Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1385 23 Июль 2014 - 10:44
Ооооомииии эй...Тиги пирсингтер кантет?Таңдайындагысы адамдын эсин оодаратко.

#1387 23 Июль 2014 - 12:23
Кан сызган дарактар.
Кесилгенде же кыйганда кызыл түстөгү суюктук чыгарган бул дарактар Индия океанынын жээгиндеги Сокотра талааларында өсүүдө.
"Ажыдаар каны" аталган бул дарактар 10 метр бийиктикке чейин өсөт. Атына жараша бул сейрек кездешүүчү дарактан канга окшогон суюктук чыгат. Жергиликтүү калк бул суюктукту байыртадан бери ар кандай максатта колдонуп келишкен. Адегенде аны боёк катары колдонушкан, андан кийин дарылык касиеттерин аныктай башташкан. Айрыкча ичеги-карын оорууларына колдонушкан. Кийинчерээк, сейрек өзгөчө суюктук шал, дизентерия, диарея жана ооз ооруулары үчүн миңдин бири болгон. Акыркы учурларда бул суюктуктун нечен түр касиеттери чыгууда.
Дарак өзгөчө сулуулугу жана касиетине карабай, кургакчылыкта калган адамдардын өмүрүн куткарууда. Мөмөлөрү өтө кичинекей. Гүлдөгөн маалда айланага ушунчалык ажайып кооздукту тартуулаган дарактар ак жана жашыл гүлдөр ачат. Акыркы учурларда адамдар кыйып, талкалап жатып бул дарактардын саны барган сайын азайууда. Жергиликтүү калк дарактын жалбырактарын жана мөмөлөрүн малдарына тоют катары колдонушат. Мындан тышкары Сокотра аралындагы кургакчылык да бул уникалдуу дарактардын жок болуусуна себепчи болууда.

#1388 23 Июль 2014 - 12:46
Эң чыдамкай кыргыз - Балбай баатыр (Балбай Эшкожо уулу, 1791-1867). Ал жоого чыгаарда кургатылган уу коргошунду чайнап, артынан канжыгадагы чалабынан жутуп алчу экен. Кийин Алматы түрмөсүнө түшүп, эң күчтүү цианид кальций уусун тамагына салып беришкенде да өлбөй койгон экен.
#1389 23 Июль 2014 - 13:02
Кыргыздардан 1-жолу өзүн-өзү Нобель сыйлыгына көрсөткөн химия илимдеринин доктору Абди Акбаев
Алимкожоевич
. Ал илимге жаңылык киргизген. КММН, КМН, Гетакс, анидсалфен ж.б. дарыларды ойлоп тапкан. Москвадагы Войков атындагы химиялык заводдон 45 кошулмасы чыгууда. Өзү белгилүү обончу дагы.
#1391 23 Июль 2014 - 21:28
Спорт дүйнөсүнөн кызыктуу фактылар:
Майк Тайсон кесиптик рингте 51 жолу мушташып, анын 21ин биринчи раундда эле нокаут менен утуп алган.
Гольф үчүн топ жаңы ыргытылганда, саатына 270 чакырым ылдамдык менен учат.
Хоккейчилердин 68 пайызы муз майданынан жок дегенде бир жолу бир тишинен ажыраган.
Аркан тартышуу оюну 1900-жылдан 1920-жылга чейин Олимпиадалык оюн болчу.

#1392 23 Июль 2014 - 21:29
Кызыктуу фактылардан:
Баардыгыбыз эртең менен кофе менен ойгонууну жакшы көрөбүз. Бирок илимий жактан далилденгендей, ойгонууга алма жакшы жардам берет.
Ирландияда сүттүн дээрлик жарымы Бэйлис спирт ичимдигин чыгарууга багытталат.
Мышыктар эч качан бири-бирине мыйаулабайт, бул адамдарга гана чыгарылган үн.
Эгер сиз өзүңүзгө жаккан нерсени карап турсаңыз, көздүн кареги 45 пайызга чоңоёт.

#1393 23 Июль 2014 - 21:31
Парижде 5 мейманкана туристтерге өзгөчө жагымдуу белек даярдады. Анда жайгашкан эс алуучулар өздөрү каалаган акчаны төлөсө болот. Туристтер мейманкананын деңгээлин жана баасын өздөрү аныктап, тиешелүү сумманы төлөп кетсе болот. Кааласа, төлөбөй деле чыгып кете алат. Мындай акция бир нече күн гана созулат. Андыктан, Парижге сапар тарталы достор.

#1394 23 Июль 2014 - 21:37
Бир чака ташты кулагына илип алып кебелбей көтөргөн - классикалык күрөш боюнча спорт чебери - Алым Ажыматов. Ал талкаланган айнекти жылаңайлак,
ылай тепсегендей эле тебелейт. Ыр да жазат.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 23 Июль 2014 - 21:38
#1395 23 Июль 2014 - 21:39
Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар - Ош. Ал байыркы Рим менен жашташ.
#1396 23 Июль 2014 - 21:42
Буту менен жаа атып, атканда да көзгө атар мергендей даана атып, Гиннесс китебине кирген (2007-ж.) циркач кызыбыз бар. Ал - Аида Акматова (20 жашта).
#1397 23 Июль 2014 - 21:46
1995-жылы июльда Караколдо эки баштуу кыз төрөлгөн (операция жолу менен
). Кошумча башы көкүрөгүнөн өсүп чыккан. Салмагы 4 кг. 600 гр. болгон. Наристе ошол замат чарчап калган.
#1398 23 Июль 2014 - 22:12
MACKA (21 Июль 2014 - 18:08) жазган:
Элейин Девидсон дүйнөдөгү денеси эң "жыртык"
адам болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул түбү бразилиялык-
шотландиялык "темир аялдын" денесинде - ар кандай темир буюмчаларды илген 6005 тешик бар. Эгерде Элейин Девидсон денесиндеги ар түрдүү "темир буюмчаларын"
алып таштаса, ал 6 кг. арыктай түшөт. "Денем ооруп" турса мен өзүмдү бактылуу сезем, - дейт Элейин.
Фууууууууу!

Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.