Өсүмдүк майын экинчи ирет колдонууну жана мурдагы даярдалган тамактын жытын, даамын кетирүүнү кааласаңыз,
анда 0,5 сантиметр кесилген имбирди майга кууруп ийсеңиз, майыңыз жаңы болуп калат.
Жашылчаларды сыры кетпеген эмаль идишке бышырсаңыз,
жакшы жыйынтык берет. Гарнирледи,
шорполорду жана жемиш кайнатмаларын оозу мыктап жабылган идишке кайнатуу керек.
Эгерде камырга мейиз кошо турган болсоңуз, алгач кайнак суу менен жууп алып андан соң ун себелеп коюңуз. Мында мейиз камырга текши жайылат.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2062 27 Ноябрь 2014 - 14:29
Боз үй Юнесконун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилет.
Бул максатта кыргыз делегациясы жакынкы күндөрү Парижге жөнөп кетмекчи. Анын мүчөлөрү бизге билдиришкендей, эмки жылы биздин өлкө Юнесконун тизмесине көк бөрү, андан соң кара жорго бийин киргизүүнү пландап жатат. Эске салсак, былтыр ушул эле демилгечи топ адамзаттын маданий мурастарына “Манас” эпосун киргизген. Мындай чара, боз үй жана кара жорго сыяктуу маданий элементтерди коңшу өлкөлөр өзүнө таандык кылып жатканына байланыштуу.

#2063 27 Ноябрь 2014 - 14:30
Михаэль Шумахер дагы деле эсине келе элек.
"Формула- 1" классындагы автожарыш боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер ооруканадан үйүнө чыкса деле дагы деле эсине келе элек.
Бул тууралуу "Формула- 1дин" мурдагы учкучу Филипп Стрейфф 19-ноябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык "Формула- 1" классындагы автожарыш боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Михаэль Шумахердин абалы акырындык менен жакшырып, швейцариядагы ооруканадан өткөн айда үйүнө чыккан. Стрейфф: "Шумахер майып коляскада, анын эс тутуму жана сүйлөө жагынан маселеси бар. Үй-бүлөсүнүн жанында жакшы болуп кетет деген чоң үмүттөр бар болчу. Бирок баардыгы кыйын болууда," - деди. Мурда Шумахердин дарыгери Жан-Франсуа Пайен автожарышчынын саламаттыгына дагы бир канча жыл талап кылынаарын жана азыркы абалы тууралуу айтуудан баш тарткан болчу. Ал ооруканада 254 күн жатты.
Эсиңиздерге сала кетсек, Михаэль Шумахер 2013-жылдын 29-декабрында Франциянын Альпы тоосунда лыжа тээп жүрүп, жыгылып башынан катуу жаракат алган. Ага Греноблдагы ооруканадан эки операция жасалган жана үч айдан бери жасалма дем алдырууда жатат.

#2064 27 Ноябрь 2014 - 14:32
Эң ишенчээк улут аныкталды.
Окумуштуулар Европанын 24 өлкөсүндө өздөрүнүн коопсуздугу жана сотторго, полицияга, бири-бирине болгон мамилесин аныктап көрүштү.
Европанын социалдык изилдөө борбору (European Social Survey) 24 өлкө арасында 2002-жылдан бери коопсуздук, өздөрүнө болгон ишеним, полиция жана сотторго болгон мамилесин аныктаган изилдөөсүн жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык "Сот системасына ишенич" жана "Башка адамдарга ишенич" категориясында Дания биринчи орунга чыкты. Даниялыктар өздөрүн корголгондугун сезгендиги менен кылмыш жана зордукчулдуктан сактанып турушаарын өлкөнүн юстиция министри Метте Фредериксен билдирген. Ишеничтүүлүгү боюнча экинчи орунда Финландия. Ал эми үчүнчү орунда Исландия калкы аталды. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүчтөрдө Орусия чыкты. Алар рейтингтеги эң жогорку 10 көрсөткүчүнөн болгону 3,5 баллга ээ болгон. Буга кошумча түнкүсүн караңгыда жүргөндөн өздөрүн коркпой жакшы сезген улут катарында 55% исландиялыктар аныкталган. Андан кийин даниялыктар жана норвегиялыктар турат.

#2065 27 Ноябрь 2014 - 14:34
Сауд Аравиясынын тургуну келинчеги интернет аркылуу жазган катына жооп бербей койгондугу үчүн, аны менен ажырашып кетти.
30 жаштагы Аравиянын тургуну жубайынын бош убактысын телефон менен өткөргөндүгүн жактырчу эмес. Анткени жубайы социалдык тармактарга алаксып, үйүндө баласы да каралбай калчу. Ал жумушунан жубайына “Ватсапп” аркылуу кат жөнөткөн. Бирок ага жооп ала албаган киши аны менен ажырашууну туура көрдү. Жыйынтыгында, социалдык тармак үй-бүлөнүн бузулушунун башкы себепкери болуп калды.

#2066 27 Ноябрь 2014 - 14:35
Дүйнөдө алгачкы жолу суу менен жүргөн унаа 15-декабрда Японияда сатыкка чыгат.
"Никкэй симбун" гезити маалымдагандай, Европа менен АКШда бул унааны келерки жылдын жай айларынан тартып сатып алууга болот.
Японияда Toyota компаниясы жыл соңуна чейин 400гө жакын Mirai унаасын сатууну көздөп жатат. Аталган өлкөнүн өкмөтү ар бир унаа сатып алуучуга 17 миң доллар көлөмүндө субсидия берүүнү убада кылууда.
Компания берген маалыматка таянсак; Mirai унаасынын кыймылдаткычына керектеле турган жалгыз продукт - бул суу болуп саналат: Эч кандай зыяндуу заттар атмосферага чыгарылбайт. Унаанын суутектүү отун куюла турган багы болжол менен 650 чакырым жүрүүгө мүмкүндүк берет, бир чакырымга керектелчү отундун баасы болжол менен 10 иенди же 0,09 долларды түзөт.
Келерки жылы Япониянын дагы бир компаниясы болгон Honda буга окшогон унааны чыгаруусу күтүлүп жатат. Ошол эле учурда суу менен жүргөн унаанын баасы арзан эмес. Негизинен аны багын толтуруу кымбатка турмакчы. Суутек куя турган бир эле жайды куруш үчүн 600 млн. иен (7,2 млн. доллар) талап кылынат.
Буга чейин Сауд Арабиясынын мурдагы мунай министри Ахмед Заки Ямани "эгерде адамзат суутектүү кыймылдаткычы бар унааны пайдаланууну баштаса мунайдын доору толук аяктайт" - деп билдирген эле.

#2067 27 Ноябрь 2014 - 14:36
Үлпөт тойго чыккан унаа эки аялды өлтүрө сүзүп алды.
Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында үлпөт тоюндагы кортеждин унааларынын бири эки аялды сүзүп кеткен, анын кесепетинен оор жаракаттарды алган алар каза табышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Фрунзе көчөсүнөн 2 жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кеткени милиция кызматкерлерине кабарланган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Хонда CRV үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы жаран катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып жолдун каршы тарабынан 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин аныкташкан. Оор жаракаттардан улам бир аял окуя болгон жерден, ал эми экинчиси ооруканадан каза тапкан. Айдоочуга кылмыш иши козголуп, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Иликтөө иштеринин натыйжасында айдоочу соо экени аныкталган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

#2068 27 Ноябрь 2014 - 14:37
Смартфондор арка омурткага чоң жүк келтирет.
Америкалык окумуштуулардын айтымында, адам башын алдыга карай ийип отурганда, омуртканын моюн бөлүгүндө чыңалуу өсөт. Мындай нерсе, жүлүн шакекчелеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Смартфон колдонгон адамдардын смс жазышуусунан улам моюн күнүнө 2-4 саатка чейин ийилип турат.

#2069 27 Ноябрь 2014 - 14:39
Ак нан эмне үчүн зыяндуу?
Нанды даярдоонун технологиясы бирдей, анын курамын ун, суу, туз, дрожж же ачыткы түзөт. Бирок нандын пайда же зыян келтирүүчү сапаттары анын түрлөрүнөн же сортторунан, тагыраак айтканда, кандай ундан жасалганынан көз каранды. Дал ушул себепке байланыштуу, биз бүгүн нан тууралуу бардык фактыларга токтолууну чечтик.
Нан:
Бүгүнкү күндө нандын жер жүзүндө пайда болгон так датасын айтуу кыйын. Бирок окумуштуулар биринчи нандын мындан 15 миң жыл мурун жасалганын белгилеп келишет. Ошол нан бүгүнкү күндө буудайдын данынан даярдалат. Буудайдын даны - курамы боюнча уникалдуу азык, андан Менделеевдин мезгилдик системасынын таблицасын бүтүндөй тапса болот. Алардын ичинен буудайдын данында А, Е, F витаминдери, В тобунун витаминдери жана селен, магний, цинк, кобальт, хлор, натрий, калий, йод, марганец көбүрөөк.
Түрлөрү:
Бирок акыркы учурларда “нанды анчейин деле пайдалуу эмес, атүгүл аны тамактануу рационунан алып салуу керек” - деген окумуштуулардын катары көбөйдү. Бир жагынан бул дагы жүйөөлүү. Себеби, жогоруда пайдалуу деп көрсөткөн заттардын баары буудайдын кабыгында кездешет экен. Тилекке каршы, аны иштетүү маалында мунун баары таштандыга кетип, таза ак ун крахмал менен калориядан гана туруп калат дешет. Ушуга байланыштуу, “элиталык” деп эсептелген ак ундун нанын көпчүлүк медиктер жана диетологдор азыраак пайдаланууну сунушташат. Алар учурда көбөйүп жаткан жүрөк-кан тамыр оорулары, ашказан-ичеги илдеттери жана онкологиялык дарттар ушундай нанды туруктуу пайдалануунун натыйжасы деп бир добуштан кулак кагыш кылышат. Аны нандын төмөнкү түрлөрү менен алмаштырса болот.

#2070 27 Ноябрь 2014 - 14:40
Алты кыргызстандык Россияга мыйзамсыз кириш үчүн поездден секирип кетишкен.
Секирген маалда бир аял башынан жаракат алган. Жашырынууга аракет кылган кезде тартип бузуучулар чегара наряды тарабынан кармалды.
Алты кыргызстандык Бишкек - Москва каттамы боюнча жүрүп бара жаткан поездден Россиянын чегарасын мыйзамсыз кесип өтүү максатында секирип кетишкен. Бул тууралуу 21-ноябрда "Интерфакс" маалымат агенттиги Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Оренбург областы боюнча чегара башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен маалымдады.
Окуя кечээ күнү Россиянын чегара бекетинен алыс эмес жерде, Акбулак областынын Акбулак районунда болгон. Кыргызстандыктар составдан поезд мамлекеттик чегараны кесип өтүп, өткөрүү бекетине жакын калганда секирип кетишкен.
"Секирген маалда бир аял башынан жаракат алган. Жашырынууга аракет кылган кезде тартип бузуучулар чегара наряды тарабынан кармалды. Жабыр тарткан жаран шаардык ооруканага жеткирилди жана ага медициналык жардам берилди," -деп маалымдаган басма сөз кызматы.
Чегарачылар кармалгандар Россияга эмгекке орношуу максатында мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышканын такташты. Сот чет элдиктердин ар бирине 2 миң рублден айып пул салды жана Россиянын чегинен чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.

#2071 27 Ноябрь 2014 - 14:42
Акыркы кезде климаттын кескин өзгөрүшүнөн улам кан басымына кары-жашы бирдей кабылып жатат.
Саламаттыгыңызды өз убагында текшерип туруу жагдайын жеңилдетип кайсы жерде жүрсөңүз да жаныңызда ала жүрүүгө ыңгайлуу жаңы үлгүдөгү ченөөчү тонометр менен таанышып алыңыз.
Артериялык кан басымды өлчөөчү Beurer BC-20 автоматтык тонометри өзүнүн кан басымын жана жүрөктүн согушун ар убак текшерип туруучу адамдарга негизделген.
Өзгөчөлүгү:
- Чоң өлчөмдөгү дисплейге ээ;
- Туура эмес колдонгондугу тууралуу маалыматтын келишин шарттайт;
- Батарейкаларды алмаштырган убакта индикатордун автоматтык түрдө өчүп калуусун шарттайт;
- Кан басымы жогорку чегине келгенде автоматтык түрдө өчөт жана өлчөнгөн убакытты сактап калат;
- Температуранын өзгөчөлүгүнө жараша жөнөкөй текшерүүгө арналган 60 бөлүкчөсү бар;
- Күндү, саатты белгилей алат;
- Медициналык жабдыктары бар;
- Өлчөмү чоңдор үчүн манжетанын диаметри 12,5-20,5 сантиметр;
Жалпы мүнөздөмө:
Баасы: 60.00 $
Бренди: Beurer.
Чыккан жери: Германия.
Дареги: Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Бренд” соода үйү.

#2072 27 Ноябрь 2014 - 14:44
IХ - Х кылымдардагы күмүш тыйындар чек арадан табылды.
Афганистандын жараны өзбек-афган чек арасы аркылуу баасы 5 миң долларлык күмүш түстөгү тыйындарды алып кетүүнү көздөгөн.
Ал өзүнүн кийимдериндеги, топчуларын алып, ордуна кара түскө боёлгон күмүш монеталарды кадап, өзбек-афган чек арасынан өтүп кетүү үчүн ат менен жолго чыккан.
Эксперттердин маалыматына ылайык, кээ бир тыйындар биздин эрага чейинки III - II кылымдагы Грек-Бактрия мамлекетинин дооруна туура келсе, айрымдары IХ - Х кылымдардагы Саманиддер мамлекетинде жасалган.
Тыйындардын баасы 16,5 млн. сум деп эсептелип, «кара базардагы» баасы 5 миң доллардан ашат. Алынган тыйындардын коллекциясы Сурхандарыя облусундагы Археология музейине өткөрүлүп берилди.
Мыйзам бузуучу айып төлөө менен административдик жазага тартылды.

#2073 27 Ноябрь 2014 - 14:45
Сауд Арабияда сулуулук сынактарын өткөрүүгө тыюу салынды.
Сауд Арабиясынын бийлиги айымдар арасында сулуулук сынактарын өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу 20-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, буга чейин бир нече айымдардын тобу сулуулук сынагын өткөрүүгө аракеттенишкен. Ага уюштуруучу топ тарабынан 17 жаштан 27 жашка чейинки айымдар катышып, алардын арасынан "Мекке сулуусу" тандалат" деген жазуулары бар баракчаларды көчөдө таратышкан.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө зер буюмдар, ал эми катышуучуларга баалуу белектер тапшырылмак болгон. Ал эми иш-чараны Мекке шаарындагы ири конок сарайлардын биринде өткөрүү пландалган. Бирок ага бийлик жетекчилиги каршы чыгып, мындай сынактарды өткөрүүгө биротоло тыюу салды. Ошондой эле андай сынактар шарияттын негиздерине туура келбегендигин баса белгилешти.

#2074 27 Ноябрь 2014 - 14:48
"
Дүйнө сулуусу-2014"
сынагынын катышуучусун өлтүрүп кетишти.
Декабрь айында "Дүйнө сулуусу-2014" (Miss World-2014) сынагында Гондурас мамлекетинин намысын коргомокчу болуп жаткан Мария Хосе Альварадо каза тапты. Тагыраак айтканда перинин жана анын эжеси Софиянын жансыз денеси табылды. Эже-сиңдилер мындан бир нече күн мурда дайынсыз жоголуп, өлкөдөгү атуулдар нараазычылык акциясына чыгып, аларды табууну бийликтен талап кылып жаткан болчу. Полиция кызматкерлери кыздардын сөөгү суу жээгинен табылганын айтканы менен, денедеги өлүмдүн издерин сыр боюнча кылууда. Кылмышка шектүү катары 4 киши кармалган, анын ичинде Софиянын сүйлөшкөн жигити да бар. Кыздарды акыркы ирет өткөн 13-ноябрь, бейшемби күнү Софиянын жигитинин вилласындагы кечеден көрүшкөн. Каза тапкан кыздардын жакындарынын айтымында, алар Санта-Барбарага номери жок унаада жөнөп кеткен бойдон кайтып келген эмес.
19 жаштагы Мария Хосе Альварадо (эжеси София Тринидад 23 жашта) ушул жылы Гондурастын Периси наамын утуп алган эле. Ал 19-ноябрда Лондондогу "Дүйнө сулуусу-2014" сынагына катышуу үчүн учуп кетмек.
Кошумча: Гондурас борбордук Америкадагы мамлекет. Калкынын саны 8,098 млн. киши. Гондурас дүйнөгө кылмыштуулугу өтө өскөн өлкө катары таанымал. Бул өлкө адам өлтүрүү боюнча антирейтингде 1-орунда турган өлкөлөрдөн. Маалыматтарда 100 миң кишинин 90,4тү өлүм табат деп берилет. Орусияда бул көрсөткүч 8,7 киши.
Ал эми Кыргызстандын намысын коргомокчу болгон Айкөл Аликжанова коомчулукка жана президентке каражат тараптан колдоо көрсөтүүсүн суранган эле. "Интернет периси-2012" жана "Кыргызстан сулуусу-2014" сынактарынын жеңүүчүсү кечээ каражат тапканын жарыя этти. Ошондой эле ал президенттен оңтойсуз кайрылуусу үчүн кечирим сурады.

#2075 27 Ноябрь 2014 - 14:49
Дүйнөнүн эң кымбат үлпөт көйнөгү.
Дүйнөнүн эң кымбат үлпөт көйнөгү 12 миллион доллар турат. Адатта эң кымбат үлпөт көйнөгүн даярдоодо дизайнерлер жогорку ченемдеги алтын, бермет, бриллиант жана башка кымбат баалуу асыл-таштарды колдонушат. Алардын кээ бирлерин өтө бай атактуу адамдар кийишкен. Мисалы, Диана же герцогиня Кембриджская сыяктуулар. .. бирок анын кымбаттыгынан эч ким сатып албайт.
Ал үлпөт көйнөгү 2006-жылы америкалык кутюрье Рене Страус тарабынан даярдалган. Азыркыга чейин андан кымбат көйнөк тигиле элек. Эң башкысы көйнөк ээсин таппай турат. Үлпөт көйнөгүн эң ири үлпөт көйнөк тигүүчү Diamond Wedding Gown компаниясы жана атактуу зергерчи Марти Катц аземдеген. Көйнөккө баардыгы болуп 150 карат бриллиант шөкөттөлгөн.
Дубайда көрсөтүлгөн көйнөк 8,5 миллион доллар наркында бааланууда. Ошентип азыр дүйнөдө миллион доллардан жогору турган эки көйнөк бар.

#2076 27 Ноябрь 2014 - 14:50
Аз жесеңиз, көп жашайсыз.
Медиктер майлуу жана калориялуу азыктарды азыраак ичип-жеген адамдар көбүрөөк жашай тургандыгын эбак эле далилдеп коюшкан. Көрсө, тамакты ченеми менен ичип-жесе, ички органдардын зат алмашуусу жеңилдеп, ашказан көпкө чейин бузулбайт экен. Салыштырмалуу айта турган болсок, адамдын ички органы катуу жүрүп, тез жешилген жана акырын жүрүп, узак жашаган автоунаадай эле.

#2077 27 Ноябрь 2014 - 14:51
Путин дүйнөнүн эң таасирдүү адамы деп аталды.
Рейтингди америкалык ”Форбс” журналы жарыялады. Басылма Путинди “бийликти жеке колуна топтогон башчы” катары мүнөздөп, ал мекенинде гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк аренада күчүн ачык көрсөтүп жаткан лидер катары баалады. Рейтингдеги экинчи орунда АКШнын президенти Барак Обама турат. Үчүнчүдө - Кытайдын лидери Си Цзиньпин жайгашты. Төртүнчү, бешинчи позицияларды Франциск Рим Папасы жана Германиянын канцлери Ангела Меркель ээледи. Тизмеде ошондой эле Google негиздөөчүсү Сергей Брин, “Роснефть” жана “Газпромдун” жетекчилери Игорь Сечин менен Алексей Миллер бар.

#2078 27 Ноябрь 2014 - 14:52
Кыргызстанда биринчи жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган мультфильм көрсөтүлдү.
Борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде алгачкы жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган "Кот Гром и заколдованный дом" аттуу мультфильм көрсөтүлдү. "Көрчү кандай угулуп жатат?" аталышындагы иш-чара шаардагы угуусу начар балдар интернатынын тарбиялануучулары үчүн уюштурулган.
250дөн ашуун бала мультфильмди көрүү менен чектелбестен уюштуруучулар тарабынан даярдалган оюн-зоок программаларына да катышышты. Долбоордун демилгечилери мындан ары иш-чараны өлкө аймагында уюштурууну пландашууда.
Кыргызстандагы Социалдык программанын уюштуруучуларынын бири Алмазбек Мамырбаев жакынкы күндөрдө балдар үчүн дагы бир нече мультфильм көрсөтүлүп, кийинки жылы дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган 5 мультфильмдин бет ачары болорун айтты. "Көрчү кандай угулуп жатат?" - деген программаны колдогондор видеону берип жатышат, биз аларга угуусу начар балдарга ыңгайлуу кылып беребиз," - дейт ал.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Ноябрь 2014 - 14:52
#2079 27 Ноябрь 2014 - 14:58
Дүйнөнүн эң уулуу жыланы.
Дүйнөнүн эң уулуу жыланы - кобра падышасы. Анын уусу 20 кишини өлтүрүүгө жетет.
Адам баласы дайыма жыландардан коркуп келген. Бирок алардын кээ бирлерин элдер сыйлап турушат. Маалыматка ылайык дүйнөдөгү эң уулуу жыландар кургакта жашашат. Алардын баштарында коопсуздукту билдирген антенна сыяктуу шыпылдагычтары бар. Мындай сезгичтер ири тропик өлкөлөрүндө жашоочу жыландар, ири питондор жана заардуу кара чаар жыландарда болот. Баштарындагы шыпылдаган ал органдар абанын жылуулугун да сезишет. Айрыкча карангыда ушул сезгичтиктери менен тамак таап жешет. Ар кандай жыландардын түрдүү уу чыгаруучу бези болот. Бардык эле уу татаал суюктук, анын курамында ар кандай ууландыруучу компоненттер бар. Бул зыяндуу нерселер адамдын нерв системасын, ДНК жана жүрөктүн согушун токтотот. Уу организмге киргенде терини да жараксыз абалга алып келчү күчкө ээ.
Дүйнөнүн эң уулуу жыланы - кобра падышасы. Ал курмандыктарын 3 метр алыстыктан чагып алат. Кобра качан душманын чагаарда бир гана көздөрүн карайт. Анын уусу өтө коркунучтуу, бардык курмандыктарынын 100% чейин өлөт. Кобра падышасы тууралуу эчендеген уламыштар да айтылып келет.

#2080 27 Ноябрь 2014 - 14:59
Бишкекте лейтенант аскер кызматындагы жоокерге кокусунан ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болду.
Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү 23:55 чамасында №97632-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн лейтенант Турматов А. А. кокусунан тапанчадан ок чыгарган. Жаңылган ок келишимдик негиздеги жоокер Б .М. Кочорбаевге тийип, анын ээги жана моюну жабыркаган. Жаракат алган жоокер шаардык ооруканага жетпей каза болгон. Натыйжада, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы тарабынан кызматтык изилдөө боюнча буйрук чыгып, материалдар тиешелүү органдарга тапшырылды.