Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 101
  • 102
  • 103
  • 104
  • 105
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2041 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкекте бир канча жолу соттолгон алдамчы аял кармалды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 30-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган аял 1968-жылы Ош облусунда туулган Чолпон Карымбаева болгон. Ал адамдардын ишенимине кирип, даяр диплом алып берүү менен жумушка орноштураарын айтып, бул кызматы үчүн жарандардан акча алчу. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын мурда соттолгону жана андан шаардын бир канча тургуну жабыркаганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилди.

Эгерде кимде-ким бул аялдан жабыркаса: 0 553 102-651, 0 551 102-243, 0 551 102-241 номурларына кайрылса болот.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2042 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Орусияда алдамчылыкка шектелип кыргызстандык аял кармалды.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 46 жаштагы кыргызстандык аял "адамдарды алдоо жолу менен акча каражаттарын алып жүргөн" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу 28-октябрда Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, ал 2014-жылы аталган шаарга кызы менен келген. “Экстрасенстик өзгөчөлүгүм бар” деген айым "дарылайм, көз тийүүдөн сактоого жана байып кетүүгө жардам берем" деп, ал кызматы үчүн жарандардан (алардын көбү пенсионерлер) акча, баалуу буюмдарды алчу. Мындан улам алар полицияга кайрылышкан.

Учурда укук коргоочулар кылмышка шектүүнү кармашты, бирок ал сурак берүүдөн баш тартууда. Ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2043 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалды.

Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу 18-октябрда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган Жанар аттуу кыз Н.Калмурзаев аттуу жарандан аялына виза даярдап берүү убадасы менен 10 миң доллар, дагы бир шаар тургунунан 5 миң доллар алган. Бирок иштин жыйынтыгы болгон эмес. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгерде кимде-ким сүрөттөгү кыздын алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркаса: 0 553 10-24-60, 0 705 35-41-17, 0 553 10-26-79 номурлары аркылуу кайрылса болот.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2044 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сокулук районунда жер тилкелерин документи жок саткан аял изделүүдө:

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 17-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 1969-жылы туулган Дамира Бердалиева жана анын шериги “Сокулук районунда айыл чарбага керектүү жер тилкесин бөлүктөргө бөлүп, эч кандай документтери жок саткан,” - деп шектелүүдө. Учурда алар күч органдарынан качып, издөөдө жүрүшөт. Эгерде кимде-ким булар тууралуу маалыматка ээ болсо, (0 312) 43-01-27, 60-75-67, (03134) 5-33-80, (0557) 00-83-32, (0550) 48-41-38 номурларына кайрылыңыздар.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2045 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкекте алдамчылыкка шектелген 65 жаштагы аял изделүүдө.

Борбор калаада алдамчылыкка шектүү 65 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу 21-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жал кичи районундагы №77-үйдүн 20-батиринде жашаган, 1949-жылдын 16-сентябрында туулган Жаңыл Касымова КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча изделүүдө.


Укук коргоо органдары сүрөттө көрсөтүлгөн аял тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, 102 же 0557 05-03-03 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2046 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ордо калаада курулуп жаткан мекемелердин жарымы өрт коопсуздугуна каршы талаптарга жооп бербейт.

Бул тууралуу мамлекеттик экологиялык- техникалык инспекциясы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, инспекторлор курулуш объектилерине 3 жылда бир жолу текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Андан улам, 22 курулуш мекемелиринин 11ри өрткө каршы талаптарга жооп бербейт. Учурда аларга карата эскертүүлөр берилди.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2047 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сууну көп ичкен адам сулуу болот.

Ден-соолугу чың болуп, денеси кургабай, бетине эрте бырыш түшпөй, ашыкча салмак кошууну каалабаса, анда күнүгө 2,5-3 литр сууну ичип туруу керек.

Бирок,тилекке каршы адамдын көпчүлүгү мынчалык көлөмдөгү сууну иче беришпейт. Организм сууга ар дайым муктаж. Абдан муктаж болгон кезде гана суусайт. Ошондо гана суу ичебиз. Ал эми башка убактарда суусабасак да суу ичип туруу керектигин оюбузга албайбыз. Андыктан суу адамга канчалык керек экенин билип алганыбыз оң.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2048 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кыргызстанда узак мөөнөттүү ипотеканы өнүктүрүү аракеттери башталды.

Топтун негизги максаты - Кыргызстанда узак мөөнөтүү турак-жай насыясын берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү болуп саналат.
Кыргызстанда узак мөөнөттүү ипотеканы өнүктүрүүгө аракеттер акырындап жолго коюлууда. Өкмөт ипотекалык насыя берүүнү өнүктүрүш үчүн 2014-жылдын 6-майында №145 буйругунун негизинде ведомстволор аралык жумушчу топту түздү. Топтун негизги максаты - Кыргызстанда узак мөөнөтүү турак-жай насыясын берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар ордого" Улуттук банктан маалымдашты.


"Акыркы жылдарда иптотекалык насыя берүү системасын пайдалануу тажрыйбалары топтолду жана ипотеканы ишке ашыруу үчүн мыйзамдык базага негиз пайда болду. Бирок учурда Кыргызстанда накта ипотеканын түрү жок. Рыноктон турак жайды жарым-жартылай акчасын төлөп кийинки мөөнөткө алуу же экинчи рынокто күрөөгө коюлган турак-жай үчүн насыя алууну шарттуу түрдө ипотека деп кабыл алып жатышат. Ведомстволор аралык жумушчу топ ипотекалык моделдин бир нече вариантын кароодо. Улуттук банк Мамлекеттик ипотекалык компанияны түзүү идеясын колдоп жатат. Анын негизинде социалдык ипотеканы өнүктүрүү күтүлүүдө. Аталган компаниянын толук кандуу иштеп кетиши үчүн кошумча каржылоо булагы талап кылынат, ушунун өзү өкмөт тарабынан ипотека программасын ишке ашырууда тоскоолдуктарды пайда кылып жатат," - деп белгилейт Улуттук банк.

"Сунушталып жаткан ипотекалык программага ылайык, биринчи кезекте коомдук кызматкерлерге, балалуу, жаш үй-бүлөлөр үчүн ипотека берүү ишке ашырылышы керек. Мамлекеттик ипотекалык компанияны түзүү жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу жана сапаттуу жашоо-шарт, коммуналдык чарба менен камсыздоого багытталуусу кажет. Жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилүүчү ипотеканын чени рынок шартынан төмөн болуусу шарт. Экономикалык активдүү, ипотеканын алгачкы взносун төлөй ала турган, бирок азыркы рыноктук баада турак-жай сатып алууга кирешеси жок 20 жаштан 45 жашка чейинки жарандарга насыя бериши зарыл," - деген сунушун билдирди Улуттук банк.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандагы 24 коммерциялык банктын ичинен 16 банк калкка ипотекалык насыя сунуштоодо.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2049 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкекте иттер үчүн атайын кафе ачылат.

Борбор калаада иттер үчүн атайын кафе ачылат. Мындай кафе Кыргызстанда алгачкы ирет ачылып, ээси - ырчы Ислам Сатаров. Ачылып жаткан кафеге үй шартында жакшы багылган иттер киргизилет. Ырчынын айтымында, жаңы даамканада иттерге өзүнчө, ээлери үчүн өзүнчө жай болот. “Адамзаттын досу” деп эсептелген жаныбарларга атайын меню даярдалат. Кафе келээрки жылдын жай айында пайдаланууга берилмекчи.

Кошумча: Кыргызстанда дээрлик бардык кафе-ресторандарга ит алып кирүүгө тыюу салынган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2050 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата атайын белги менен кол сааттар чыгарылды.

“Саякбай манасчы” коомдук фонду тарабынан залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Улуу Саякбай - 120 жыл” аттуу мааракелик 120 кол саат чыгарылды. Бул тууралуу аталган коомдук фонддун өкүлдөрү кабарлашты.

“Бул сааттар Саякбай Каралаевди жана анын руханий мурасын даңазалоого, жайылтууга кошкон зор салымы үчүн кыргызстандык жана чет элдик эр-азаматтарга жана айымдарга ыйгарылды” деп жазылат маалыматта. Маалым болгондой, сыйлык өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге, ЖКнын депутаты Карганбек Самаковго, КРнын Эл акыны Омор Султановго жана аталган коомдун мүчөлөрүнө, бир катар саясатчыларга, коомдук ишмерлерге берилген.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2051 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Окумуштуулар насыбайдын курамынан бир катар зыяндуу химиялык заттарды табышты.

Дүйнөдө алгачкы жолу стокгольмдук окумуштуулар тарабынан насыбайдын курамы аныкталды. Бул тууралуу 3-ноябрда казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Казакстанда чайналчу чылым катары таанылган насыбайды колдонгондордун саны арбын. Көп жылдар бою анын курамы белгисиз болуп келген. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Казакстандан алынып барган насыбайдын курамында хром, никель, кадмий, коргошун сыяктуу химиялык элементтер бар экени аныкталган. Анын көлөмү нормадан бир кыйла ашыкча экени да тастыкталган. Мисалы, анын курамындагы никель 5,1 эсеге, хром 17 эсеге, коргошун 38 эсеге көп, ал эми анын курамынан чыккан мышьяк анда такыр эле жок болуш керек болчу. Ошондой эле "анын курамынан табылган микробдор ал санитардык нормаларга жооп бербегендигинен кабар берүүдө" деп белгиленет маалыматта.

“Буга чейин тамеки тарткан адамдын ар кандай онкологиялык ооруларга чалдыгуу коркунучу болуп келсе, ал эми насыбай колдонуу онкологиялык ооруга чалдыгып калуу мүмкүнчүлүгүн 4 эсеге жогорулатат, ” - дейт изилдөөнүн демилгечиси, доктор Мейрам Раганин.

Андан сырткары насыбайдын курамынан бензопирен химиялык заты табылган. Андагы нитрит-иондору (бардык өсүмдүктөрдө кездешет, өзгөчө бадал сымал өсүмдүктөр менен бактериянын айкалышы андагы канцероген заттарды пайда кылат) нормадан 91 эсеге көп болуп чыккан.

"Изилдөөнүн мындай жыйынтыгына таянып, башка өлкөлөрдөгүдөй эле Казакстан аймагында да насыбайды колдонууга тыюу салууну туура көрүүдө" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2014-жылдын июнь айында Казакстандын ИИМи насыбайды баңгизатына теңдештирип, аны сатууга тыюу салган. Буга чейин аны сатууга каршылыктарын медициналык кызматкерлер да айтып, май айында Мажилиске атайын кат жолдошкон. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстандын калкынын 10 пайызы насыбай колдонушат.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2052 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң узун кирпиктүү адамы.

Индиянын тургуну Пхуто Рав 47 миллиметр узундуктагы кирпиги менен Гиннесс рекорддор китебине кирген.

Дүйнөнүн эң узун кирпиктүү адамы Индияда жашаган Пхуто Рав Маули. Анын кирпигинин узундугу 47 миллиметр жана көзүн жумганда ылдыйкы эринине чейин жетет.Бул кызыктуу факт тууралуу wocafe.ru булагы жазууда. Индия жараны Дели шаарына жакын жашайт. Ал 52 жашта болсо да өз алдынча кирпиктерин өстүрүп келген. Анын айтымында, кирпик өстүрүү үчүн эч кандай атайын каражат колдонбойт. Болгону табигаттан узун болгон кирпиктерине эркин өсүүсүнө тоскоол болгон эмес. Пхуто Рав Маули журналистерге жаш кезинде кирпиктеринин узундугунан досторунан уялып бир канча жолу кыркып койгондугун жашырган эмес.

Андан кийинки узун кирпиктүү украиналык Оксаны Шикалюк. Анын кирпиктеринин узундугу 18,5 миллиметр болгон.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2053 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөлүк футбол жылдыздары Эбола вирусуна каршы акция жүргүзүшөт.

Аладын арасында португалиялык Криштиану Роналду, бразилиялык Неймар жана германиялык Филипп Лам бар. Алар элдерге вирус тууралуу толк маалымат таратышат. Маалыматтар дарыгерлер тарабынан даярдалат. Ал эми футбол жылдыздары аларды радио жана видео роликтер аркылуу элге жеткиришет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2054 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:19

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Наполеондун шляпасы 1,9 млн. еврого сатылды.

Француз императору Наполеон Бонапарттын согуш учурунда кийип жүргөн шляпасы 1,9 млн. еврого сатылды.

Француз императору Наполеон Бонапарттын согуш учурунда кийип жүргөн эки учтуу кара шляпасы 1,9 млн. еврого сатылды.

Маалыматка ылайык аукцион Фонтенбло шаарында Марна аймагында өткөрүлдү. Француз императору бул жерде сейилдеп, эс алууну жакшы көрчү. Ал эми тарыхый баалуулугу бар аскердик баш кийимди түштүк кореялык коллекционер 1 миллион 884 миң еврого сатып алган. Алуучунун аты аталган жери жок. Баштапкы баа 300 жана 400миң евродон башталган. Бул атактуу императордун согуш учурунда кийген 120 аскердик шляпасынын бирөөсү. Аны 1800-жылында Маренго согушунда кийип жүргөндүгү айтылууда. Андан кийин бул баш кийимин бир дарыгерге белекке берген. Бүгүнкү күнгө чейин Наполеондун 19 баш кийими сакталып калган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2055 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мекке шаарындагы Каабанын ачкычын сактап келген шейх дүйнө салды.

Мекке шаарындагы Каабанын ачкычын сактап келген 74 жаштагы шейх дүйнө салды. Бул тууралуу 28-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, Каабанын ачкычын сактап келген шейх Абдул-Кадир Таха аль-Шейбинин теги ислам динине чейинки аль-Шейби уруусунан чыккан. Учурдагы шейх Абдул-Кадир Таха аль-Шейбинин үй-бүлөсү Шейби бин Усман ибн Тальханын урпактары болуп саналат. Ал Мухаммед пайгамбардын доорунда жашаганы белгилүү.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2056 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Улуу сүрөтчү Ван Гог өлтүрүлгөн.

Дүйнөгө атактуу сүрөтчү Винсент Ван Гог өзүн-өзү ок чыгарбай эле башкасы тарабынан өлтүрүлгөн.

Бул тууралуу америкалык криминалист Винсент ди Майо тастыктап чыккандыгын "Россия 24" каналы кабарлоодо.

Америкалык криминалист атактуу сүрөтчүнүн өмүр баянында анын өлүм себептери тууралуу туура эмес жазылгандыгын аныктап чыккан. Маалыматка ылайык, сөз сүрөтчүнүн өзүн-өзү өлтүрбөгөндүгү тууралуу болууда. Криминалист окуя күбөөлөрүнүн берген маалыматтарын кайрадан карап, эч кимиси колундагы мылтыктын огунун күлү тууралуу айткан эместигин тастыктаган. Эгерде сүрөтчү өзү ок чыгарса анда октун күл тагы колунда сөзсүз болмок. Атактуу улуу сүрөтчү Винсент Ван Гогдун өзүн-өзү өлтүрбөгөндүгү версиясы мындан үч жыл мурун эки биограф тарабынан дагы айтылган. Алардын билдирүүсү боюнча сүрөтчүнү кошо ичимдик ичип отурган адам кокустан атып алган.

Дүйнөгө атактуу улуу сүрөтчү 1890-жылы каза болгон. Ал эс алууга чыгып, курсак тарабына ок тийип, кан ичинде үйүнө келген. Ооруканада сүрөтчү өзү өлгүсү келгендигин айткан.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2057 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Польшалык пенсионер 11 саат моргдо жаткандан кийин тирүү чыкты.

Польшанын Острув шаарында 91 жаштагы Янина Колькевичти өлдү дешип, моргко алып баргандан кийин, 11 саат өтүп-өтпөй тирүү чыкты.

Польшанын Острув шаарында 91 жаштагы Янина Колькевичти өлдү дешип, морго таштап кеткенден кийин 11 саат өтүп-өтпөй тирүү чыкты.

Маалыматка ылайык бул окуяны уккан кулагына ишенбеген туугандары, чоң энесинин муздаткычта өлүктөр арасында жаткандыгы эсинде жок экени, үйүнө келээри менен ысык чай сураганын айтышууда. Моргдун кызматкерлери дагы кара мүшөккө оролгон улгайган адамдын кокустан кыймылдаганан байкашып, катуу чоочугандарын билдирген. Моргдо аны кабыл алган дарыгер Веслав Чиж: "Мен анын өлгөндүгүн өзүм текшергем.Жүрөгү сокпой, дем албай калган. Анан өлгөндүгү тууралуу документтерин даярдап,морг ичине койдук. Жаңылышым мүмкүн эмес болчу," - деди. Азыркы учурда бул окуя боюнча тергөөлөр жүргүзүлүүдө. Бирок дарыгерлердин туура эмес диагноз койгондугу үчүн кылмыш иши козголоору каралган жери жок.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2058 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Уралда шпаргалкалар көргөзмөсү ачылды.

Анын уюштуруучусу Иван Колотовкин 200дөн ашык экспонатын 10 жылдан бери чогултуп келет. Акыркы мезгилде студенттер заманбап шапаргалкаларды колдонууда. Алсак, планшет менен синхрондошкон кол сааттар. Айлакерлик жагынан бийкечтер да калбайт. Кыздар шпаргалканы чаптама тырмак алдына катып, же формулаларды түз эле тырмакка боёк менен тартышат. Ал эми өзгөчө экспонат - бул Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу дил баяндын 3 сантимтерлик китепчеге жазылышы, дейт коллекционер.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2059 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда тешилбей турган дөңгөлөктөрдү ойлоп табышты.

Шиналар Michelin SelfSeal (МишелИн Селф Сил) деп аталат. Дөңгөлөк жолдо бара жатканда тешилип калса, андан дароо атайын зат бөлүнүп чыгып, жыртыкты бүтөп коёт. Бул учурда шиналардагы басым азайып кетүүгө жетишпейт. Өзүн-өзү калыбына келтирүү функциясы диаметри 6 миллиметрге чейинки тешиктерге жарактуу. Эми айдоочулар багажга чоң дөңгөлөктөрдү салып, же жолдо убара болуп резина алмаштыруу ишинен кутулат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2060 Пользователь офлайн   MACKA   27 Ноябрь 2014 - 14:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Көйнөк, юбка жана костюмдарды жаңы сатып алганда ийниндеги илгичин кесип, арткы тилигиндеги тигишин сөгүп койгонуңуз маданияттуу экендигиңизден кабар берет.
  • Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Ноябрь 2014 - 14:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 101
  • 102
  • 103
  • 104
  • 105
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 36 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 36, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 05:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: