Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 64
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1301 Пользователь офлайн   MACKA   09 Июль 2014 - 14:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Элүү жыл туткунда жаткан пилди коё бергенде ыйлап жиберди.

Жарым кылым буттарына темир чынжыр менен байланып турган пил, айбанаттарды коргоочулар тарабынан куткарылып, бошотулганда кадимкидей көз жаштарын төгүп, ыйлай баштаган.

Индиянын Уттар-Прадеш штатында кайырчы катары колдонулган Раджу аттуу пилди 50 жыл чынжырга байланып тургандан кийин Лондондун айбанаттарды колдоочу Wildlife SOS уюму тарабынан куткарылган. Кожоюндары пилди тумшугу менен кайырчылык кылдыртып, жан сактап келишкен. Ал эми пилдин тамактануусу үчүн эч кандай кам көрүшкөн эмес. Байкуш пил ачкалыктан таштандылардан баштап, желим шишелер жана кагаздарды да жегенге туура келген. Пилдин кайгылуу туткундагы жашоосу тууралуу жергиликтүү айбанаттарды коргоочу уюмунун мүчөсү Пуджа Бинепал: "Акыркы 50 жылдан бери Раджу өтө катаал шарттарда жашап келген. Дээрлик 24 саат бою бутундагы чынжыр чечилбейт. Биз аны куткарып, бошотконубузда кадимкидей көз жаштары тамчылап ыйлаганда, биз дагы пил менен кошо ыйлап, жараткан жандыктын сезимталдуулугуна таң калдык," - деп билдирген. Анын айтымында, пилдер эң акыл-эстүү жаныбыр болуп эсептелет. Алар өтө терең сезимталдуулук касиетке ээ.

Армандуу пилди куткарууга айбанаттарды коргоочулар эки жылдай соттошкон. Пилдин ээсинде эч кандай документтери болгон эмес. Аны кичинекей кезинде кармап келишип, уруп-согуп, кайырчылыкка көндүрүшкөн. Айбанат коргоочулары мындай шарттарда пилдин узак жашаганына таң калышты. Анткени азият пилдери эң узак дегенде 70 жылга чейин жашашат.

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1302 Пользователь офлайн   MACKA   09 Июль 2014 - 19:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1303 Пользователь офлайн   MACKA   09 Июль 2014 - 20:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Шумдугуң кургур. Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1304 Пользователь офлайн   MACKA   09 Июль 2014 - 20:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1305 Пользователь офлайн   MACKA   11 Июль 2014 - 01:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кончита Вурст эми модель.
Бул өзгөчө стилде чыккан мырза-айым Парижде белгилүү дизайнердин көрсөтмөсүнө катышты. “Евровидениенин” жеңүүчүсү готикалык колуктунун образын кийип чыкты. Чынында эле өтө башкача колукту болмок экен, ак көйнөктүн ордуна кара көйнөк анан дагы сакал. )))

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1306 Пользователь офлайн   MACKA   11 Июль 2014 - 01:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайдын метросунда өтө коркунучутуу окуя болуп өттү.
Кош бойлуу айым эсин жоготуп, келе жаткан поезддин алдына кулап калды. Бактыга жараша, поездди башкарып бара жаткан айдоочу айымга 1-2 сантиметр эле калганда токтото алды. Эсине келген айым поезддин алдыңкы бөлүгүнөн чыгып, бактысына ишенбей жатты.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1307 Пользователь офлайн   MACKA   11 Июль 2014 - 01:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ааламдын эң кичинекей аракечи эки жашта.

Дүйнөнүн эң кичинекей аракечи - Кытайдын Аньхой аймагындагы жашаган Ченг-Ченг аттуу эки жаштагы бала. Ал алгач спирт ичимдиктерин 10 айында эле татып көргөн.
Анын атасы баласынын ыйлаак болгондугунан 10 айында эле шише менен шарап бере баштаган. Наристе улам ага көнүп, ыйлаганын токтотуп уктап калчу. Кийинчэрээк улам чоңойгон сайын спирт ичимдиктерин көбүрөөк иче баштаган. Азыр эки жашка келгенине карабай, ааламдын эң кичинекей аракечи деп атап алышкан. Анткени бала дагы эле сүт ордуна шарап ичкенди жактырат. Адегенде ата- энеси тамаша катарында көрүшкөн. Баласынын эч кандай чыр чыгарбай бир шише пивону жайма- жай түгөтүп, дагы сураганда таң кала башташкан. Бала көз ирмемде бир шишени тынбай ичип коёт. Эми Ченг-Ченгтин үй-бүлөсү тап-такыр шарап же пиво бермейин бир орунга тынч тура албаган баласы менен алпуруп отурушат. Эки жаштагы наристе чоңдор менен отуруп пиво ичкенди жактырат. Баласынын наристе кезинде аракечтикке ык коюшу коомчулукта талаш-тартыштарды жаратууда. Жергиликтүү басмалар бул тууралуу жазып чыккандан кийин, педиатр дарыгерлери баласын бул адаттан куткаруу үчүн ата-энесине бир канча эскертүү беришкен. Алар наристе баланын денеси өнүгө электигин жана кичине өлчөмдөгү спирт ичимдиги дагы ден соолугуна зыян келтирээрин айтышкан.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1308 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   11 Июль 2014 - 11:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Шумдугун кургур!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1309 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   11 Июль 2014 - 23:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Бут шумдуктар озу Кытайда болот экен...
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1310 Пользователь офлайн   MACKA   12 Июль 2014 - 01:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мексикадагы Сан Педро Уамелула шаарынын мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге үйлөндү.

Элде "Ханбийке сырткы күчтөрдүн таасири менен крокодилге айланып калган. Ага үйлөнгөндөн кийин шаарга ийгилик келет" - деген ишеним бар. Мындан улам шаар мэри крокодилге үйлөнүүнү чечкен. Эми шаар тургундары балыкчыларга ийгилик келип, балык уулоо жемиштүү болот деп үмүттөнүшүүдө.

Шаар мэри Хоэль Васкес Рохас "ханбийкеге" үйлөнүп жатканына кубанычта экенин айтып, тойдон кийин крокодил менен бийлеген. Жергиликтүү тургундар муундан-муунга өтүп келе жаткан иш-чарага кызуу даярдык көрүп, кичинекей крокодилге үлпөт көйнөгүн да кийгизишкен.

Саамалыкты өткөрүүгө бардык жашоочулар акча чогултушкан, ал эми майрамга салым кошуудан баш тарткандарга айып салынганы айтылууда.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1311 Пользователь офлайн   Jadyrashka   12 Июль 2014 - 02:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Крокодил байкуш.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1312 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Июль 2014 - 11:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения MACKA (07 Июль 2014 - 23:54) жазган:

Үч бир тууган энесинин этин жешти.

Үч бир тууган энесинин ички органдарын жешип, канын ичишкен. Мындай үрөйдү учурган окуя Филиппиндин Анпатуан шаарында болуп өттү. Маалыматка ылайык: Данте (35 жашта), Парой (21 жашта) жана Ибрагим (18 жашта) аттуу үч бир тууган бир канча күн 56 жаштагы энесин кыйнашкан. Ар кандай ачуу үндү уккан коңшулары полицияга кабар беришкен. Полиция келгенде аял өлүп, кээ бир ички органдары жана каны жок болгон. Жергиликтүү полициянын өкүлү Сураида Мамалуба аялдын көзү жок, кекиртеги кесилген жана кээ бир ички органдары болбогондугун билдирген. Ал эми үч бир тууган болсо, адегенде кылмышты моюндарына албай, кийин эскиден калган ырым-жырымдар менен "шайтандын ооруусунан" энесин куткаруу үчүн жасашкандыгын айтышкан. Алар "кара рухту кубалап, жан дүйнөсүн тазалагандарын" билдиришкен.

Азыр үч бир тууганды энесин өлтүрүшкөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп жана балдардын психикалык саламаттыгы, бангизат колдонгондугу текшерилип жатат.

Сүрөт Сүрөт

Тообо.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1313 Пользователь офлайн   Abdullah16   12 Июль 2014 - 12:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 383
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 20 Мар 2016 12:03

:shok: Астагфируллоо. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1314 Пользователь офлайн   MACKA   13 Июль 2014 - 15:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


Францияда таштанды челектен ымыркай табылды.


Сүрөт


Франциянын түндүгүндөгү шаарчада бөтөлкө ыргыткан таштанды челектен жаңы туулган ымыркай кыз табылды. Баланын териси тилинип, үшүп калган. Учурда ымыркайдын энесин табуу боюнча иликтөөлөр башталды.

Ымыркай кыздын туулганына бир нече саат гана болгону айтылып жатат. Аны бейшемби күнү түш оогондо Роурой шаарчасындагы бөтөлкө ыргыткан таштанды челегининен табышкан.

Полициянын айтымында, ымыркайды жөн гана таштап кетпестен, бөтөлкөнүн сыныктары салынган челектин ичине ыргытып жибергендей белгилер бар. Аны жолдон өтүп бараткан киши таап алган.

Алгач ал баланын үнүн угуп, таштанды челекке мышык кыпчылып калган деп ойлогон. Андан соң, тез жардам кызматын чакырышып, ымыркай оорукана жеткирилген.

Полиция учурда бул кыздын өмүрү коркунучта эмес деп билдирүүдө.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1315 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 00:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт Бул фотошоп эмеспи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1316 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 00:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1317 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 00:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Түштүк Кореяда акылдуу билерик чыгарылды. Анын жардамы менен ата-энелер балдарынын жүргөн жерин оңой эле аныктап алат. Билерикке 3G, Wi-Fi и GPS орнотулган. Андан тышкары, бул жадбуу менен чалууларды да жүргүзүүгө мүмкүн. Механизм чаң жана сууга туруктуу, андыктан балдар аны бузуп же жабыркатып алат деп кооптонбой эле койсо болот. Билериктин кубаттуулугу 36 саатка жетет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1318 Пользователь офлайн   Oceana   15 Июль 2014 - 01:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Wumdugun kurgur,adam balasynyn kolunan emneler gana kelbeit
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1319 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 01:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Орусиялык куурчак кыз дүйнөнү таң калтырууда:

Миңдеген доллар каражат жумшап "Барби" куурчагына окшогонго аракет кылуу өзүнчө эле модага айланып баратат. Акыркы учурдагы орусиялык куурчак кызы Валерия Лукьянованы артка калтырып, Лолита Ричи чыга келди.
Бул куурчак кызды көрүп, тирүү адам экендигине ишенүү кыйын. Анын кымча бели, бакырайган көздөрү жана узун чачы "Барби" куурчагынын дал өзүндөй кылып көрсөтүүдө. Өзүн Лолита Ричи деп, такма ат коюп алган орусиялык кыз сарткы келбетин жапон инженерлеринин технологиясына окшотууга аракет жасагандыгын билдирген. Азыркы күнү интернет социалдык тармакта баардыгы бул кызды көрүшүп, миңдеген ышкыбоздорун тапты.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1320 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 02:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Денесинен 110 килограммдык шишикти алышты.

Дүйнөнүн эң чоң шишигин алып жүргөн 37 жаштагы кытайлык Ян Жинбиндин денесинен 110 килограммдык шишикти алышты.

Бул ири шишикти алуу үчүн 9 дарыгер 16 саат операция жасашкан. Дарыгерлер бул ааламдагы эң чоң шишик болгондугун жана медицина тарыхында алгачкы ирет жолугуп жаткандыгын белгилешти. Ян Жинбин бала кезинде генетикалык бир оору менен сыркоолоп, 12 жашында алакандай болгон шишигине операция жасатып, алдырып салган. Бул оору кийин толугу менен айыкпастан денеде клеткалары кайрадан көбөйүп, жыйынтыгында чоң шишикке айланган. Улам ооруканага кайрылгандан тажаган Яндын шишиги аз-аздап чоңоюп отуруп, ал ордунан тура албай калган. Акырында чыдамы кеткенде дарыгерлерге кайрылган. Азыр 16 саатка созулган операциядан кийин, Ян өзүн жакшы сезүүдө.

Ушул айдын башында эле ушундай эле операция жолу менен 6 килограммдагы шишик алынган.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 64
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 06:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: