Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1961 05 Ноябрь 2014 - 23:24
7 жолуууу

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#1962 05 Ноябрь 2014 - 23:36
“Ислам мамлекети” кыймылынын ашынган фанаттары кесилген баштарды балдарына топ кылып тептирүүдө.
Ирактагы “Ислам мамлекети” кыймылына мүчө адамдардын балдары оюнчук ордуна адамдын кесилген баштарын топ кылып тээп ойношот. Мындай шумдук кадрларды кыймылга мүчө адамдардын бири интернетке жарыялап салган.
Сүрөттө кыймылга мүчө атакенин уулу кесилген сириялык аскердин башын топ кылып тээп жүрөт. Аны карап турган атакеси кубанычтуу жылмайып турат. Интернет колдонуучулардын бир даары күлүп турган киши - Ислам мамлекети кыймылынын лидеринин тууганы Захран Аллуш экенин таанышкан.
Бул сүрөт Ислам фанаттарынын бирден бир интернетке жарыялаган жырткычтыгы, жапайычылыгы эмес. Буга чейин да интернетке, мындан тышкары дагы бир жаш атаке кичинекей кызы менен бирге кесилген баштын жанында туруп жылмая сүрөткө түшкөн. Андан тышкары дагы бир сүрөттө дарга асып өлтүрүлгөн аскердин жанында түшкөн сүрөттөр да бар.
Сүрөттү интернетке жарыялаган авторлордун оюнча бул сүрөттөрдү көрүп, элдер исламчылардын ниеттеринин өтө олуттуу экенин билиши керек экен. Алардын көз-карашында шариятта туура жолго түшкөндөр “туура эместерди” элдин көзүнчө сүрөттөгүдөй кылып жазалашат имиш. (Видеосун жүктөй албай койдум).

#1963 05 Ноябрь 2014 - 23:50
Эй ваще жиндилер го. Оздорун атып салыш керек исламга эмес жеке адамгерчилите жат нерсе го бул. Бираз баштарын итетишпейби кок мээлер эмне баласын адамдын башын тээп ойноого тарбиялашабы алар....

Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#1964 06 Ноябрь 2014 - 14:03
Улуу Британиянын жашоочусу 50 жылдан бери жылаң аяк басат.
Анын айтымында, ал жөн гана бут кийимдерди жаман көрөт. Эркек киши өзүнүн үйлөнүү-үлпөт тоюнда да бут кийим кийүүдөн баш тарткан. Бут кийимсиз жашоо анын бактылуу жашашына терс таасирин тийгизген эмес. Учурда Британиянын тургуну кар жаап жатса дагы жылаң аяк суукту сезбестен жүрө берет.

#1965 06 Ноябрь 2014 - 16:49
Бишкекте иттер үчүн атайын кафе ачылат.
Борбор калаада иттер үчүн атайын кафе ачылат. Мындай кафе Кыргызстанда алгачкы ирет ачылып, ээси - ырчы Ислам Сатаров. Ачылып жаткан кафеге үй шартында жакшы багылган иттер киргизилет. Ырчынын айтымында, жаңы даамканада иттерге өзүнчө, ээлери үчүн өзүнчө жай болот. “Адамзаттын досу” деп эсептелген жаныбарларга атайын меню даярдалат. Кафе келээрки жылдын жай айында пайдаланууга берилмекчи.
Кошумча: Кыргызстанда дээрлик бардык кафе-ресторандарга ит алып кирүүгө тыюу салынган.

#1966 07 Ноябрь 2014 - 21:32
Oxo0o0o itter jyrgait ekenda.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#1967 08 Ноябрь 2014 - 01:13
Дарыгерлер тирүү адамды "өлдү" - деп, моргко чыгарып таштаган.
Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Гүлнара Жамгырчиева Бишкектеги кардиоборбордун хирургдарынын шалаакылыгын айтып чыкты. Депутат "өзүм күбө болдум" - деп төмөнкү окуяны айтып берди:
"28-октябрда эртең менен кардиоборбордун хирургу Акылбеков 41 жаштагы Рахат Кененбаева деген айымга операция жасады. Операция өткөрүү үчүн кан айландыруучу аппаратты улаш керек болчу, бирок аны улашкан эмес. Операция жакшы өткөнүн айтып, палатага которгону жатканда бейтаптын жүрөгү кармап калып, ага кайрадан операция жасалды. Эки күн реанимацияда жатып, 30-октябрда (бейшемби) ага аппаратты улашты. Көп өтпөй операция жасаган дарыгер бейтаптын туугандарын чакырып, "аппаратты өчүрөм, негизи 4 саат уланышы керек болсо, буга 6 саат болуп калды," - деп билдирген. Туугандарына бейтапты өлүкканадан алып кетүүнү сунуштайт.
Мындан кийин бейтаптын туугандары, бала-чакасы ызы-чуу түшүп, айылына боз үй тигип даярданышат. Ишемби күнү туугандары Кененбаеваны алып кеткени өлүк сактоочу жайга барышса, анын дем алып жатканын айтышкан. Дүйшөмбү күнү ал каза болуп калды. Врачтык этика деген кайда? Көз жумуп, денеси муздагандан кийин деле угузса болот эле да?"
Ушуларды билдирген депутат саламаттыкты сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиевге кайрылып, "министр болуп дайындалып калсаңыз, кардиоборбордун хирургдарынын деңгээлин текшерүүңүздү суранам" - деп билдирди.