Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 113
  • 114
  • 115
  • 116
  • 117
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2281 Пользователь офлайн   Deesmond   01 Январь 2015 - 15:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 649
  • Катталган: 22 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2017 21:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан, Токтогул

Москвадагы мигранттар үчүн 1-январдан баштап патенттин баасы 4 миң рублга чейин кымбаттады (айына). Буга чейин бул документтин баасы 1200 рубль болчу. Патент ала турган жарандар медициналык маалым кат жана орус тили, Орусиянын тарыхы жана өлкөнүн негизги мыйзамдары боюнча тапшырган сынагынын жыйынтыгы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек. Бир айлык мөөнөткө берилген патенттин мөөнөтүн бир жылга чейин узартып алууга болот. Документти мигранттар Орусияга кирген учурдан кийинки 30 күндүн ичинде алышы шарт, баасы аймактарда ар башкача.

Москванын экономикалык саясат жана өнүгүү департаменти патентти кымбаттатуу орусиялыктардын жогорку квалификацияны талап кылбай турган адистиктер боюнча эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн теңдөөгө жардам берет деп эсептейт. Мындан тышкары, жаңы систем бюджетке кошумча 12 миллиард рубль киреше алып келери айтылды.

Москва мэриясынын маалыматы боюнча, Орусиянын борбор шаарында мыйзамдуу жүргөн 900 миңдей мигрант бар.

Эскерте кетсек, Орусия жакында мигранттарга болгон квотаны жокко чыгарып, чет элдик жарандардын юридикалык жана жеке жактарда атайын келишим же патент менен иштөөсүнө уруксат берген.

ШУМДУГУН КУРГУР!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2282 Пользователь офлайн   Deesmond   01 Январь 2015 - 15:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 649
  • Катталган: 22 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2017 21:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан, Токтогул

Просмотр сообщения Angel92 (30 Декабрь 2014 - 15:49) жазган:

Кок мээ го...


Ар кимдин мээсинин тусун айтып кое берет экенсин да %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2283 Пользователь офлайн   Topcubai   02 Январь 2015 - 08:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Просмотр сообщения MACKA (27 Декабрь 2014 - 21:36) жазган:

Ошто 3-курстун студенти беттеги безетки жана андан калган тактарды тазалоочу каражат ойлоп тапты.

Ал Ош МУнун Медицина факультетинде тиш дарыгери адистигинде окуган Бахтияр Байбулатов. Дарыны даярдоого студенттин жарым жыл убактысы кеткен. Натыйжада чөптөрдөн даяр болгон каражатты колдонгондордун 80% на оң натыйжасын берген.
"Учурда эмгегимди патенттештирүүнү көздөп жатам. Бет тазалоочу суюктукту Кыргызстанда эле өскөн дары чөптөрдөн жасагамын. Бул каражатты даярдоодо апамдын да көп жардамы тийди. Анткени апамдын дары чөптөр боюнча түшүнүгү кеңири,” - дейт Б. Байбулатов. Бахтияр бетти азыктандыруучу суюктукту ойлоп таап, анын аталышын карындашынын атынан "Мадина” деп койгон. Кийинчерээк "Мадина-2" ни ойлоп тапкан. Ал беттеги безеткилерди жана андан калган тактарды кетирүүчү касиетке ээ. Бахтиярдын айтымында, каражаттын курамына алты өсүмдүктүн ширеси кирет. Аны даярдоого көп убакыт кетет. Себеби ал өсүмдүктөрдүн баары бир мезгилде өспөйт. Ошондуктан биринин ширесин алып экинчиси өскүчө күтүүгө туура келет. Ал эми колдонуучулар аны түндө гана коюуусу зарыл. Күндүзү колдонгондорго, ысыктан улам бет терилерине аллергия пайда болуу коркунучу бар экенин кошумчалады.
"Бахтиярдын жасаган даарысынан балама алып бердим. Убакыт өткөндөн кийин таасирин тийгизип, пайдасын берди,” - дейт Медициналык факультеттин окутуучусу Абсамат Саттаров.
Бахтиярдын дары жасоочу техникалары Лейлек районундагы өзү туулуп өскөн айылында. Ал дарыны жайкы каникулда жасайт. Жаш илимпоз бул даарыны коомчулукка жайылтуу жана анын санын көбөйтүүгө ашыкканы менен алдыда даарыны документтештирүү иштери бар. Мыйзамдуу түрдө документтештирүү иштери бүткөн соң, дагы бир дарыны даярдоону пландап жатат. Ал чач түшүүсүнө каршы каражат болмокчу.





