Элестеткиле.
Анткени чындыкта бул жашоодо ага жолугуу мүмкүн эмес. Эгерде пайгамбарыбызга (с.а.в) жолугуп калсаңар ага кандай сурооңор же каалооңор болот эле?
- (2 )
-
- 1
- 2
Пайгамбарыбыз Мухаммедке (сав) жолугуп калсаңар...
#3 25 August 2010 - 17:17
#4 25 August 2010 - 21:37
Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав) жолугуп калсам :
Paigambar (sav)dy korup ele jurogumo yiman tolup,menden baktyluu adam joktoi bolup ,suraarga suroom jok kalmak bolushum kerek

@-}}--
#6 20 April 2012 - 08:52
Мухаммад — Аллаһтын Элчиси, деген күбөлүктүн шарттары
02/12/2011 in Акыйда
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллаһтын ысмы менен!
«Мухаммад (солля Аллаһу ъалейхи уа саллям) Аллаһтан жиберилген Пайгамбар! » — бул (сөздүн) маанисине милдеттү түрдө ишенишибиз керек, сүйүшүбүз керек, буйруктарына баш ийишибиз керек, андан келген кабарларга ишенишибиз керек жана анын сөзүн башка адамдардын сөзүнөн жогору коюушубуз керек. Эки күбөлүк бири биринен ажыратылбайт. Ошол себептен бул эки күбөлүк азан менен ташаххуд убагында айтылат. Аллаһ Таала айткан:
«Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.» (Мусулмандар качан келме, азан, такбир айтып Аллаһты эскеришсе «Мухаммад» деген ысымды да кошо айтышып, эскеришет. Сура аш-Шарх, аят 4.
Муджахид (рахматуЛлаһи алейхи) айткан: ”Эгер Мени эстешсе анда албетте сени дагы эстешет” Күбөлүк берем Аллаһтан башка татыктуу сыйынууга кудайлар жок жана Мухаммад – Аллаһтын кулу жана Элчиси.” Ибн Исхак «Фадль асс-саляти аля ан-Наби» 86-бет. Шейх Аль-Альбани мурсаль хадис деген.
Бул шахаданы(күбөлүктү) бекем ишеним менен айтыш керек. Аллаһ таала айткан:
«О, Пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (Бейиштен) кушкабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик. Өзүн нуруксаты менен (элдерди) Аллаһка даават кылуучу жана Нурлуу чырак (кылып жибердик).» 33 аль — Ахзаб 45-46-аяттары
Абу Хурайра жана ъАбд ар — Рахман бин Сахрдан (родыяЛлаһу ъанһума) кабар келет, Пайгамбар (солля Аллаһу ъалейхи уа саллям) айткан: « Мен тыйуу салгандан баш тарткыла, мен буйрук бергендерди канча күчүңөр жетишинче ошончо жасагыла. Албетте, силерден мурункуларды алар берген көп суроолору жана өзүлөрүнүн пайгамбарларына баш ийбестиги өлтүргөн» аль-Бухари, Муслим.
Пайгамбарга (солля Аллаһу ъалейхи уа саллям) баш ийгендик бул — Аллаһка баш ийгендик, Пайгамбарга (солля Аллаһу ъалейхи уа саллям) баш ийбестик – бул Аллаһка баш ийбестик деп эсептелинет. Аллаһ Таала айткан:
«Ким Аллаһка моюн сунса, демек Аллаһка моюн сунуптур. Ким моюн сунбай койсо(өзүнө зыян кылат). Биз сени аларга кароолчу кылып жиберген эмеспиз.» Ан — Ниса , 80-аят
Пайгамбарга баш ийүү фард (милдеттүү түрдө), анткени ал , анткени ал Аллаһтан бизге кабар алып келген адам. Ал өзүнүн үммөтүн ачык-айкын жолдо калтырды жана албетте андан жолдон чыккандар гана адашат. Аллаһ Таала айткан:
Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына (бул дүйнөдө) балээ же (Акыретте) жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын! ан-Нур 63-аят
Имам Ахмад (рохматуЛлаһи ъалейһи) айткан: «Фитна деген эмне экенин билесиңерби? ! Фитна – бул ширк ( Аллаһка шерик кошуу)! Анын (рохматуЛлаһи ъалейһи) айткан кээ бир сөздөрүн четке кагуу жүрөктө (динден) алыстоого себеп болот жана ошондуктан адам адашат» Шейх Мухаммад бин Салих аль-ъУсаймин «Үч негиздин» шархынан (түшүндүрмөсүнөн)
Ал (солля Аллаһу ъалейхи уа саллям) – Аллаһтын кулу жана ага сыйынуу болбойт. Биз Мухаммадды кудайлардан деп ишенбешибиз керек, ал ааламды башкарат деп жана ага сыйынууга татыктуу зат деп дагы кабыл албашыбыз керек. Тескерисинче, ал — кул (Аллаһтын), ага сыйынууга болбойт, ал пайгамбарлардын бири (акыркысы). Аллаһ каалабаса дагы эч кимге ал пайда менен зыян кыла албайт, ал эмес өзүнө дагы. Аллаһ Таала айткан:
Айткын: «Менин алдымда Аллаһтын казналары бар» дебеймин . Дагы мен кайыпты да билбеймин. Жана мен силерге «Мен-периштемин» деп да айтпаймын. Мен өзүмө вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчиймин». Айткын: «Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы? ! аль-Анъам 50-аят
Пайгамбар(салля Аллаһу уа алейхи уа саллям) өзүнө берилген Аллаһтын буйругуна баш ийгендерден. Аллаһ Таала айткан:
Айт: «Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт». (Дагы) айт: «(Эгер) мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллаһтын азабынан эч ким сактар кала албайт жана мен эч качан(жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.( Сура аль-Джинн 21-22-аяттары
Айткын : « Мен өзүмө Аллаһ каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албайм. Эгерде кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык жетмек эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүндүрүүчү Пайгамбармын. Сура Аль-Араф 188-аят.
Умар (родыяЛлаһу анһума) кабар берет, Пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан : « Мени каапырлар Иса бин Марйамды (чектен ашып) даңазалагандай кылып даңазалабагыла». Мени мактаганда чектен ашпагыла жана мени Аллаһ көтөргөндөн жогорку даражага көтөрбөгүлө. Мени Эгем мактагандай гана кылып мактагыла» аль-Бухари,Муслим.
Джундаба бин Абдуллахтан(родыйаЛлаху анху) кабар келет, пайгамбар(салля Аллаһу алейхи уа саллям) өлөрүнө беш күн калганда айткан: « Албетте силерден мурунку жашагандар өзүлөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн сыйынуучу жай кылып алышкан, бирок силер андай кылбагыла, анткени муну мен силерге тыйуу салам» Муслим.
Абу Хурайра(родыйаЛлаһу анһу) кабар берет, пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан: « О Аллаһ! Менин мүрзөмдү ага сыйынган кудайчалардан кылба. Албетте Аллаһтын ачуусу катуу, өзүлөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алган адамдарга» имам Малик, Ахмад.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан: « Аллаһтын каргышы иудей менен христиандарга тийсин, өзүлөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн чиркөөгө(храмга) айландыргандыгы үчүн» аль-Бухари, Муслим.
Ошентип биз билип алдык Пайгамбарга(салля Аллаһу алейхи уа саллям) жана даражасы андан ылдыйларга сыйынууга болбойт(алар сыйынууга татыктуу эмес). Жалгыз гана Аллаһка ааламдардын Эгесине сыйынабыз! Мухаммад(салля Аллаһу алейһи уа саллям) Аллаһтын жаратылгандарынын эң татыктуу, эң жакшы жана Аллаһтын эң балуу адамы.Ал- Аллаһка жакын, жогору даражаны ээлейт.Аллаһ Таала айткан:
« (О, Мухаммад! ) Биз сени ааламдарга ырайым(болушуң) үчүн жибердик. Сура аль-Анбия 107-аят
Адашкан адамдар гана Аллаһтын мээриминен качат. Пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям)айткан: «Кыямат Күнү мен Адамдын балдарынын эгеси болом. Мен биринчи (Аллаһ тирилткендерден) жер ачылганда, жана мен биринчи шафаа берүүчү болом жана менден биринчи шафаа сурашат.» Муслим, Абу Дауд 4673, Муснад 2/540.
Аллаһ ага Куранды берди, ага Өзүнүн динин жайылтууга аманат (ишеним) кылды жана каталардан ,кемчиликтерден сактады. Ушул жөнүндө Аллаһ Таала айтты:
Жана ал абадан (өз оюнан) сүйлөбөйт. Алар (ал сүйлөгөн сөздөр – Аллаһтан келген) вахий кабарынан башка эмес. Сура ан — Наджм 3-4- аяттары.
Эгер адам пайгамбардын жиберилгенине ыйман келтирбесе, анын ыйманы жараксыз болот. Ага баш ийген Бейишке кирет, ким каршылык кылса,Тозокто болот. Аллаһ Таала айткан:
Жана кимде-ким, өзүнө Туура Жол анык болгондон кийин, Пайгамбарга(анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны Тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай! Сура ан — Ниса 115-аят.
Бардык пайгамбарлар өзүлөрүнүн элине, уругуна жиберилген, Мухаммад(салля Аллаһу алейһи уа саллям) – бардык адамзатка. Аллаһ Таала айткан:
Биз сени (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. …… Сура Саба 28-аят.
Джабир(родыяЛлаху анху) кабар берет, Пайгамбар(салля Аллаһу алейхи уа саллям) айткан: « Бардык пайгамбарлар өзүлөрүнүн элине жиберилген, мен болсо бардыгына эч кимди бөлбөй(жиберилген)» аль — Бухари, Муслим.
Пайгамбар Мухаммад(салля Аллаһу алейһи уа саллям) акыркы пайгамбар жана Элчи болуп эсептелет. Аллаһ Өзүнүн кабарын жана бардык Китептерден эң улуу Китебин(Куранды) таркатыш үчүн тандап алган пайгамбарлардын акыркысы. Ал бардык пайгамбарлардан жана элчилерден эң улугу, ошондой эле сүйүктүү жана Аллаһтын досу. Аллаһ Таала айткан:
(О,Момундар! ) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.(3) Ал болгону Аллаһтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллаһ-ар нерсени Билүүчү. Сура аль-Ахзаб 40-аят.
Ким гана болбосун андан кийин өзүн пайгамбармын деп жарыяласа каапыр болуп эсептелинет жана ким гана болдосун калпычы пайгамбарга жардам берсе каапыр болуп эсептелинет. Ким шек санаса (Пайгамбардан) ал да каапыр болот. Андан кийин пайгамбар болбошуна ыймандуулар ишенишет.
Абу Хурайрадан(родыйаЛлаһу анһу) кабар келет, Пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан: « Мен жана менден мурунку пайгамбарлар бир бурчунда таш жетпеген кооз жана сонун турак жайга окшош. Аны адамдар тегеренип таң калышып айтышат: « Эгер ушул таш өз ордунда болгондо! » Мен — ошол ташмын. Мен — пайгамбарлардын акыркысымын» аль-Бухари, Муслим.
Джубайра бин Мутимадан(родыяЛлаһу анһу) кабар келет, Пайгамбар айткан: «Менин беш ысмым бар – мен Мухаммад жана Ахмад, жана мен – аль — Махди, ушу менен Аллаһ каапырчылыкты тазалайт, жана мен — Хашр, ушунун бутунун жанында адамдар чогулат, жана мен аль-Акыб» аль-Бухари, Муслим.
Аллаһ аны жакшылык жана акыйкат жолго чакыруу үчүн жиберген. Анын жиберилгендиги жалган деген Аллаһка жаман сөз айткан менен барабар, ал эле эмес Аллаһ Тааланын өзүн калп деген менен барабар.
Саубандан(родыйаЛлаһу анһу) кабар келет, пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан: « Албетте менин уммамда отуз калпычы пайда болот, алардын ар бири өзүн пайгамбармын деп жарыялайт, мен акыркы пайгамбар болсом дагы жана менден кийин башка пайгамбар болбойт» аль-Бухари, Муслим, Абу Дауд4252 , Муснад 5/278.
Ал адамдардын арасынан эң такыбасымын. Пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айтты: « Силердин араңардан мен эң такыбааңармын жана Аллаһ белгилеген (ар бир нерсени) чегин жакшы билем» аль-Бухари, Анас бин Маликтин кабары менен.
Аллаһ аны адамдардын арасынан сүйүп жана тандап алды, жана аны Өзүнүн жакыны кылды. Пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан: « Аллаһ мени Өзүнүн сүйүктүүсү кылды, Ал Ибраһимди Өзүнүн сүйүктүүсү кылгандай эле.» Муслим.
Аллаһ таала айткан:
Эгер Аллаһ менен Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллаһ жана Пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр! Сура аль-Ахзаб 36-аят.
Сөз жок ким болбосун пайгамбар Мухаммадга(салля Аллаһу алейһи уа саллям) баш ийсе, ал такыбаа деп эсептелинет. Ал эми, араларында өкүм кылуу үчүн Аллаһ жана Пайгамбарына чакырылган кездеги ыймандуулардын сөзү:
« Уктук жана моюн сундук» деп айтуу (гана болушу кажет). Дал ошолорго гана жеңишке(Бейишке)жетүүчүлөр! Сура ан — Нур 51-аят
Күбөлүк айтуунун шарты
«Мухаммад – Аллаһтын Элчиси»
(Мухаммадан РасулюЛлаһ)
Бул күбөлүктүн сөздөрү жети шартты камтыйт, «Ля иляһа илля Лляһ» күбөлүгүндөй эле. Бул сөздөрдү аткарбайынча жана куран менен ишенимдүү сүнөткө тура келгендей түшүнбөсө, адамга пайда алып келбейт.
Ылдый жактагы көрсөтүлгөн шарттар Куран жана Сүннөткө дал келген түшүнүктү атактуу ислам алымдары белгилеген.
Бул шарттар мындай:
1 Мухаммадды (салля Аллаһу алейһи уа саллям) пайгамбар деп кабыл алып жана ушуга (толук) ишенүү.
Аллаһ таала айткан:
Албетте, Аллаһка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллаһтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер. Сура аль-Худжурат 15-аят
2 Күбөлүктү тил менен айтып жана аны тастыктоо.
Аллаһ Таала айткан:
Булар - Аллаһтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Жана сен, албетте, пайгамбарлардын бирисиң. Сура аль-Бакара 252-аят.
3 Пайгамбарга(салля Аллаһу алейһи уа саллям) баш ийүү, анын буйруктарын аткаруу жана эмнени гана тыйуу салбасын ошону аткарбоо.
Аллаһ Таала айткан:
Айт: « Эгер Аллаһты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллаһ силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ-Кечиримдүү, Мээримдүү». Сура Али Имран 31-аят.
4 Пайгамбардын(саля Аллаһу алейһи уа саллям) бардык айткандарын кабыл алуу(буйруктарын, тыйуу салууларын, мурунку жана келерки окуялардан кабар кылганын).
Аллаһ таала айткан:
Пайгамбар силерди эмнеге буйруса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллаһтан корккула, чынында Аллаһтын азабы катуу! Сүрө аль-Хашр 7-аят.
5 Пайгамбарга(саля Аллаһу алейһи уа саллям) болгон сүйүү башка жаратылгандарга болгон сүйүүдөн бийик туруш керек.
Аллаһ Таала айткан:
Пайгамбар момундар үчүн өз жандарынан да кымбат.Сура аль-Ахзаб6-аят.
Анас(родыйаЛлаһу анһу) кабар кылат, Пайгамбар(салля Аллаһу алейһи уа саллям) айткан: « Эч ким ыймандуу боло албайт, өзүнүн атасын , өзүнүн балдарын жана бардык адамдарды чогуу сүйгөнүнөн дагы мени көбүрөөк сүйө албаса». аль-Бухари, Муслим.
6 Пайгамбардын сөзүн(салля Аллаһу алейхи уа саллям) бардык адамдардын сөзүнөн жогору коюу керек жана Сүннөтүн аткаруу керек.
Аллаһ Таала айткан:
О,ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын жана пайгамбарынын алдында(бир иш же сөз менен) жулунбагыла! …. Сура аль-Худжурат 1-аят.
7 Пайгамбарды(салля Аллаһу алейһи уа саллям) урматтоо жана ардактоо керек.
Аллаһ Таала айткан:
(О,Мухаммад! ) Биз сени (Аллаһтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу,(Бейиштен) куш кабар берүүчү жана(Тозоктон)эскертүүчү Пайгамбар кылып жибердик. Жана силер Аллаһка, Анын Пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели — кеч аруулап турушуңар үчүн(силерге пайгамбар жибердик). Сура аль-Фатх 8-9-аяттары.
Баардык мактоолор ааламдардын Раббиси Аллаһка болсун!
http://iyman.kg/posts/655

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#7 14 May 2012 - 18:02
Чындыгында пайгамбарыбызды(с.
а.в.) бул жашоодо көрүп, аны менен сүйлөшүү мүмкүн. Ыймандын даражасы ошого жеткен убакта, аны көрүүгө болот. Пайгамбарыбызды(с.
а.в.) көргөн адам аны(с.а.в) чындап эле көрдүмбү же көргөн жокмунбу деп ойлонбой деле койсо болот. Пайгамбарыбыздын(с.
а.в.) келбетин азыр эч ким билбейт, бирок аны(с.а.в.) көргөндөр пайгамбарыбыз(с.
а.в.) экенин жүрөгү менен сезет. Чындап ошондой сезим болгон болсо, анда пайгамабарыбызды(с.
а.в.) көрдүм деп койсон болот. Анткени, пайгамбарыбыздын(с.
а.в.) сөлөкөтүн бир дагы жин, бир да шайтан кийе албайт. Башка адамдардын келбетин кийип келип алдашы мүмкүн, бирок пайгамбарыбыздыкын(с.
а.в.) эч качан кийе албайт.
Пайгамбарыбызга (с.а.в.) жолуксам, мага дуа кыл деп суранаар элем. "Сенин ыхлас үммөтүндөн болсун деп дуа кыл" деп кыйкыраар элем.

#8 15 May 2012 - 18:23
Ооо эчтеке сурбайт болчумун. Анткени ал бизге берчу насыятын берген, уммоту учун дуа кылган. Аны коргон бейишке чыгат. Коргон эле мага жетиштуу болмок.
#9 16 May 2012 - 15:11
Менин жана менин ата-энемдин,
бир туугандарымдын билип билбей кылган күнөөлөрүн кечире көр демекмин.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#11 19 May 2012 - 16:16
Менин жана менин ата-энемдин,
бир туугандарымдын билип билбей кылган күнөөлөрүн кечире көр демекмин.
Азамат1992кг, кечирим Аллахтан гана суралат. Бул - диндин өзөгү.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 21 May 2012 - 04:10
Ата-энем,
жакындарым учун дуа кылуусун суранмакмын.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#13 11 July 2012 - 00:14
ان شا ءَ الله Жаннатта бир болобуз Жалпы Момун Мусулмандар!
!!
Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
#14 11 July 2012 - 00:40
“Оо Пай сав осуяты"
"Оо, адамдар!
Сөзүмдү жакшылап уккула! Билбейм, балким, бул жылдан кийин силер мененкайра бул жерден жолуга албастырмын.
Оо, адамдар!
Ушул күндөрүңөр кандай ыйык күндөр болсо, бул айларыңар кандай ыйык айболсо, бул шаарыңар (Мекке) кандай куттуу шаар болсо, жаныңар, мал-мүлкүңөр, ар-намысыңар дагы ошондой ыйык, ар кандай кол салуудан корголгон.
Оо, сахабаларым!
Эртең Жаратканыңардын алдына барасыңар жана бүгүнкү кылган баардыкиштериңерге сөссүз жооп бересиңер. Менден кийин мурдагы бузукулуктарыңарды кайрабаштап бири бириңерди өлтүргөнгө өтпөгүлө! Бул осуятымды ушул жерде тургандарбул жерде болбогондорго жеткирсин! А балким, азыр бул жерде болбой, бирокбашкалардан уккандар, бул жерде азыр угуп тургандарга караганда жакшыраактүшүнүшү мүмкүн.
Оо, сахабаларым!
Кимдин жанында аманат бар болсо, аны ээсине берсин!
Сүткорлуктун баардык түрүнө тыюу салынды. Бирок, карызыңардын дал өзүнтөлөшүңөр керек. Зулумдук кылбагыла жана зулумдукка учурабагыла! Аллахтын буйругуменен эми сүткорлукка тыюу салынды. Жахилиядан калган бул жаман адаттын баардыктүрү жок кылынды. Мен биринчи жойгон сүт корлук – абам Абдулмутталиб уулуАббастын сүткорлугу.
Оо, сахабаларым!
Жахилия доорунда болуп келген, кек кууп өч алуу салты толугу менен жоюлду.Мен жойгон биринчи кан куумай салт – Абдулмутталибтин небереси Рабиянын кундосу.
Оо, адамдар!
Бүгүн шайтан силердин ушул жериңерге таасирин жана өкүмдарлыгын орнотуукүчүнөн түбөлүккө ажырады, бирок силер кайдыгерлик менен майда нерселерде да,анын тилин алсаңар ал көөп кетет. Диниңерди коргоо үчүн булардан сак болгула!
Оо, адамдар!
Аялдардын укугун коргогула жана бул тууралуу Аллахтан коркууңарды такыпайтамын: Силер аялдарды Аллахтын аманаты катары алдыңар, алардын намыстарынАллахка сөз берип туруп, өзүңөргө адал кылдыңар. Силердин аялдарыңарга, аялдарыңардын силерде акылары бар. Силердин аялдарыңарда болгон акыңар –алардын үй-бүлөңөрдү жат бирөөгө тебелтпөөсү. Эгер силердин уруксатыңар жок бирадамды үйгө киргизсе, аларды акырын какыс-кукус кылып койсоңор болот. Аялдардынсилерде акылары болсо жашаган жердин шаттарына жараша тамак-ашын жана кийимкечек менен камсыз болуулары”.
Оо, момундар!
Силерге бир аманат калтырып жатам, муну бекем тутунсаңар, жолуңардан эчадашпайсыңар. Ал аманат – Аллахтын китеби Куран,
Оо, момундар!
Сөзүмдү жакшы уккула! Мусулман – мусулмандын боордошу. Ушундайча баардыкмусулмандар бири бирине боордош. Диндеги боордошуңардын тигил же бул укуктарынтебелөө эч кимге адал эмес, өзү ыраазы болбогон абалда акысын жеш адал эмес.
Оо, сахабаларым!
Өзүңөрдө да зулумдук кылбагыла, өзүңөрдүн үстүңөргө да акыларыңар бар.
Оо, адамдар!
Аллах ар бир укук ээсине акыларын (Куранда) берген. Мураскорго осуяткалтыруунун кереги жок. Төрөлгөн бала өз атасыныкы.
Оо, адамдар!
Жаратуучуңар бир, бабаңар да бир, баарыңар Адам атанын балдарысыңар. Адамата болсо топурактан. Аллах алдында эң даражалуу болгонуңар – Андан эң көпкоркконуңар. Арабтын араб болбогон улутка үстөмдүгү жок. Даража тек канатакыбалык менен болот.
Оо, адамдар!
Эртең мени силерден сурашат. Эмне деп жооп бересиңер?
Ошол жерде турган сахабалардын баардыгы жапырт: “Аллахтын элчилик кызматынөтөдүң, милдетиңди аткардың, бизге осуят калтырдың, насыят айттың” – деп жоопберишет. Андан кийин пайгамбарыбыз сав. сөөмөйүн өйдө көтөрүп: “Күбө болоо Жаратканым, күбө бол оо Жаратканым, күбө бол оо Жаратканым” – дейт.

#15 08 May 2013 - 22:06
Adamdy jonele suiuntosunorgoo! Men kundo jataarda jana bata kylyp jatkanda Kudaidan suranam Paigambarybyz Muhhamad (S.A.V.) jolugup kalsam eken dep
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#16 09 May 2013 - 11:15
мен анда дароо эле бейишке киришиме дуба кылып коюнузчу деп,эки дуйно бактылуулук сурамакмын.
..
#17 09 May 2013 - 14:27
Ассаляму алейкум мусулман эже-синди, ага-инилер, Мен Аллах деген атты уксам козумо жаш келет, эмнеге экенин билбейм бирок женилдеп калам. "Как тесна была бы жизнь еслиб не простор надежды" Иншалла балким жолугабыз бул дуйнодо болбосо, аркы дуйнодо. Мен тушумдо,унун уккам, озун коргон эмесмин. Тушумдо чолду кордум, уйлору кумдун тубундо калганбы тушунуксуз,
ал жерде аялдар жалгыз, куйоолору согушканы кеткен, ошолорду корсотуп,ун мага "кордунбу булардын жашоосун кыйынчылык болсо да,сууга зар болсо да парзын аткарышчу, силер бардыгы бар болсо да намаз окубайсынар"
деген, билбейм балким баарына кулкулуу туюлар, чолдон анан пингвиндер жургон жерди кордум ошол пингвиндер даарат алып жуунуп атышыптыр. Мен бул жердеги динден тушугу коп адамдардан сурайт элем эмне деген туш? особенно пингвиндер?
Же жаныбарлар да намаз окушабы?
#18 09 May 2013 - 14:36
Мен жалпы кыргыз элимдин ыйманын сурамакмын.
Биз чогуп бартабыз ошондуктан!
!!
"""Мына ушинтип эгемендуу Кыргызстаным гулдосун"""
#19 09 May 2013 - 17:43
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В га бул дуйнодо онумдо жолуга албайм. Акыретте жолугуп калсам кантип бетине карайм, кантип "я расулаллах,
мен сиздин уммотунуз болом" деп кантип айта алам? Анткени мен, пайгамбарыбыз С.А.В алып келген аманатын элге жетишээрлик жеткире албай жатпаймбы деп ойлоно берем. Мен озум пайгамбарыбыз С.А.Вды тушумдо корбосомда коргон адамдарды билем. Бизге да Аллах оз пайгамбарын тушундо корууго насип этсин
#20 20 May 2013 - 11:32
Эгер мен жолугуп калсам, мухаммедден Арабия өлкөсүн басып алууда дин үчүн согуш деп карапайым калкты баштап согуш ачтың, оппозициянын башында турдуң. Мына ошондо канча адам өлдү, канча баланы жетим калды, канча аял күйөөсүз калды, канча энени баласыз калды ушул кылгандарың үчүн өкүнүп жаткан жоксуңбу деген суроо узатат элем. Балким азыр ал ошол согуш жарыялап кан төгүүгө жеткиргендиги үчүн жараткандын жазасын алып жаткандыр...
Гуд бай, форумчулар!
!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео