Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2003 10 Ноябрь 2014 - 20:54
Дүйнөдөгү эң жакыр президент унаасын 1 миллионго сатышы мүмкүн.
Уругвайдын лидери Хосе Мухика айдаган Фольксвагенге араб шейхи кызыгууда. Президент өзү 1987-жылкы жалгыз унаасын 2,8 миң долларга баалап жатат. Эгер келишим ишке ашса, акча кайрымдуулук фондуна берилет. 79 жаштагы Хосе Мухика айылда жашап, кадыресе жашоо өткөрөт. 12,5 миң доллардык маянасын кайрымдуулукка багыттап, банк эсептерге ээ эмес. 60-жылдары Мухика банктарды тоноп, акчаны жакырларга таратуучу топко кирчү. 14 жыл өмүрүн түрмөдө өткөрүп, 2010-жылы президент болуп шайланган.
Сүрөттө: Хосе Мухика ооруканада кезегин күтүп отурат.

#2004 10 Ноябрь 2014 - 20:55
Швейцариялык окумуштуулар арбактарды көрө алгыдай абал жарата алышты.
Адистер неврологиялык оорулар менен жабыркаган адамдарды изилдеп, алардын аң-сезим, кыймыл-аракет жана денени мейкиндикте көзөмөлдөө үчүн жооп берген мээ бөлүктөрү бузулганын аныкташкан. Андан улам алар арбактарды сезип жаткандай туюлган. Муну далилдөө үчүн дени сак адамдарга тажрыйба жүргүзүлүп, алардын нерв нейрондору өзгөртүлгөн. Натыйжада алар дагы арбактарды сезип баштаганын моюнга алышкан.

#2005 10 Ноябрь 2014 - 20:57
Канаданын тургуну 51 ташбаканы шымынын ичине катып бара жаткан жерден кармалды.
Бул тууралуу АКШнын басылмалары жарыялап чыгышты. Ага ылайык, мындай ишти эркек киши таш бакаларды АКШга алып барып сатуу максатында жасаган. Ал бутуна жаныбарларды атайын чаптагычтар менен чаптап алган. Белгилүү болгондой, көп тургундар таш бакаларды 1,5 миң доллардан ашык акчага сатышат.

#2006 10 Ноябрь 2014 - 20:58
Кадамжай районунун жашоочусу Сириядагы согушта каза тапты.
Бул тууралуу Кадамжай ички иштер бөлүмүнүн 10-башкармалыгынын начальниги Руслан Омошев билдирди. Анын айтымында, каза болгон адам 34 жаштагы Абдулазис Абдуназаров болгон. Ал жөнүндө маалымат Үч-Коргон айыл округунда экстримизмге каршы иш аракеттерди алып барууда белгилүү болду. Учурда түштүк региондордо эсктремизмге каршы иштер уланууда, - деп кошумчалады Омошев.

#2007 10 Ноябрь 2014 - 22:24
Чыңгысхандын мүрзөсү табылганбы?
Чыңгысхандын мекени деп эсептелген Монголиянын Онон дарыясынын жээгинен археологдор бир топ адамдын сөөгү көмүлгөн жерди изилдеп жатышат.
Жол куруу иштери жүрүп жаткан учурда Монголиянын Хэнтэй аймагындагы Онон дарыясынын жээгинен жумушчулар таштын арасынан ондогон адамдын сөөгүн табышкан. Соттук экспертиза жана археологдор ал 13-кылымга, болжол менен Чыңгысхандын учуруна таандык монгол хандыгынын күмбөзү экендигин аныкташкан. Пекиндин университети менен иштешкен окумуштуулар тобу табылган сөөктөр ошол учурдагы кулдар болгон деген корутундуга келишкен. Окумуштуулардын маалыматы боюнча алар сөөктү коюуга катышкан жана сырды сактоо максатында өлтүрүлгөн. Ошондой эле өлгөн адамды коштоп жүрөт деген түшүнүк менен көмүлгөн 12 аттын сөөгү дагы табылган.
Бардыгы болуп бир жерге чогуу коюлган 68 скелет казылып алынган.
Сөөктөр чачыранды болуп, катуу зыянга учураган. Аны изилдөөчүлөр Онон дарыясы 18-кылымда өзүнүн нугун өзгөрткөнгө чейин жүздөгөн жылдар бою күмбөз дарыянын жээгинде жайгашкандыгы менен байланыштырышкан.
Узун эркек адамдардын жана 16 аялдын сөөгү жүздөгөн алтын жана күмүш артефакттардын жана тыйындардын арасынан табылган. Ал аялдар жол башчынын аялдары жана күңдөрү болгон деген баа берилип, ошондой эле алар жол башчыны тигил дүйнөдө дагы коштоп жүрөт деген түшүнүк менен өлтүрүлгөн деген жыйынтык чыгарылган.
Өлтүрүлгөн малдардын жана адамдардын сөөктөрү, табылган кен-байлыктар археологдорду ал жерге монголдордун аскер башчысы коюлган деген бүтүмгө алып келген. Ар кандай тесттерди жана анализдерди жүргүзүү менен алар дене 60-75 жаштагы адамга тийешелүү жана ал болжол менен 1215 жана 1235-жылдары өлгөн деген жыйытыкка келишкен. Өлгөн адамдын жашы, датасы жана сөөктү коюу салтанаты чындыгында эле ал күмбөз Чыңгысханга тиешелүү болгондугун далилдейт, - деп жазат "Worldnewsdailyreport" агенттиги.
Мындай жаңылык дүрбөлөңдү жаратып монголдордун айрым басма сөз каражаттарын жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын айран-таң калтырган. Андан бери бул маалымат боюнча бир дагы Монголиянын басма сөз кызматы жаңылык жазган эмес. Бирок 7-ноябрда бул темага байланыштуу расмий жактардын комментарийлери пайда боло баштаган.
Монголиянын Маданият, туризм жана спорт министринин кеңешчиси, тарых илимдеринин доктору С. Урантөгс Чыңгысхандын Хэнтэй аймагындагы Онон дарыясынын жээгине коюлгандыгы тууралуу маселеге чекит койгон.
"Мыйзамга ылайык археологиялык экспедиция жүргүзүп, иликтеп жана казуу үчүн ар бир жылдын 15-апрелинен тартып уруксат берилиши керек. Бул багытта 2013-жылы уруксат алгандар жыйынтыгын жарыялашкан. Андыктан бул жалган маалымат," - дейт С. Урантөгс.
Тактап айтканда, Монголияда бекитилип берилген бир дагы экспедиция мындай табылга тууралуу маалымдаган эмес.
Монголиянын илимдер Академиясынын археология институтунун директору Д.Цэвээндорж дагы Чыңгысхандын мүрзөсү табылгандыгы тууралуу болжолдуу маалыматты четке каккан.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 10 Ноябрь 2014 - 22:25
#2011 11 Ноябрь 2014 - 14:07
Турмуш сабактары:

Түндүк Африканын Кейп шаарындагы бир ооруканада тынымсыз сырдуу, тымызын өлүмдөр болуп жаткан эле. Медайымдар канчалаган апталар бою нөөбөттө турса да, ар жума күнү 311-бөлмөгө жаткырылган бейтаптарды жансыз абалда таап жатышкан эле. Бул сырдуу өлүмдөргө узак убакыттан бери түшүндүрмө бере алышпады. Ар ким маселенин чечилишине милдеткер болду.Адистер бөлмөнүн абасын - кычкылтекти бактериялогиялык жактан текшеришти. Түндүк Африканын алдыңкы илимпоздору көз жумгандардын үй-бүлөлөрү менен үч жума бою сүйлөшүүлөр жүргүзүштү. Жадагалса бул ишке милициялар да аралашты. Ойго келген ар бир ыктымалдуулук текшерилди. Бирок алардын да изилдөөлөрү да майнапсыз, жыйынтыксыз калды. Албетте бул убакта 311-бөлмө күн бою күзөткө алынды. Соңунда өлүмдүн себеби ортого чыкты.
Жыйынтык өтө трагедия-комедиялуу болчу. Жума күнү эрте менен саат алтыда бөлмөлөрдү тазалаган аял, бейтаптын дем алууну камсыздоочу жабдыкты токтон сууруп, өзүнүн чаң соргучун сайып, беймарал, шашпай өз жумушун бүтүргөн соң гана ал аппаратты бейтап жан берип койгон соң, кайрадан сайып койгондугу ортого чыкты.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 11 Ноябрь 2014 - 14:07
#2012 11 Ноябрь 2014 - 14:33
Араван районунан балалуу эки үй-булө Сирияга кетти.
Бул тууралуу Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Оперативдүү иш-чаралардын алкагында аныкталгандай, 4-5-ноябрда 63 жаштагы Дилорамхан Ахмедова 26 жаштагы кызы жана 4 жаштагы небереси менен Сирияга кеткен. Ал эми 2012-жылы Икромжан Каримов жана анын жубайы менен 3 жашар уулу чыгып кеткени белгилүү болду. Бул фактылар боюнча тергөө жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Сирияга согуштук иш-аракеттерге тартылган кыргызстандыктардын саны 150дөн ашат. Курман болгондор бар.

#2013 11 Ноябрь 2014 - 14:35
LG компаниясы мектепке чейинки балдарга саат ойлоп чыгарды.
LG компаниясы тарабынан "Kizon" аттуу бир баскычтуу, акылдуу саат ойлоп чыгарылды. Бул саат аркылуу ата-эне менен балдар тыгыз байланышта боло алат. Маалыматка ылайык, бул сааттын ичинде GPS чип сим-карта аркылуу дайыма үзгүлтүксүз балдардын кайда жүргөнүн билүүгө шарт түзүлгөн. Эгерде бала сабактан качып же башка жерде жүргөн болсо, коркунуч билдирүү кат аркылуу кайда жүргөнүн билсе болот. Бул окууга чейинки балдарга ылайыкташтырылган. Анткени алар азыркы учурда телефонду колдоно албаган үчүн бул жаңы ойлонуп чыгарылган саат аларга бир топ пайдасын тийгизет дейт компания.
Кошумча: Бул жаңы чыгарылыш көп элдерге жага бербей калды. Айрымдардын айтымында, Kizon сааты өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдүн өз алдынча өсүшүнө чоң залакасын тийгизет. Ошого карабай Kizon сааттары Европанын ичинде сатыкта.

#2014 11 Ноябрь 2014 - 14:36
Кытайда окуучу үй-тапшырмасын аткарбагандыгы үчүн ата-энесинен бир жума жашынып жүрдү.
12 жашар бала алты күн бою соода борборлордун биринде жашаган. Кийин аныкталгандай, мугалимдин бири окуучунун ата-энесине чалып, тапшырма аткарбагандыгы үчүн аны үйүнө жөнөткөнүн билдирген. Жазадан корккон окуучу, соода борборуна келип, дегустацияга арналган тамактар менен күн өткөрүп жүргөн. Табылган бала алдан тайып, ооруканага жеткирилди.

#2015 11 Ноябрь 2014 - 15:16
Бакчыны (багбанды) "уулуу гүл" өлтүрдү.
Гүл бакчы "Аконит" же "Карышкырдын тамыры" аттуу уулуу гүлгө кокусунан тийип кетип, өмүрүнөн ажырады.
Англиянын түштүгүндөгү Хэмпшир аймагында белгилүү ишкердин бакчасында иштеген багбаны дүйнөдөгү эң уулу деп саналган "Аконит" же "Карышкырдын тамыры" аттуу уулу гүлгө кокусунан тийип кетип, өмүрүнөн ажырады. Бул тууралуу Правда.Ру булагы жазууда.
Тез жардам дарыгерлеринин айтымында 33 жаштагы Натан Гринуэй гүлгө тийип кетип, тез жардам унаасы менен ооруканага жаткырылган. Өлүм коркунучун алып келген гүл ишкердин кенен бакчасында өсүп калган. Бакчынын өлүмүнө ишенбеген атасы көз карандысыз текшерүү жүргүзүп, уулу аконит гүлүн кармап алгандыгы далилденди. Бул тууралуу дарыгер-патогистологдор дагы тастыктап беришкен. Натан Гринуэй полиоргандык жетишсиздиги диагнозу менен жарык дүйнө менен коштошкон.

#2016 11 Ноябрь 2014 - 15:17
Ван Гогдун "Вазадагы астра гүлү жана кызгалдак"
картинасы 61,8 миллионго сатылды.
Ааламга атактуу сүрөтчү Винсент Ван Гогдун "Вазадагы астра гүлү жана кызгалдак " картинасы Нью-Йорктогу Сотбис аукциондо 61,8 миллион долларга сатылды.
Нидерландиялык постимпрессионист - сүрөтчү Винсент Ван Гогдун "Вазадагы астра гүлү жана кызгалдак" натюрмортту АКШдагы Сотбис аукциондо 61,8 миллион долларга сатылды. ТАСС агентчилигинин маалыматына караганда, картина адегенде Sotheby аукционунункызматкерлеринин эксперттери баалап, андан кийин гана сунушталган. Картинанын баштапкы баасы 30-50 миллион доллар арасында коюлган. Постимпрессионист - сүрөтчү бул чыгармасын 1890-жылы Парижге жакын Овер-сюр-Уаз шаарчасындагы досунун үйүндө жараткан. Жакын досу Поль Гаше анын саламаттыгын карап жаткан. Бул картина атактуу сүрөтчүнүн кайгылуу өлүмүнө бир-эки жума калганда тартылган. Кыл калем чебери ошол учурда олуттуу каржы кыйынчылыгын башынан өткөрүп жаткан. Ал эми бул картинаны медицина кызматынын акысы үчүн таштап кеткен. Ал эми 1920-жылдары бул картина АКШга жеке коллекционердин колуна түшкөн.
Ван Гогдун эң кымбат картинасы "Доктор Гашенин портрети" (1890) саналат. Ал 1990-жылы Christie's аукцион үйүндө рекорддук 82,5 миллион долларга сатылган. Акыркы 15 жыл ичинде бул картина эң кымбат картиналардын тизмесинин башында болгон. Импрессионисттер менен модерн сүрөтчүлөрдүн күзгү аукциону өткөн жуманын аягында Манхэттенде башталган.

#2017 17 Ноябрь 2014 - 19:22
Смартфон эмчек сүтүн сактап берет
.
Жаңы төрөлгөн баланы эненин сүтү менен багуу эң маанилүү экени талашсыз. Тилекке каршы кээ бир учурда ар кандай себептерден улам ымыркайлар эне сүтүн оозанбай калышат. Өнүккөн өлкөлөрдө болсо эне сүтүн сактоочу атайын банктар бар. Энелер ашыкча сүтүн саап, тоңдуруучу атайын идиштерге куюп туруп, ошол банктарга жиберишет. Ал жактан сүт пастеризацияланып, төрөт үйлөрүнө таратылат. Эне сүтүн пастеризациялоо кымбат тургандыктан, мындай система өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жайылган эмес. Адистердин айтуусуна караганда, эне сүтү жетпей дүйнөдө жылына 800 миң ымыркай чарчап калат.
Эми бул чөйрөдө жакшы жаңылык - кадимки смартфондун жардамы менен иштөөчү, жөнөкөй, баасы 1000 доллар турган "ФонеАстра" деп аталган жаңы аппарат чыкты. Ал эмчек сүтүн тез жана оңой пастеризациялай алгандыктан, каалаган жерде эне сүтү банкын уюштурууга болот. Бул тууралуу АКШнын Коомдук радиосу жарыялады.
Негизи эне сүтүн пастеризациялоо татаал процесс. Анткени сүттү ысытып жиберсе, андагы өтө керектүү аш болумдуу заттар өлүп калышы мүмкүн, же жетишээрлик жылытпай койсо, зыяндуу бактериялар болушу мүмкүн. Ал эми аталган аппарат телефон аркылуу көргөзмөлөрдү берип, сүттү пастеризациялап жаткан адамдын ишти туура аткарышын көзөмөлдөп турат.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#2018 17 Ноябрь 2014 - 19:25
Көз ооруларын телефон менен текшерсе болот
.
Айфон колдонуучулар үчүн көздүн кээ бир ооруларын текшере алчу White Eye Detector деп аталган жаңы тиркеме чыкты. Аны акысыз эле жүктөп алсаңыз болот.
Бул тиркеменин идеясы Бейлор университетинин химиги Брайан Шауго таандык. Ал жаңы төрөлгөн баласын сүрөткө тартканда, эмнегедир каректери агыш түстө экенин байкаган. Бирок этибарга албай жүрө берип, баласы бир аз чоңоюп, көзүндөгү кемтик даана байкалганда гана ооруканага барып, наристе көздүн рагы менен төрөлүп, дарт өтүшүп кеткендигин билген. “Эгер баламды сүрөткө тартканда, көзү оорулуу экендигин телефонум аныктай алса, анда баламдын оорусу күчөй электе дарылатмак экемин” - деп катуу кейиген химик, өзү иштеген окуу жайдын компьютер адисине барып, аны менен бирге телефонго орнотулуучу тиркемени ойлоп табышкан.
Эми мындай тиркемеси барлар көздөрүн сүрөткө тартып, лейкосория деп аталган көздүн рак илдети жана ага окшош оорулардын бар же жогун текшерип алса болот.
“Бул программа, албетте, дарыгердин ордун баспайт. Бирок жоктон көрө жогору. Көп ооруларды эртерээк билип, эрте дарылаган жакшы” - дейт Шау батыштагы бир катар медиага берген маектеринде.

#2019 17 Ноябрь 2014 - 19:26
Ээси менен итти “сүйлөштүрчү” жабдык
.
Түндүк Каролина университетинин изилдөөчүлөрү ит менен адамды компьютердин жардамы менен байланыштыра алган, итке кийгизилүүчү жогорку технологиялык жабдык ойлоп табышты. Адам итке ар кандай буйруктарды бергенде ал жабдык иттин кыймыл-аракет жана сезимдеринин сигналдарын чогултуп, аларды интерпретациялайт.
Жаңы жабдык негизинен иттерди бир нерсени же бирөөнү издөөгө же куткарууга машыктыруу үчүн колдонулмакчы. Ошондой эле ит менен ээсинин ортосундагы байланышты күчөтүп, бири-бирин түшүнүүнү тереңдетүү үчүн колдонууга жарайт. Алыста жүргөндө да компьютер аркылуу ээси итинин жүрөгүнүн согушу, денесинин табын текшерүү аркылуу анын эмоциялык абалын билип алса болот.
Аталган жабдыкты ойлоп табуучулар аны дрон жана робот сыяктуу технологиялар менен бирдикте да колдонуп, илимдин бул жааттагы жаңы кырларын ашууну көздөшкөндүгүн айтышат.

#2020 17 Ноябрь 2014 - 19:28
Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү жана чагылган
.
Суудан пайда болгон ири куюндар, торнадолор Жер планетасынын кээ бир аймактарында эле болсо, чагылган бардык жерде чартылдайт. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда секунд сайын 100 жолу чагылгандын жаалары жерди көздөй атылып турат. Ошондо күнүнө сегиз миллион жолу чагылган түшөт.
Жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча планетадагы климат өзгөрүп, аба ырайы жылуураак болуп бараткандыктан, жерге түшкөн чагылгандын саны көбөйүшү мүмкүн.
Көптөгөн жылдар бою окумуштуулар климаттын өзгөрүшүндөгү куюн, нөшөр сыяктуу кубулуштардын зыяндуу кесепеттерин изилдеп келишкен. Чагылган дагы дүйнө жүзүндө көп адамдын өмүрүн алып, ар кандай өрттүн чыгышына себеп болот. Ошондуктан азыр чагылганга да көбүрөөк көңүл бурулуп, изилдене баштады.
Азыркы маалыматтарга таянсак, глобалдык климаттын жылышы бир градуска көтөрүлгөн сайын чагылгандын түшүүсү 5 пайыздан 100 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн деп жазат Scientific America