
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1122 25 Июнь 2014 - 23:03
Америкалык балыкчы кайырмак менен 365 кг. болгон акула кармап алды. Американын Флорида штатынын Милтон шаарынын тургуну кайырмак менен узундугу 3,35 метр, ал эми салмагы 365 кг. болгон Мако акуласын кармап алган. 29 жаштагы Джоу и Полкко бул акуланы кармаш үчүн эки саат бою кармашкан. Джоуи Полк бул акула кайырмакка түшкөндөн кийин болжол менен 95 км. саат ылдамдыкта качууга аракет кылды. "Мен кичинемден эле балыкчымын,
бат эле түшүндүм балык чоң экенин, мындай чоң балыкты кармашым күтүүсүз болду” - дейт Джоуи Полк. 2003-жылы Полктун тууган байкеси 306 кг. салмакта болгон акула кармап рекорд койгон. Полк өзү 2009-жылы 430 кг. болгон акула кармап алган. Ал акуланы жээктен эмес, кайыктын үстүндө кармап алган.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 23:04
#1123 25 Июнь 2014 - 23:10
Кытайлык жарандын мойнуна 15 см. болгон мүйүз өсүп чыккан. Кытайлык жаран 62 жаштагы Ли Джибин отуз жылдан ашык мойнундагы мүйүз менен жашап келет. Шияна Хубей провинциясынан,
анын мойнундагы көрүнүш 1980-жылы пайда болгонун айткан. Ошондон бери Ли мырзанын мойнундагы көрүнүш өсүп келе жатат. Мындай көрүнүштү бул мырза эки жылда бир досторунун жардамы менен кетирүүгө аракет кылган. Ли мырзанын тилеги бул бир укмушту далилдеп эмне экенин жана эмне себептен чыкканын билүү. Лини ар кандай чөптөр менен дарылап жүргөн дарыгери Но Ли айтат; бул нерсе канча даарылаган сайын ошончо өсөөрүн айтат. Линин айтуусунда өсүп чыккан мүйүз көп деле тоскоол болбойт. Көбүнчө чечинип, башты жуурда тоскоол болоорун айтат. Бул мүйүз кадимки жыгачтын өңүндөй. Азыркы илимде мындай мүйүздү хирургия жолдору менен алып салса болоорун далилдешти.
Келээрки күндөрдө Ли мырзага медициналык жардам көргөзүлүп мүйүзү менен кош айтышат деген үмүт чоң.

#1124 25 Июнь 2014 - 23:12
Кытайда белгисиз динозаврлардын эмбриондору табылды. Кытайда 500 миллион жылдан ашкан белгисиз динозаврлардын 140 эмбриондору табылды. Джеймс Шуффбауэр башында турган Миссурий университетинин изилдөөчүлөрү изилдеп чыгышкан. Белгисиз эмбриондор Кембрий эпохасында өткөн. Бул эмбриондор кичине болушканы маалым болду.

#1125 25 Июнь 2014 - 23:14
Элсиз аралга түшүп калган туристтерди куткаруучу кызматкерлери куткарышты.
Квинслен районуна караштуу эли жок, эл баспаган аралга беш турист, кумдун үстүнө SOS деп жазышып куткаруучулар тарабынан куткарылышты.
Куткаруучулар SOS деген жазууну көрүп калышкан. Туристтер өздөрүнүн кайыгы менен жүрүшкөн. Алардын кайыгы бузулуп калып, ошол эл баспаган аралга келип түшүп калышкан.

#1126 25 Июнь 2014 - 23:15
Жерге окшош дагы бир планета байкалды. Астрологдор дагы бир планета ачышты. Алардын сөзү менен ал планета жерге окшош болуп чыкканын айтышат. Планетаны” Кеплер-186 f” деп атап коюшту. Ал жакта өтө суук эмес, өтө ысык эмес жана ал жактагы суу жердикине караганда суюк экендиги далилденди.
Ал жакта тирүү организмдерди өстүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү да каралып жатат.

#1127 25 Июнь 2014 - 23:17
Милан полициясы болочок кызматкерлерин тандоо жүргүзүү үчүн стадионду ижарага алды. Болгону 14 кызматтык орунга 10 миң талапкерден арыз түшкөн. Алар менен аңгемелешүү үчүн полиция кеңсеси туура келбээри анык болгондо, шаар стадионун ижарага алуу чечими кабыл алынган. Талапкерлерди үч топко бөлүп, эртең менен, түштө жана кечинде кабыл алып жатышты. Алар чектелген мөөнөттө 60 суроого жооп бериши керек.

#1128 25 Июнь 2014 - 23:21
Өзбекстандын көчөлөрүндө окшош тюльпан дарактары отургузулууда.
Өзбекстанда шаар жана айыл көчөлөрүн жашылдандырүү үчүн 20 миң тюльпан дарактары даярдалууда. Бул даракты отургузуу, көрктөндүрүү иштери менен жаныбардардын жана өсүмдүктөрдүн ааламы Академиясы, токой чарба башкармылыгы, шаарларды жана айылдарды көрктөндүрүү башкармалыгы алектенген. Бул туралуу Uzbekistan Today маалымат таратты. Генофон институтунун директору Бобокул Тухтаевдин айтымында, алгачкы жылдары борбор калаа Ташкентте тюльпан дарактарын өстүрүү иши менен алектенишкен. "2011-2012-жылдары отургузулган дарактардын уруктарын алып, кайрадан сээп өндүрүү аракетинде жүрдүк. Бүгүнкү күнгө келип 20 миң тюльпан дарагы даярдалып, айыл-калааларга таратылды," - дейт ал өз сөзүндө. Ташкенттен сырткары Самарканд, Термез, Навои жана Фергана шаарларына отургузулмакчы экендигин кошумчалады. Дарактын бийиктиги 1,5-2 метрге жеткенде гана аларды отургузууга мүмкүн болот.
Кошумчалай кетсек, тюльпан дарагы Америкадан алынган. Бул дарак көркөм өскөндөн сырткары тездик менен чоңоё алышы менен айырмаланат. Бул сымал дарактарды Өзбекстандын бардык аймактарына жеткирүү боюнча мыйзамга 2010-жылы кол коюлган.
Өзбекстанда шаар жана айыл көчөлөрүн жашылдандырүү үчүн 20 миң тюльпан дарактары даярдалууда. Бул даракты отургузуу, көрктөндүрүү иштери менен жаныбардардын жана өсүмдүктөрдүн ааламы Академиясы, токой чарба башкармылыгы, шаарларды жана айылдарды көрктөндүрүү башкармалыгы алектенген. Бул туралуу Uzbekistan Today маалымат таратты. Генофон институтунун директору Бобокул Тухтаевдин айтымында, алгачкы жылдары борбор калаа Ташкентте тюльпан дарактарын өстүрүү иши менен алектенишкен. "2011-2012-жылдары отургузулган дарактардын уруктарын алып, кайрадан сээп өндүрүү аракетинде жүрдүк. Бүгүнкү күнгө келип 20 миң тюльпан дарагы даярдалып, айыл-калааларга таратылды," - дейт ал өз сөзүндө. Ташкенттен сырткары Самарканд, Термез, Навои жана Фергана шаарларына отургузулмакчы экендигин кошумчалады. Дарактын бийиктиги 1,5-2 метрге жеткенде гана аларды отургузууга мүмкүн болот.
Кошумчалай кетсек, тюльпан дарагы Америкадан алынган. Бул дарак көркөм өскөндөн сырткары тездик менен чоңоё алышы менен айырмаланат. Бул сымал дарактарды Өзбекстандын бардык аймактарына жеткирүү боюнча мыйзамга 2010-жылы кол коюлган.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 23:22
#1129 25 Июнь 2014 - 23:25
Американын Пенсильвания штатында таңданууну жараткан окуя болуп өттү. Штаттын жашоочулары Роберт Адамс жана Мари Пиццутто Питтсбург шаарындагы ооруканада нике тоюн өткөрүштү. Бул тууралуу CBS телеканалы айтып чыкты. Бирок салтанатка 15 мүнөт калганда түгөйлөрдүн биринин жүрөгү кармап калып, ооруканага түшүп калган. 68-жаштагы "күйөө баланын" ден соолугуна байланышкан кокустуктан белгиленген тойду жылдырышкан эмес. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин поптун катышуусунда экөө жамандыкта жана жакшылыкта бирге болоорун айтып, ант беришкен. Аталган телеканалдын маалыматы боюнча, түгөйлөр 36 жыл мурун таанышышкан.
Бирок кийин алар эки жакка айрылышкан.
Анан кайра интернет түйүндөрүнөн табышышып, эч качан ажырабайбыз деп чечимге келишкен.
#1132 25 Июнь 2014 - 23:31
Айдоочусу жок жүрө турган унаалар ийгиликтүү тесттен өттү. Изилдөөлөр АКШда уюштурулуп,
айдоочусу жок унаалар шаарды аралап, миллиондогон чакырымды өз алдынча катачылыгы жок, жол эрежелерин бузбай жүрө алды. Машинеге жол тууралуу маалыматты андагы компьютер айтып турат. Демилгечилердин пикиринде, келечек ушундай унаалардан турат. Бирок достор, айдоочусу жок жүргөн машиненин керектиги канчалык деңгээлде болду экен?

#1133 25 Июнь 2014 - 23:31
#1134 25 Июнь 2014 - 23:31
АКШдагы Жаңы Орлеанда өтө таң калычтуу аза күтүү өттү. Ага көз жумган аялдын өзү катышты. Дүйнө салган байбиче креслого отургузулуп,
бир колуна шампан куюлган бокал, экинчисине тамеки карматылган.
Мындай аза күтүүнү айым өзү каалаган эле. Элиталык чөйрөдөн чыккан байбичеге дизайнердик көйнөк да кийгизип коюшкан. Келген меймандардын айтымында, мындай таң калычтуу шартта аял алар менен бирге көңүл ачып жаткандай сезилди.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 23:35
#1135 25 Июнь 2014 - 23:36
Төрт буттуу фанат!
Интернетте “Барселона” футбол клубун жек көргөн итти чагылдырган видео популярдуу болууда. Аталган футболдук клубтун оюнчулардын атын айтканда ал ырылдап үрүп баштайт. Ал эми “Реал” оюнчуларынын атын укканда болсо, үрбөй, куйругун шыйпаңдатып калат. Баарыбызга белгилүү болгондой, “Барселона” менен “Реал” мурдатан берки атаандаштар.
Интернетте “Барселона” футбол клубун жек көргөн итти чагылдырган видео популярдуу болууда. Аталган футболдук клубтун оюнчулардын атын айтканда ал ырылдап үрүп баштайт. Ал эми “Реал” оюнчуларынын атын укканда болсо, үрбөй, куйругун шыйпаңдатып калат. Баарыбызга белгилүү болгондой, “Барселона” менен “Реал” мурдатан берки атаандаштар.
#1136 25 Июнь 2014 - 23:38
Кейт Миддлтон ханбийке оңтойсуз абалга дуушар болду. Улуу Британиянын тактысына биринчи мураскеринин жубайы жакын досторунун үйлөнүү тоюна барган. Кейт Миддлтон иш-чарага көгүш түстөгү «Missoni» пальтосун кийди. Көп өтпөй, меймандардын арасында дал ушундай палто кийген аял байкалды. Ага карабай, Кейт ыңгайсыз абалда калганын билгизбей, өзүн ишенимдүү алып жүрдү. Анын үстүнө меймандар байкагандай,
Миддлтон пальтого тандаган шляпасы менен туфлийи, ага окшошуп жүргөн аялга караганда, аны алда канча жарашыктуу жана саркеч кылып көрсөтүп койду.

#1137 26 Июнь 2014 - 00:03
Австралия тургуну мас абалында муздаткычты айдоо үчүн кармалды. 22 жаштагы жигит дөңгөлөктөр орнотулган муздаткычты башкарып бара жаткан. Укук коргоо органдары аны токтотуп, тинтүүгө алганда муздаткычта алкоголдук ичимдиктерди табышты. Мото-муздаткычы менен жигит каяка бара жаткандыгы айтылбайт. Эми ал соттон жооп берет.

#1138 26 Июнь 2014 - 00:05
Оксфорд университетинин окумуштуулары көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүчү көз айнек ойлоп табышты. Аларга камера орнотулуп, көз алдында эмне болуп жаткандыгынын бардыгын тартып турат. Сүрөт программанын жардамы менен кара-ак түскө айлантылып,
жеңилдетилет.
Окумуштуулар бул көз айнекти 70 жашар Лин Оливерге сынап көрүштү. Ал бала кезинен баштап, такыр көрчү эмес. Бул көз айнекти бир нече күн кийген Оливер бир аз көрө баштаганын айткан.

#1139 26 Июнь 2014 - 00:06
Норвегияда күйөрман Уругвай курамасынын чабуулчучу Луис Суарес италиялык футболчуларынын бирин тиштеп алат деп акча сайган. Букмекер контораларынын бири бул учурга эң бийик коэффициентти бекиткен. Көрөгөчтүгү бар күйөрман 5600 крон утуп алды. Эске салсак, Уругвай-Италия беттеши уругвайлыктардын пайдасына 1:0 эсебинде жыйынтыкталган.
Анын жүрүшүндө Суарес италиялык коргоочунун колун тиштеп алды.

#1140 26 Июнь 2014 - 00:07
Барак Обама капысынан Англиянын футбол боюнча курамасына кирип калды. Анын сүрөтү чапталган кружка Кураманын кружкаларына кошулуп кеткен. Белгилүү болгондой, дизайнер АКШ президентин Кураманын коргоочусу Крис Смоллинг менен алмаштырып алган. Сатыктан Обама чыгарылганы менен, көптөгөн партия сатылып кеткен болчу.
