Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1101 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бир аябай чындык факт!
Кыргыз элинин дале Кыргызстандын бермети болуп эсептелген Ыссык-Көлдө, кызыл армия басып келгиче, байыртан "ыйык" деп эсептеп, ал көлдө эч ким чөмүлгөн эмес! Азыр болсо, өкүнткөнү ар ким булгап жатышат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1102 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн дүкөнү ачылды. Статистикага ылайык, америкалык дүкөндөр товарлардын 40 пайызын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ыргытышат. Ал эми чынында алардын ден-соолукка зыяны жок, болгону даамы анча жакшы болбой калат. Анын үстүнө, азыктарды атайын шарттарда сактаса, алар таңгакта көрсөтүлгөн мөөнөттөн узагыраак жарактуу болот, дешет дүкөн ээлери. Мындай товарлар арзаныраак болобу – такталбайт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1103 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытай жараны унаа сатып алып, анын акысын 5 тонна тыйындар менен төлөдү. 100 миң юань турган машинени ал толугу менен тыйындар менен төлөөнү каалап, алардын баарын алып келиш үчүн атайын унаа жалдаган. Сатуучулар тыйындарды санап жатканда, кардар тасма көрүп жатты. Бирок 50 миң саналган соң, өзү эле тажап, калганын акчалай төлөөнү суранган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1104 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынан 6 чакырым аралыкта Алтын-Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1105 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узундугу-туурасы 1,5х1км. Суусунун көлөмү 3 млн. м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилуу жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысык-көл, Соң-көл, Чатыр-Көлдөр дагы түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып балык кармагандар да болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1106 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер - Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет мандайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай үйлөп кетет. Ошондон улам бул жер "кар жатпас кара Кочкор" аталып келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1107 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Таластын Көк-Сай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км. жерде, жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну "Ажыдаар таш" деп аташат. Үстү оюк. Оюктун диаметри 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу куюлуп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр-мен көр болуп айыгат дешет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1108 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жүрөгү жок адам.
Дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп Техас университетинин докторлору Билли Кон (Billy Cohn) жана Бад Фрейзер (Bud Frazier) пациент Крэйг Льюиске пульсу жок кан айланууну жөнгө салган жасалма жүрөк коюшкан. Крэйг дарылоого мүмкүн болбогон, чанда кездешчү жүрөк оорусу менен ооруган. 2011-жылдын март айында Крэйг жүрөк жетишсиздигинен улам каза тапкан, анын өмүрүн кардиостимулятор да сактап кала алган эмес. Ошол убакта Техас докторлору жасалма аппаратты коюууну сунушташкан. Билли Кон жана Бад Фрейзер, Крэйгдин жүрөгүн толук өчүрүп салгандан соң гана операцияны жүргүзүшкөн. Пациент Крэйг 5-жума аралыгында тирүү болгон жана докторлор менен сүйлөшүп, жада калса жаза да алган. Бирок ал 5-жумадан соң, боор жана бөйрөктүн өз ишин аткара албай калганынан улам каза тапкан.
Крэйг Льюистин жубайы Линда: "Мен анын көкүрөгүнө кулагымды тосконумда, аппараттын кырылдаган үнүн уктум. Бул керемет! Ал мурда кандай болсо ошондой эле, бир гана эми анда пульс жок," - деп билдирген.


СүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 22:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1109 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда онлайн-аукционго шайтаны бар куурчак коюлду. Товардын сүрөттөлүшүндө айтылгандай, бул эскилиги жеткен куурчак кайсы үйдө болбосун, ал үйдүн ээлери менен кызыктай окуялар болуп турган. Балдар беттеринде тытыктары менен ойгонуп, ал эми куурчактын бетинде көк ала пайда болчу. Айрым учурларда андан бала үнү да чыгып турат, деп жазылат. Мындай табышмактуу жана коркунучтуу оюнчукту сатып алууга каалоочулар табылдыбы, белгисиз.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1110 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Китеп окуу пайдалуу деп бекеринен айтылбаса керек. Италияда абактардагы адамдар китеп көп окуса, мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгарылат. Тиешелүү мыйзам долбоорун жергиликтүү бийлик кабыл алды. Ар бир окулган китеп үчүн жаза өтөө мөөнөтү 3 күнгө кыскарып турат. Бирок бул мыйзам мөөнөтү жарым жылдан ашпагандарга гана тиешелүү.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1111 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Япониянын кафелеринин биринде жалгызсырап отурган кардарларга куурчак отургузуп жатышат. Алгач официанттар коштоосуз келген адамга басып келип, тамактанууга шерик каалап жатканын сурайт. Эгер кардар макул болсо, алардын жанына чоң жумшак оюнчуктар отургузулат. Мындай нерсе, адамдын жалгыздыгын убактылуу унуттуруп, эч болбосо көңүлүн ачат, дешет кафенин ээлери.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1112 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Якутия: Учакта бараткан аял көз жарып, эгиз кыздуу болду.

Якутиянын тургуну Ирина Василькова учакта баратып көз жарды. Зырянка айылынан Якутск шаарына "Ан-24" менен учуп бараткан кезде келиндин толгоосу башталып, эки эм кыз төрөгөнүн "Полярные авиалинии" компаниясынан кабарлашты. Келинди акушер доктур коштоп жүргөн. Төрөт учурунда ага стюардесса да жардамдашкан. Учурда эненин да, эки ымыркайдын да абалы жакшы экенин доктурлар билдирди деп жазат, жергиликтүү маалымат каражаттары.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1113 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америка тургуну лотереядан 76 миллион доллар утуп алды. Ал өзү тууралуу маалыматты жарыялоодон баш тартып, аты-жөнүн, жаш курагын жана жашаган жерин жашырды. Белгилүү болгондой, ал дүкөнгө кирип, лотерея билеттери сатылып жатканын көрүп, бир гана билетти сатып алган. Лотереянын жеңүүчүсү болуп, 75 номердин ичинен туура катылган 5 номерди табыш керек эле. Аларды табуу 1ге 259 миллионго туура келет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1114 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россияда эң кадыр-барктуу болочок күйөө балдардын тизмеси түзүлдү. Рейтингди “Альфа-Групп” компаниясынын ээси Михаил Фридман жетектеди. 50 жаштагы жеке ишкердин мүлкү 17,5 миллиард долларга бааланат. Экинчиде «Онэксим» тобунун ээси Михаил Прохоров, ал эми үчүнчүдө жеке ишкер Роман Абрамович турат. Рейтингдеги мырзалардын көбү 40 жаштан 50 жашка чейнки куракта жана никеси болгон же ажырашуу алдында тургандар.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1115 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россияда эң кадыр-барктуу болочок күйөө балдардын тизмеси түзүлдү. Рейтингди “Альфа-Групп” компаниясынын ээси Михаил Фридман жетектеди. 50 жаштагы жеке ишкердин мүлкү 17,5 миллиард долларга бааланат. Экинчиде «Онэксим» тобунун ээси Михаил Прохоров, ал эми үчүнчүдө жеке ишкер Роман Абрамович турат. Рейтингдеги мырзалардын көбү 40 жаштан 50 жашка чейнки куракта жана никеси болгон же ажырашуу алдында тургандар.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1116 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кенч, байлык издегендер Атлантика океанынын түбүнөн “Борбордук Американы” асыл буюмдарын таап алды. Бул 19-кылымда чөгүп кеткен кеменин аталышы. Суу алдынан 30 килограмм алтын куймаларын жана 1 миллион долларга бааланган алтын тыйындарды алып чыгышты. Кызыгы, суу алдында дагы 10 тоннадан ашык кенч, байлык калды. Аларды жакынкы жылдары алып чыгуу пландалып жатат. Эске салсак, кеме чөгүп кеткен учурда АКШда кризис орун алып, өлкөнүн экономикасы аябай жабыркаган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1117 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү "эң кедей" президент - Уругвайдын башчысы - Хосе Мухика. Айына 800 $ га жашайт. Башка тапкан акчасын кедейлерге кетирет экен. Уругвайдын экономикасы 50 $ млрд, Өзбекистан менен тең. Айдаган машинеси жана жашаган үйү, ошол мамлекетте жашаган жөнөкөй эле адамдардан ашпайт. Чыныгы патриот!

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1118 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кимдин интернети жакшыраак? Европа эксперттери ар кайсыл мамлекеттерде сунушталган акысыз тармакка кошулууну баалап чыкты. Белгилүү болгондой, эң эле сапаттуу интернет Швецияда. Мальмё шаарынын мейманканалары wi-fi көлөмү боюнча жана анын ылдамдыгы боюнча лидерликке чыкты. Мыкты 10 шаардын тизмесине франциялык Тулуза, туркиялык Стамбул жана испаниялык Сарагосса менен бирге россиялык Санкт-Петербург шаары да кирди. Ал эми начар зымсыз интернет таратуучулар тизмесине англиялык Манчестер, Ливерпуль, ошондой эле Берлин, Милан шаарлары кирди.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1119 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Япония балдары эң катуу ыйга күч сынашты. Токио шаарында Сенсоджи чиркөөсүндө жыл сайын уюштурулуучу “Накидзумо” фестивалы өттү. Катышуучулардын жаш курак категориясы 6 айдан 3 жашка чейинки балдар. Быйыл ага 120 бала катышты. Фестивалдын жеңүүчүсү болуп, баарынан да эң катуу ыйлаган бала аталат. Аларды атайын сумо спортчулар коркутуп, ыйлатууга аракет кылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1120 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 23:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бразилиянын зоопаркында арстанды уурдап кетишти. Полициянын пикиринде, кылмышкерлер аны бирөөнүн заказы менен алып кетишкен. Алдын ала маалымат боюнча, уурулар алгач жырткыч айбанды даары менен уктатып, андан соң унаага жүктөп кетишкен.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 15:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: