Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 92
  • 93
  • 94
  • 95
  • 96
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1861 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 12:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кыргызстандан эле алса болот. (Жакшы жаңылык!)

Орусиянын "Паспорт- виза сервис" федералдык ишканасы бир гана патенттерди бербестен, бир жылдык медициналык камсыздандырууну да берет.
Орусияда иштөө үчүн берилчү патентти эми Кыргызстандан эле алса болот.
Мигранттар эми Орусияда иштөө үчүн патентти Кыргызстандан эле сатып алышса болот. Мындай мүмкүнчүлүк Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Бишкек жана Оштогу "Паспорт- виза сервис" федералдык ишканасынын аракети менен ишке ашып отурат. Бул тууралуу ишкананын филиалынын директору Бакыт Эркинбаев билдирди.
Анын айтымында, бир жылга берилчү патенттин баасы 120 доллар. Орусиянын "Паспорт- виза сервис" федералдык ишканасы бир гана патенттерди бербестен, бир жылдык медициналык камсыздандырууну да берет. Анын баасы 1,5 миң рубль. Мындай камсыздандыруу менен мигрант бир жыл бою бекер түрдө медициналык кызмат көрсөтүүнү алса болот.
"Биздин мигранттар камсыздандыруу полисин 1,5 миң рублге сатып алышы үчүн келишим түздүк. Алар бир жолу гана төлөшөт, андан кийин кайсыл бир тарапка акча берип, ортомчулардын торуна түшүшпөйт," - деди Эркинбаев.
Ал ошондой эле, каалаган мигрант филиалга келип, тапшырык таштап, 10 күндүн ичинде биометрикалык карточкасын алса болоорун белгиледи. "Бул карточка менен Орусияга барган мигрант өлкөдө иштөө үчүн берилчү патентти 10 мүнөттүн ичинде алат. Бүгүнкү күнү биз мигранттарды жиберип жатабыз. Москва облусуна патенттер сатылууда. Биринчи күндөн баштап Москва шаарында иштөөгө уруксат берген патенттер берилип баштайт," - деди ал.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1862 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 12:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда көзгө көрүнбөгөн кол чатыр ойлоп табылды.

Көзгө көрүнбөгөн кол чатырдын узундугу 30 см. желим түтүктөн турат. Анын учунда аба үйлөгөн блок жайгашкан.
"Air Umbrella" аттуу кол чатыр аба аркылуу жамгыр тамчыларын адамга тийгизбей алыска чачыратып жиберет. Бул аккумулятордуу жана абада кубаттуу талаасы бар кол чатыр тууралуу маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Кытайдын кол чатыр ойлоп табуучулары, аянтта марафон уюштурушуп, колдоочулардан 18 миң доллар топтошту. Сыртынан бир кичинекей фонарга окшойт. Ал кичинекей мотор аркылуу жамгырды кубаттуу үйлөп, тамчыларды адамга жолотпойт. Бул жамгырды үйлөгөн кол чатырдын бир канча модели жасалат. Анын эң кичинекейлери өспүрүм кыздарды кызыктырууда. Эң кичинекейи 30 см, салмагы 500 грамм. Ал эми орточосу 50 см, салмагы 800 грамм. Аккумулятор кенен эле 30 мүнөткө жетет. Азыркы алдын ала коюлган баа – 118 доллар. Алгачкы көзгө көрүнбөгөн кол чатырлар 2015-жылдын аягына чейин сатыкка чыгат.


Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1863 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 16:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америкалык Блосом аттуу уй дүйнөдө эң бойлуу болуп калды.

Жаныбардын бийиктиги 193 сантиметрге жетет. Гиннесстин рекорддор китебинин адистери уйдун расмий фотосессиясын жасашты. Иллинойс штатында жашаган малдын ээси ветеринарлардын таң калуусунан кийин рекордго арыз берген. Уйдун салмагы 900 килограммдан ашат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1864 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 17:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Элиталык сойкукана уюштурган эки аял камакка алынды.

Ошто шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Малабаева" аталышындагы саунанын ичинде сойкуккана иштеп жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган сауна Ош шаары боюнча элиталык болуп эсептелип, аны саунанын администратору жана дагы бир аял бул жерде сойкукана иштетип келишкен.

Учурда саунанын администратору 54 жаштагы К.Н. жана анын жардамчысы 51 жаштагы М.Ж. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1865 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 17:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда темир жол министрлигинин кызматкери өлүм жазасына тартылды.

Пекин соту Темир жол министрлигинин башкы инженеринин орун басары Чжан Шугуанды өлүм жазасына буйруп, үй-мүлкүн конфискациялаган.

Синбхуа агенттиги билдиргендей Чжан Шугуан саясий укуктан ажыратылган жана бүт мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн. Маалыматта айтылгандай, ал өз күнөөсүн моюуна алып, 47 млн. юанды же 7,68 млн. доллар акчаны пара катары алганын айткан.

Бул каражаттар 2000-жылдан 2011-жылга чейин поезддерди чогултуу жана жеткирүү компанияларынан чогулган.

Маалымат каражаттары белгилегендей Чжан Шугуан темир жол министрлигинин мурдакы министри Лю Чжицзюню менен да жакын ымалада болгон. Ал эми Лю Чжицзюню да дал ушундай жазага тартылган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1866 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 17:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Абийирдин кеткени же Бишкекте мушташкан жарым жылаңач кыздар.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1867 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 23:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Япония тургундары жаңылыктарды булак суунун бөтөлкөлөрүнөн окуй алышат.

Белгилүү болгондой, япония жаштарынын гезит окуусу жыл сайын төмөндөп бара жатат. Ошол эле учурда жаштар барган сайын булак сууну көп сатып алууда. Андыктан жергиликтүү бийлик, суунун бөтөлкөсүнө гезиттеги жаңылыктардан чаптап коюну ойлоп табышты. Тажрыйбанын жыйынтыгында, бир айдын ичинде 3 миң жаңылыктар менен бөтөлкөлөр сатылган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1868 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 23:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Казакстанда беш жаштагы кыз жипке чачышып, каза болду.

Казакстандын Павлодар облусунун Успенка айылында күтүлбөгөн кырсыктан беш жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Окуя жер тамда болгон. "Божомолдоо боюнча жаш кыз (рольштор) жип менен ойноп жатып, чачышып калган," - деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Жаш кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1869 Пользователь офлайн   MACKA   17 Октябрь 2014 - 23:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

26 жаштагы аял 3 окуучуну бычактады.

Чехия мамлекетинде мектеп ичине кирген белгисиз аял 3 окуучуну бычактаган.

Окуя болгон учурда 16 жаштагы бала көз жумуп, 2 кыз жарат алган. Борбор шаары болгон Праганын түштүк тарабындагы Здар-над-Сазавоуда болгон окуяга шектүү болгон 26 жаштагы аял кармалды. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1870 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 20:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Доллардын баасы 56 сомго чыкты.

Бүгүн, 21-октябрга карата Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайларында 1 долларды сатып алуу 56,2 сом болсо, сатуу 55,9 сом болду.

"14-октябрда доллардын курсу 55 сомго чейин жеткен. Сатып алуу 54.9 сом, сатуу 55 сом болгон. Ал эми андан эки жума мурун, тактап айтканда 1-октябрда 1 долларды сатып алуу 54,14 сом болсо, сатуу 54,3 сом деп белгиленген. Бир жумадан кийин доллардын курсунун өсүшү байкалган. 9-октябрда 1 долларды сатып алуу 54,7 сом болсо, сатуу 54,85 сом болгон. Ошентип октябрь айында доллардын курсу 54, 55 сомдун тегерегинде кармалууда, " - деп билдирет маалымат булактары.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1871 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Энрике Иглесиас менен Анна Курникова бири-биринен айрылды.

Эки жаш 14 жылдан бери бирге жашап келишкен.
Ааламга атактуу ырчы Энрике Иглесиас менен орусиялык теннис оюнчусу Анна Курникова бири-биринен айрылды. Бул тууралуу дүйнөгө атагы тараган испаниялык ырчы, миллиондогон кыздардын жүрөгүнүн ээси – Энрике Иглесиас өзү билдирген. Маалыматка ылайык, мурда эки жылдыз экөөнүн ортосундагы нике тууралуу коомчулукка билдиришкен эмес. Эми 33 жаштагы Анна Курникова менен 39 жаштагы Энрике Иглесиас Лос-Анджелес шаарындагы концерттен кийин алардын мамилеси аяктагандыгын билдирген. Атактуу ырчы концерттен кийин журналистерге: "Мен азыр сиздерге ажырашканым тууралуу кабар берип жатам. Анна экөөбүз үч күн мурун айрылдык. Буларды биринчи жолу өзүм айтып жатам. Бул олуттуу маселе," - деп билдирген. Эки жаш 14 жылдан бери бирге жашап келишкен.


Эсиңиздерге сала кетсек, Энрике Иглесиас 2002-жылдан тартып орусиялык атактуу теннис оюнчусу Анна Курникова менен жолугуша баштаган. Анна Энрикенин "Качуу" ырына клипке тартылган. Көп узабай жаштардын ортосун сүйүү аралап, мамилелери өркүндөй баштаган. "Анна – жашоодо мен издеген адам," - деп жар салып, ушул убакка чейин чогуу жашап келишкен.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1872 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Өзбекстандык ашпозчу дүйнөдөгү эң узун лагман кесмесин жасап, рекорд орнотуу ниетинде.

Хаким Ганиев кесменин узундугун 1 чакырымга жеткирүүнү көздөп жатат. Эң чоң лагман Минскиде жасалат. Бул максатта ашпозчуга 1,5 цетнер эт жана жер-жемиш талап кылынат. Лагманды Гиннесстин рекорддор китебине каттоо үчүн адистер Минскиге чакырылды. Ошол эле жерден лагманды ыкчам жеп бүтүү боюнча сынак дагы уюштурулат, деп маалымдайт “УзТаг”.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1873 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

100 жана 200 сом номиналындагы жаңы акча жүгүртүүгө чыкты.

Эстелик банкноттору Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына, Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып чыгарылган.

100 жана 200 сом номиналындагы жаңы акча жүгүртүүгө чыга турганын Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылдын 20-октябрынан баштап улуу акын, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Токтогулга 150 жыл", белгилүү акын, драматург жана котормочу Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата "Алыкул Осмоновго 100 жыл" деген жазуулары бар эстелик банкнотторун Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарды.

100 сом жана 200 сом номиналындагы эстелик банкнотторунун ар бири 3000 даанадан чыгарылган.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1874 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мелис Турганбаевге операция жасалды.

Ал түндө ооруканага алынып келинип, сокур ичегиси алынган.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевге операция жасалып, сокур ичегиси алынды. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 19-октябрда ал генерал Турганбаев менен түштүк аймактан кайтып келе жатышкан. "Учакта келе жатканда Турганбаев ичинин ооруп атканын айтканынан биз ичи эле ооруп атат го деп койгонбуз. Бирок аны түндө ооруканага алып кетишип, сокур ичегисин алышкан. Учурда генералдын абалы жакшы,"- деди Абдраимов.
Мелис Турганбаев Улуттук госпиталда экенин да кошумчалады.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 21 Октябрь 2014 - 21:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1875 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШнын президенти Барак Обама жергиликтүү ресторандан ичкен тамагынын акчасын төлөй албай калды.

Бул тууралуу америкалык басмалар жазып чыгышты. Ага ылайык, Нью-Йорктогу ресторандардын биринде Обаманын насыялык картасын жараксыз деп кабыл албай коюшкан. Президент аны көптөн бери колдонбогонун айтып түшүндүргөн, жыйынтыгында, тамактар үчүн акчаны өлкө башчынын жубайы Мишель Обама төлөдү.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 21 Октябрь 2014 - 21:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1876 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң сулуу балык.

1914-жылы Токио шаарында карп балыгынын көрсөтмөсү өткөн. Азыр андай көргөзмөлөр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө салттуу түрдө өткөрүлүп келет.

Кытайдын Нинбо шаарында төртүнчү ирет эң сулуу карп балыгы конкурсу өткөрүлдү. Бул балыктын түрлөрү көп болгондуктан, ар бир топко жараша калыстар курамы түзүлгөн.

Маалымат булактары билдиргендей, карп кои балыгы кооздугу, эттүүлүгү жана колго багылгандыгы менен айырмаланат. Биринчиликти алган балык алты селекциялык тандоодон өтүшү керек. Аны сырткы кебетесинен эле баалашат. Эң биринчиден көлөмү, түсү жана келбетиндеги оймолор анын кандай багылгандыгын тастыктап турат. Адатта, бул түр балыктар жапайы жаратылышта жолуга бербейт. Бул балыктарды багуунун эң мыкты ыкмасы көлдөгү агын сууда өскөндөрү. Кээ бирлери аны аквариумда дагы кармашат. Эгерде балыктын өскөн жери кеңири болсо анын салмага да чоңоёт. Тар болсо карп ошол бойдон кичинекей бойдон калат.

Эсиңиздерге сала кетсек, карп балыгынын кои түрүн Кытайда 2000 жыл мурун эле өстүрө башташкан. Кийинчерээк ал Жапонияга өтүп, балыкчылыктын башатын баштап берген. 1914-жылы Токио шаарында карп балыгынын көрсөтмөсү өткөн. Азыр андай көргөзмөлөр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө салттуу түрдө өткөрүлүп келет.

Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1877 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШдагы мышык Гиннесс китебине жаңы рекорд койду.

Калифорниядагы Софи дүйнөдөгү эң узун жүндүү мышык каттары таанылган "полковник "Мяу" өткөн жылы өлгөндөн кийин анын ордун алды.

АКШнын Калифорния штатындагы Софи аттуу мышык үй жаныбарларынын ичиндеги эң узун жүндүүлүгү менен Гиннесс китебине жаңы рекорд койду. Анын куйругунун жүнүнүн узундугу 26 сантиметрге жетет. Бул тууралуу РИА Новости булагы жазууда.

Маалыматка ылайык, Калифорниядагы Софи дүйнөдөгү эң узун жүндүү мышык каттары таанылган "полковник "Мяу" өткөн жылы өлгөндөн кийин анын ордун алды. Софинин жүнүнүн узундугу 26 см. ге жетип, мурдагы рекордсменден дагы 3 см. узундук кылат. Мышыктын ээси Жами Смиттин айтымында, Софи кокустан пайда болгон. Бир жолу аял гүл бакчада сейилдеп жүргөндө эки киши кагаз пакеттеги мышыкты көргөзүп, багып алуусун өтүнүшкөн. Ал пакетти ачканда кичинекей мышыктар, курсагы ачып, ыйлап жатышкан болчу. Жами Смит мышыкты алып, эч ойлонбостон багып алган.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1878 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Көзү өтүп кеткен адамдан кат алуу.

Ушундай кырдаалга Шери Эмерсон туш болду. Анын чоң апасы смс менен жазышканды өтө жакшы көрчү. 59 жашта байбиче дүйнө салган. Туугандар аны уюлдук телефону менен бирге жерге жашырып, кийин жоготуу сезимин жеңилдетүү үчүн ага кат да жазып жүрүшкөн. Бирок 3 жылдан кийин Шери эч күтүүсүз чоң апасынан жооп алды. Анда “Мен силерге байкоо салып турам. Баары жакшы болот” - деп жазылган. Үрөйү учкан бийкеч өздүк тергөө жүргүздү. Көрсө, уюлдук оператор чоң апанын номерин башкага сатып жиберген экен. Ал эми номердин жаңы ээси, келген каттарды досторунун тамашасы деп, жооп жазууну туура көрүптүр.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1879 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус 5 жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн, 21-октябрда сот сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториусту 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Оскар Писториустун ишин караган сот Токозиле Масипа спортчуну шарттуу түрдө 3 жылга жана абакта отурууга 5 жыл деп эркинен ажыратты. Өкүм окулуп жаткан учурда Писториус көзүнө жаш алган. Ал айыпталган берене боюнча 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган эле.
Эске салсак, сентябрь айында сот аны "атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча актаган. Ошондой эле шектүү жабык эшик артында туруп адамды атайын өлтүргөнү боюнча күнөө далилденбегени маалымдалган.
2013-жылы Сүйүшкөндөр күнүндө Оскар Писториус сүйгөнүн атып салганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери спортчунун үйүнөн анын сүйгөнү, 32 жаштагы Рева Стенкамптын 4 ок жеген жансыз денесин табышканда Оскар: «Ваннадан дабыш чыкканда ууру экен деп 4 ирет ок аткам,»- деген.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1880 Пользователь офлайн   MACKA   21 Октябрь 2014 - 21:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң кымбат рестораны Испанияда ачылды.

Дүйнөнүн эң кымбат рестораны Испаниянын Ибица аралдарында ачылды. Sublimotion ресторанындагы кечки бир тамак эң аз дегенде 1500 евро болот. Баалардын кымбат болушу ашпозчулардын көптөгөн наамдары жана жогорку класстагы ашканасы менен айырмаланаарын маалымат булактары жазышууда.

Sublimotion ресторанынын башкы ашпозчусу Пако Ронсеро дүйнөнүн эң таасирдүү ресторандардын гиди саналган Michelin наамынын эки жылдызынын ээси. Ресторанда кечки тамактар бир спектакль сыяктуу берилет. Бардык буйрутмалар меймандарга асмандан учуп келгендей бийиктен сунушталат. Алар бийиктиктеги атайын камералар аркылуу келип, столдун ортосуна туруп калат. Ресторанда 12 кишилик бир гана стол болот. Тамакты сунуштоо ар түрдүү жыттуу композициялар менен коштолот. Мисалы деңиз паэльи даамын татууга деңиз толкуну кошулат. Кырмызы шарап менен гүлдөрдүн жыты сунушталат. Муздак татымдар менен муздуу түндүк шамалы кошулат. Ал эми официанттар болсо, бир кечеде 20 жолу түрлүү кийимдерди кийинишет. Тамактануу эки жарым саатка созулат.

Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 92
  • 93
  • 94
  • 95
  • 96
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: