Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 112
  • 113
  • 114
  • 115
  • 116
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2261 Пользователь офлайн   MACKA   26 Декабрь 2014 - 21:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Социалдык тармактын колдонуучусу селсаяк үчүн 70 миң доллар чогултту.

Лос-Анджелесте Джош Пэлер Лин социалдык эксперимент жүргүздү. Ал селсаякка 100 доллар берип, акча эмнелерге сарпталарына байкоо салган. Үй-жайсыз адам күтүлгөндөй арак албастан, дүкөндөн чоң баштыкка тамак-аш сатып алып, өзүнө окшош селсаяктар менен бөлүшкөн. Мындай үлгүлүү кадамдан кийин Джош үй-жайсыз адамга интернет аркылуу акча чогултуп берди.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2262 Пользователь офлайн   MACKA   26 Декабрь 2014 - 21:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жаңы жылдык эс алуулардан кийин кыргызстандыктар кайсыл күндөрү иштеп берери белгилүү болду.

Өкмөттөн билдиришкендей, атуулдар 1-январдан 7-январга чейин эс алышат. Бирок бул каникулдарды 10-январь, 21-февраль жана 23-мартта иштеп берүүгө туура келет. Токтомго бүгүн кол коюлушу күтүлүүдө.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2263 Пользователь офлайн   MACKA   26 Декабрь 2014 - 21:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бардык жеке менчик валюта алмаштыруу түйүндөрүн жабуу демилгеси коммерциялык банктардын кызыкчылыгын жактоого окшоп жатат.

Мындай пикирин “Взгляд” агенттигине экономист Искендер Шаршеев билдирди. Эске салсак, Улуттук банк тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук угууларга алып чыкты. Ага ылайык, валюталарды алмаштыруу укугу коммерциялык банктар жана кичи-кредиттик компанияларда гана калат. Шаршеевдин айтымында, валюталардын курсу жогору келген коммерциялык банктар жеке түйүндөргө караганда негизги спекулянттар болуп саналып калышы мүмкүн. Абалды турукташтыруу үчүн, тескерисинче, валюта рыногунун катышуучуларын көбөйтүү керек, - дейт серепчи.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2264 Пользователь офлайн   MACKA   26 Декабрь 2014 - 21:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң суук кыштагы.

Дүйнөнүн эң суук кыштагы Орусиянын түндүгүндөгү Оймякон айылы. Бул кыштакта абанын сууктугу декабрь айында - 50ºС болуп, тарыхта -71,2ºС даражада суук катталган. Ошондуктан дүйнөнүн эң суук эл жашаган жери аталгандыгын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Айылда болгону 500 киши жашайт. Ал эми өткөн кылымдын 20 чы жана 30 чу жылдары бугу багуучулардын борбору аталган. Аймакта жер-жемиш өспөгөндүгүнөн элдер бугу, балык жана жылкынын эти менен тамактанышат. Айылда бир гана дүкөн бар. Жергиликтүү калк бугу багып же балык уулап күн өткөрүшөт. Ал эми жападан жалгыз орто мектеби -52ºС даражада болгондо жабылып калат. Оймякон айылы деңиз деңгээлинен 750 метр бийиктикте болуп, декабарь айында күндүзгү убакыт 3-4 саатка гана созулат.

Ал эми дүйнөнүн эң аяздуу жерлерин эске сала кетсек, окмуштуулар дүйнөнүн эң төмөнкү температурасы Антарктидадагы Купол Фудзи (Dome Fuji) тоолорунда болгондугун билдиришти. Андагы 4 миң метр бийиктиктеги Фудзи тоосунда -91°C градуста суук аба ырайы катталган. -91°C градустагы абанын суугу бир канча мүнөттө адамдын көз, мурундарын жана өпкөсүн да тоңдура алат. Мындай абаны спутникалык технологиянын жардамы менен гана аныкташкан. Мындан мурун 1983-жылы 21-июлда -89°C градусту орус окмуштууларынын "Чыгыш" станциясы аныкташкан. Ал эми адамдар жашаган жерлердеги эң суук жер Орусиянын Түндүк уюлундагы Верхоянск шаары (калкынын саны 1.200 киши). Бул жерлердеги абанын температурасы -70°C градус суук болгон . Үчүнчү орунда Түндүк Америкадагы 1954-жылы 9-январда "Северный лёд" (North Ice) станциясы −66.1°C градустук суукту аныкташкан.

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2265 Пользователь офлайн   MACKA   26 Декабрь 2014 - 21:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жеки Чан соттолуп жаткан уулуна жардам берүүдөн баш тартты.

Жеки Чандын 32 жаштагы уулу Жейси Чан бангизат колдонгондугу үчүн үч жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Xinhua кабар агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык дүйшөмбү күнү атактуу киноактер жана уруш искусство чебери Жеки Чандын 32 жаштагы уулуна баңгизат колдонгондугу үчүн расмий күнөө коюлган. Жеки Чан баласынын өз жазасын алып, аман-эсен кайтканында жаш муундарга өзүнүн "кайгылуу тажрыйбаларын" айтып берээрин билдирген.
Эсиңиздерге сала кетсек, Жейси Чан атасынын жолун жолдоп, тасмаларга тартылып жүрөт. Ал 2010-жылы тарыхый "Мулань" аттуу тасмада экинчи пландагы эң мыкты актер сыйлыгын жеңип алган. Ушул эле тасмага орусиялык ырчы Витас дагы тартылган болчу. 31 жаштагы Жейси Чан АКШда төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Киного тартылуудан сырткары музыка менен алектенип жүрөт. Пианино жана бас-гитарада мыкты ойноп, ушуга чейин үч альбомун чыгарган.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2266 Пользователь офлайн   Oceana   27 Декабрь 2014 - 09:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

:гезит: ойдодогу суроттор шумдукооо. Эми Жеки Чандын баласы камалабы не????
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2267 Пользователь офлайн   KG_Beka_KG   27 Декабрь 2014 - 12:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 930
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2016 22:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:PARIJ

Шумдугун кургур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2268 Пользователь офлайн   Soulya   27 Декабрь 2014 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Июл 2015 16:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Озум суйгон, кереметтуу жерде...

:blink:
Кара-Суум берекелуу менин шаарым,
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.

Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2269 Пользователь офлайн   MACKA   27 Декабрь 2014 - 21:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ошто 3-курстун студенти беттеги безетки жана андан калган тактарды тазалоочу каражат ойлоп тапты.

Ал Ош МУнун Медицина факультетинде тиш дарыгери адистигинде окуган Бахтияр Байбулатов. Дарыны даярдоого студенттин жарым жыл убактысы кеткен. Натыйжада чөптөрдөн даяр болгон каражатты колдонгондордун 80% на оң натыйжасын берген.
"Учурда эмгегимди патенттештирүүнү көздөп жатам. Бет тазалоочу суюктукту Кыргызстанда эле өскөн дары чөптөрдөн жасагамын. Бул каражатты даярдоодо апамдын да көп жардамы тийди. Анткени апамдын дары чөптөр боюнча түшүнүгү кеңири,” - дейт Б. Байбулатов. Бахтияр бетти азыктандыруучу суюктукту ойлоп таап, анын аталышын карындашынын атынан "Мадина” деп койгон. Кийинчерээк "Мадина-2" ни ойлоп тапкан. Ал беттеги безеткилерди жана андан калган тактарды кетирүүчү касиетке ээ. Бахтиярдын айтымында, каражаттын курамына алты өсүмдүктүн ширеси кирет. Аны даярдоого көп убакыт кетет. Себеби ал өсүмдүктөрдүн баары бир мезгилде өспөйт. Ошондуктан биринин ширесин алып экинчиси өскүчө күтүүгө туура келет. Ал эми колдонуучулар аны түндө гана коюуусу зарыл. Күндүзү колдонгондорго, ысыктан улам бет терилерине аллергия пайда болуу коркунучу бар экенин кошумчалады.
"Бахтиярдын жасаган даарысынан балама алып бердим. Убакыт өткөндөн кийин таасирин тийгизип, пайдасын берди,” - дейт Медициналык факультеттин окутуучусу Абсамат Саттаров.
Бахтиярдын дары жасоочу техникалары Лейлек районундагы өзү туулуп өскөн айылында. Ал дарыны жайкы каникулда жасайт. Жаш илимпоз бул даарыны коомчулукка жайылтуу жана анын санын көбөйтүүгө ашыкканы менен алдыда даарыны документтештирүү иштери бар. Мыйзамдуу түрдө документтештирүү иштери бүткөн соң, дагы бир дарыны даярдоону пландап жатат. Ал чач түшүүсүнө каршы каражат болмокчу.



Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Декабрь 2014 - 21:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2270 Пользователь офлайн   MACKA   27 Декабрь 2014 - 21:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Декабрь 2014 - 21:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2271 Пользователь офлайн   MACKA   30 Декабрь 2014 - 13:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бир көз-караш менен эле ойноло турган фортепиано Японияда пайда болду.

Цукуба университетинин кызматкерлери атайын система чыгарышты. Аны ишке киргизүү үчүн адам көз айнек тагынат. Ал, өз кезегинде, каректин кыймылын аныктайт. Натыйжада адам алыстан туруп эле, музыкалык аспапта ойной берет. Мындай таң калычтуу фортепианодо музыкалык мектептин окуучуларынын бири белгилүү жаңы жылдык чыгарманы ойноп берди.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2272 Пользователь офлайн   MACKA   30 Декабрь 2014 - 13:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жаңы жыл Индонезияда октябрь айында белгиленет.

Маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө жылуу болгондуктан, алар жаңы жылды деңиз жээгинде өткөрүшөт. Эски жылды узатууда адамдар жалпы элден кетирген баардык катачылыктары үчүн кечирим сурашат. Эгер кечирим сурашпаса, анда келе жаткан жылда көп жагымсыз окуялар болот, - деп жоорушат.


Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2273 Пользователь офлайн   MACKA   30 Декабрь 2014 - 13:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкекте жер тилкесин сатуу боюнча алдамчылыкка шектелген аял кармалды.

Бул тууралуу 25-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Динара Аманжанова айыл чарбасына керектүү жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн жарандарга саткан. Учурда кармалган аялдан жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлерине же 0 554 53-83-13 телефон номуру аркылуу кайрыла алышат.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2274 Пользователь офлайн   MACKA   30 Декабрь 2014 - 14:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Күзгүнү карагандан коркот.

Непалда жашаган 9 жаштагы Браун Тиминин жүзүн толугу менен жүн басып калгандыктан "Карышкыр кыз" деп аташат.
Кичинекей Браун Тими өзүн күзгүдөн көрүп жүрөгү түшүп, катуу чоочулайт. Ошондуктан ата-энеси ага күзгүнү кароого тыюу салган. Бул наристенин кайгылуу тагдыры тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык Браун Тими аттуу кичинекей кыздын үй-бүлөсү эчен жылдардан бери кызынын сейрек кездешүүчү оорусунан улам айылдан бөлүнүп, өзгөчөлөнүп жашоого мажбур болушкан. Жүзүн толугу менен жүн басып калган наристе элдин үрөйүн учурган кебетесинен кутулуу үчүн эки жолу операция жасаткан. Кичинекей Тими азыркы учурда жүндөрүнөн бир азга кутулуп калды. Дарыгерлердин айтымында, Тими жүзүнүн жүндөрүнөн толугу менен кутулуу үчүн 14 жашка чыгуусу керек. Эми жүзү бир аз ачылгандан кийин наристе кыз айылына чыгып, элдерге аралаша баштады.


СүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2275 Пользователь офлайн   MACKA   30 Декабрь 2014 - 14:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Рулу жок, педалы жок, өзү жүрө турган унаа чыгарылды.

Жаңы унаада болгону сенсор орнотулуп, керектүү программалык жабдуу коюлган.
Google корпорациясы өзү жүрө турган унаанын прототибин коомчулукка сунуштады. Жаңы унаанын тышкы түзүлүшү буга чейин тааныштырылган, бирок аны толук пайдаланууга мүмкүн эмес болчу.
Унаа Google корпорациясынын автопилот менен иштей турган унааны жасап чыгаруучу бөлүмү тарабынан жасалган. Ушул жылдын май айында эле биз болочоктогу унаанын образына күбө болгонбуз. Унаанын педалы, рулу да жок, жүргүнчү болгону кыймылга келтирүүчү жана унааны токтотуучу кнопканы гана басат. Эми Google айдоочусу жок толук функционалдуу унаа жасалганын жарыялады.
Жаңы унаада болгону сенсор орнотулуп, керектүү программалык жабдуу коюлган жана ал программа менен башкарылат.
Google корпорациясынын жаңы унаасы айланасындагы жүздөгөн объектилерди бир учурда байкай турган акылдуу системага ээ, бул коопсуз кыймылды камсыз кылмакчы.
Кадимки жолдорго унааны сыноо 2015-жылы башталат. Азырынча унаа чакан жасалып, ага эки кишиден ашык батпайт. Биринчи үлгүлөрдүн ылдамдыгы саатына 40 чакырымдан ашпайт, бирок келечекте аны 160 чакырымдык ылдамдыкка жетирүү пландалууда. Унаа электр менен жүрөт. Google мындай унаа улгайган адамдарга колдонууга ыңгайлуу деп билдирет. Ошондой эле аны такси катары пайдаланууга болот.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2276 Пользователь офлайн   MACKA   30 Декабрь 2014 - 14:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Белгилүү актриса Ким Кардашьянга окшошкусу келген мырза 150 миң долларга операция жасатты.

Айрым учурларда сүйүктүү жылдыздары үчүн фанаттар акылга сыйбаган нерселерге да барышат эмеспи. Алардын катарын жакынкы арада белгилүү актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын улуу британиялык күйөрманы да толуктады. Ал актрисага болгон сүйүүсүн ага окшошуу менен далилдөөнү чечкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, улуу британиялык 23 жаштагы визажист Жордан Жеймс актриса Ким Кардашьянга окшошуу үчүн 150 миң долларга пластикалык операция жасатты. Ал мурдунун формасын, бетинин түзүлүшүн өзгөрттү. Ошондой эле кашына татуаж жасатып, оозунун көлөмүн бир кыйла чоңойтту. Учурда ал мырза Ким кийинчү дүкөндөрдөн соода кылып, ал кийген кийим-кече жана аксессуарларды алып, социалдык тармактар аркылуу аны жарнама кылууда.
Азыркы учурда "Бир катар операциядан кийин фанат өзү көздөгөн максатына жеттиби, актрисага окшодубу?" - деген суроонун айланасында кызуу талкуу жүрүүдө.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2277 Пользователь офлайн   kara_kulzha   30 Декабрь 2014 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Шумдугунун курубаса койсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2278 Пользователь офлайн   Angel92   30 Декабрь 2014 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения MACKA (30 Декабрь 2014 - 14:05) жазган:

Белгилүү актриса Ким Кардашьянга окшошкусу келген мырза 150 миң долларга операция жасатты.

Айрым учурларда сүйүктүү жылдыздары үчүн фанаттар акылга сыйбаган нерселерге да барышат эмеспи. Алардын катарын жакынкы арада белгилүү актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын улуу британиялык күйөрманы да толуктады. Ал актрисага болгон сүйүүсүн ага окшошуу менен далилдөөнү чечкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, улуу британиялык 23 жаштагы визажист Жордан Жеймс актриса Ким Кардашьянга окшошуу үчүн 150 миң долларга пластикалык операция жасатты. Ал мурдунун формасын, бетинин түзүлүшүн өзгөрттү. Ошондой эле кашына татуаж жасатып, оозунун көлөмүн бир кыйла чоңойтту. Учурда ал мырза Ким кийинчү дүкөндөрдөн соода кылып, ал кийген кийим-кече жана аксессуарларды алып, социалдык тармактар аркылуу аны жарнама кылууда.
Азыркы учурда "Бир катар операциядан кийин фанат өзү көздөгөн максатына жеттиби, актрисага окшодубу?" - деген суроонун айланасында кызуу талкуу жүрүүдө.



Сүрөт


Кок мээ го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2279 Пользователь офлайн   Soulya   30 Декабрь 2014 - 22:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Июл 2015 16:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Озум суйгон, кереметтуу жерде...

Баары бир окшобоптур. ..
Кара-Суум берекелуу менин шаарым,
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.

Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2280 Пользователь офлайн   KG_Beka_KG   31 Декабрь 2014 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 930
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2016 22:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:PARIJ

Оа окшобоптур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 112
  • 113
  • 114
  • 115
  • 116
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 02:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: