Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1201 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 11:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайдагы өлүкканын муздаткычынан тирүү кемпирди табышты.

Кытайдагы өлүккананын биринде кызык окуя болду. Аталган жайдын кызматкери ачык турган муздаткычты жаап жатып, ичинде жаткан тирүү адамды көрүп, аз жерден кулап кала жазган.

Албетте, окуя элге, ЖМКларга, телеге жайылып, ал тургай социалдык тармактын "чупакабрасына" айланды. Андан да кызыгы, баарын таңгалдырганы "маркумдун" өзүнүн айтып бергени болду. Маалыматты Вести.ру таратты.

Көрсө, 70 жаштагы байбиче өлүкканадагы муздаткычка өзү жашырынып кирип, кездеме менен жамынып жатып алыптыр. Бирок план ишке ашпай калган, кемпир иштебеген муздаткычка кирип кетиптир деп билдирди Вести.ру.

Дарыгерлердин айтымында, кемпир катуу депрессияга кабылып, ооруп жүрүптүр. Бул анын өлүмгө аттанган кезектеги аракети экен.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1202 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 11:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Пол жууган аял банктан акчаны алеки заматта уурдап кеткен.

Адатта банктан акча уурдоо тапанча, бет кап жана алдуу-күчтүү шамдагай шылуундар менен коштолот. Бирок Россиянын Новороссийск шаарында кадимки эле техникалык кызматкер, б.а. пол жуугуч аял банкты сызга отургузуп кетиптир. Алгач, пол жуугуч швабра менен көзөмөл кылган камераны "тынчытып" , катылган жайдан акчаны капка салып жок болуптур.

Ыкчам топтун айтымында, шектелген аял банкты күнүгө жууп жүргөн. Бир ирет ал акча майдалай турган 50 дөн 5 миң рублге чейин салынган уячанын ачык калганын байкап калып, көңүлү бузулуптур. "Ал камера жазып жатканын эстен чыгарган эмес, полду жуумуш болуп, швабра менен электр тогу кеткен сымды акырын үзгөн да, берки иштебей калганда акчаны таштандыларды салган мүшөккө катып алып чыгып кеткен," - дешти Краснодарлык ИИМдин кызматкерлери.

Мындан сырткары орган кызматкерлери уурулук болгон жердеги буюмдардан шектелген уурунун колдорунун тагын табышкан. Пол жуугуч аял уурдаганын мойнуна алып, акчаны кредитин төлөө үчүн кымтып кеткенин айтып берген деп билдирди Вести. Ру.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1203 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 11:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сыналгы баланын сүйлөөсүнүн өрчүшүнө тоскоолдук кылат.

Окумуштуулар сыналгынын үнү, тили жаңы чыгып келе жаткан баланын сүйлөөсүнүн өрчүшүнө тоскоолдук жаратаарын Journal of Children and Media булагы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, баланын жашоосундагы алгачкы бөлүгүндөгү сүйлөшүүнүн өрчүшү ата-энеси менен болгон баарлашуунун маанилүүлүгүндө.

Окумуштуулар эки жыл аралыгында 1 жаштан 3 жашка чейинки наристелерге изилдөө жүргүзүшкөн. Анын алкагында аларды ата-энелери менен сүйлөштүрүп, ошондой эле сыналгыдан ар кандай жаш балдарга арналган берүүлөрдү көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында сыналгы баланын сүйлөөсүнө тоскоол болуп кечеңдей турганы аныкталган.

"Наристелерге сыналгы көрсөтпөй койгон туура болот. Анын үнү баланын кабыл алуу жөндөмүнө терс таасирин берип, сүйлөөсүн кечеңдетет" ,- дейт аталган тажрыйбаны сынактан өткөргөн окумуштуу Тиффани Пемпек.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1204 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 11:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Экс- президент жуунам деп оор жаракат алды.

2011-жылы бийликтен кулатылган Египеттин экс- президенти Хосни Мубарак жуунучу бөлмөгө бара жатып, жамбаш сөөктөрүн сындырып алган. Бул тууралуу ххх булагы жазат.

Белгилүү болгондой, 86 жаштагы экс-президент Каирдеги аскер госпиталында абактан которулуп дарыланып жатат. Эми ага оор операция жасалат жана ага кайрадан ден соолугунун калыбына келишине көп убакыт керектелет.

Дарыгерлерлердин айтымдарында, Мубарактын жаш курагына байланыштуу толук айыгып кетүүсүнө кепилдик жок.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1205 Пользователь офлайн   maks93   26 Июнь 2014 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 983
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Мар 2019 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Маска айым озу мындай окуяларды каяктан таап чыгат экен,азамат ушунун баарын зерикпей жазганына
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1206 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 12:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Японияда “таш бака таксилери” пайда болду.

Йокогаме ири шаарында эч жерге шашылбаган жүргүнчүлөр үчүн атайын кызмат ачылды. Айдоочуларга мындай жумуш жагып жатат – чарчоо деген нерсе азайганы менен кардарлар жакшыраак төлөшөт. Таш бака таксилери өзгөчө пенсионерлер жана балдары бар туристтер арасында популярдуу. Адатта алар шаарды жакшы көрүп чыгуу үчүн жаай жүрүүнү каалашат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1207 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 12:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америкалык сот байбичеге шпагатка отурууга тыюу салды. 65 жаштагы Диана Баркер мугалим болуп иштейт. Анын шпагатка отуруу жөндөмүүлүгү коомдук жерлерде адамдарды жабыркатышы мүмкүн деп чечилди. Байбиче өзү соттун өкүмүнө нааразы бойдон калды.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1208 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 12:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Инсульттан кийин музыка үйрөнүү мээни калыбына келтирет.

Британдык окумуштуулар тажрыйба жасап, анда музыкалык бир аспапты ойногонду үйрөнүү инсульттан кийин мээнин калыбына келүүсүнө жардам боло тургандыгын аныкташкан. Бул тууралуу Интерфакс булагы жазат.

Белгилүү болгондой, лондондук университеттин изилдөөчүлөрү инсульттан жабыркаган эки бейтаптын ден соолугунун тезирээк калыбына келишине жардам беришкен. Окумуштуу дарыгерлердин максаты, кабыл алуу мүмкүнчүлүгүндөгү жабыркаган мээнин бир бөлүгүн калыбына келтирүү болгон.

Бейтаптарды эң оңой урма (ксилофон) аспапты ойногонду үйрөтүшкөн. Ноталардын үнүн улам жогорулатып отуруп төрт жолку окутуудан кийин бейтаптын ден соолугу жакшырганын байкашкан. Мындан улам окумуштуулар бул ыкманы инсульттан кийин жабыркагандар үчүн колдоно турган болушту.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1209 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 12:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Чипсы балдардын өнүгүүсүнө тоскоол болот.

Негизинен чипсынын зыяндуулугу тууралуу окумуштуулар жана медицина кызматкерлери көп эле жолу айтып келишет. Мындан улам чипсы тамак сиңирүү органдарына терс таасирин тийгизип, жүрөк-кан тамырларын илдетке чалдыктыраары жашыруун эмес. Бул тууралуу РИА-Новости булагы жазат.

Белгилүү болгондой, Бристол университетинин окумуштуулары балдардын психикалык өнүгүүсүн кечеңдете тургандыгын аныкташкан. Окмуштуулардын айтымдарында, чипсы баланы 3-4 жашында өтө чоң зыянга учуратып, тескери таасирин берет. Анткени, дал ушул убакта баланын кабыл алуусу калыптанып жаңы маалыматтарды кабылдай ала турган убагы болот.

Ар дайым чипсы жеген бала унутчаак болот жана чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн жоготот. Ошондой эле мээге да тескери таасирин берет. Ал эми айрымдары психикалык бузулууга дуушар болушат. Ошондуктан ата-энелер балдарын чипсыден алысыраак кармоо керектиги айтылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1210 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 13:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Инфарктка каршы эмдөөчү каражат иштелип чыкты.

Гарвард университенин окумуштуулары инфарктка каршы эмдей турган каражат иштеп чыгышты. Бул тууралуу Интерфакс булагы жазат.

Белгилүү болгондой, аталган каражат жүрөктүн ишемикалык илдетинин пайда болушунун 90 пайызын төмөндөтө алат. Окумуштуулар тобу стволовдук торчолорго PCSK9 аттуу өзгөчө ген колдонушкан. Ал адамдын боорунда жайгашкан жана ал адамдын организминдеги холестринге каршы ишти аткарат.

Окумуштуулардын айтымдарында, жаңыдан иштелип чыккан эмдөө каражаты инфарктын пайда болушун 50-90 пайызга түшүрө алат. Ал кадимки эмдөө катарына 10 жылдан кийин кириши мүмкүн.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1211 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 13:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Уулунун толуктугунун айынан ата-энеси камакка алынды.

11 жаштагы семиз баланын ата-энесин англиялык Норфолканын полициясы камакка алган. Бул тууралуу Лента.Ру булагы жазат.

Белгилүү болгондой, 11 жаштагы баланын 54 сантиметр боюу менен салмагы 103 килограмм болгон. Буга байланыштуу анын ата-энесин мыкаачылык мамилеге жана жоопкерчиликсиздикке шек санап жатышат. Полиция кызматкери менен сурак учурунда ата-энеси уулунун ашыкча салмактуулугу генетикага байланыштуу экендигин айтышкан. Алардын айтымдарында уулу негизинен эле салмактуу болуп төрөлгөн.

Ал эми полиция кызматкерлери тарабынан балага мыкаачылык мамиле жасагандары тастыкталган.

Белгилей кетсек, Британияда 2012-2013-жылдардагы маалыматтар боюнча 28 пайыз өспүрүмдөр ашыкча салмактуулук менен жабыркашат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1212 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 13:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

" Карышкыр адам" ашык болду.

Дүйнөдөгү "Карышкыр- адам" азыркыга чейин Мексикада жашоодо. Алардын жашоо маңызы табылган. Бул тууралуу ххх булагы жазууда.

Мексикалык Дэнни Рамос Гомез аттуу адамды баардыгы "Карышкыр- адам" деп аташат. Ал бир тууганы экөө сейрек кездешүүчү гипертрихоз ооруусу менен оорушат. Бул оору бүт денесин түк басып, жүн каптап калат. Азыркыга чейин дарылоонун жолу табыла элек. Ларри менен Дэнни Рамос Гомес кичинекейинен жүн баскан кебетелери менен циркте ойношуп, өздөрүнүн таланттын өстүрүп келатышат. Алар фокус,гимнастика жана акробат оюндары менен кошо "Карышкырдын тукумдары" деп эл алдына чыгышат. Ал эми Гомес көптөн бери Хильда аттуу кызга ашык болуп, сүйлөшүп жүрүшөт. Хильданын айтымында ал Гомести ошол бойдон жакшы көрөт. Айрыкча көздөрүнө ашыкмын деген Хильда анын өтө боорукер жана кичи пейил, жумшак адам болгондугун айтууда. Гомес болсо өзгөрүүнү каалбагандыгын жана аны баардыгы ушундай жакшы көрөөрүн билдирип "Мен ашыкмын" деп жар салууда.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 26 Июнь 2014 - 17:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1213 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 13:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1214 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 13:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

45 саат ач калган ит коңшусун тирүүлөй жеди.

Англиянын Ливерпуль шаарында 45 саат ачка калган ит коңшусун тирүүлөй жеди.

Маалыматка караганда, Канар породасындагы кароолчу иттин кожоюндары ач таштап кеткенден кийин, коңшусун тирүүлөй жеп кеткен. 79 жашындагы Клифорд Кларк ашкананын эшигин ачып коюп, тамак жасап жатканда ачка калган ит кол салган. Полиция кызматкерлери араңдан зорго атып өлтүрүлгөн иттин кожоюндары 12 айга камакка алынды. Алардын айтымында, итти ачка унутуп мейманга кетишкен. Көргөндөрдүн айтымында ит көчөгө чыга албай желим шише жана кир сууларды ичип жашап жүргөн. Акыры тамактын жыты менен коңшусуна кирип, улгайган кемпирди тирүүлөй жеп кеткен.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1215 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 14:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мугалим эжейи окуучу баланы зордуктады.

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Гровер Кливленд орто мектебинин дене тарбия мугалими 17 жаштагы окуучу баланы зордуктаган. Бул тууралуу хххх булагы жазууда.

Маалыматка ылайык 39 жашындагы мугалим эжей 17 жаштагы окуучусун зордуктаганы үчүн камалды. Эки баласы жана күйөөсү болгон мугалимдин жолдошу дагы ошол эле мектепте физикадан сабак берет. Мугалим окуучусуна күрөшүп жаткан сүрөттөрүн жөнөтүп, жыныстык мамиледе болууга азгырган смс билдирүүлөрдү жөнөткөн. Окуучу баланын акыркы коңгуроо кечесине сүйлөшкөн кызы менен келем дегенине катуу кызганып, окуучу баланы зордуктап салган. Эгер мугалимдин бардык аракеттери аныкталса, анын 4 жылга эркинен ажырашы күтүлүүдө.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 26 Июнь 2014 - 17:02
Түзөтүүнүн себеби: Курамы окшош сайтты жарыялоого тыюу салынан! 3 күн БАН!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1216 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 14:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ааламдын эң атактуу сулуу кызы 3 жашта.

Ааламдын эң кичинекей ажайып наристеси 3 жашта.

Маалыматка ылайык үч жаштагы америкалык Айре Браун балдар модельдеринин эң сулуусу жана эң атактуусу аталды. Кичинекей кыз табигаттан эле назик жана баардыгын өзүнө тартып турат. Ал эми энеси кичинекей модель кызына жардам берип, кыялынын ишке ашышына көмөкчү болууда. Кирешелүү жарнамалык келишимге жетиш үчүн кичинекей топ-модельдин ата энеси кызынын чачтарын жасап жана бир аз жука макияж жасап беришет. Энесинин айтымында кызы сүрөткө түшкөндү өтө жакшы көрөт. Ал эми кастингтерге сүйүнгөн боюнча катышат. Балдар кийимдери боюнча ар кандай конкурстарды жеңип алган.

Сүрөт СүрөтСүрөт Нравится

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1217 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 15:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дааратканага телефонун түшүргөн аял жолдошу менен кайын энесинен ажырады.

Дааратканага түшүп кеткен телефонду алууга аракет жасаган эки адам каза таап, дагы төртөө жабыр тартышкан.

Окуя Кытайдын Хэнань айылында болгон. 320 долларга жаңы сатып алган уюлдук телефонун аял көчөдөгү даараткананын чуңкуруна түшүрүп алган. Аны алып чыгуу үчүн жолдошу тосмодон чуңкурга секирип түшүп, эсин жоготуп койгон. Уулуна жардам берүүгө артынан апасы түшүп, ал да эсинен танган. Аларга жардам берүү үчүн дагы эки коңшусу да түшкөн. Айылдын башка тургундагы чуңкурдагыларды алып чыгууга аркан ыргытышкан.

Ооруканага бара жаткан жолдо, тилекке каршы, жолдошу менен кайын энеси эстерине келе алышпай каза болушкан. Калгандары ууланган диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Учурда уулануунун себептери такталууда.

Ал эми, түшүп кеткен телефондун табылгандыгы же табылбагандыгы тууралуу маалымат жок.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1218 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 15:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ит 10 жылдан бери кожоюнун күтүүдө.

Түркиянын Болу аймагында бир ит кожоюнунун мүрзөсүн 10 жылдан бери кайтарууда.

Маалыматка караганда мындан 10 жыл мурун каза болгон журналист Сатылмыш Тандын ити ар күн сайын кожоюнунун мүрзөсүнүн жанына келип, күтүп жүрөт. Аны мүрзөгө келгендер дайыма байкап, таң калышууда. Күндүзү ар кайсы жерде жүргөн ит кечинде кожоюнунун мүрзөсүн кайтарып жатат. Баардыгы бул иттин мүрзөнү кантип таанып жана кайтарып жаткандыгына ишене албай турушат. Бирок ушунча жылдан бери мүрзөдө жаткан итке мүрзөгө келген адамдар тамак, суу берип кетишет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1219 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 15:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мык жеген адам.

Кытайлык 49 жаштагы Юуншенг Лонг күн сайын мык менен тамактанат.

Атайын видеого тартылган Юуншенг адегенде 3-5 см. узундукта болгон мыктарды кадимки тамак ичип жаткандай жеп, анан артынан бир стакан суу ичип коёт. Ал эң жакшы көргөн тамагы мык болгондугун айтып, аны 32 жылдан бери жеп келаткандыгын билдирди. Тоо-кен ишканасынын жумушчусу "Болоттой курч тамагым, бетондой болгон ашказаным" бар деп жылмайууда. Ал эми дарыгерлер аны текшерип, мыктардын кайда кеткенин табышкан жок жана дагы тереңден изилдөө жүргүзүү керектигин айтышууда. Ден соолугу чың болгон Юуншенг Лонг мыктан башка дагы темир тезектерди жеп жүргөндүгүн кошумчалады.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1220 Пользователь офлайн   MACKA   26 Июнь 2014 - 15:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сот: Чукча сөзүнүн терс мааниси сөздүктөн алынбайт.

Москва шаарынын райондорунун сотунун биринде адаттагыдан тышкаркы иш каралды. Чукча улутундагы үч адам, орус тилинин чоң сөздүгүндөгү "чукча" сөзүнө берилген түшүндүрмөнүн экинчи вариантын алып салууну талап кылышкан. Ал түшүндүрмөдө аңкоо деген сөз колдонулган.

Доогерлер сөздүктөгү бул сөз алардын беделин түшүрүп, мазактоо маанисинде жазылып калгандыгын айтышып, компенсация катары 5 млн. рубль талап кылышкан.

"Сот тараптардын кайрылуусун карап чыгып, сотко бергендердин доо арызы канааттандырылбайт деген чечим чыгарды," - деп билдирди ИТАР-ТАСС.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 04:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: