Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1061 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Франциядагы көрүнүктүү кыргыз эстелиги.

Сүрөттөгү эстелик Француз Ривьеренин Ментон шаарынын ботаникалык багына тургузулган. Калпакчан кыргыз жаранынын скульптурасы орус устасы Евгений Александрович Лансеренин (1848-1886) эмгеги болуп саналат. Наполеон аскерлеринин урпагы болуп эсептелген орус устасы 1812-жылы согуштан кийин Орусияда калып калган. Ал өз өмүр жолунда түрдүү алтын, күмүш жана башка баалуу буюмдарды жасап скульптуранын чыгаан устасы аталган. Анын талантынан белгилүү, колунда бар адамдар пайдаланып, өз үйлөрүн жана конок күтүүчү бөлмөлөрүн кооздотуп турган. Ал болгону 38 жыл гана жашаган, ошол убакыт ичинде 400 гө жакын эмгектик далилдерин жасоого жетишкен. Ар жылы уста Орус империясынын түштүк губерниясы тараптагы өзүнүн эмгектеринин элесин көрүү үчүн барып турган. Анын эмгектеринин ичинде украин, Орто Азияга, Чыгыш Кавказ элдеринин өзгөчөлүктөрү кездешет. "Киргиз с беркутом" аттуу бул эстелик Франциянын императору АлександрIII кө көрүнүктүү белек катары берилген.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1062 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Крокодил менен адамдын ортосундагы достук.

Коста-Рикада балыкчы Жунгли арасынан көзгө жарадар болгон крокодилди таап алган. Узундугу 5 метрге жеткен жырткычты ал кайыгына салып, үйүнө алып барган. Ага ал Почо деп ат коюп, бир нече ай бою аны караган. Жырткыч толугу менен айыкканда, эркек аны өзүнүн үйүнөн алыс эмес жерде жайгашкан көлгө коё берген. Сүзүп кеткендин ордуна, Почо артка кайрылып балыкчыга келген. Ошондон бери, крокодил көз жумганча алар кан достордон болгон.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1063 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Судан: Христианга турмушка чыгып, Ислам дининен кеткени үчүн кош бойлуу аялды дарга асышмакчы.

Судан соту кош бойлуу аял христианга турмушка чыккан үчүн өлүмгө - дарга асууга буюрулду. Бул туралуу Би-Би-Си телканалына шилтеме берүү менен Риа Новости маалымат агенттиги жазат. Судьянын айтымында Христиан дининин өкүлүнө турмушка чыгуу менен Мериам Эхья Ибрагим Ишаг Ислам динине "чыккынчылык" кылган. Бул кылык үчүн аны өлкөдөгү эң катаал мыйзам менен жазалоо керек деп билдирет ал өз сөзүндө. "Биз сизге ойлонуп алууңүз үчүн 3 күн бердик. Бирок, сиз Ислам динине кайтуу тилегиңиз жок экендигин айттыңыз. Ошонун баарын эске алуу менен "чыккынчылык" үчүн өлүм жазасына буюрулдуңуз, " - деди судья өзүнүн акыркы сөзүндө. Жергиликтүү маалымат булактарынын айтымында Мериямды баласы туулгандан 2 жыл өткөндөн соң жазага тартышат. Сот өлүм жазасын берүү менен катар аялга 100 балдак уруу менен да жаза атады.

Суданда көпчүлүк Ислам динин карманат. Алардын мамлекеттик мыйзамдары болуп кадимки Ислам дининин талаптары эсептелет. Чыгыш өлкөлөрү кош бойлуу аялга жазаны жеңилдетүү менен кароону сурап бир нече ирет кайрылуу жасады. Amnesty International организациясы бул жазаны "эн жийиркеничтүү" деп атады. Алардын айтымында Мериямдын апасы христиан улутунан болгон, ал эми атасы мусулман болгону менен кызына тарбия берген эмес. Мериям кичинекей кезинен христиан динин карманып жүргөн.

Кош бойлуу мериямга 2013-жылдын август айында "каапырга турмушка чыгуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2014-жылы "кылмышкер" христиан динин кичинесинен карманып келе жатканын айткандан кийин жаза дагы да күчөтүлгөн.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1064 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Британияда сылык-сыпаа ууру акча ала албай коюп, банктан акырын чыгып кетти.

Жаш жигит кассирге кат сунган. Анда “Бул уурулук. Сураныч, ушул конвертке 3 миң фунт салып коёсузбу?” - деген жазуу бар болчу. Мындан тышкары, кылмышкер жанында тапанча жана балта бар экенин кыстара кеткен. Күтүүсүздөн кассир аял ордунда катып тура берди. Ал эми ууру иш алдыга жылбай жатканын көрүп, акырын чыгып кеткен. Окуяны видеокамералар жазып калды. Полиция шектүүнү издеп жатат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1065 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:50

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Шотландияда эркек киши өз сүйгөнү үчүн 3 саат бою кир сууга чүмкүдү. Шариф Хаддин сүйлөшкүн кызына баш кошуу сунушун узатып жаткан. Каттуу толкунданып кеткен жигит нике шакекти көлмөгө түшүрүп алды. Айласы кеткен жаштар үч саат бою кир суунун түбүн тинтип, бриллиант менен шакекти издеп чыгышты. “Аракет кылсаң - берекет," - демекчи, акыры кыз-жигит аны табышты. Колуктунун айтымында, эми бул күн өмүр бою анын эсинде калат.


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 15:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1066 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сауд Арабиясында экстрим сүйүүчүлөр унаа жүрүп бара жаткан жеринен дөңгөлөктөрдү алмаштырууда. Белгилей кетсек, адреналин издегендер буга чейин машинени капталына жаткырып, эки дөңгөлөк менен айдаганды үйрөнүп алышкан. Эми алар ишин дагы татаалдантып, мындай абалда дөңгөлөктөрдү алмаштырууда. Кошумчаласак, мындай иш-аракет өмүргө кооптуу.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1067 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Түркияда бет түзүлүшү адамдыкына окшош козу туулду.

Түркиянын Измир шаарына жакын жайгашкан кыштакта бет түзүлүшү адамдыкына окшош козу туулду. Козуну көргөнгү келген мал доктурлар анын мурду кетирекей, оозу жана ээги да адамдыкына окшош экенин айтышты. Бул тууралуу 13-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мал ээси кой бооз кезинде араң жүргөнүн айткан. Кой табигый жол менен эмес, ветеринарлардын жардамы менен, кесип алуу жолу аркылуу тууган.

Орусиялык басылмалар белгилегендей, козу өлүү туулган. Ветеринарлар эмне себептен анын жүзү адамдыкына окшош экенин айта албай жатышат. Алар "койго бооз кезинде курамында А витамини көп жем берилген, ушундан улам болушу мүмкүн," - дешүүдө.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1068 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 15:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

200 сомдукка акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлүп, арткы бетине анын:
“Ысык-­Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун," - деген ыры жазылган. Улуттук валютага ыр түшүрүү практикасы башка элде болгон эмес.


Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 25 Июнь 2014 - 15:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1069 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Токионун эс алуу жайында таз кардарларга арзандатуу киргизилди.

Рейтерс жазгандай, барлардын биринде чачы жок эркектер менюнун бардык тамагына 50 йен арзандатуу алат. Пабдын ээси Йосико Тойод түшүндүргөндөй, мындай жол менен ал таз мырзаларды колдогусу келет. Себеби, Японияда алар чачы жоктугунан уялып, коомдук жайларга көп чыккысы келбейт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1070 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кореяда пластикалык хирург 14 жаштагы кызды картаң деп, операция жасоону сунуштады.

Жаш ырчы Шимали Де Сильва эларалык сынакка катышуу үчүн Сеулга учуп келип, жада калса финалга да өткөн. Бирок чечүүчү бөлүктө шоу жетекчилери аны пластикалык хирургга жиберишти. Врачтын ишениминде, жаш кыз 30 жаштагы аялдай көрүнөт. Мындан тышкары, хирургдун пикиринде, Шималинин чекесин, ээгин түзөтүү зарыл. Мындай нерсени уккан жаш кыз ыйлап, өзүнө келе албай жүрдү. Көп өтпөй анын энеси операциядан чечкиндүү түрдө баш тартып, кызын үйгө алып кетти.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1071 Пользователь офлайн   kuba.94kg   25 Июнь 2014 - 16:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Кызык го :гезит:
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1072 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кызыктуу фактылардан: Балдар күнүнө орточо эсеп менен 400 жолу күлсө, чоңдор болсо болгону - 15 жолу. Адам орточо эсеп менен, туулган күнүн дагы 9 миллион адам менен бөлүшөт. Үй кожойкеси күнүнө үй оокатын жасап, 11 чакырым басып өтөт. Башка сезонго караганда, балдар жазында эки эсе бат өсөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1073 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдө кандай гана тыюулар жок. Алсак, Сингапурда сагыз чайноого такыр болбойт. Анын себеби айтылбайт, тыюу 1992-жылы киргизилген. Бруней, Индонезия жана Малайзияда дуриан аттуу өсүмдүктү коомдук жерлерде жегенге болбойт. Ал даамдуу болгону менен, жыты дүйнөдөгү эң эле жагымсыз жыттардын бири. Ал эми Даниянын ресторандарында тамактануудан кийин, эгер жакшы тойбодум деп эсептесеңиз, тамак-ашка төлөбөй койсо болот.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1074 Пользователь офлайн   Angel92   25 Июнь 2014 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Ой бай,тан калып бутпой жатам окугандарыма
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1075 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда айдоочу унаа тыгындарын айланып өтүү үчүн манекен колдонду. Тургун Бостон шаарына бара жаткан, деп жазат Ассошейтед Пресс. Жолдун бир чийини жүргүнчүлөр менен бара жаткан айдоочулар үчүн гана болчу. Ал тарап бош болгонун көргөн тургун картондон адамды кесип, аны салонго отургзуп койгон. Көп өтпөй, шектүү унаа токтотулду. Эми айдоочу сот жообуна тартылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1076 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Индияда жаан жаадырыш үчүн бакаларды үйлөнтүшөт.

Индияда баардык көйгөйлөр үйлөнүү менен чечилет деген ой кетет. Мисалы: Түшүмдү жакшы алыш үчүн уйларды үйлөнтөт. Ал эми жаан жадырыш үчүн бакаларды үйлөнтөт экен. Мындай ыкмага индиянын тургуну Ассам деген айым иш жүзүнө ашырган. Баардыгынан кызыгы бакаларды үйлөнткөндөн кийин, синоптиктер жаан жаайт деп кабар беришкен.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1077 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Илимпоздордун изилдөөлөрү боюнча адамдын орто манжасындагы тырмак, башка манжадагы тырмактарга караганда батыраак өсөт экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1078 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Адам баласы тамактын даамын өзүнүн шилекейи менен аралаштырмайынча сезе албайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1079 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сол өпкөгө караганда, оң өпкө өзүнө көп аба сарптайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1080 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 16:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Фейсбуктун жаратуучусу Марк Цукерберг дальтонизм (цветовая слепота) дарты менен жабыркайт. Кызыл жана жашыл түстөрдү жакшы ажырата албагандыктан, биз билгендей фейсбуктун дизайны көк түстө. Цукерберг көк өңдүн бардык түрүн гана жакшы айырмалай алат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 17:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: