
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1987 08 Ноябрь 2014 - 12:00
Ыйлап алсаңыз, жеңилдей түшөсүз.
Адатта, АДАМ баласы кимдир бирөөдөн ыза көргөндө, жаман кабар укканда, жаны ооруп кыйналганда, бир нерсеге кайгырганда же тескерисинче, бир нерсеге кубанганда, көзүнө жаш алат. Кайгы-капанын туткунунда калган адамдын психологиясы жабыркап, өзүн күндөгүдөн башкача сезип калат. Ал эми медициналык жагынан алып караганда, ыйлап алганыбызда мээбиз сергип, бизге убайым чектирген ойлордон арылабыз. Андыктан, ыйлагыңыз келип турса, бугуңуз чыккыча ыйлап, өзүңүз да башкаларды сооротууга аракет кылбай эле коюңуз. Анткени, сиздин маанайыңызды чөгөрүп, тамакка табитиңизди жоготуп, уйкуңузду качырган денедеги суюктук көз жашыңыз менен кошо сыртка чыгып кетет.
Печенье менен шоколад эмнеге пайда?
Экзамен тапшыраарда же бир нерсе жазаар алдында печенье менен шоколадды жеп алсаңыз, мээңиз жакшы иштейт. Бул аныктаманы далилдеш үчүн, окумуштуулар жазуу ишин аткарган эки топко тестирлөө жүргүзүшкөн. Биринчи топтогулардын ар кимисине алдын ала печенье жана шоколад берилген. Экинчи топтогуларга эч нерсе берилген эмес. Натыйжада, биринчи топ тапшырманы так, туура аткарган.
Кумурска жесеңиз, акылдуу болосуз.
Голландиялык окумуштуулардын аныктамасы боюнча, эгерде сиз дайыма кумурска жеп жүргөн болсоңуз, демейдегиден эки эсе акылдуу болуп, интеллектиңиз өсөт. Анткени, кумурсканын денесиндеги химиялык заттар мээге таасирин тийгизип, ойлонуу жөндөмдүүлүгүңүздү күчөтөт.
Аз жесеңиз, көп жашайсыз.
Медиктер майлуу жана калориялуу азыктарды азыраак ичип-жеген адамдар көбүрөөк жашай тургандыгын эбак эле далилдеп коюшкан. Көрсө, тамакты ченеми менен ичип-жесе, ички органдардын зат алмашуусу жеңилдеп, ашказан көпкө чейин бузулбайт экен. Салыштырмалуу айта турган болсок, адамдын ички органы катуу жүрүп, тез жешилген жана акырын жүрүп, узак жашаган автоунаадай эле.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Ноябрь 2014 - 12:01
#1988 08 Ноябрь 2014 - 12:39
rai (08 Июнь 2011 - 17:00) жазган:
#1989 08 Ноябрь 2014 - 14:30
Убакыт учкан куш сымал деп түспөлдөйбүз. 1 саатта эмне жумуш кылганыбызды айта алабыз. 10 мүнөттүк убакыт аралыгында эмне менен алектенгенибизди түшүндүрө алышыбыз мүмкүн. Ал эми 5 секундда эмне болгонун айта аласызбы? Эмесе, 5 секунд убакыт аралыгында сиздин айланыңызда жана дүйнөдө эмнелер болуп жатканына көз чаптырыңыз.
Азыктануу жана суусундуктар:
- Ар 5 секундда Америкада 4,5 тонна таза суу таштандыга төгүлөт.
- Ар 5 секундда McDonalds`да 375 гамбургер сатылат.
- Ар 5 секундда америкалыктар 1. 750 кесим сыр жешет.
- Ар 5 секундда дүйнөдө 2. 090 даана KitKat желет.
- Ар 5 секундда АКШда 2. 750 даана хот-дог сатылат.
- Ар 5 секундда 35 миң даана Coca-Cola сатылат.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Ноябрь 2014 - 14:54
#1990 08 Ноябрь 2014 - 14:34
- Ар 5 секундда Facebook`та 205. 000 билдирүү жазылат.
- Ар 5 секундда 23. 000 твит жазылат.
- Ар 5 секундда Google`дан 1. 860 адам эротикалык видеолорду издейт.
- Ар 5 секундда 17 миллион кат электрондук даректерге жиберилет.
- Ар 5 секундда 47 жаңы сайт ачылат.
- Ар 5 секундда Instagram`га 300 сүрөт жүктөлөт.
Соодада:
- Ар 5 секундда 2 даана Барби куурчагы сатылат.
- Ар 5 секундда "Nike" компаниясы 3000 $ пайда табат.
- Ар 5 секундда Вьетнамда "Nike" заводундагы кимдир-бирөө 0,00012 $ акча табат.
- Ар 5 секундда америкалыктар 7. 500 бөтөлкө суу ичишет.
- Ар 5 секундда америкалыктар 60. 000 пластикалык пакеттерди ыргытышат.
- Ар 5 секундда 3. 150 алюмин бөтөлкөлөрү экинчи жолку иштеп чыгууга жөнөтүлөт.
- Ар 5 секундда АКШда 36 тонна таштанды төгүлөт.
Жашоо жана өлүм:
- Ар 5 секундда болжол менен 21 бөбөк жарык дүйнөгө келет.
- Ар 5 секундда 10 бөбөк кедей үй-бүлөдө төрөлөт.
- Ар 5 секундда 1 ымыркай тубаса майыптык менен төрөлөт.
- Ар 5 секундда адамзат 13 кишиге көбөйөт.
- Ар 5 секундда болжолдуу түрдө 8 киши каза табат.
- Ар 5 секундда ачкачылыктан 1-2 киши каза табат.
- Ар 5 секундда ачкачылыктан 1 бала (бөбөк, ымыркай) каза табат.
Жер жана Космосто:
- Ар 5 секундда 500 чагылган учкундары Жерге түшөт.
- Ар 5 секундда чагылгандын үнү 1,5 км.ге жетет.
- Ар 5 секундда Ниагара шаркыратмасынан 15. 800 тонна суу түшөт.
- Ар 5 секундда Күн Космоско 5. 000 000 тонна затты ыргытат.
- Ар 5 секундда Жер 75 км.ге кеңейет.
Ошондой эле :
- Ар 5 секундда аары 1000 ирет канатын кагат.
- Ар 5 секундда адамдын ар бир клеткасында 500. 000 химиялык реакция жүрөт.
- Ар 5 секундда адам 1 ирет көзүн ирмейт. Сиз азыр көзүңүздү ирмедиңиз.
Кайталап илип койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Ноябрь 2014 - 14:43
#1991 08 Ноябрь 2014 - 14:46
#1992 08 Ноябрь 2014 - 14:50
#1993 08 Ноябрь 2014 - 14:53
#1994 08 Ноябрь 2014 - 15:01
1808-жылы француз химиги Мищель Эжен Шеврель (1786-1889) текстиль фабрикасынын кожоюнунун суранычы боюнча самын чыгара баштагандан тартып биздин тиричилигибизде самындын ролу жогорулады. Европада жана Америкада самын кайнатуу 1930-жылдары үзгүлтүксүз иштеген. Самында натрий тузу, жогорку майлуу карбонаттуу кислота көп болот. Азыркы самындар менен мурунку самындардын айырмасы абдан чоң. Кээ бир самындар терини, колду кургатып салууда. Андыктан самынды туура тандаңыз. Азыркы убакта самындардын көптөгөн түрлөрү чыгарылууда. Курамы ар кандай скраптуу самындар терибизди тазалап, ар кандай микробдордон сактайт. Андай самынды колдонордон мурун тазалоочу сүргүч керек. Ал сүргүч синтетикалуу жана майда көздүү болууга тийиш. “Луфу” тазалагычы терини гана тазалабастан, массаждык эффектиге да ээ. Скраптык самын менен атайын тазалагыч биздин терибизди 15 пайызга тазалайт.
“Duru” самындарынын ар түрдүү жыттары бар. Азыркы күндө бул самынга болгон суроо-талап көп. Бул самындар башкалардан өзүнүн сапаттуулугу менен айырмаланат.
“Щелоч” самындары кийимдеги тактарды жакшы кетирет. Бирок этияттабасаңыз, колдорду кургатып салат. Ошондуктан табигый самын колдонгондон кийин колго крем сүртүү керек. Чарбалык кир жуучу самындар өтө катуу болуп эсептелет. Алардын курамында көбүнчө натрийлүү туздар, майлуу канифолдуу жана нафтендүү кислоталар бар. Көбүнчө алардын органикалык кошумчалары бар болот. Самындар тузга кайнатылат жана маңызды бөлүп чыгарат. Маңыздуу самындар техникалык жактан таза болот. Мындай самында клей жана кислота 60 пайызга көп.
Күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу самындар терини кургатып салбашы үчүн самындын курамына глицеринди жана кремди кошуш керек. Ошондо гана ал кургак териге дагы жакшы таасирин тийгизет.
Парфюмериялуу самынды көбүнчө жагымдуу жытына карап сатып алышат. Андай самындардын жыты адамдын терисинде 30 мүнөт сакталып турат. Жыттуу самындардын көбү пайдалуу эмес. Себеби андай самындар кээ бир адамдардын аллергиясын козгошу ыктымал. Андыктан аллергиясы барлар жыттуу самындарды колдонбошу кажет. Табигый самындар көбүнчө чөптүн, гүлдөрдүн, жемиштердин түрлөрүнөн жасалат. Мисалы, кээ бир самындардын сыртында “Мыло без мыло” деген жазуу бар. Бул самынды колдонуу биз үчүн өтө пайдалуу. Анткени бул самындар терибиздеги майлардан арылтат. Самындардын арасынан эле эң зыянсызы - балдар самыны. Анда көптөгөн табигый пайдалуу заттар: Ромашка, календула, шалфей, черепица бар. Балдар самыны жытсыз келип, негизги курамында линдал, оливка майы болушу кажет. Самынды сатып аларда ушуну унутпаңыз.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Ноябрь 2014 - 15:24
#1995 08 Ноябрь 2014 - 15:05
#1996 08 Ноябрь 2014 - 15:22
Пенсильвания университетинин нейрофизиология бөлүмүнүн профессору Март Фарах “Нейронетика” аттуу китебинде адамдарды кедейчиликке алып келүүчү он сапатын жазып чыккан. “Жакырчылык мээни жабыркатат. Ал эми жапа чеккен акыл-эс адамдын кедейчилик деген саздан чыгышына тоскоол болот,” - дейт профессор.
1. Өзүн-өзү жемелөө:
Өмүрү жарыбай келаткан адамдар, биринчиден, өздөрүн психологиялык жактан ошого багыттап алышат. “Мен эч качан байый албайм, мага байлык буюрган эмес,” - деп ойлоо же аны кайра-кайра башка адамга кайталап айта берүү кедейчиликке байлануунун эң биринчи жолу болуп саналат. Кызмат абалы жакшы экенине карабай, жакырчылыктын сазынан чыга албагандар да жасап жаткан ишине шектүү карашы маянасы аз жумуштан бошонуп кете албай, өмүр бою жакырчылыкта жашап калышынын алгачкы себептеринин бири болуп саналат.
2. Сараңдык:
Дайыма арзан буюмдарды издөө же арзандатылган дүкөндөрдөн кийим сатып алуу, балдарынын билим алышына акча бөлбөө жана кол алдында иштеп жаткандарга аз айлык төлөп берүү - кедейчиликке жакындоонун экинчи белгиси. Бардык нерсеге максималдуу мерчем менен кароо - акылсыздын гана иши. Ага салыштырмалуу, байлыкка умтулган адам бардык нерсеге анык баасын төлөөгө даяр жана башкалардан да ошондой мамилени күтөт.
3. Жакпаган иш менен алектенүү:
Жактырбаган ишти жасоо - жакпаган адам менен жашагандай эле кеп. Кээде биз, материалдык муктаждыктардын айынан, жактырбаган ишти аткарышыбыз мүмкүн. Бирок көңүлсүз жасалган иштен эч кандай майнап чыкпайт. Эгерде жасаган ишиңизге өзүңүз канааттанбасаңыз, башкалар да ыраазы болбойт. Ошондуктан, көңүлүңүз кайсыга чапса, ошону жасаңыз. Бул - кедейчиликтен чыгуунун бирден-бир жолу.
4. Ийгиликти акча менен өлчөө:
Жөндөн-жөн эле ири суммадагы акчага ээ болуп калуу же модалуу кийинип жүрүү бактылуулукка жеткирбейт. Себеби, байлыкка жетиш үчүн, ар бир тыйыныңыз эсептелүү болуш керек. “Байлар бактысын тыйындан курат,” - деген кеп бекеринен айтылбаса керек.
5. Ысырапкорлук:
Бизнес ачыш үчүн алынган насыяларды бирөөгө карызга берип, көп кабаттуу үй же чет элдик маркадагы кымбат баалуу машина сатып алсаңыз, анда эле кутулбас куяга кабылдым дей бериңиз. Кыргыздардын: “Кеңешип кескен бармак оорубайт,” - дегенинде бир мандем бар.
6. Оңой оокат издөө:
Акчадан кыйналып жүргөндөр дароо эле баарына ээ болуп калсам деп эңсешет. Ийгиликтүү уюмдагы орточо маяна төлөнчү кызматка алынып жатканда да ошого каниет кылышыңыз керек. Себеби, жылдар өтүп, бир топ тажрыйбага ээ болуп, саатыңыз чыккан күнү жаңы кызматка көтөрүлүшүңүз мүмкүн.
7. Наалыгандык:
Курсагыңыз ток, кийимиңиз бүтүн болуп, эл катары жашап жатканыңызга каниет кылыңыз. Жашоо жалаң эле алдым-жуттумдуктан, кырып-жоюудан турбастыгын туя билиңиз. Айлана-чөйрөңүздөгү кемчиликтерди жоюуга аракеттенип, ар кыл кырдаалдан жеңүүчү болуп чыга келиңиз.
8. Өзүн өзгөлөргө салыштыруу:
Бул көрүнүш көбүнчө окуучулар арасында көп байкалат. Кээ бир окуучулар жакшы окуп, чейрегинен “эң жакшы” баа алышса, өздөрүн башкалардан артык сезип калышат. Ал эми начар окугандары: “Эмне үчүн мен андай эмесмин?” - деп абдан ызаланышат. Ошондуктан, андай балдарды камкордукка алуу керектигин унутпоо зарыл. Ата-энелер дагы, мугалимдер дагы балдарды эч качан бири-бирине салыштырып тарбиялабашы керек. Себеби, бул көрүнүш бара-бара туруктуу адатка айланып, адамды өмүр бою ээрчип жүрүп алышы мүмкүн.
9. Байлыкты акча менен өлчөө:
Чындап байыгыңыз келсе, акчаны жок жерден жасаганга үйрөнүңүз. Ал үчүн акыл чөйчөгүңүз ар дайым жаңы идеяларга толуп турушу керек. Керек болсо, бизнестин жаңы түрүн ойлоп табыңыз. Өз жолу бар адам колундагы бир кап алтынга да көз каранды эмес.
10. Карамдуулук:
Үй-бүлөсүнө каралашпаган адамды дүйнө жүзүндөгү эң эле жолсуз адамга теңесе болот. Анткени, үй-бүлө адамга бардык жактан колдоо көрсөтүүчү эң чоң курал болуп саналат. Жакын адамыңыздын мээрими жана сүйүүсү гана буттан туруп кетүүңүзгө чоң жардам берет.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Ноябрь 2014 - 15:24
#1997 08 Ноябрь 2014 - 15:58
Өз убагында туура тамактануу организмди өрчүтүп, ички органдардын иштешин жөнгө салат. Организм үчүн зарыл болгон бул жагдай жаз мезгилинде үзгүлтүккө учураса, эски оорулардын баары козголуп, иммунитет төмөндөйт. Иммунитет - термини («immunis» деген латын сөзүнөн алынган) организмдин туруктуу, чың болуусу дегенди билдирет. Адатта, эски оорулар жазында козголот. Жазгы аптапта кээ бир кишилер стресске кабылып, денесин шалдыроо басып, шаабайы сууп калат. Мындай абалга тушукпаш үчүн, ден соолукту чыңдоого өзгөчө маани берүү зарыл.
- Таңында туура тамактануу маанайыңыздын көтөрүңкү болушуна, өзүңүздү сергек алып жүрүшүңүзгө, бөйрөктүн, боордун, ашказандын жакшы иштешине жана кан айлануунун жакшырышына жардамын тийгизет.
- Организмге күндүн нуру жетишпегенде, денеде депрессия жүрүп, курамында углеводу бар азыктар (акшак, күрүч, бал, буурчак ж. б.) көбүрөөк керектеле баштайт. Бул абал семирип кетүүгө себепкер болот.
- Сүттөн жасалган тамактарды (ашкабак кошулган сүт шорпосу, ширин күрүч, быштак, айран ж. б.) жумасына үч жолу ичип-жесеңиз, денеңизге кубат кирет.
- Күзүндө камдаган калориялуу тамак-аштар жазга чейин желип бүтөт же жараксыз болуп калат. Ошондуктан, даамдуу тамактарды, мисалы, ар түрдүү салаттарды өз колуңуз менен жасап, тамакты мүнөздөп (бирок, чактап) ичип-жегениңиз ийги.
- Өнөкөт оорулардын алдын алуу үчүн дары чөптөрдү (итмурун, жалбыз, бакажалбырак, каакым, жүгөрүнүн чачыгы, жылаңачмыя, миңтамыр ж. б.) жана кургатылган мөмө-жемиштерди кайнатып ичиңиз.
- Таңкы таза абада 15-20 мүнөт суу бойлоп басып жүрүү, чуркоо, денени жазуучу жеңил көнүгүүлөрдү жасоо, ошондой эле, мейли бакчада же жумушта болсун, активдүү кыймылдаган ар бир саатыңыз иммунитетти көтөрүүгө өбөлгө болот.
- Организмдин алсырай башташы жана уйкунун канбай калышы да иммунитетти түшүрөт. Ошондуктан, күнүнө кеминде сегиз сааттан өз убагында укташ керек.
- Стресс - иммунитеттин башкы душманы. Стресске кабылбаш үчүн, дайыма ички тең салмактуулукту сактап, досторуңуз жана жакын адамдарыңыз менен таза абада сейилдеп, музыка угуп же бийлеп, маанайыңызга шаттык тартуулап жүрүңүз. Күлкү өмүрдү узартарын унутпаңыз.
- Адистердин айтуусу боюнча, жазында диета сактоонун кажети жок.
- Зат алмашууда цинктин ролу абдан чоң. Ошондуктан, аны жетишээрлик өлчөмдө колдонуңуз. Цинк кара нанда, этте, сырда, жаңгакта жана жумурткада көп болот.
- Эгерде организмдин иммундук системасы жакшы болсо, анда өнөкөт ооруларга туруштук бере алат.
- Сууну жана суюктукту көбүрөөк колдонуңуз. Ал үчүн минералдык сууларды, айрыкча сабизден, кызыл кызылчадан, лимондон, апельсинден жана карагаттан жасалган табигый сууларды күн сайын ичип турганга аракет кылыңыз.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Ноябрь 2014 - 15:58
#1998 08 Ноябрь 2014 - 18:11
Чүй облусундагы 8 колонияны жана 3 тергөө абагын эт менен камсыз кылууга апта сайын 20дай бука союлат. Бул тууралуу ЖАМК басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ЖАМК жакында чарбасын кеңейтүү үчүн тоок фабрикасын ачууну пландап жатышат.
Белгилей кетсек, маалыматта айтылгандай ЖАМК коррупцияга каршы күрөшүү үчүн өзүнүн чарбасын ачкан. Биринчи максаты - тендер өткөрбөө, экинчиден, соттолгондорго мүмкүн болушунча көбүрөөк иш берүү. Буга чейин соттолгондор Кытай жана Индия өндүрүшчүлөрүнүн эт азыгы менен тамактанып келишкен. Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен келишим түзгөнбүз, букалардын саламаттыгына, аларга кантип кам көрүү керек экенине аталган окуу жайдын профессор-ветеринарлары жардамдашат. Чарба иштерине соттолгон 10 адам тартылган.
#1999 08 Ноябрь 2014 - 18:12
Казакстанда 1000 ден ашуун сайттар жабылды. Алар адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизген сайттар болгону үчүн мамлекет тарабынан чектелди.
“Электрондук өкмөт жана калкты тейлөө борборлорун өнүктүрүү” маселеси боюнча отурумда Байланыш, маалыматташтыруу жана маалымат комитетинин төрагасы Сакен Сарсенов бул маалыматты тактаган.
"Биз негизинен терроризмге жана порнографияга байланышкан, балдарыбызга зыян алып келүүчү сайттарды жаап жатабыз. Алардын саны аябай көп. Азырынча 1000 ден ашууну жабылды," - деп билдирүү жасаган Сарсенов.

#2000 09 Ноябрь 2014 - 23:26
Мындай пикирин укук коргоочу Игорь Трофимов маалымат жыйынында билдирди. Орус тилин өнүктүрүү процессин жөнгө салуу үчүн орус тил күнүн белгилеп, кыргыз тил экөөнүн деңгээлин теңеш керек. Мамлекеттик кызматкерлер эки тилде сүйлөш керек. Казынадан кыргыз тилин өнүктүрүүгө канча акча каралса, орус тилине да ошончо каралыш керек. Бул сумма болжол менен 300 миллион сомду түзөт дейт, - укук коргоочу.
Кыргыз Республикасынын Коммунистик партиясынын лидери Клара Ажыбекова, тескери реакция кетпеш үчүн Жогорку Кеңештен эки тилдин деңгээлин теңөөнү талап кылыштын кереги жок экендигин айтты. Жөн гана мектептерде орус тил сааттарын көбөйтүп, каражатты көбурөөк бөлдүрүш керек. Баардык иш-чараларды дипломатиялык жол менен жүргүзбөсөк, Кыргызстан аябай катуу ылдамдык менен исламдашып жатат деди коммунист айым.
