Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1321 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   15 Июль 2014 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Просмотр сообщения MACKA (12 Июль 2014 - 01:49) жазган:

Мексикадагы Сан Педро Уамелула шаарынын мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге үйлөндү.

Элде "Ханбийке сырткы күчтөрдүн таасири менен крокодилге айланып калган. Ага үйлөнгөндөн кийин шаарга ийгилик келет" - деген ишеним бар. Мындан улам шаар мэри крокодилге үйлөнүүнү чечкен. Эми шаар тургундары балыкчыларга ийгилик келип, балык уулоо жемиштүү болот деп үмүттөнүшүүдө.

Шаар мэри Хоэль Васкес Рохас "ханбийкеге" үйлөнүп жатканына кубанычта экенин айтып, тойдон кийин крокодил менен бийлеген. Жергиликтүү тургундар муундан-муунга өтүп келе жаткан иш-чарага кызуу даярдык көрүп, кичинекей крокодилге үлпөт көйнөгүн да кийгизишкен.

Саамалыкты өткөрүүгө бардык жашоочулар акча чогултушкан, ал эми майрамга салым кошуудан баш тарткандарга айып салынганы айтылууда.

Сүрөт


Кудай тоообо! Ушул кантип болсун? Дагы кай бир жерден окуп калдым эле хозяин женился на своей собаке деген. Айбандар менен кантип жашашат?

Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1322 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   15 Июль 2014 - 02:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Просмотр сообщения MACKA (07 Июль 2014 - 23:54) жазган:

Үч бир тууган энесинин этин жешти.

Үч бир тууган энесинин ички органдарын жешип, канын ичишкен. Мындай үрөйдү учурган окуя Филиппиндин Анпатуан шаарында болуп өттү. Маалыматка ылайык: Данте (35 жашта), Парой (21 жашта) жана Ибрагим (18 жашта) аттуу үч бир тууган бир канча күн 56 жаштагы энесин кыйнашкан. Ар кандай ачуу үндү уккан коңшулары полицияга кабар беришкен. Полиция келгенде аял өлүп, кээ бир ички органдары жана каны жок болгон. Жергиликтүү полициянын өкүлү Сураида Мамалуба аялдын көзү жок, кекиртеги кесилген жана кээ бир ички органдары болбогондугун билдирген. Ал эми үч бир тууган болсо, адегенде кылмышты моюндарына албай, кийин эскиден калган ырым-жырымдар менен "шайтандын ооруусунан" энесин куткаруу үчүн жасашкандыгын айтышкан. Алар "кара рухту кубалап, жан дүйнөсүн тазалагандарын" билдиришкен.

Азыр үч бир тууганды энесин өлтүрүшкөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп жана балдардын психикалык саламаттыгы, бангизат колдонгондугу текшерилип жатат.

Сүрөт Сүрөт


АстагфируЛлах! Сүрөт
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1323 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 02:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

ЙЕМЕНДЕ КӨЗ ЖАШТЫН ОРДУНА КӨЗ ТАШ БӨЛҮНҮП ЧЫККАН КЫЗ ЖАШАЙТ.

Йеменде 12 жашар Саадия Салех аттуу кыздын көзүнөн жаштын ордуна майда таштар бөлүнүп чыгат. Жергиликтүү каналдардын бири тартып алган тасмадан да дарыгерлер кыздын көзүнөн таш алып жатканын көрүүгө болот. Мындай абалды Саадия өзү да түшүнбөйт жана таштардын чыгышынан эч кандай ооруну сезбейт экен. Бирок айылдаштары аны каргышка калган дешип, андан качышат экен. Бирок ага эч кандай негиздүү далилдерди айтышкан эмес.
Мындай окуя мындан мурда Түндүк Африкада катталып, кичинекей кыздын көзүнөн берметке окшош нерсе бөлүнүп чыгып турганы тууралуу маалымат тараган эле.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1324 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 03:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Американын жеңил атлетика боюнча белгилүү спортчусу Алисия Монтано 8 айлык боюнда бар экенине карабай, 800 метр аралыкка чуркады. Катышуучулардын аягында келсе да, аны көрүүчүлөр өзгөчө кол чабуулар менен тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, Алисия Монтано 800 метр аралыкты 2 мүнөт 32,13 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында ал жеңүүчүдөн 35 секундга артта калып калган. "Мен чуркаганда өзүмдү жакшы эле сездим. Эч кандай коркуу сезими болгон жок. Айымдар боюнда бар кезде деле чуркап турушса болот," - дейт спортчу.

Белгилей кетсек, Монтано АКШнын жеңил атлетика боюнча 5 жолку чемпиону. Анын рекорддук көрсөткүчү 1 мүнөт 57,37 секундду түзгөн. 28 жаштагы жөө күлүк, боюнда бар экенин билсе да спорттон баш тартпай келет.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1325 Пользователь офлайн   APCTAH   15 Июль 2014 - 03:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 570
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ВЕРАКРУС, МЕКСИКА


Эки жашар алкаш кызыкго )) Чонойгондо челектеп ичип калатго. )

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1326 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 13:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америка тургуну сөзүнө туруп, кызын ханыша кылды. Джереми Хитон эч бир жакта катталбаган жер тилкесин көптөн бери издеп жүргөн. Жыйынтыгында аны Египет менен Судандын ортосунда, бирок бирөөсүнө да тийиштүү эмес жерден тапты. Ал жерге салтанаттуу түрдө желегин көтөрүп, 2 миң чарчы чакырым аймакты өзүнүн падышачылыгы деп жарыялады. Кызына болсо таажы жасатып, башкаларды аны ханыша айым Эмили деп атоосун суранды. Эми Джереми Хилтон падышачылыгын Египет, Судан жана Бириккен улуттар уюму тарабынан бекиттирип, каттап алуу ниетинде.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1327 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 14:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдө эң боюу узун кыз Түркияда катталды. 11-класстын окуучусунун бою 2 метр 13 сантиметрди түзөт. Румейса Гелги бул өзгөчөлүгү үчүн Гиннесс рекорддор китебине киргизилди. Кыздын боюнунун бийиктиги сейрек кездешүүчү генетикалык ооруга байланыштуу. Анын колдору, буттары да ири көлөмдө болуп, бутунун өлчөмү 47. Белгилей кетсек, эркектер арасында бою эң узун адам дагы Түркия жараны, анын бою 2 метр 51 сантиметрди түзөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1328 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   15 Июль 2014 - 14:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Просмотр сообщения MACKA (15 Июль 2014 - 03:37) жазган:

Американын жеңил атлетика боюнча белгилүү спортчусу Алисия Монтано 8 айлык боюнда бар экенине карабай, 800 метр аралыкка чуркады. Катышуучулардын аягында келсе да, аны көрүүчүлөр өзгөчө кол чабуулар менен тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, Алисия Монтано 800 метр аралыкты 2 мүнөт 32,13 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында ал жеңүүчүдөн 35 секундга артта калып калган. "Мен чуркаганда өзүмдү жакшы эле сездим. Эч кандай коркуу сезими болгон жок. Айымдар боюнда бар кезде деле чуркап турушса болот," - дейт спортчу.

Белгилей кетсек, Монтано АКШнын жеңил атлетика боюнча 5 жолку чемпиону. Анын рекорддук көрсөткүчү 1 мүнөт 57,37 секундду түзгөн. 28 жаштагы жөө күлүк, боюнда бар экенин билсе да спорттон баш тартпай келет.



Тушуп калбаптыр...
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1329 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Июль 2014 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Шумдугун кур!!!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1330 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 22:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң чоң гүлү ачылды.

Дүйнөнүн эң чоң гүлү аталган - Титан Арум (Аморфофаллус титанический) Швейцариянын ботаника бакчасында гүл ачты.

Ааламда өлүк гүлү катарында таанылган сейрек кездешүүчү гүлдү көрүүгө келгендер жүздөгөн метр узундукта кезекке турушууда. Кезеги келгендер эң чоң гүлдүн жанында сүрөткө түшүп, таң калышкандыгын жашырышкан жок. Гүлдүн бийиктиги 2,27 метр узундукта болуп, бананга окшогон сары өңдө, ал эми кара-кызыл түстөгү желекчелери 13 килограмм салмакта болууда. Кызыккандардын баардыгы күтүлбөгөн эски, сасыган эт жыттангандыгына араң чыдашууда. Швейцариянын ботаник бакчасындагы бул гүлгө 17 жыл болсо дагы алгачкы жолу гүл ачты. Бул ажайып гүлдүн ачылышы сейрек кездешүүчү окуя. Ал 12-30 жыл ичинде бир эле кайталанып, эки эле күн ачылып турат. Титан Арум гүлү Европанын ар кайсы өлкөлөрүнүн ботаник бакчаларында өстүрүлүп келүүдө.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1331 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 22:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда селсаяк президентик люкста эс алып кетти.




48 жаштагы Джеффри Уотсон беш жылдыздуу мейманканага кантип кирип кеткени белгисиз. Селсаяктын айтымында, ал “жер тандабайт жана башы кай жерге тийсе, ошол жерде уктай берет”. Укмуш жайлуу керебетте жаткан Уотсонду номерине келген коноктор байкады. Кошумчаласак, бул президенттик отелде бир түн өткөрүү 2,5 миң долларга барабар.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1332 Пользователь офлайн   MACKA   15 Июль 2014 - 23:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

А сиз билесизби?
- Бегемот суу астында туулат.
- Чиркейлер банандын жытына өтө сезимтал келишет.
- Мышыктан коркуу - айлурофобия деп аталат.
- Мындан 3000 жыл мурда египеттиктердин көпчүлүк бөлүгү 30 жашка чейин гана өмүр сүрүшчү.
- Жаңы калем сап кармаган адамдардын 97% ы биринчи кезекте сөзсүз түрдө өзүнүн атын жазып көрөт.
- Дүйнөдөгү эң кыска мөөнөттүү, болгону 38 мүнөткө созулган согуш 1896-жылдын 27-августунда Англия менен Занзибардын ортосунда болуп өткөн.
- Сакал 7-15 миң кылдан туруп, бир жылда 14 сантиметрге чейин өсөт.
- Монаконун улуттук оркестриндеги артисттер өлкө армиясынын жалпы санынан көптүк кылат.
- Нил дарыясы эки жолу - IX жана XI кылымдарда тоңгон.
- Алжирде сыядан турган көл бар. Бул көлдүн суусу менен кадимкидей кагаз бетине жаза берсе болот.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 15 Июль 2014 - 23:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1333 Пользователь офлайн   sekret94   16 Июль 2014 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 558
  • Катталган: 24 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Май 2021 23:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения MACKA (15 Июль 2014 - 22:09) жазган:

Дүйнөнүн эң чоң гүлү ачылды.

Дүйнөнүн эң чоң гүлү аталган - Титан Арум (Аморфофаллус титанический) Швейцариянын ботаника бакчасында гүл ачты.

Ааламда өлүк гүлү катарында таанылган сейрек кездешүүчү гүлдү көрүүгө келгендер жүздөгөн метр узундукта кезекке турушууда. Кезеги келгендер эң чоң гүлдүн жанында сүрөткө түшүп, таң калышкандыгын жашырышкан жок. Гүлдүн бийиктиги 2,27 метр узундукта болуп, бананга окшогон сары өңдө, ал эми кара-кызыл түстөгү желекчелери 13 килограмм салмакта болууда. Кызыккандардын баардыгы күтүлбөгөн эски, сасыган эт жыттангандыгына араң чыдашууда. Швейцариянын ботаник бакчасындагы бул гүлгө 17 жыл болсо дагы алгачкы жолу гүл ачты. Бул ажайып гүлдүн ачылышы сейрек кездешүүчү окуя. Ал 12-30 жыл ичинде бир эле кайталанып, эки эле күн ачылып турат. Титан Арум гүлү Европанын ар кайсы өлкөлөрүнүн ботаник бакчаларында өстүрүлүп келүүдө.

Сүрөт Сүрөт


мунун олук жыттанганы жаман экенда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1334 Пользователь офлайн   MACKA   16 Июль 2014 - 16:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

“Таш бакадай чоюлбай тез басчы!” - деген сөз эми күчүн жоготушу мүмкүн. Көрсө, бул жаныбарлар дагы ыкчам кыймылдай алат экен. Улуу Британияда таш бакалардын ылдам чуркоосу боюнча дүйнөлүк рекорд орнотулду. 37 жылдан берки акыркы дүйнөлүк рекордду Берти аттуу таш бака жаңыртты. Ал 5,48 метрди 19,59 секунда ичинде чуркап өткөн. Муну менен таш баканын ылдамдыгы саатына 1 чакырымды түздү.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1335 Пользователь офлайн   kamyr26   16 Июль 2014 - 17:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 22 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 19:25

Просмотр сообщения MACKA (09 Июль 2014 - 14:09) жазган:

Элүү жыл туткунда жаткан пилди коё бергенде ыйлап жиберди.

Жарым кылым буттарына темир чынжыр менен байланып турган пил, айбанаттарды коргоочулар тарабынан куткарылып, бошотулганда кадимкидей көз жаштарын төгүп, ыйлай баштаган.

Индиянын Уттар-Прадеш штатында кайырчы катары колдонулган Раджу аттуу пилди 50 жыл чынжырга байланып тургандан кийин Лондондун айбанаттарды колдоочу Wildlife SOS уюму тарабынан куткарылган. Кожоюндары пилди тумшугу менен кайырчылык кылдыртып, жан сактап келишкен. Ал эми пилдин тамактануусу үчүн эч кандай кам көрүшкөн эмес. Байкуш пил ачкалыктан таштандылардан баштап, желим шишелер жана кагаздарды да жегенге туура келген. Пилдин кайгылуу туткундагы жашоосу тууралуу жергиликтүү айбанаттарды коргоочу уюмунун мүчөсү Пуджа Бинепал: "Акыркы 50 жылдан бери Раджу өтө катаал шарттарда жашап келген. Дээрлик 24 саат бою бутундагы чынжыр чечилбейт. Биз аны куткарып, бошотконубузда кадимкидей көз жаштары тамчылап ыйлаганда, биз дагы пил менен кошо ыйлап, жараткан жандыктын сезимталдуулугуна таң калдык," - деп билдирген. Анын айтымында, пилдер эң акыл-эстүү жаныбыр болуп эсептелет. Алар өтө терең сезимталдуулук касиетке ээ.

Армандуу пилди куткарууга айбанаттарды коргоочулар эки жылдай соттошкон. Пилдин ээсинде эч кандай документтери болгон эмес. Аны кичинекей кезинде кармап келишип, уруп-согуп, кайырчылыкка көндүрүшкөн. Айбанат коргоочулары мындай шарттарда пилдин узак жашаганына таң калышты. Анткени азият пилдери эң узак дегенде 70 жылга чейин жашашат.

Сүрөт СүрөтСүрөт


Пилге боорум ооруп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1336 Пользователь офлайн   MUSTANG   16 Июль 2014 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 942
  • Катталган: 05 Апрель 14
  • Соңку аракети: 06 Май 2018 09:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Маска эже сизге чоон рахмат ушундай кызыктуу ары шумдуктуу нерселерди бизге жеткизип жатканынызга.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1337 Пользователь офлайн   MACKA   16 Июль 2014 - 22:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң чоң куран китеби.

Дүйнөдөгү эң чоң куран китеби Татарстанда Кул-Шариф мечитинде сакталуу. Маалыматка ылайык, ааламдын эң чоң куран китеби атайын Татарстан үчүн чет өлкөлүк кол өнөрчүлөр жасашкан. Анын эскизи Шотландияда жасалып, Италияда басылган. Ал эми ыйык китептин шөкөттөлүшү үчүн асыл таштар Индияда иштетилген. Китептин баасы 1,5 миллион еврого бааланууда. Адистердин айтымында, китеп атайын кагазга басылып 632 барактан турат. Ага теңдеш дүйнөдө көлөмдүү китеп жок. Аны даярдоого малахит, жарым асыл таштар, алтын жана күмүштөр колдонулган. Анын үстүндө китеп атайын сактоочу жайга муктаж эмес. Бийиктиги - 2 метр, туурасы - 1,5 метр, калыңдыгы - 25 сантиметр жана салмагы 800 килограмм болгон ыйык китеп Орусиянын дагы маданий мурастарынын арасына кирди.

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1338 Пользователь офлайн   MACKA   17 Июль 2014 - 00:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1339 Пользователь офлайн   MACKA   18 Июль 2014 - 01:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң кичинекей ити - чихуахуа.

Дүйнөнүн эң кичинекей ити "Керемет Милли" аталган - чихуахуа аталды. Гиннесс китебине кирген алакандай иттин узундугу баштан аяк 9,65 см, ал эми салмагы 0,5 кг. Маалыматка караганда, мышыктай болгон итти адамдын алаканына кондуруп алса да болот.

Кичинекей ит үрбөйт жана балдардын коляскасында жата берет. Ал эми тамактанганда адамдар эмне жесе ошонун баарын жей берет. Айрыкча тоок жана балык эттерин табиттүү жей алат. Милли айрыкча адамдардын чөйрөсүн жактырат. Кожоюндарынын айтымына караганда, алакандай Милли өзүн ит катарында деле сезбейт. Ээлери ага адамдын кичине баласындай мамиле жасашып, ар түрдүү оюнчуктарды сатып беришет. Кичине ит жашоочулардын көңүлүн өзүнө бурдуртуп, баардыгы аны жакшы көрүшүп, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган. Ал туулганда эле 30 грамм салмакта төрөлүп бир кашыкка батып калчу.

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1340 Пользователь офлайн   MACKA   18 Июль 2014 - 13:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 03:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: