Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 107
  • 108
  • 109
  • 110
  • 111
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2161 Пользователь офлайн   Begimkyz   04 Декабрь 2014 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Просмотр сообщения MACKA (03 Декабрь 2014 - 18:29) жазган:

Кыргызстанда Биллклинтонбек Мукаев аттуу жаран жашайт.

АКШнын мурдагы президентинин урматына аталган 21 жаштагы атуулдун сканерден өткөрүлгөн паспортунун көчүрмөсү социалдык тармактарда таркатылды. Биллклинтонбек 1993-жылы туулган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын базасында жаран Мукай уулу Биллклинтонбек деп катталган.


Сүрөт

Ооба бул биздин айылдан болот. Айылдагылар "Били" деп чакырабыз.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2162 Пользователь офлайн   MACKA   04 Декабрь 2014 - 23:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

2100- жылы Жер планетасынын калкынын саны 12 миллиардга жетет.

АКШнын окумуштуулары жер жүзүнүн калкы 2100-жылы 12 миллиардга көбөйө тургандыгын билдиришти.
Вашингтон университетинин окумуштуулар тобу жана БУУнун адистеринин биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүнө караганда, жер жүзүнүн калкы жакынкы жүз жыл ичинде же тагыраак айтканда, 2100-жылы 12 миллиардга көбөйөт. Бул тууралуу Вашингтон университетинин расмий басма сөз билдирүүсүндө айтылганын ИТАР-ТАСС булагы жазууда.
Акыркы 10 жылдын ичинде жер жүзүнүн калкы 7 миллиарддан 9 миллиардга чейин жогорулай тургандыгы айтылууда. Бирок акыркы жүз жылдын ичинде калктын саны 70% жогорулап, 12 миллиардга көбөйөт. Калктын эң көп жогорулашы айрыкча Африка өлкөсүндө болот. Ал эми дүйнөнүн башка аймактарында анчалык өзгөрүүлөр болбойт.


Эсиңиздерге сала кетсек, жер жүзүнүн жетинчи миллиардынчы адамы 31-октябрь 2011-жылы төрөлгөн. Ал эми 2050-жылы болсо дүйнө элинин саны тогуз миллиардга бармакчы. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда калктын саны негизинен Азия жана Африка өлкөлөрүндө өсөөрү күтүлүүдө. Жапония, Италия, Түштүк Корея, Орусия, Украина жана мурдагы Советтер Союзуна кирген башка өлкөлөрдө 2014 жана 2050-жылдардын ортосунда калктын саны болжол менен он пайызга азаят деп айтылууда.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2163 Пользователь офлайн   Oceana   04 Декабрь 2014 - 23:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Мен ушул балага тушунбодум аты башкачабы же озубу?
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2164 Пользователь офлайн   MACKA   05 Декабрь 2014 - 01:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бийлеп турган асман мелжиген үйлөр - архитектурадагы жаңы керемет.

Үй ээлеринин өз унаасы менен үйүнө чейин жүктөп бара турган атайын жүк лифттери дагы орнотулат.
Кыймылдап турган асман мелжиген үйдү куруу идеясы флоренциялык Дэвид Фишерге таандык. Имараттар 80 кабаттан туруп, бири-бирине карата айланат. Болжолдуу эсептер боюнча долбоорго 700 млн. доллар жумшалмакчы.
80 кабаттуу архитектуранын кереметине мекемелер гана эмес, бир нече мейманканалар, жеке менчик пентхаусттар, люкс классындагы үйлөр жана жөнөкөйрөөк квартиралар жайгашмакчы. Долбоорго ылайык имаратка бассейндер менен бакчалар гана салынбастан, үй ээлеринин үйүнө киргенге чейин өз унаасына жүктөп бара турган атайын жүк лифтилери дагы орнотулат. Эң кызыгы элиталык пентхаусттардын ээлери гана кабаттардын айланып турушун башкара алышат. Башка кабаттар атайын иштетилген программа аркылуу буйрук берүүчү адамдын добушу менен жөнгө салынып айланат.
Бул гиганттын кыймылын шамал турбиналары жана күн батареялары менен жылмакчы. Ага кошумча бул имарат өзүнүн жашоочуларын электр менен камсыздап турган алгачкы чакан электр станциясы болуп калмакчы. Андан тышкары имарат коңшулаш имараттарды дагы электр жарыгы менен камсыздоосу каралып жатат.
Долбоордун курулушун жакында баштоону пландашууда.


Сүрөт СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2165 Пользователь офлайн   MACKA   05 Декабрь 2014 - 02:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2166 Пользователь офлайн   MACKA   05 Декабрь 2014 - 02:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Түндүк Корея аткаминерлерине чет элдик тамеки тартууга тыюу салды.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аткаминерлерге импорт тамекилерин тартууга тыюу салды. Маалыматка ылайык, Түндүк Корея лидери импорт тамеки тартууну мекенчилдикке туура келбейт деп эсептейт жана өздөрүнүн жергиликтүү тамекилеринин сапаты чет элдикинен кем калышпагандыгын айтууда. Бирок Ким Чен Ындын эл алдында тамеки тартып турганын көрүүгө болот. Ал эми анын тамекисинин маркасы кайсы экендиги белгисиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына караганда, Түндүк Кореянын тамеки тарткандардын саны боюнча Азияда эң жогорку көрсөткүчтө 50% ээлеп турат. Түндүк Кореянын өндүргөн популярдуу маркаларынан Gohyang, Craven жана Yeomyeong тамекилери болжолу менен эки килограмм күрүчтүн баасында болуп, 0,36-0,5 доллар наркында болууда. Ал эми кытайлардын Jang Baek Sam, америкалыктардын Marlboro жана жапондуктардын Mild Seven (MEVIUS) тамекилери 5-10 доллардан жогору турат. Башкача айтканда, он эсеге кымбат экендиги айтылууда.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2167 Пользователь офлайн   Begimkyz   05 Декабрь 2014 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Просмотр сообщения Oceana (04 Декабрь 2014 - 20:40) жазган:

Мен ушул балага тушунбодум аты башкачабы же озубу?

Аты башкача "Биллклинтонбек".
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2168 Пользователь офлайн   MACKA   05 Декабрь 2014 - 18:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Американын 17 штатынын бийлиги Обаманы сотко берет.

АКШнын 17 штат бийлигинен түзүлгөн Коалициясы мамлекет башчысы Барак Обаманы мыйзамсыз миграциялык реформа жасады деп айыпташууда. Маалыматка ылайык 17 штат бийлигинен түзүлгөн Коалициясы мамлекет башчысын мындай өтө маанилүү мыйзам долбоорун Конгресстин өкүлдөрү менен кеңешпегендигин айыптап жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-ноябрда АКШда президенти Барак Обама иммиграция боюнча жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн иммиграциялык системасын Конгресстин жактыруусуз эле өзгөртүүчү чаралар беш миллионго жакын мыйзамсыз мигрантты легалдашып, АКШдан утурумдук башпаанек алышына жол ачат. Буга каршы чыккан 17 штат бийлигинен түзүлгөн Коалициясы мамлекет башчысын сотко бере тургандыгын билдирди. АКШда мыйзамсыз мигранттардын саны 12 миллионго чейин деп айтылып жүрөт. Алардын көбү коңшу Латын Америка өлкөлөрүнөн.
Обаманын айтымында, акыркы алты жылда АКШдан депортациялагандарынын саны 80% көбөйгөн.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2169 Пользователь офлайн   MACKA   05 Декабрь 2014 - 18:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Путин рак менен ооруп жатабы?

Орусиянын президенти Владимир Путин үч жылдан бери айыкбас рак менен ооруп жатканы төгүнгө чыкты.
Орусиянын президенти Владимир Путин үч жылдан бери айыкбас рак менен ооруп жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММК да чыккан маалыматтарды президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков төгүнгө чыгарды. Песковдун "Күтө алышпайт, тилдерине тибиртке - баардыгы жакшы эле," - деп жооп кайтарды. Мурда американын New York Post журналы Путин карын астындагы без рагы менен ооруп жаткандыгын кабарлашкан. Андан кийин Польша жана белоруссиялык маалымат булактары орусиялык лидер жүлүн мээсинен рак болгондугун жазып чыгышкан. Алар Путиндин үч жылдан бери ооруп жаткандыгын да кошумчалаган. Америкалык басылмага караганда орус лидери немис дарыгерине көрүнүп жатат. Бул дарыгер менен Путин КГБ тыңчысы болуп Германияда иштеп жүргөндө таанышкан. Азыркы учурда 84 жашка келген дарыгер Орусиянын президентин дарылабай калган. Ал учакка отургандан жана Путиндин коопсуздук кызматкерлеринин катуу мамилесин жактырбаганын билдирген.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2170 Пользователь офлайн   Oceana   05 Декабрь 2014 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

:shok: Putiin aiygyp ketsin,e. :(
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2171 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   05 Декабрь 2014 - 20:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения MACKA (05 Декабрь 2014 - 02:03) жазган:

Сүрөт


Многу жыланбы Маска айым, кайсыл жерде экен ошону да жаза кетсениз болмок экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2172 Пользователь офлайн   MACKA   06 Декабрь 2014 - 15:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң семиз адам көз жумду.

Улуу Британияда дүйнөдөгү эң семиз адам Кит Мартин көз жумганын 5-декабрда чет элдик маалымат булактары жарыялашты. 444 килограмм салмагы менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген 44 жаштагы Кит Мартиндин өлүмүнө пневмония себеп болгону айтылды. Ага мындан 8 ай мурун операция жасалып, ашказанынын көлөмү кичирейтилген. Мартин өзүнүн семиздигине, тамакты көп жешине өмүр бою өзүн күнөөлөп келген. "Менин мындай болушума өзүм гана күнөөлүүмүн. Эч ким менин башыма тапанча такап, мынчалык көп тамак жешимди талап кылган жок," - деп билдирген ал маектеринин биринде.
Кошумчалай кетсек, Мартин иштөөгө жөндөмсүз гана эмес, өз алдынча кыймылдай алчу эмес. Ал үйлөнгөн да эмес.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2173 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Декабрь 2014 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Просмотр сообщения MACKA (05 Декабрь 2014 - 01:02) жазган:

Бийлеп турган асман мелжиген үйлөр - архитектурадагы жаңы керемет.

Үй ээлеринин өз унаасы менен үйүнө чейин жүктөп бара турган атайын жүк лифттери дагы орнотулат.
Кыймылдап турган асман мелжиген үйдү куруу идеясы флоренциялык Дэвид Фишерге таандык. Имараттар 80 кабаттан туруп, бири-бирине карата айланат. Болжолдуу эсептер боюнча долбоорго 700 млн. доллар жумшалмакчы.
80 кабаттуу архитектуранын кереметине мекемелер гана эмес, бир нече мейманканалар, жеке менчик пентхаусттар, люкс классындагы үйлөр жана жөнөкөйрөөк квартиралар жайгашмакчы. Долбоорго ылайык имаратка бассейндер менен бакчалар гана салынбастан, үй ээлеринин үйүнө киргенге чейин өз унаасына жүктөп бара турган атайын жүк лифтилери дагы орнотулат. Эң кызыгы элиталык пентхаусттардын ээлери гана кабаттардын айланып турушун башкара алышат. Башка кабаттар атайын иштетилген программа аркылуу буйрук берүүчү адамдын добушу менен жөнгө салынып айланат.
Бул гиганттын кыймылын шамал турбиналары жана күн батареялары менен жылмакчы. Ага кошумча бул имарат өзүнүн жашоочуларын электр менен камсыздап турган алгачкы чакан электр станциясы болуп калмакчы. Андан тышкары имарат коңшулаш имараттарды дагы электр жарыгы менен камсыздоосу каралып жатат.
Долбоордун курулушун жакында баштоону пландашууда.


Сүрөт СүрөтСүрөт


Укмушгоо Сүрөт
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2174 Пользователь офлайн   Oceana   06 Декабрь 2014 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Баардык нерсе укмуш болуп кетотат.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2175 Пользователь офлайн   Kanat8427   06 Декабрь 2014 - 23:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 562
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалган дуйно

Шумдугун кургууур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2176 Пользователь офлайн   MACKA   08 Декабрь 2014 - 19:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Диплому бар, курсташы жок Нурлан Төрөбеков эмнеден чоочулайт?

Кылмыш ишине тартылып калса эле, эмгөктөгөн «оорулуунун» кейпин кийип калуу тенденциясы кыргыз саясатчыларынын арасында күч алды. Кыргыз элибизде жакшы бир кеп бар - «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт» - деген. Анын сыңары улам эле «өлүмүш» болуп жата калып атып, ар кандай кылмыш жоопкерчиликтеринен кутулуп кетүүнү көздөгөндөрдүн саны бүгүн ого эле көп. Алардын арасынан кыргыз элине аттары таанылып калгандарын санап өтөлү - Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Урмат Аманбаева, Каныбек Осмоналиев, Талант Мамытов… мына ушулардын катарында ЖК депутаты Нурлан Төрөбеков дагы бар. Эске сала кетсек, бул депутатка Башкы прокуратура тарабынан буга чейин 166-берене (алдамчылык, көз боёмочулук) жана 350-берене (жасалма документтерди даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2013-жылы КР президентинин аппаратынан өзүнүн атына жазылган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дипломунун копиясын көрсөткөн. Андан сырткары жасалма жол менен өзүнө «мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» - деген чинди алып алган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура анын депутаттык кол тийбестигин алып салууну өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылган болчу. Мына ушул маселени 27-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда карашмак. Бирок депутат Майрамкүл Тиленчиева Нурлан Төрөбековдун депутаттарга оозеки кайрылуусун айтып берип, бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Анын айтуусунда Нурлан мырза ооруп аткан имиш. Ачыгын айтканда ага карата кылмыш ишинин козголгонуна көп эле болуп калды. Ал эми Нурлан Төрөбековдун жумуш ордунан жок болуп кеткенине да өтө көп убакыт өттү. Эмдигиче ден-соолугун сакайтып, кызмат ордуна келип калышы керек болчу. Экинчиден, ал өзүнүн таза экендигине ишенсе, алган дипломун чындап эле окуп алган болсо, эмнеден коркот? Келип аныктап, көзгө сайып көрсөтүп, өзү менен чогуу окуган группалаштарынан жетелей келип депутаттар менен тааныштырып коёт эле го? Тилекке каршы Нурлан Төрөбековдо диплом болгону менен курсташ дегенден Кудай айтпаганы белгилүү. Себеби дипломду окуп анан алган эмес. Ал эми ооруп атканы бул курулай гана шылтоо экендиги белгилүү.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2177 Пользователь офлайн   MACKA   08 Декабрь 2014 - 19:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

БУЛ АЧЫЛЫШ БОЮНЧА СИЛЕР КАЙДАН БИЛДИҢЕР?

Германиялык мусулмандар уулдуу болушуп, сүннөт боюнча 7 күндөн кийин уулунун чачын алышып, садакага алтын таратышат. Бир канча күндөн кийин уулун врачка көрсөтүү үчүн алып барышат. Ымыркайды көргөн врач таң калуу менен сурайт.
- Баланын чачын өзүңөр алдыңарбы же ушундай туулдубу?
- Биз өзүбүз алдык.
- Бирок бул ачылыштын ачылганына 50 күн гана болду. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, жаңы төрөлгөн адамдын чачын төрөлгөндөн кийин 40 күндүн ичинде алып койсо, ымыркайдын көрүүсү жакшырып, чачтары кубаттуу болуп, акылы өсүп, көп пайдаларга себеп болот экен. Ал эми ымыркай төрөлгөндөн кийин 7-күнү чачын алса, андан да көп пайдалуу болот экен. Бул ачылыш жөнүндө силер кайдан билдиңер?
- Биз муну Элчи Мухаммаддан (САВ) улам билебиз.
- Ал Мухаммад тирүүбү? Силердин Элчиңерге бул маалымат кантип мынчалык тез жетти?
- Мухаммад (САВ) ал дүйнөдөн кайткан, ал мындан 1400 жыл мурун жашап өткөн!


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2178 Пользователь офлайн   MACKA   08 Декабрь 2014 - 19:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда 15 жаштагы Куранды жатка билген Хафизди өлтүрүп кетишти.

АКШдагы террорчулар 15 жаштагы Куранды жатка билген Хафизди өлтүрүп кетишти.
Америка Кошмо Штаттарында 15 жаштагы Куранды жатка билген мусулман өспүрүм кечки намаздан чыгып келатканда атайын багытталган соккунун курмандыгы болуп, мечиттин алдында жан таслим болду. Сомали тектүү Абдисамад Шейх-Хуссейн жол тандабастын катуу соккусунан улам учуп кеткен. Андан кийин террорчу унаасын жыгылган өспүрүмдүн үстүнөн айдаган. Натыйжада бала буту жок калган жана катуу жаракаттын айынан каза болгон.
“Абдисамад Шейх-Хуссейндин туугандарынын айтымында октябрь айында мечитке баргандар Исламга каршы жазуулары менен жүргөн шектүү жол тандабас тууралу милицияга бир канча жолу арызданганын айтышкан,” - деп жазат New York Times.


Шейх-Хуссейнди жерге берүүгө жүздөгөн мусулмандар келишти. Ал өзүнүн жаш экенине карабай, Куранды жатка билген Хафиз болчу жана кээде мечиттеги имамдын ордуна ибадат кылуучу.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2179 Пользователь офлайн   MACKA   08 Декабрь 2014 - 19:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

СОЦИАЛДЫК СЕТТЕР АДАМ ӨЛТҮРҮП БАШТАДЫ.

Испанияда социалдык сеттерде баарлашып жатып өлгөндөрдүн саны алкоголдук ичимдиктерди колдонуп алып унаа айдагандардан ашты.

Whatsapp, Facebook жана Twitter аркылуу сүйлөшүүнүн натыйжасында өлгөндөрдүн санынын артышы Испания калкына чоң коркунуч жаратууда. Испания Ички иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө өлкөдө өткөн жылы 85 миң 519 жол кырсыгынын 34 миңден ашууну унаа айдап бараткандардын социалдык сеттер аркылуу сүйлөшүп дыкатсыздык кылуусунан улам болгон.
Мындай кырсыктардын 52% ы өлүм менен жыйынтыкталгандыгына көңүлдү буруп, жаштардын унаа айдап баратканда, Whatsapp, Twitter жана Facebook колдонбошун эскертти.
Социалдык сеттер аркылуу сүйлөшүп атып транспорт кырсыгына туш болгон испаниялыктардын орточо жаш курагы 34 жаштан төмөн экендигин белгилеген изилдөөдө бир кырсык болуп кетүүсү үчүн 5 секунд интернетке алагды болуу жетиштүү экендигин эске салды.


Министрликтин тарыхында биринчи жолу социалдык сеттердин айынан болгон кырсыктарга каршы көрнөк-жарнактар тартылып, маалымат каражаттары аркылуу таратылууда.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2180 Пользователь офлайн   MACKA   08 Декабрь 2014 - 19:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Семиз адамдарга коомдук транспортто орун жок.

Мындай пикирин Британиянын депутаты Энн Милтон Твиттердеги баракчасында жазды. Аялдын айтымында, поездде бара жаткан эркек аны өз салмагы менен “басып сала жаздаган.” “Эгер сиздин денеңиз бир отургучка батпай жатса, анда арыктоо жөнүндө ойлонуш керек,” - деген пикирде депутат. Белгилеп кетсек, буга чейин Энн Милтон саламаттыкты сактоо министри болуп турганда, “ашыра салмак менен жабыркаган” - деген терминдин орунда “семиз” деген сөздү колдонууну сунуштаган. Мындай нерсе, анын пикиринде, адамдардын өзүнө көз салып, арыктоого түрткү болмок.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 107
  • 108
  • 109
  • 110
  • 111
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 22:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: