Ааий байкуш наристени да кыйнашыптыр,
жон олтурушпай.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1441 31 Июль 2014 - 23:11
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#1443 31 Июль 2014 - 23:31
Тиги кызга жеп аткан нанымды бергим келди...
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#1444 01 Август 2014 - 00:28
#1446 01 Август 2014 - 14:50
Дүйнөнүн эң кичинекей козусу.
Бир килограмм салмактагы дүйнөнүн эң кичинекей козусу - Гиннесс рекорддор китебине кирди.
Маалыматка ылайык Бобби аттуу козу Англиянын батышындагы Сассекс аймагындагы фермада туулган. Ал жерде эң кичинекей үч козу бар болчу. Алардын ичинен эң кичинекей болуп, 998-грамм салмактагы Бобби тандалып алынган. Анын узундугу - 25 сантиметр, бийиктиги - 23 сантиметр. Ошондуктан Гиннесс китебинин өкүлдөрү кичинекей үй жаныбарын өздөрүнүн баракчаларына кошуп алышты. Азырынча аны өтө дыкааттык менен кароого муктаж. Малчылардын пикиринде анын жашап кетүүсүнө жарым жартылай эле шансы бар. Козу кожоюндардын үйүндө багылып жатат. Ал ушунчалык алсыз болгондуктан энесинин сүтүн эме албай койгон. Азыр дүйнөгө таанымыл Бобби атуу козунун жашап кетүүсүн баардыгы төрт көздөп күтүп жатышат.

#1447 01 Август 2014 - 14:51
Төрөгөнүн көрүүнү каалагандарга билет сатты.
Британиянын чуулгандуу фотомодели - Джози Каннингем төрөгөнүн көрүүнү каалагандарга билет сатып, 50 миң доллар тапты. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазууда. Атактуу моделдин төрөгөнүн көрүүнү каалагандар көп болгондуктан, 4 гана ышкыбозуна билет сатылган. Алардын экөөсү камерага тартса, экөөсү жөн эле көрүп турушат. Тартып ала тургандардын билети кымбатыраак болгон. Алардын билети 10 миң фунт стерлинг болсо, көрүүчүлөрдүкү 5 миң фунт стерлингден сатылган. Билет сатып алган 29 жаштагы Пол Миллс-Эшем: "Мен буга чоң акча короттум. Бирок ал ошого татыйт. Мен тарыхый учурга күбө болмокчумун, " - деп билдирген. Моделдин агенти бул маалыматты тастыктаган. Ал эми камерага тартууга журналистер акча төлөсө, калганы жөнөкөй эле ышкыбоздору болгон. 23 жаштагы британиянын фотомодели - Джози Каннингемдин эки баласы бар.

#1448 01 Август 2014 - 16:44
Ни х яя сяяяяяяяяя.
......не дейт,тарыхый учурга кубоо болуу учун 10мин фунт дейби?Анысы да корсотуп талтайып жатканын элестетип атам...
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#1449 02 Август 2014 - 13:25
#1450 08 Август 2014 - 13:23
#1451 08 Август 2014 - 13:24
#1452 08 Август 2014 - 13:25
Америкада иттер үчүн машыгуу залы ачылды. Иттердин ээлери айына 50 доллар берип, сүйүктүү жаныбарларын кондиционер,
чуркоо жолчолору, оюн шариктери жана башка машыгуу шаймандары орнотулган залдарга алып барууда. Кызыгы, ээлеринин айтымында мындай машыгуулардан кийин иттер өздөрүн жакшы сезип, жоош болуп да калат.

#1453 08 Август 2014 - 13:27
Нью-
Йоркто ымыркайлардын жөргөлөгөнү боюнча марафон өттү. Маара сызыгына балдарын ата-энелер ар кандай ыкма менен чакырып жатты – кимдир бирөө бөбөктүн жакшы көргөн оюнчугу менен, дагы бирөө сүт менен болсо, кээ бирлери планшет менен. Биринчи болуп маара сызыгына 1 жаштагы Лиам аттуу бала жөргөлөп келди. Шамдагай бөбөк эч кимди алдыга чыгарбай келгени аз келгенсип, алып баруучунун колунан микрофонду талашууга да үлгүрдү.

#1454 08 Август 2014 - 13:28
Японияда сүрөткө түшүүнүн жаңы модасы пайда болду. Кыздардын беттери бир аз арыгыраак көрүнсүн деп, алар атайын беттерине алаканын коюп түшүүдө. Мындай сүрөттөрдү жадакалса, популярдуу журналдардын да бетинде байкаса болот. Японияда сүрөткө түшүүнүн бул жолун “тиш оору” деп атап коюшту. Алаканы менен жаагын жаап түшкөн кыздардын пикиринде, алар сүрөттө арыгыраак жана сулуураак көрүнөт.

#1455 08 Август 2014 - 13:29
Джастин Бибердин ыры Якут балыкчысынын өмүрүн сактап калды. Эркектин айтымында, ал дарыя көздөй басып бара жатканда ага аюу кол салган. Бул учурда анын уюлдук телефонуна бирөө чалып калган. Чалууларга орнотулган ыр жырткычты чоочутуп, ал токойго качып кетти. Балыкчы оор жаракаттарды алганы менен, аман калды. Андыктан, ал канадалык ырчыга ыраазычылыгын билдирүүдө.

#1456 08 Август 2014 - 13:30
Толкундар үнү, бут алдында жумшак жана таза кум. Буларды кадимки кеңседе элестетүү кыйын эмеспи... Бирок дал ушундай атмосфераны Токиодо ишкерлердин бири өз кызматкерлерине тартуулады.
Бирок кеңседеги кум гана табигый, калганы жөн гана үн эффекттери.
Компания директорунун пикиринде, бул кызматкерлерге жаңы идея жаратууга, дайыма жакшы маанайда болууга жана өздөрүн эркин сезүүгө жардам берет. Бул үчүн ага 2 тоннадан ашык кум талап кылынды.

#1457 08 Август 2014 - 13:37
MACKA (08 Август 2014 - 13:30) жазган:
Толкундар үнү, бут алдында жумшак жана таза кум. Буларды кадимки кеңседе элестетүү кыйын эмеспи... Бирок дал ушундай атмосфераны Токиодо ишкерлердин бири өз кызматкерлерине тартуулады.
Бирок кеңседеги кум гана табигый, калганы жөн гана үн эффекттери.
Компания директорунун пикиринде, бул кызматкерлерге жаңы идея жаратууга, дайыма жакшы маанайда болууга жана өздөрүн эркин сезүүгө жардам берет. Бул үчүн ага 2 тоннадан ашык кум талап кылынды.
Мага бир чакале кум керек болот экен.

#1458 08 Август 2014 - 13:43
MACKA (08 Август 2014 - 13:28) жазган:
Японияда сүрөткө түшүүнүн жаңы модасы пайда болду. Кыздардын беттери бир аз арыгыраак көрүнсүн деп, алар атайын беттерине алаканын коюп түшүүдө. Мындай сүрөттөрдү жадакалса, популярдуу журналдардын да бетинде байкаса болот. Японияда сүрөткө түшүүнүн бул жолун “тиш оору” деп атап коюшту. Алаканы менен жаагын жаап түшкөн кыздардын пикиринде, алар сүрөттө арыгыраак жана сулуураак көрүнөт.

Селфи калып бул чыгыптыр да

#1459 08 Август 2014 - 13:45
Германияда өспүрүм түшүп кеткен телефону үчүн көлдөн суунун баарын сордуртуп чыгарууну көздөгөн. Ал достору менен балык уулап жатып, смартфонун сууга түшүрүп алган. Сууну болсо ал көлдүн жанындагы дааратканага сордуртууну каалап, соргуч жана эки суу түтүгүн орноткон. Бирок суу сордурулбай,
ташып баштаган. Муну көргөндөр полиция чакыртышкан.
Өспүрүм коомдук даараткананы бузгандыгы үчүн жана көлдү кургатууга аракет кылгандыгы үчүн айыпка тартылды.

#1460 08 Август 2014 - 13:47
Черногорияда жалкоолор арасында олимпиада өткөрүлөт. Уюштуруучулар иш-чараны жарыялабаса дагы, катышууга каалоочулар арбын. Программа бир гана этаптан турат. Бардык каалоочуларга эмендин көлөкөсүнө жатуу сунушталат.
Ким эч нерсе кылбай узакка жата берсе, ошол жеңүүчү болот. Жеңүүчүгө медалдын ордуна акчалай сыйлык берилет, анткени медалды жасоого уюштуруучулар дагы жалкоолонот.
Былтыркы олимпиадада жеңүүчү 32 саат бою жаткан.