Эл журт,ушул жигиттин дайын дарегин,же телефонун ким билет?Эгер билгендер болсо мага кабарлап койгула,мага зарыл болуп жатат
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2284 Пользователь офлайн   MACKA   05 Январь 2015 - 13:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Асмандан жааган акча үчүн 36 адам тепсендиде калып көз жумду.

Каза болгондордун көбү студенттер, басырыкта калгандардын 25и аялдар болгон.
Шанхайдын борборунда массалык басырык болуп, анын натыйжасында 36 адам каза болуп, 47 киши жаракат алды. Бул тууралуу "Би-би-си" орус булагы кабарлайт.
Кытай бийлиги берген маалыматка таянсак, басырык түнкү саат 12 ге бир нече мүнөт калганда Шанхайдын туристтик жайларынын бири болгон Хуанпу районунда болуп өткөн.
Социалдык түйүндөрдө жазылгандарга таянсак, түнкү клубдардын биринин балконунан жасалма купюрларды чачышкан, бул элдин массалык жөөлөшүн пайда кылган. Полиция калктын басымын токтотууга аракет кылган жана жарадар болгондорду тез жардам алып кеткен.
Кытай ЖМКлары кабарлагандай, басырыкта калып каза тапкандардын көбү студенттер болсо, алардын 25и аялдар болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иши башталды.


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 05 Январь 2015 - 13:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2285 Пользователь офлайн   MACKA   05 Январь 2015 - 13:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

400 долларга тамак жеп, 11 миңди официанттын чай пулуна таштаган.

Кафеге келген колу ачык адам 11 миң долларды официанттын чай пулуна таштаган.
Американын Аризона штатында кафеге кечки тамак үчүн келген адам 11 миң долларды официанттын чай пулуна таштаган. Бул тууралуу ТАСС булагы жергиликтүү ЖМКга шилтеме кылуу менен маалымдады.
Шаардагы Crudo деп аталган италиялык ресторандардын бирине келген жубайлар 331 долларга тамактанышкан жана 90 долларга суусундук ичишкен.
Тамактанып бүткөндөн кийин эркек 11 миң долларды официантка берген жана өзүнүн атын эч кимге жарыялабоону өтүнгөн.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2286 Пользователь офлайн   Oceana   05 Январь 2015 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Шумдуко кантип эле асмандан акча жаасын тообоо
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2287 Пользователь офлайн   MACKA   05 Январь 2015 - 14:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

18 ай бою башы жок жашады.

Гиннесс рекорддор китебинин окмуштуулары бул фактыны тастыктап, башы жок басып жүргөн короз XX кылымдын сенсациясына айланган.
Маалыматка ылайык 1945-жылы 10-сентябрда американын Колорадо штатынын Фруита шаарынын жээгинде бир фермада адаттагы бир короз болгон. Ал учурда анын аты жок болчу. Корозду кийинчерээк Майк деп анын табигаттан тышкары жошоого болгон умтулуу касиетинен улам атап алышкан.

Ал күнү фермер Ллойд Олсен тооканасына кирип, кечки тамак үчүн бир корозду кармап, балта менен башын кыя чабат. Колунан сурулуп чыккан башы жок короз өлүп калбастан кайра тооктордун арасына кирип, адаттагыдай аралашып кеткен. Бул окуяга таң калган короздун ээси жарым сааттай күтүп турган. Ошентип башы жок короз 18 ай бою өлбөй жашаган.

Короз кантип жашады?

Бул окуяга таң калган Ллойд Олсен короздун андан аркы жашоосуна жардам берет. Ал пипетка менен короздун кекиртегинен жем, суу бере баштаган. Адегенде какап баштаган короз кийин тамактанып, башы жок деле жашап кеткен. Бир жума өткөндөн кийин Ллойд бул уникалдуу окуяны текшертүү максатында Фруиты шаарынан 250 чакырым алыстыктагы Солт-Лейк-Сити шаарындагы университетке алып барат . Адегенде окмуштуулар тушүнүксүз абалга калат. Бир дагы жаныбар мээси жок жашай албайт деп чыгышат. Андан кийин толук текшергенден кийин чындык ортого чыгат. Ллойддун энеси тооктун кекиртегин жакшы көрчү экен.Ошондуктан Ллойд кекиртегин максимум сактайм деп жатып, эң башкы чоң кан тамыры кесилбей калат. Кан акпай куштарда боло келчү табигый рефлекстери дээрлик сакталып калган. Мындан тышкары бир угуу тешиги да аман калган. Майк башы жок болгону менен пипетка менен тамактанып жашоосу улана берген.


Өлүмдөн кийинки жашоо:

Майк деген короз тууралуу АКШда бат эле айың-кептер тараган. Ал тууралуу көпчүлүк ЖМК "Башы жок короз" дешип таң калыштуу материалдарды жаза башташат. Ошол учурда Ллойдго шыпылдак ишкерлер келип, келишим түзүшүп, башы жок короз Американ ы кыдыра баштаган. Ага даагы адаттан тышкары жаныбырлар кошулган, мисалы, эки баштуу музоо менен эл алдына чыгат. Майк 18 ай жашагандан кийин 1947-жылы өлгөн. Азыр Фруите шаарында корозго эстелик тургузулуп, "Майк - башы жок баатыр" аттуу фестиваль өткөрүлүп турат. Сүрөт Сүрөт СүрөтСүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 05 Январь 2015 - 14:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2288 Пользователь офлайн   Kanat8427   05 Январь 2015 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 562
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалган дуйно

шумдугун кургур деп мына ушуну айт башы жок жашагынын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2289 Пользователь офлайн   MACKA   05 Январь 2015 - 19:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

УЧУУЧУ ТАРЕЛКАЛАРДЫН СЫРЫ ЧЕЧИЛДИ.

АКШ Борбордук Чалгындоо Агенттиги 1950-1960 жылдарда асманда пайда болгон, башка планетадан келген деп ишендирилип келген учуучу тарелкалар өздөрүнүн тыңчы учактары болгондугун мойнуна алышты. Бул “учуучу тарелкалар” Борбордук Чалгындоо Агенттигинин U-2 учактары болгондугу белгилүү болду.

Аталган уюмдун расмий Twitter дарегинен жасалган ачыктоодо: “1950-жылдарда асмандагы “учуучу тарелкалар” - биз болчубуз” - деп жазылат. Ачыктамада темага байланыштуу бир отчеттун шилтемеси да берилген.
U-2 учактары 60 миң фут аралыкта (18 км.) учуу сыноолорун жасаган. Ошол учурдун шарттарында мындай бийиктикке учуу мүмкүн эместей сезилчү. Көзгө көрүнгөн учактар башка “планеталыктардын унаасы,” деген пикирлерге жол ачып, “учуучу тарелкалар” деген атка конгон.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2290 Пользователь офлайн   MACKA   05 Январь 2015 - 20:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

ИНДИЯДА МУСУЛМАН ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖАШАРТУУЧУ КРЕМ ОЙЛОП ТАБЫШТЫ.

Индияда Алигарх мусулман университетинин окумуштуу-изилдөөчүлөрү карылыкка каршы крем иштеп чыгышты. Негиздөөчүлөр аталган крем нанотехнологияларды колдонуу менен жасалгандыгы үчүн уникалдуу экенин белгилешет.
Университет өнүм үчүн патент алуу иштерин баштады жана анын рынокто таралуусу үчүн бет майдын формуласын сатууну пландоодо. Кремди прикладдык физика кафедрасынын окумуштуулар тобу: Доктор Алим Накви, доктор Бридж Радж Сингх жана доктор Васир Хан ойлоп тапкан. Окумуштуулар алардын ойлоп табуусу "картаюуга каршы косметикалык каражаттар рыногун көңтөрөт," - деп болжолдоодо.
"Биздин өнүм жалаң нукура заттардан жасалган. Биздин кремди өндүрүүнүн баасы базардагы башка кремдердин жасалуусуна караганда 2 эсе арзан. Ошого ылайык, кремибиздин баасы да төмөн болот," - дейт Алим Накви.
Бир жылдай мурдараак ошол эле кафедранын окумуштуулары жашылча-жемиштерди жаңы бойдон сактоонун ыкмасын ойлоп табышкан болчу. Технология чийки мөмө-жемиш, жашылчаларды бөлмөнүн температурасында 2 айдай убакытка сактап турууга жардам берет.
"Азыркы учурда ал биологиялык коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүүдө. Биз анын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна таасирин сынап жатабыз," - деп билдирет профессор Бридж Радж Сингх.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2291 Пользователь офлайн   KG_Beka_KG   05 Январь 2015 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 930
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2016 22:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:PARIJ

Шумдугун кургур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2292 Пользователь офлайн   egiz-jigit   05 Январь 2015 - 21:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

сонунго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2293 Пользователь офлайн   KG_Beka_KG   06 Январь 2015 - 08:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 930
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2016 22:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:PARIJ

Просмотр сообщения egiz-jigit (05 Январь 2015 - 21:22) жазган:

сонунго

Нимеси сонун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2294 Пользователь офлайн   Tentek1   06 Январь 2015 - 09:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 301
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 01 Окт 2021 17:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Жапонияда Жаңы жыл түнүндө тогуз
адам тамагына аш такалып өлдү
Жергиликтүү басылмалардын бири жыл
тосуу түнүндө 128 киши тамагына аш
тыгылып, тез жардам кызматына
кайрылганын, алардын ичинен тогузу
өлгөнүн жазды. Ушундан улам Жапон
бийлиги элге тамакты аз-аздан, шашпай
чайнап жешти сунуштады. Маалыматка
ылайык, жапондор жаңы жыл тосууда
салттуу түрдө күрүчтөн жасалган “мочи”
деп аталган таттууну жешет. Дарыгерлер
жабышкак таттуу шашып, көп жегенден
улам кишинин тамагына такалып, анын
муунуп калуусуна алып келерин айтышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2295 Пользователь офлайн   MACKA   06 Январь 2015 - 12:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Tentek1 (06 Январь 2015 - 09:56) жазган:

Жапонияда Жаңы жыл түнүндө тогуз
адам тамагына аш такалып өлдү
Жергиликтүү басылмалардын бири жыл
тосуу түнүндө 128 киши тамагына аш
тыгылып, тез жардам кызматына
кайрылганын, алардын ичинен тогузу
өлгөнүн жазды. Ушундан улам Жапон
бийлиги элге тамакты аз-аздан, шашпай
чайнап жешти сунуштады. Маалыматка
ылайык, жапондор жаңы жыл тосууда
салттуу түрдө күрүчтөн жасалган “мочи”
деп аталган таттууну жешет. Дарыгерлер
жабышкак таттуу шашып, көп жегенден
улам кишинин тамагына такалып, анын
муунуп калуусуна алып келерин айтышат.

Шумдугуң кургур... Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2296 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   07 Январь 2015 - 01:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Шумдугун кургур.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2297 Пользователь офлайн   Topcubai   07 Январь 2015 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Арабияда узундугу 5 чакырым алтын чынжыр жасалды
Сүрөт Бириккен Араб Эмираттарында узундугу 5,52 чакырым болгон алтын чынжыр жасалды. Жакынкы күндөрдө аталган зер буюм "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Бул тууралуу 6-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чынжырдын салмагы 256 килограмм, баасы 6 миллион доллардан ашат. Муну жасоого 100 адам 45 күн иштеп, жасоо учурунда чынжыр бир нече жолу үзүлгөн. Аны Дубайдагы алтын сатылган базардан көрүүгө болот. Ал эң узун алтын чынжыр катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилгенден кийин аны бөлүктөргө бөлүп сата башташат. Ар бир зер буюмга атайын код коюлуп, аны 50 162 сомдун тегерегинде сатып алууга болот. Буга чейин 1999-жылы дал ушул өлкөдө узундугу 4,28 чакырым алтын чынжыр жасалган.


Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2298 Пользователь офлайн   Topcubai   07 Январь 2015 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Кубулуп туруучу Хамелеон тоосу

Австралияын борборунда, Алис-Спринс шаарынан 450 км. алыстыкта жайгашкан, дүйнө жүзүндөгү эң чоң кумдан турган монолит. Эң чоң кызыл Айерс Рок, же Улуру, (аны аборигендер ушундай аташат), Австралиянын белгилүү символдорунун бири. Кызгылтым сарыдан күрөң тартып турган сүйрү формадагы аска жерден 350 метр бийик көтөрүлүп турат. Дагы үчтөн эки бөлүгү жерге жашырылып турат. Улурунун узундугу 3,6 км, туурасы 2,9 км, жашы 680 млн. жылды түзөт. Континенттин чок ортосунан тоо теги көтөрүлүп, Амадиус көлүнүн ортосунда турган аралдай көрүнүп турат. Тоо тегинин урандылары суунун алдына чогула берип, капталынан жаткан чоң пилге окшогон асканы жараткан. Алыстан Улуру монолити жылмакай көрүнөт. Ал эми жакындан анын бодурлары кадимкидей билинип турат. Бул тоо негизинен күн мезгилине ылайык, жарыктын тийишине карап кубулуп туруучу кызыл кумдан турат. Эртең менен эрте тоо кара түстө болсо, күн көтөрүлгөн сайын кочкул көгүш кызгылтым түскө боелот. Күн чыккан соң тоонун өңү кочкул кызыл, анан розовый, түштөн өтүп тоонун өңү алтын түскө алмашат. Кечинде монолит чөлдө кара түскө боелот.



Улуруну биринчи көргөн европалык көрүнүктүү британиялык саякатчы Эрнест Джайлс болгон. Ал 1872-жылы изилдөөчү Уильям Госс менен Гибсон чөлүндөгү кумга барып, кургап бараткан Амадиус туздуу көлүн ачышкан. Көлдүн жээгинен Джайлс түсүн өзгөртүп турган асканы байкап калган, бирок ага жеталган эмес. Бирок Госс бир жылдан кийин Улурунун чокусуна чыккан жана бул чоң таштан турган тоону Түштүк Австралиянын мамлекеттик катчысы, кийинчерээк мамлекеттин премьер-министри болуп турган Генри Айерстин атынан Айерс Рок деп атаган.


Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2299 Пользователь офлайн   Topcubai   07 Январь 2015 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Сүрөт
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2300 Пользователь офлайн   MACKA   08 Январь 2015 - 01:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Министрдин орун басары дүкөндөн вино, балмуздак уурдап баратканда кармалды.

Эстониянын Маданият министрлигинин вице-канцлери уурулук үчүн айыпталып ишинен бошотулду.
Эстониянын Маданият министрлигинин искусство маселелери боюнча вице-канцлери Рауль Орешкин дүкөндөн жалпы суммасы 50 евро турган вино, балмуздак жана күндөн коргоочу крем уурдап чыкмакчы болгон. Бул тууралуу Интерфакс булагы BNS агенттигине шилтеме кылуу менен маалымдады.
Соода борборундагы азык-түлүк саткан дүкөндүн күзөтчүсү Орешкинди байкап калып токтоткон. Кармалган учурда вице-канцлер ичимдик ичкен эместиги белгилүү болгон, өзүн тынч алып токтоо турган жана кылган аракетине өкүнгөн.
Орешкин бул ишке бирөөлөр менен мелдеше кеткендиктен улам барганын айткан. Учурда ал иштен кетүү тууралуу арыз жазып жана министрлик анын арызын кабыл алды.
Азыр ууру вице-канцлерге карата кылмыш иши козголду.



Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 113
  • 114
  • 115
  • 116
  • 117
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 02:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: