Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 86
  • 87
  • 88
  • 89
  • 90
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1741 Пользователь офлайн   MACKA   23 Сентябрь 2014 - 19:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1742 Пользователь офлайн   MACKA   23 Сентябрь 2014 - 19:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ванкуверде актер Кевин Спейсинин деми сатыкка коюлду.

Аукционго кадимки банка чыгарылды. Сатуучу ишендиргендей, анда актердун деми чогултулган. Спейси “Америкалык сулуулук” тасмасында тартылып жатканда банкага дем алып койгон имиш. Аукцион уюштуруучунун айтымында, анын энеси актердун кызуу күйөрманы болчу. Андыктан Спейси мындай суранычтан баш тарта алган эмес.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1743 Пользователь офлайн   MACKA   23 Сентябрь 2014 - 20:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда фейерверк өндүргөн фабрикада жарылуу болуп, 12 адам каза тапты.

Кытайдын Хунан провинциясында фейерверк өндүргөн фабрикада жарылуу болду. Кырсыктан 12 адам каза болуп, 33 адам жарадар жана экөөсү белгисиз.
Кытай маалымат булактары билдиргендей, окуя кечээ түштөн кийин болгон. Жарылуу убагында 47 жумушчу фабриканын ичинде эле. Жумушчулардын үчөөсү аман калышкан. Ал эми жарадар болгондордун арасында жолдон өтүп бараткандар да бар. 4 адамдын абалы өтө оор экенин Кытайдын расмий Синхуа агенттиги билдирген.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1744 Пользователь офлайн   MACKA   23 Сентябрь 2014 - 20:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда баласын ачкадан өлтүргөн аял өлүм жазасына тартылды.

Техас штатында баласына тамак бербей, ачка калтырган 38 жаштагы аял өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги Техастын бийлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Лиза Коулманга берилген өкүм 17-сентябрьда кечинде ийне саюу аркылуу ишке ашырылды.
Белгилүү болгондой, полиция 2014-жылы июль айында Коулмандын үйүнөн баланын өлүк денесин тапкан. Анын салмагы 15 килограмм экени айтылып, 9 жашар баланын денесинде 200 дөн ашуун жара, тамеки өчүргөндөн калган издер аныкталган. Ал бала Коулмандын каза болгон курдаш кызынын баласы болгон.
Бул көрүнүш Техаста өлүм жазасына кесилген экинчи аял.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1745 Пользователь офлайн   MACKA   25 Сентябрь 2014 - 12:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Монреалдын жашоочусу полиция кызматкерлерине сын таккандыгы үчүн айыпка тартылды.

CBC телеканалы маалымдагандай, Майкл Райли өз иштери менен бара жатканда жол чырактын алдынан полициянын унаасы токтогон. Андан соң тартип сакчылар эреже бузуп, тыюу салынган солго кайрылуу жасады. 69 жаштагы айдоочу полиция унаасын кууп жетип, катачылыкты көрсөттү. Тартип сакчылар шашылыш чакырууга бара жатканына шылтоолоп, ошол эле кезде сиреналардын өчүп турганына эч кандай түшүндүрмө бере алган эмес. “Полиция кызматкерлери тескерисинче, мен алардын көңүлүн буруу үчүн атайын үн белгисин колдонбогонум үчүн мага 162 доллар айып жазып салышты,” - дейт пенсионер.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1746 Пользователь офлайн   MACKA   26 Сентябрь 2014 - 01:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Британ ханышасы Елизавета II 50 жылдан бери окшош бут кийим кийет.

Маалыматка ылайык, модельер Стюард Парвин акыркы 11 жылдан бери ханышанын гардеробу менен алектенип келет. Анын айтуусу боюнча ханышанын туфлиси Anello & Davide бут кийим устаканасынын чеберлери тарабынан атайын колго тигилет. Бир жуп нукура териден тигилген туфлинин баасы миң фунт стерлинг. Бут кийимдин такасы 6,5 сантиметр. Ал ар дайым ханыша Елизаветанын тандоосу бойдон калган. Daily Mail басылмасына маек курган модельер Стюард Парвин "Ханышанын бут кийими эң биринчиден ыңгайлуу болушу керек. Ошондуктан жаңы тигилген 37 өлчөмдөгү бут кийимди Букингем сарайындагы кызматкерлер кийип, калыбына келгенден кийин гана ханыша кийет. Ханышанын бут кийимдери бир гана формада болуп, күрөң, саргылтым, ак жана кара түстө тигилет. Ар бири 1000 фунт стерлингден турат. Бул кийилген бут кийимдерди ыргытат дегендикке жатпайт. Кээде ханыша бут кийимин ондотуп киет," - деди атактуу модельер.

Лондондогу Anello & Davide бут кийим устаканасы 1922-жылы ачылган. Бут кийим устасы Дэвид Хаяттын айтымында, ханыша жылына бир же эки жуп бут кийим тиктирет. Кээде такасын же таманын эле алмыштырып коёт. Ханыша ашыкча акча чачканды жаман көрөөрүн дагы кошумчалады.

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1747 Пользователь офлайн   MACKA   26 Сентябрь 2014 - 14:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Улуу Британиянын жашоочусу мамлекеттен диетасын төлөп берүүнү талап кылууда.

26 жаштагы аялдын айтымында, ал пайдалуу азыктарды сатып алууга акчасы жок, андыктан өкмөт ага жөлөк пул төлөп турушу керек. Бийкечтин ишениминде, анын ашыкча салмагына мамлекет күнөөлүү, себеби мөмө жана жер-жемиш кымбат болуп, спортзалга барууга айлык жетпейт. Азыр аял жылына 1 миллион 800 миң сомго барабар жөлөк пул алат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1748 Пользователь офлайн   MACKA   26 Сентябрь 2014 - 15:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Адамзаттын тарыхында 2050-жылы эмнелер болот?

Адамзаттын тарыхында 2050-жылга чейин климаттын өзгөрүшү, жаңы ооруулардын пайда болушу, каттуу кургакчылык жана ааламды ачкачылык каптайт. Бул тууралуу окмуштуулар камтама болуп жатышкандыгын интернет маалымат булактары кабарлоодо.
Маалыматка ылайык, 2050-жылга чейин ааламда 5 түрлүү кырсык болоорун окмуштуулар белгилешкен:


1. Климаттын чукул өзгөрүшүнөн улам калк ар кайсы жерге жайгаштырылат. Бул олуттуу коркунуч температуранын өзгөрүшүнөн пайда болуп, дүйнөдөгү 600 миллион киши качкын абалда калат.

2. Экинчи маселе - суу ташкыны. Бул негизинен ысыктыктан дүйнөдөгү мөңгүлөр ээрип, деңиз чегинен чыгып, каптай баштайт.

3. 2050-жылы Азияда буудай 50% төмөндөйт. Күрүч 17% аз түшүм берип, Азия,Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндө 20 миллионго жакын балдар ачкачылыкка кабылат. Ачкачылык ааламдагы биринчи көйгөйүнө айланат.

4. Окмуштууларды күтүүсүз кыйроо ойлондурууда. Бул күтүүсүз жугуштуу оору болот. Жай мезгилинде чиркейлер жугуштуу оору таркатып, массалык жаңы тумоо башталат.

5. Акыркысы: Окмуштуулар кибер-согуштун болоорун божомолдоп жатат. Бул согушка баары ишене беришпейт. Анткени ааламды кыйроого алып келчү өзөктүк курал коопсуздук жаратат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1749 Пользователь офлайн   MACKA   26 Сентябрь 2014 - 20:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Башына 10 сантиметрлик 3 мык кагып, аман калды.

Мындай укмуштуудай окуя Кытайдын Хаифенг аймагында болду. world-life.info интернет булагынын маалыматына караганда, башына 10 сантиметрлик 3 мык кагып алган Кытайдын 69 жаштагы жаранынын аман калгандыгын керемет окуя катары баалашууда. Рентгенге тартылган сүрөттөрүндө мык баш сөөгүнөн өтүп, мээсине кирип турат. Мындай катуу жаратка карабай Хаифенг аймагынын башкы оорууканасынын дарыгерлери операция жасашкан. Жыйынтыгында 69 жаштагы киши аман калган. Ал болсо бул кокустан болгондугун түшүндүрүп отурат. Бирок ооруукананын кызматкерлери ага ишенишкен жок. Анткени жарат өтө катуу жана олуттуу болгон. Ал адам полицияга кабар бербөөнү өтө суранган. Ошондуктан бул окуя ачыкка чыкпай калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1750 Пользователь офлайн   MACKA   26 Сентябрь 2014 - 20:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим кайсыл кыргыз аткаминеринин кызын алган атат?

Экс-президент Аскар Акаевдин кенже уулу Илим октябрда үйлөнүп, Москвада свадьбасы болгону турат. Майрам апченин кудагыйы Айгүл аттуу бажычы айым. Кадимки Аламүдүн РИИБдин начальниги Айбек Ажыгуловдун бир тууган эжеси, - деп жазат "Азия News" гезити 25-сентябрда чыккан санында.

Эми Айбек мырза экс-президент Акаев менен куда болуп, Москванын үлкөн бир ресторанында чер жазса керек деп жазган гезит, баскан-турган жеринен Атамбаевди шыбаган Акаев дагы кандай компроматтарды Бишкекке узатат болду экен? - деген суроо салат аталган гезит.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1751 Пользователь офлайн   DaRhaN.   26 Сентябрь 2014 - 21:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Рахмат чоон Маска (Замира)эже, дагы илип турун кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1752 Пользователь офлайн   MACKA   27 Сентябрь 2014 - 00:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Зоопарктагы ак жолборс 20 жаштагы баланы чайнап салды.

Үрөйдү учурган окуя Индиянын Нью-Дели шаарындагы зоопаркта болгон. Вижай аттуу ак жолборс тамак ыргытуучу акырына кокусунан кулап түшкөн кишинин жанында 15 мүнөттөй айланып жүрүп, аны бир канча секунд ичинде эле чайнап салды. Маалыматка ылайык, бул окуя 23-сентябрьда саат 12:30 дар чамасында болгон.

Окуяга күбө болгондор жолборсту алаксытуу үчүн аны таш менен ургулап, кишиден алыс туруусуна аракет кылышкан. Бирок жолборс алардын аракеттерине баш ийбей, өзүнүн курмандыгын мойнунан тиштеп сүйрөп барып, бир канча секунд ичинде эле чайнап салган.

Жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык, зоопарктын кызматкери Риаз А Кхан айбанаттар менен бөлүп туруучу темир торго жармашкан кишини 2-3 жолу эскерткенин, бирок ал ага баш ийбей өз билгенин кылып, акыры жолборстун тамак ыргытуучу акырына кулап түшкөнүн айткан. Жолборстун курмандыгына айланган киши мас абалында да болушу ыктымалдуулугу айтылууда. (Видеосун жүктөй албай койдум).


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1753 Пользователь офлайн   MACKA   27 Сентябрь 2014 - 12:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдө эң күчтүү компьютер болуп кытайдын Tianhe-2 аттуу супер компьютери табылды.

Бул компьютер 500 катышуучулардын ичинен биринчиликти утуп алды. Компьютердин иштөө ылдамдыгы секундасына 33,86 квадриллион компьютердик операцияны аткарат, ал эми Россиянын Ломоносов аттуу супер-компьютери 42-орунду ээледи.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1754 Пользователь офлайн   MACKA   27 Сентябрь 2014 - 12:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен.
Чоң атабыз Тагай мерген 70-жылдардын акырында 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Тагай атабыз Нарындын башы Жаңы-Жер-Улан деген адам барбаган калың карагай-чер токойлуу, коркунучтуу капчыгайга каттоочу экен. Мергенчилер ал токойдун чеке-белинен эле аюу, жолборс атып алып, тереңдеп киргенден жүрөксүшчү тура. Даап барышпаптыр. Бир жайда өзүнө ишенген жаш мерген Тагай ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун кызыгынан кеч калып, түнөөгө аргасыз болот. Атын таң ашыра байлап коюп, отту чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет. Жүрөгү бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын үстүнө оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи. Ошентип отту алоолонто жагат да, эттен кесип жеп олтура берет. Көп өтпөй оттун жарыгында энтеңдеген киши сыяктуу сөлөкөт пайда болот да, ал дабыш билгизбей басып келип, оттон алысыраак жерге адамча чөк түшүп отура калат. Үн-сөзү жок. Бир колу менен мурдун калкалап алган. Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен. Мерген же үн чыгараарын, же атып жиберээрин билбей бир топко карап отурат. Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм же өлдүм деп отто чала бышкан эттен бир чоң кесимди бычактын учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен шып ала коюп оозуна салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди. Ошентип тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында. Ал да көзүн албайт. Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти. ”Таң атканын коркконумдан байкабапмын” - дейт мерген. Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап алып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай басканымды билбейм. Эсимди жыйсам таң атыптыр. Атым титиреп турат, итим жок. Ордуман калтырап түшүп келдим. Дөңгөчтүн үстүндө баягы жүндүү сөлөкөт кыймылсыз жатат. Союл менен оолактап туруп оодарсам жүндүү, эки көзү бар, тумшугу түлкүнүкүндөй уяттуу жери, колу-буту кишиникине окшош, тырмактары жез экен. Тырмактарын, тумшугун кесип алып, өлүгүн ошол жерге таштап, айылга келип түлөө өткөрдүк. Эртеси ошол укмушту көргөнү бир топ адамдар менен барсак, үңкүрдүн жанында дөңгөчтөн башка эч нерсе жок. Бир топ издер калыптыр. Аксакалдар “жез тумшуктун” дагы тукумдары бар, өлүктү ошолор алып кетишкен тура, эми ал жакка барбагыла, өч алышат” - деп тыюу салышкан. Ошондон улам Тагай чоң атам ал жакка ууга чыкканды токтотконун айтып калаар эле.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Сентябрь 2014 - 12:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1755 Пользователь офлайн   MACKA   27 Сентябрь 2014 - 13:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Иттин да арбагы болот.
Демейде биз көзү өткөн адамдардын арбагы болот деп коёбуз. Ал эми жаныбарлардын да өлгөндөн кийин арбагы болобу? Башкасын билбейбиз, иттер өлгөн соң, ошол өзү жашаган аймакта арбагы жашай тургандыгын кинологдор далилдешти. Алардын көпчүлүгү тирүү кезинде кожоюнунун колунан тамакка караганда таякты көбүрөөк жеген иттер болушат. Көрсө, денеси жерге көмүлгөн менен астралдык телосу каардуу кожоюндан өч ала берет экен. Ал эми АКШнын Оук-стрит аймагындагы окуя таң калаарлык. Көп кабаттуу үйгө бир бойдок жигит квартирант болуп кирген болчу. Көп сүйлөбөгөн жоош бул жигит биоэнерготерапевт экен жана Джерри аттуу итке тажрыйба жүргүзүптүр. Кошуналарынын айтуусуна караганда алар дайыма бир иттин кыңшылаганын угушкан. Бир жолу эртең менен Джеррини подъездде мойнуна муунткандай байланган жип менен көрүшкөн. Сыягы, ээси аны ушинтип өлтүргүсү келген окшойт. Бирок иттин каерге көмүлгөндүгүн эч ким көрбөйт. Ал эми тиги квартирант да башка жакка көчүп кеткен. Бир нече убакыттан кийин ошол каргашалуу биринчи кабаттагы үйдүн терезесинин астында башка кара ит пайда болот. Ал дайыма бирөөнү аңдыгансып отурчу. Бул кара иттин алгачкы курмандыгына ушул чөйрөдө жашаган жаш жигит айланды. Денесинин эч жерине залал келбеген менен анын өңү-түсүнөн катуу корккондугу белгилүү эле. Бирок ал жигит өлгөндөн эки күн өткөн соң, көкүрөгүнөн иттин катуу тиштегени байкалып турду. Ал эми Далластан келген наркоман кызга каргашалуу бул бөлмө жөнүндө канчалык айтылгандыгына карабастан квартирант болуп кирип алып, ал да жарык дүйнө менен кош айтышты. Оболу Джерринин арбагы кыздын көзүнө кокусунан көрүнгөн. Ошондо ал жумуштан кеч кайтып, аялдамада өзү жалгыз турган эле. Иттин көзү аябай чоң көрүнүп, жашылданып жанып көрүнөт. Ушул караан жаш кызды көпкө артынан акмалап жүрөт. Бирок күндөрдүн биринде кокусунан кандай пайда болсо, ошондой эле байкалбастан жоголуп кетет. Ал эми бир нече күндөн кийин үйдүн сыртынан дабыш чыгып, корккон кыз сыртты эшиктин көзөнөгүнөн караса килейген бир ит туруптур. Арадан бир күн өтпөй эле байкуш кыз көз жумат. Ал өлөрдөн мурда кошуна аялга артынан бир кара ит акмалап калгандыгын, ошондон улам башы чыдатпай ооруп, депрессияга кабылгандыгын айткан экен. Бул иттин арбагы менен арбашкан көрүнүш эле. Ушул шумдуктуу окуяларга карабастан бул бөлмөгө дагы жаңы квартирант болуп жаш жубайлар киришет. Бир ирет уктаар алдында жаш жигиттин эсине бала кезинде кичинекей күчүктү кармап, өлөрчө сабаганы эске түшөт. Эмнегедир бул окуяны төкпөй-чачпай келинчегине айта баштайт. Түн ортосунда чочуп ойгонуп, сыртта чоң ит жүргөндүгүн айтат. Бирок келинчегинин көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Арадан үч күн өтпөй, бул жаш жигит автокырсыкка кабылат. Баса, жаны чыкканча өзүн машинанын астына кандайдыр бир чоң кара ит түртүп жибергендигин врачтарга айтып калууга үлгүрөт. Көрсө, жогорудагы үч бейкүнөө адамдын өлүмүнө баягы Джерри деген муунтулуп өлтүрүлгөн иттин арбагы себепкер экен. Демек, итти да кыйнабаш керек турбайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1756 Пользователь офлайн   MACKA   27 Сентябрь 2014 - 13:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ээси - жалгыз бут аял.
Бишкек Гуманитардык Университетинин жатаканасында түн бир оокумда дайыма ары-бери басып жүргөн добуш чыгып турчу. Ээси - аял киши экен. Андай сөздөргө мурда көп деле маани берчү эмес элем. Бирок чоң энем: “Адам көп жердин ээси болот, бирок ал кишиге зыян кылбайт” - деп калчу. Ошентип 2-курстан 7-кичи райондогу жатаканада жашап калдым. Түн ортосунда ойгонсом бирөө суу алып бараткансып раковина шарылдап жатат. Бир түнү тынбай шарылдаганда туруп барсам эч ким жок. Крандан суу шарылдап агып жатат. Сууну токтотуп, кайра бөлмөгө келдим. Кирээрим менен суу кайра шарылдап ага баштады. Маңдайдагы туалетте бирөө бар го, колу-башын чайканып атабы деп тыңшап калдым. Суу токтобойт. Бөлмө эшигинен башымды чыгарсам эч ким жок. Жанымдагы Айгүлдү ойготуп, “жүрү, экөөбүз чыгалычы” - десем, бырышып-тырышып, нааразыланып тургуча, залда бирөөнүн басып жүргөн добушу угулуп, дал биздин бөлмөнүн тушуна келип угулбай калды. Айгүл эшик тушка барып “Бул ким?” - деп үнүн катуу чыгарып сурады. Жооп болгон жок. Ойгонгон кыздарда жан жок, бүрүшүп чогулуп калышты. Дабыш сырдуу угулду. Эшик тым-тырс. Экинчи ирет “Бул ким, ия?” - деп кыйкырганда тыкылдаган үн раковина жакка узагандай болду. Суу андан бетер күчөп ага баштады. Кыязы, дагы бир-эки раковинанын суусун агызды окшойт. Корккон кыздар таң атканча көз ирмеген жок. Эртеси бөлмөгө түнөгөндөн коркуп, кыздар ар кай туугандарынын үйүнө кетип калышты. Бир ай өтпөй “жатакананын комендантынын көзүнө залда басып жүргөн жалгыз буттуу аял көрүнүптүр” - деп чурулдап калышты. Ага чейин биздин айтканыбызды көбү этибарга алган эмес эле. Көрсө, комендант түнү кабаттарды кыдырып жүрсө, алдынан жалгыз буттуу аял чыгып, кайра тез бурулуп, жуунчу бөлмөгө кирип жок болуп кетиптир. Комендантыбыз жакасын карманып зирилдеп, студенттерден акча чогултуп, базардан кой алдырып союп, кан чыгарып, бата тиледик. Ошондон кийин ал аял түнүчүндө сууну агызбай калды. Азыр комендант да башка, студенттер да башка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1757 Пользователь офлайн   Dadin1   27 Сентябрь 2014 - 21:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 262
  • Катталган: 30 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

Шумдугун кургур ! ушундай кыздар жагабы??


Прикрепленное изображение: drobson109d.jpg Прикрепленное изображение: bodybuilder_girl_17.jpgjpg]Прикрепленное изображение: andrulla7.jpgПрикрепленное изображение: 1247660031_pic1-08-07-091.jpg091.jpg]Прикрепленное изображение: 351tfyml.jpgПрикрепленное изображение: 27.jpgПрикрепленное изображение: 22c93f290ac5.jpg Прикрепленное изображение: 16.jpgjpg]
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1758 Пользователь офлайн   DaRhaN.   27 Сентябрь 2014 - 21:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Анау кызда не дейт шумдуко я
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1759 Пользователь офлайн   MACKA   28 Сентябрь 2014 - 01:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жүрөк 3D басма технологиясы менен жасалууда.

Жакынкы арада АКШдагы Луисвиллск университетинде окмуштуулар 3D басма технологиясынын жардамы менен адамдын жүрөгүн жасоонун үстүндө иштеп жатышат. Долбоор бейтаптардын жеке тирүү клеткаларынан жандуу жүрөктү жасоо жана аны муктаж болгон бейтапка трансплантациялоо болуп эсептелет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1760 Пользователь офлайн   MACKA   28 Сентябрь 2014 - 01:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Украинада жакпаган депутаттарды таштандыга ыргытышат. Бизге да ошол керекпи?

Украинада кезектеги дүйнө коомчулугун кызыктырган окуя болуп өттү. Бул жолу Украинанын Жогорку Радасынын имаратынын жанынан депутат Виталий Журавскийди чогулган эл колдон-буттан алышып таштанды салынчу темир жащикке ыргытып салышты. Ыргытып эле салып тим калышпай, ал жащикти ары сүйрөп, бери сүйрөшүп, депутаттын эси-көөнүнөн кеткистей кылып коюшканын видеотасма тастыктап турат. Учурда Журавский өзүн моралдык, психикалык жана саламаттыгы жактан өтө начар сезип атканын маалымдаган. Бирок кызыгы аны таштанды салынчу темир жащикке ыргыткандары үчүн эч кандай арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылбай тургандыгын билдирген. Мындан улам анын кандайдыр бир өзү жасап алган калпыс кадамы бар окшойт деген пикирлер да жаралбай койбойт. Мына ошондой калпыс кадамдарды Украина эли «таштандыга ыргытуу» ыкмасы менен жойгонго аракет кылып жатышыптыр. Албетте, анын канчалык деңгээлде натыйжалуу боло тургандыгы чоң табышмак. Ал эми биздин Жогорку Кеңештин депутаттары бул жагынан алганда алдаканча бактылуу депутаттар экен деген ойго келесиң. Партиялык тизме аркылуу эптеп-септеп парламент партасына отуруп алып, жыл бою «лам» этип ооз ачпагандары да, элдин эсин эки кылып, ар дайым ызы-чуудан башы чыкпагандары да олчойгон айлык алып, олуттуу басып-туруп жүрүшөт. Каалаганча уктап, каалаган убагында жумушуна келишет. «Кой» деген кожо, «ай» деген ажолору жок. Көпчүлүгү бизнесмендер. Депутат болуп эсептелип элдин атынан келишкени менен жеке бизнестерин гүлдөтүү менен алек. Депутаттык мандат аларга көбүнесе бизнесин алга жылдыруу үчүн гана керек. Анан дагы мамлекеттин эсебинен кымбат баалуу машинелерде чалкалап, эл кыдырымыш этип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сыйын көрүп турушса болду. Кайсы депутат кандай маселе көтөрүп чыкпасын, анын артынан сөзсүз өзүнүн кызыкчылыгынын «кулагы» тикчийип чыга келет. Балким биздин депутаттарга да Украинанын депутаттарына жасагандай мамиле керек болуп жүрбөсүн деген ой туулат. Таштанды салына турган темир жащикке бир жатып чыгышса, балким карапайым элдин турмушу кандай болуп жатканын азыраак болсо да түшүнүп калышаар. Болбосо кымбат баалуу машине, элиталык типтеги үйлөр, сауна, ресторан, кычыраган кабинет деген нерселер депутаттарды элден жана элдин карапайым турмушунан бир топ эле алыстатып коёт окшойт. (Видеосун жүктөй албай койдум).

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 86
  • 87
  • 88
  • 89
  • 90
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 03:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: