Өлкө кубогунда “Слеман” жана “Слемаранг” клубдары өздөрүнүн дарбазаларына беш топ киргизген. Индонезиянын футбол федерациясы футболчулар атаандаштарына атайлап жардам берип, утулуп калууга умтулганын байкашты. Натыйжада эки клуб оюндан четтетилди. Eurosport телеканалынын пикиринде, командалар кийинки этапта «Борнео» клубу менен ойногусу келбей койгон. Себеби, бул команда жергиликтүү мафия менен тыгыз байланышта деген имиштер бар.
