат. Ошол эле кезде алардын сезими терең, эгерде жолдошу бирдей темпераментте болуп, баш ийүүгө даяр болсо, никелери бекем болот.

24. Сексуалдык сферада - "орточолор" . Себеби, физикалык жактан алсыз жана чыдамкай эмес. Секс алардын оюнда көп жүрөт. Булар тартынчаак болгондуктан, карама-каршы жыныстагылар менен ийгиликтүү байланыш түзөт. Дайыма кыялданып жүрүшөт, бирок кыялдагысын турмушка ашырууга батынбайт. Сүйүүгө келгенде өтө эмоционалдуу, берилип терең сүйүшөт.
25. Сексуалдык жактан алганда, айырмачылыктардын таңкаларлык биригүүсү менен өзгөчөлөнүп турат. Жакшы камсыз болгондорго жабышуу менен бирге, кыялкеч келгендиктен, өзү каалаганды Кудайындай эле көрүп калат. Жыныстык жактан орточо кубаттуу болсо да, кумары жанган учурда өтө кызуу болушат.

26. Табиятынан өтө сезимтал келишсе да, рухий жакындыкты самашат. "Жыйырма алтысында" төрөлгөндөр оңой менен жанышпайт. Эгерде кызыкканы романтикалуу сырдуулук менен курчалып турбаса. Идеалдуулукка умтулуу жана кыялкечтик менен кошо дене кумарына берилүүнү каалоосу, булардын карама-каршылыктуу натурасынан кабар берет. Сүйгөнү үчүн чоң курмандыкка барууга даяр. Жумшак болгондуктан курчагандар аны дайыма пайдаланып кетишет.

27. Булар карама-каршы натурага ээ: бир жагынан өзүнө моралдык колдоо көрсөтө алгандарга тартылса, экинчи жагынан жумшак, тез көнүүчүлөргө тартылат. Аларды ойдо жокту кылгандар да кызыктырат. Эгерде адамы белгилүү, түшүнүктүү болсо аны менен болуу "жыйырма жетилер" үчүн кызыксыз. Карама-каршы жыныстагыга болсо каалоосунан көрө, көнүмүш болуп калагандыктан гана тартылат. Көпчүлүк менен мамиле түзүп кете алат, анткени акылдуу, кызыктуу жана мүнөзү боюнча күчтүү.

28. Жүрөк жагына келгенде жупуну жана берилген өзүн-өзү таңуулабайт. Алар үстөмдүк кылышпайт, бирок эмнени каалаганын эң жакшы билет. Жумшак, карөзгөй эмес , акылдуу. Рухий, физикалык байланышты тең салмакта кармаш керек. Эгерде рухий байланыш болбосо, жолдошу тез эле тажатат. Секс булар үчүн рухий жашоодой эле маанилүү, булардын бирөөсүнүн көптүгү экинчисинин кемтигин толтура албайт. Булар менен түзүлгөн нике ийгиликтүү.

29. Терең сүйүп, сүйгөнүн идеализациялап, ага узак убакыт бою байланууга көңүлү бар. Дурус эле сексуалдуу, бирок комплекстери бар, өзүнүн сексуалдык ж.б. каалоолорун уят-сыйытсыздык деп эсептейт. Булар үчүн жетектеп жүрүүчү жолдош керек. "жыйырма тогуздар" менен батышуу кыйын, анткени алар карама-каршылыктуу. Булар бир туруп үстөмдүк кылууга умтулса, бир туруп пассивдүү келип, баш ийип кетишет.

30. Бардык мамилесинде бийлик жүргүзүүгө умтулат. Ошондуктан булар үчүн айтканын эки кылбаган, жумшак жолдош керек. Жаралышынан мерген болгондуктан, өзү көксөгөндүн артынан түшүп, аны болуп көрбөгөн айлакердик, туруктуулук менен торго түшүрөт. Сексуалдык жактан күчтүү жана агрессивдүү. Карама-каршы жыныстагылар каалабаганына карабай тартыла беришет. Муну менен жубайлык жашоодо экинчи орунга макул болуп, ага баш ийүүгө даярлар гана жашап кетет.

31. Өтө берилген жана ак ниет, кыйынчылык менен, бирок терең сүйүшөт. Сексти жаныбардык каалоо, физикалык акт катары гана карайт. Татаал мүнөздүү, көп кырдуу мүнөзү бар, кең пейилдүүлөр гана бактылуу кыла алат. Көңүлү чөгүңкү тарта берет, мына ошол өзгөрүлгөн көңүлүн жолдошу илгерилетпей сезип, түнөргөн түпөйүлдүктөн куткаруусун каалайт.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   realliver   27 Июль 2014 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Бул муноздомон айымдарга экен. Эркектердики жокпу?
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   kanat4ik   27 Июль 2014 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен да берилип окуй бериптирмин, корсо айымдарга турбайбы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Play_boy   27 Июль 2014 - 20:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 25 Июнь 14
  • Соңку аракети: 12 Янв 2015 03:28
  • Калаасы:Las Vegas

Атандын гору, кытандар чындап ушундай муноздо болушабы же бул жон эле карандай калппы.?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 02:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: