Бул тууралуу шаардын жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын директору Жолчубай Мамбеткожоев билдирди. Анын айтымында, автобустарга күйүүчү май айына 11 миллион сомго куюлат. Ар бир транспортко күнүнө 60 литрге чейин отун керек. Италиялык компаниялардын бири автобустарды газга өткөрүүнү сунуштады. Анын аркасында ай сайын 5 миллион сом үнөмдөсө болот. Бир жыл ичинде үнөмдөлгөн акчалардан компанияга акчасы кайтарылат, - деди Мамбеткожоев.
