Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1241 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:06

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Дүйнө жүзүндөгү кызыктуу жана
таң калычтуу ырым-жырымдар:
Грецияда жарганаттын сөөгү
дайыма чөнтөктө болсо, ийгилик
коштоп жүрөт деп ишенишет.
Бирок бул жаныбарларды өлтүрүү
жаман ырым болуп эсептелет.
Анлияда тепкичтер алдынан өтүү
жана сагызганды көрүп калуу
жамандык алып келет. Кытайда
болсо шыпыргыдан коркушат.
Алардын пикиринде
шыпыргынын жаман ээси бар.
Япондуктар үчтөн сүрөткө
түшпөйт. Анткени ортодо турган
каза болуп калышы ыктымал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1242 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:08

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

КУМУРСКАЛАРДЫН ТАҢ
КАЛЫШТУУ ЖАШООСУ.
Кумурска абдан акылдуу жандык.
Кумурскалар суук күндөрү тамак
издеп кыйналбаш үчүн жылуу
убакта эле азык камдап алышат.
Ал жыйнаган азыктарын кургатып
кыш камын көрөт экен.
Кургатылган азык көпкө
сакталганда чирип кетпейт. Буга
кумурсканын туюму жеткенин
караңыз!
Кумурскалар жашаган үйүнө суу
кирип кетпеши үчүн ийинин
абдан бышыктап салышат.
Алардын башка жаныбарлардан
айырмасы, өздөрүнүн
салмагынан эки эсе оор жүктү
көтөрө алгандыгында. Алар чогуу
жашаган башка кумурскалар
жөнүндө да ойлонушат. Эгер бир
кумурскада дан болсо, ал жөнүндө
бардык кумурскаларга
билдиришип, баары чогуу жешет
экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1243 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:09

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Япония тууралуу кызыктуу
фактыларга токтолсок:
Аталган мамлекетте жолдор
тайгалак болбойт. Анткени
жолдор жана тротуарларда
жылытуу системасы орнотулуп,
кар дароо ээрийт.
Баса, Японияда гастарбайтер
мигранттар да жок. Жергиликтүү
мыйзамга ылайык, чет
элдиктердин минималдык
маянасы, жергиликтүү
тургундардын орточо айлыгынан
да жогору. Андыктан, жумуш
берүүчүлөргө мигранттарды алуу
пайдасыз.
Японияда метродо кыз-келиндер
үчүн атайын вагондор бар. Бул
жерде кол коюлбайт, анын
ордуна ар бир япондо өзүнө гана
таандык мөөрү бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1244 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:11

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Ырым-жырымдарга катуу
ишенген кесип ээлери тизмеги:
1) Дарыгерлер. Алар күзөт
кезектерин алмашпай турганга
аракет жасашат. Эгер алмашса,
оор смена туш келет деген сөз
бар.
2) Учкучтар. Алар учуунун
алдында эч качан сүрөткө
түшпөйт.
3) Музыканттар. Концерт
алдында алар оң бутунан гана
турат.
4) Театр актерлору. Эгер
сахнадан кагаз колунан түшүп
кетсе, ага биринчи отуруп, аны
менен кошо турушат.
5) Флот кызматкерлери. Кемеде
жүргөндө асманды кол менен
көрсөтүшпөйт. Анткени, жаман
аба-ырайы болушу мүмкүн.
6) Саперлор. Алар чакырууга
жөнөп жатканда такыр
коштошпойт. “Эч качан” деген
сөздү такыр колдонбойт.
7) Космонавттар. Алар эч качан
космоско дүйшөмбү күндөрү
учпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1245 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:12

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

АТАКТУУЛАРДЫН ФОБИЯСЫ
• Француз императору Наполеон
Бонапарт ак боз аттардан коркчу
экен. Психиатрлар бул жерден
анын эки нерседен: аттан жана
ак түстөн коркорун айтып
чыгышкан.
• Өлүмдөн корккон орустун улуу
жазуучусу Лев Толстой кээде ызы-
чууга алдырып, үйүнөн жылаңач
качып чыккан күндөрү болгон деп
айтылып келет.
• Орустун примадоннасы Алла
Пугачёва асманга көкөлөп
учкандан аябай коркот.
Фобиясынын айынан мындан бир
нече жыл мурда жеке поезд
вагонун сатып алгандыгы да
айтылат. Эгерде аргасыздан
учакка түшүүгө туура келсе, анда
ырчы чымындай жаны аман
туруусун Кудайдан миң мертебе
суранат экен.
• Белгилүү актриса Николь
Кидмандын биринчи «душманы»
көпөлөк болсо, Бритни Спирс
кескелдирикти көргөндө акыл-
эсин жоготот.
• Коркунучтуу фильмдердин
«падышасы», режиссёр Альфред
Хичкок тооктун жумурткасын
көргөндө коркконунан кирерге
тешик таппай калат имиш.
• Голливуд актёру Том Круз таз
болуп калуудан коркуп, ар бир
түшкөн чачын санайт.
• Жазуучу Гёте бийиктикке
чыгуудан абдан коркчу.
Фобиясынан арылуу үчүн күнүгө
мунараларга чыгып жүргөндүгү
айтылат.
• Иосиф Сталиндин фобиясы –
токсикофобия. Тагыраак
айтканда, ал тамакка ууланып
калуудан коркчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1246 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:16

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Ислам жөнүндө кызыктуу
фактылар:
1. Мусулмандардын көпчүлүгү
жакынкы чыгышта жашашат.
Калкы эң жыш жайгашкан
мусулман өлкө - Индонезия экен.
Элинин көптүгү боюнча төртүнчү
орунда турган өлкөдө 184
миллион жаран жашайт.
2. Индиядагы мусулмандардын
саны Сириянын, Ирактын,
Иорданиянын, Палестинанын
жана Араб жарым аралынын
калкынын санынан да көп.
3. Дүйнө жүзүнө эң көп жайылган
ысым "Мухамбет" .
4. Мухамбет пайгамбардын
аялдарынын бири Африкадан
болсо, дагы экөөсү жөөт болгон.
Алардын аттары Райхан жана
Сафийя.
5. Европа өлкөлөрүнүн катарына
кирген Албания бул аймактагы
жалгыз мусулман мамлекет.
Албания калкынын 90% ислам
динин тутушат, ал Адриатика
деңизинин жээгинде жайгашып,
Греция жана Югославия менен
чектешет.
6. Алгебра, ноль, пахта, диван,
күрүч, конфет, шафран, балкон
деген англис сөздөрү араб
тилинен алынган. "Алкоголь"
деген сөз да арабдардан келген.
Жогоруда аталган сөздөр араб
тилинен алынып, англис тилинде
кеңири колдонулган сөздөрдүн аз
гана бөлүгү.
7. Чечек жана кызылча (кичине
балдардын жугуштуу ооруусу)
оруулары тууралуу алгачкы
илимий трактатты Абу Бакр Ар-
Рази (864-925) жазган. Ошого
байланыштуу чечек ооруусун
эмдөө практикасы мусулман
өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп
калган.
8. Атактуу Оксфорд менен
Кембридж университеттеринин
алгачкы студенттери математика,
медицина, химия жана
астрономия илимдерин
мусулмандар жазган китептер
аркылуу окуп үйрөнүшкөн.
9. Аделард Батский орто
кылымдардын көрүнүктүү
окумуштуусу болгон. Араб
илимпоздорунун эмгектерин
латын тилине которгон тилмеч
атактуулукка жетишкен.
10. Медина шаарындагы
Пайгамбар мечитинин эшигинин
салмагы беш тонна. Дүйнөнүн
төрт тарабынан алынып келинген
жыгач материалдарды
компьютерлешкен меште
кургатуу үчүн Британияга
жиберилген, себеби салттуу
кургатуу ыкмасын колдоно турган
болсо ага көптөгөн жылдар
керектелмек. Британиядан жыгач
беш айдын ичинде кургатылып,
Испанияга жөнөтүлөт, ал жактан
эшиктин негизги бөлүгү жасалат.
Акыры Францияга жөнөтүлүп,
француз усталар аны кооз оймо-
чийме менен кооздошот.
Ажылыкка баруу планыңызда бар
болсо, мечиттин эшигине сөзсүз
көңүл буруңуз.
11. Пайгамбар мечитиндеги
чатырдын салынышы келечекте
үстүнө кошуп дагы кабаттарды
көтөрүүгө ылайыкталган.
12. Курандын айрым аяттары
эркек менен аялдарды тең
экендигин айтат. Эгер Куранда
колдонулган "эркек" жана "аял"
деген сөздү санай келсе, экөө тең
24 жолу айтылат экен.
13. Куранда сүт бул эң соонун
суусундук бал, бул эң соонун азык
деп айтылат.
14. Куран 23 жылда жерге
түшкөн.
15. Ислам кылычтын жардамы
менен таркатылбайт. Ал ооздон
оозго алынып, жана ислам
жолуна түшкөндөрдүн үлгүсү
менен жайылат. Динде
мажбурлоо болбош керек деп
Ислам үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1247 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:17

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

АДАМ
ДЕНЕСИНЕ БАЙЛАНЫШКАН
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:
Адам келбетин, анын
денесиндеги ар бир органдын
кызматын тартипке салган
кандай күч дейсиз? Мындан
башка биз али туюп, биле элек
кереметтер, кызыктуу учурлар,
кубулуштар катылып жаткандыр...
Кудайды таануу үчүн адам өзүнө
үңүлсө, таанышуу кыйла жеңил
болот. Андыктан, Кудай кудурети
менен жаралган пенде тууралуу
кызыктар, Кудайга жакындап, Ага
шүгүр айтууңузга түрткү болсун!
1. Адамдын мурду 50 миңден
ашык жытты айырмалап,
сиңирип (эстеп) кала алат.
2. Адамдын чүчкүргөнү 160
чакырым ылдамдыкка барабар.
3. Жөтөлгөнү 900 чакырым
ылдамдыкты түзөт.
4. Кан тамырыбыз 96 миң
чакырымды түзөт. Бул экватор
узундугунан эки эсе узундукка
барабар.
5. Жүрөктүн согушунун ритми
жана кыймыл аракетиңиздин
өзгөрүүсү угуп жаткан үн же
ыргакка байланыштуу.
Ошондуктан адам катуу музыка
укканда, жүрөк лакылдап кетет.
Ал эми кыймыл ыргакка жараша
өзгөрөт. А Куран кыраатын
уккандачы, адамдын жүрөгү
тынчтанып, боштугу толот!
6. Сөөктөрүбүздүн 31% суудан
турат.
7. Эксперттердин айтымында,
адам көзү 10 миллиондон ашык
түстү айырмалай алат.
8. Эгер ДНКны жандырып
ченесе, 16 млрд. чакырымды
түзөт.
9. Баланын эненин ичинде
жашоосу нормалдуу 9 ай, бирок
жүктүүлүгү эң узак 375 күнгө
жеткен айым катталган.
10. Окумуштуулар киндикте 1458
бактерия бар экенин
аныкташкан.
11. Адамдын бир кадам шилтөөсү
үчүн 200 булчуң ишке кирет.
12. Нерв импульстары саатына
270 чакырым ылдамдыкта
кыймылда болот.
13. Мээ күндүзгө караганда
түндөсү жакшы иштейт.
14. Мээ ооруну сезбейт.
15. Ашказан ар 3-4 күндө
жаңыланып турат.
16. Аялдардын жүрөгү
эркектердикине караганда ылдам
согот.
17. Боор 500гө жакын кызмат
аткарат.
18. Эң күчтүү булчуң - тил.
19. Оорунун 90 пайызы кайгыга
алдыруудан болот.
20. Адамдын кулагы менен
мурдунун өсүүсү өмүрү өткөнгө
чейин токтобойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1248 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:19

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Кызыктуу маалымат...
Каргалар адамдардын келбетин 5
жылдан кийин деле тааный алат.
Андан тышкары, бул канаттуулар
кекчил келет. Эгер сиз каргага
зыян келтирсеңиз, абайлап жүрүү
керек. Зоологдордун айтымында,
каргалар үйүр менен чогулуп,
адамга зыян келтириши мүмкүн.
Айрым учурларда өч алуу бир
нече ирет кайталанышы мүмкүн.
Андыктан, каргаларга зыян
келтирбей эле койгон оң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1249 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:20

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Кытайда өлүм жазасын - атуу
менен аткарышат. Атууда
колдонулган огун канча кетсе, ар
бирин 9 юандан туугандары
сатып беришет. Эгер тууганы жок
болсо, анда ал өзү түрмөдө окко
ылайык акча тапкыча иштеп
берип, анан өлүм жазасына
тартылат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1250 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:21

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Кытайда өлүм жазасын - атуу
менен аткарышат. Атууда
колдонулган огун канча кетсе, ар
бирин 9 юандан туугандары
сатып беришет. Эгер тууганы жок
болсо, анда ал өзү түрмөдө окко
ылайык акча тапкыча иштеп
берип, анан өлүм жазасына
тартылат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1251 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

БИЛЧҮ БЕЛЕҢИЗ…
1. Ак аюулардын териси кара
түстө болот.
2. "Испания" сөзү "коёндордун
жери" деп которулат.
3. Эмен дарагы урук алганча эле
50 жыл өтөт.
4. Кир болуп калган кар таза
карга салыштырмалуу бат эрийт.
5. Аарынын 5 көзү бар.
6. Кадимки арахис динамитти
жасоодо кошулат.
7. Биринчи одеколон өтө
жугуштуу оорулардын бири -
чумадан сактоочу дары катары
пайда болгон.
8. Лас-Вегастын казинолорунун
биринде да саат жок.
9. Жердин жашоочуларынын 1
пайызы секунд сайын өлөрчө мас
абалында.
10. Бүт тирүү жаныбарлардын
арасында кумурсканын мээси эң
чоң. Албетте, денесинин
көлөмүнө жараша эсептегенде…
11. Адам кофе менен бирге
өмүрү менен кош айткысы келсе,
анда 100 чыны ичкенге туура
келет.
12. Жомокчу Ганс Кристиан
Андерсен бир да сөздү ката
кетирбей жаза алчу эмес.
13. Ар дүйшөмбү сайын башка
күндөргө салыштырмалуу 25
пайызга көп белдин травмасы, 33
пайызга көп жүрөк оорусу
кармайт.
14. Ар күн сайын орточо эсеп
менен 33 жаңы продукция
иштелип чыгат. Анын 13ү оюнчук
болот.
15. Адам жашоосунун эки
аптасын жол чырагын (светофор)
күтүү менен өткөрөт.
16. Нашаа затына караганда
адам баласы чайга бат көнөт.
17. Чиркейлерди жаңы эле банан
жеген кишилердин жыты
кызыктырат.
18. Хоккей тобу өзүнүн
ылдамдыгын саатына 160
чакырымга чейин жеткире алат.
19. Неандерталдыктын мээси
биздикине караганда чоң болчу.
20. Банкоматтар орточо жыл
сайын 250 долларга адашат.
Кызыктуусу өзүнүн пайдасына
эмес, кардардын кирешеси үчүн.
21. Коңуруктун үнүнүн децибелин
салыштырганда, балка менен мык
каккандагы үнгө тең келет.
22. Эгерде кытайлар бири-
биринин башына чыга берсе,
анда Жерден Айга 3 жолу барып
келгенге жетет.
23. Эгерде алар колу менен
кармашып турса, Жер
планетасын 4 жолу курчамак.
24. Таарынышпасын бирок,
аларды сууга чөктүрсө, дүйнөлүк
океандын деңгээли 0.0003
миллиметрге көтөрүлөт.
25. 1955-1973-жылдар
аралыгында СССР, АКШ, Улуу
Британия биригип, 960 өзөктүк
сыноо өткөргөн.
26. Бирге бирди көбөйтсө, бир
болот. Бирок 111.111.111 өзүнө
көбөйтсө, ушунча
12345678987654321 чыгат.
27. 1863-жылы Жюль Верн
"Париж в XX веке" деген
китебинде автоунааны, факсты
жана электр тогунда иштеген
стулду кеңири айтып жазган.
Китепти басмакананын
жетекчисине көрсөткөндө, ал
жазуучуну "кантип ушундай
болсун" деп ашата сөгүп,
колжазманы ээсине кайтарып
берген дешет.
28. Жылына адамдын
кабыргалары 5 миллион
кыймылды аткарат.
29. Курт-кумурсканын арасында
бир гана келин-жүгүн башын
аркасына бура алат.
30. Дүйнөдө 7 уурулуктан 1сү
гана ачылат.
31. Эгерде адамды самын
чыгаруу үчүн пайдаланса, орточо
7 самын чыкмак…
32. Америкалыктардын 55
пайызы гана Күндүн жылдыз
экенин айтышкан.
33. Леонардо да Винчи кайчыны
ойлоп тапканын билет белеңиз?..
34. Дүйнөдө ар мүнөт сайын 2
жер титирөө болуп турат.
35. Адамга уктоо үчүн 7 мүнөттөй
убакыт керек.
36. Жаныбарлардын дүйнөсүндө
эң чоң архитектуралык
курулуштарды кемчеттер (бобёр)
курат. Эң узун кемчеттин
көтөрмөсү 780 метрге чейин
узаган.
37. Тенрек - деген бул
кирпичечендин бир түрү жана
дарактарда жашайт.
38. Түштүк Американын сүзүүчү-
бакалары эң уулуу
жаныбарлардын арасына кирет.
39. Крокодилдер азыркы
канаттуулардын эң жакын
"тууганы" .
40. Вальдшнеп канаттуусу өзүнүн
тобунан балапанын ташый
билгендиги менен айырмаланып
турат.
41. Чөнтөктүү коала эч качан суу
да, башка суусундук да ичпейт.
42. Жонунда крест сыяктуу
тамгасы бар жөргөмүш эртең
менен өзүнүн желесин жеп,
кайра жаңысын өрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1252 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:29

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

АКШынын Мэриленд штатында,
эгер сизде ок атуучу
куралдарыңыз колдо жок болсо -
сизге кошумча $500 эсебинде
кошумча салык салынышы
мүмкүн, себеби, өзүңүздүн
коопсуздугунузду аймактык
полициянын жоопкерчилигине
жүктөгөнүңүз үчүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1253 Пользователь офлайн   Oceana   29 Июнь 2014 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

MACKA eje ilgenderdi kaira ilip atas go Chuin
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1254 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июнь 2014 - 16:56

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Американын NRAO улуттук
радиоастрономиялык
обсерваториясынын
астрономдору Жердин
көлөмүндөй болгон алмаз
жылдызды табышты.
Astrophysical Journal илимий
журналында жазылгандай
окумуштуулар аны эң эле
муздак жана өчүп калган ак
карлик классындагы жылдыз
дешүүдө.
Астрономдор белгилегендей,
бул бриллиант жылдыз кайсы
бир мезгилде биздин Күн
сыяктуу болгон жана
миллиарддаган жылдар өткөн
соң анын доору аяктап өчкөн.
Адистер бул ак карликтин жашы
болжол менен 11 миллиард жыл
деп белгилешүүдө жана ал
көмүртек менен суутектен
тураары белгилүү болду.
Аалымдар бул заттар төмөн
температурадан улам
кристталдашып чоң бир
алмазга айланышы мүмкүн деп
боолголоп жатышат.
Астрономдор PSR J2222-0137
деп атаган бул объект биздин
планетадан 900 жарык жыл
аралыгында турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1255 Пользователь офлайн   KUMU89   29 Июнь 2014 - 19:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 30 Июл 2025 09:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Шумдук чын эле.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1256 Пользователь офлайн   AZIK01   29 Июнь 2014 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Кайда алып барууну билбедим. Ушул жерге коюп койдум. Муну байкаган бодушунуздар керек. Дал өзүндөй деп айта албайм. Бирок, бир караганда ойго ошол нерсе келди. Сиздергечи? !

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Сочи.jpg

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1257 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Июнь 2014 - 23:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Улуу Британиялык Уильям Нанн озунун 1 кылымдык жаш курагын озунун 70 жаштагы кызынын тоюнда
белгиледи.
70 жаштагы келиндин жолдошу 63 жаштагы Британия жараны.
Уильям Нанн озунун туулган куну, кызынын тою менен кошо белгиленип жаткандыгынан кубанычталыгын билдирген.Прикрепленное изображение: 20a93d3d73c878752c0159f8dda846c9.jpgjpg]
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1258 Пользователь офлайн   Rinatik94   30 Июнь 2014 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Просмотр сообщения AZIK01 (29 Июнь 2014 - 23:23) жазган:

Кайда алып барууну билбедим. Ушул жерге коюп койдум. Муну байкаган бодушунуздар керек. Дал өзүндөй деп айта албайм. Бирок, бир караганда ойго ошол нерсе келди. Сиздергечи? !

Мага дагы.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1259 Пользователь офлайн   Rinatik94   30 Июнь 2014 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Просмотр сообщения AZIK01 (29 Июнь 2014 - 23:23) жазган:

Кайда алып барууну билбедим. Ушул жерге коюп койдум. Муну байкаган бодушунуздар керек. Дал өзүндөй деп айта албайм. Бирок, бир караганда ойго ошол нерсе келди. Сиздергечи? !

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1260 Пользователь офлайн   konfetka_love   01 Июль 2014 - 00:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Просмотр сообщения AZIK01 (29 Июнь 2014 - 23:23) жазган:

Кайда алып барууну билбедим. Ушул жерге коюп койдум. Муну байкаган бодушунуздар керек. Дал өзүндөй деп айта албайм. Бирок, бир караганда ойго ошол нерсе келди. Сиздергечи? !


Чындыгында эле Аллах деп жазылып турат, мен дагы биринчи көргөндө таң калып фотошопго деп ойлогом
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 22:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: